п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Назира Кадыева
"Биздин ырчылар сүйлөө жагынан чабал"
"Жылуу, жылуу сүйлөсөң, жылан ийининен чыгат" дегендей, ди-джейлер да жылуу-жылуу сүйлөп жатып, уктап жаткан адамды ойготуп, иш күнүнө дем берип келишет. Бүгүн биздин төрдө радиодон өз ордун тапкан, "Кыргызстан обондору" радиосунун" ди-джейи, булбул үндүү Назира Кадыева болду.


- Сөздү жеке жашооңуздан баштасак.
- Турмушка чыккам. Акмарал аттуу кызым бар. Буюрса, үч жашка чыкты.
- Ди-джейлик кесипте сизди тарбиялап, ушул даражага жеткирген устатыңыз ким болду экен?
- Устатым, мурунку кесиптешим Эдил Эркинбаев. Эдилдин берген жакшы багытынын аркасында, ушундай даражага жеттим десем болот.
- Ди-джейлик кесиптен тажай элексизби? Айтайын дегеним, өзүңүздү телевидение жаатында да бир сынап көрсөмбү деген кыялдарыңыз барбы?
- Радио өзү жаштыкты жакшы көрөт. Ойносоң - оюнга,күлсөң- күлкүгө тойбой турган кезиңде фанат болуп, болгон энергияңды берип, радиодо иштешиң керек. Мезгилдин кайтарылгыс өзгөчө касиети бар эмеспи, ошондон улам, мезгил өткөн сайын, үн да кадимкидей карыйт. Радиодон кетүүгө да бир учур келсе керек. Буга чейин деле башка радиостанцияларга чакырышкан. Бирок "Кыргызстан обондору" радиосун эч бир радиого алмаштыргым келбейт. "Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей, радионун эшигин аттагандан бери, ушул радиодо эмгектенип келе жатам. Анан ,буюрса, телевидениеге өтөйүн деген оюм бар. Мага телеканалдар жаңылык жагын сунушташкан. Бирок өзүмдүн жан дүйнөмө жакын болгон, биринчи багыт алган музыкалык көрсөтүүлөрдү алып барайын деген пландарым бар.
- Чыгармачыл чөйрөдө "интрига" болот эмеспи. Ал нерсе сиздин аркаңыздан ээрчиди беле?
- Жоктон бар кылган нерселерди жаман көрөм. Интригага өзүмдүн ички натурам жол бербейт. Андай нерсеге аралашкандар бат эле популярдуу болуп, аты чыгып кетет го. А мен, өзүм тандап алган чөйрөдө ушактарга аралашып көргөн эмесмин.
- Алты сааттык эфириңизде кесиптештериңиз менен кантип көңүл ачасыз?
- Мен өзүм табиятыман ачык-айрым, шайыр жүргөн адаммын. Бизде Европа компаниясындагы радилордун коллективи менен абдан жакшы алакадамын. Алар менен күлүп-жайнап, кошо түштөнүп, тамашалашып, маанайымды көтөрөм.
- Кээде пикир келишпестиктер болуп кетеби?
- Ооба, албетте. Андай нерселер көп эле болот. Бирок мен өзүмдүн жемимди жегизбегенге аракет кылам. Мен көрүнгөндүн "куйругун" баспайм. Бир бассам жаман басам. (күлүп) А кесиптештерим ошонумду билишет.
- Жаңы талпынып келе жаткан ди-джейлерге кандай баа бересиз?
- Кыргызда "Булак көрсөң, көзүн ач" деп коёт эмеспи. Учурунда биз деле белгисиз чөйрөдөн келгенбиз. Ошол убакта бизди да колдогон адамдар көп болгон. Аты таанылган кесиптештерим тарабынан жакшы кеңештер айтылып, чыгармачылыкка стимул беришкен. Мен да алардын жолун жолдоп, азыркы чыгып келе жаткан ди-джейлерге тескери сын айта албайм. Анткени, ар бир ди-джейдин өзүнүн принциби, сүйлөө стили болот. Ошого жараша иш алып барат.
- Кыргызстандын ди-джейлеринен сизди ким туурайт деп ойлойсуз?
- Мени ким туураарын билбейт экемин. Бирок Арстан байке телефон чалып, "Назира, сени бул жакта иштеп атат деп ойлогонбуз. Бир кыз сага окшоп сүйлөйт экен"-деп айтып калат. Бирок мени кимиси туураарын азыркыга чейин билбейт экемин. Бирок, дал мени туурайт деп айта албайм. Балким, сырттан кулак салган адамдарга, ушундай угулаттыр.
- А өзүңүз кимдир бирөөнү туурайсызбы?
- Мен эч кимди туураган эмесмин. Башында келгенде Лилия Абдубаитованы туурайын десем, анын үнү аябай ичке. (тамашалай) Өзүмдүн ишимди мыкты билген профессионал болгум келген. Себеби, "Кыргызстан обондору" алып баруучулар үчүн абдан жакшы мектеп. Себеби, бизде да сиздердикине окшоп, пикир алышуулар көп болот. Биз сөздү багып, сөздү сыйлап, жан дүйнөнү ачып берген жагынан жакшы болсок, кээ бир эки сөздүн башын кошо албаган ырчылар келип калганда, эфирди ачыш үчүн суроолорду берип турушуң керек. Себеби, биздин ырчылар сүйлөө жагынан чабал.
- Сөз багабыз дедиңиз. Бир сөздү күнүгө колдоно берсе, сөздүн да баркы кетип, ал да эскирет. Ошол убакта, сөздөрүңүздү кантип жаңыртып турасыз?
- Кыргыз адабиятынын каймактары болгон Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбековдой улуу жазуучулардын чыгармаларын мектептен жөн эле окуп койгон болсом, азыр ар бир сөзүнө маани берип окуйм. Чыгармалардагы сөз, жакшы цитаталар, ой жакса, оюма тутуп калганга аракет кылам. Интервью окуганда дагы, жакшы бир нерсе айтылса, сөзсүз түрдө жазып алам.
- Анда сиз сөз берметтерине бат-бат саякаттап турат турбайсызбы?
- Ооба. Себеби, ал сөз менин жүзүм болот, таап жеп аткан наным десем да жарашат.
- Үй-бүлөлүк жашоо менен чыгармачылыкка аралашуу өтө оор нерсе. Сөздүн каймактарын калпыганга кантип убакыт бөлөсүз?
- Азыр заманбап аялзаты үй-бүлөлүк тууну да моюнуна алышкан. Ошол эле учурда үйдө жароокер жар, мээримдүү апа, тың келин болгонго да жетишишиң керек. Чыгармачылык дараметиңди, биз айткандай "багажды" топтоп туруш керек. Экинчи үй-бүлөгө көнүп кетиш, ар бир жаш келин үчүн абдан оор. Сүйлөшүп жүргөн адамыңдын, кыз-жигит болгондогунан да башкача жактарын көрө баштайсың дегендей. Психологиялык ар кандай таасирлерге көнүшүң керек. Балалуу болуп, анан карьераңды алып кетишиң керек. Бул жерде өзүңдү курчап турган адамдардын колдоосу керек деп ойлойм. Жолдошум:"Үйдө отур, иштебей эле кой",- десе отуруп эле калмакмын. Себеби, аялзаты үчүн, эң биринчи орунда үй-бүлө турат. Бирок жолдошум мага мүмкүнчүлүк түзүп берди. 4 айлык кызымды таштап коюп, радиого барып, 6 саат отуруп келген күндөрүм да болгон.
- Сиздин оюңузча кыргыздын ди-джейлери, Европанын ди-джейлеринен эмнеси менен айырмаланат?
- Кыргыз тили менен айырмаланат десем жаңылышпайм. Анткени, кыргызга гана тиешелүү нерселер бар. Ошолор менен айырмаланабыз. Мисалы орустарда, бизге караганда алда канча жеңил. Анткени, аларда атайын чабылган жол бар. Ошол жолго түшсөң эле кетесиң. Тандооң да көп. А кыргыз ди-джейлери боюнча, биздин радио эң биринчи музыкалык радиостанция болбодубу. Буга чейин болсо "радио алып баруучулар" деген болгон. Алар эфирде эркин сүйлөй алышкан эмес. Жазылган план боюнча, уктуруулар өз нугу менен кеткен. А биз үчүн кыргыз ди-джейлерин тандоо абдан оор. Бир ди-джейди ишке ала турган болсок, аны башынан баштап тарбиялоого туура келет.
- Өзүңүз башка ди-джейлерден эмнем менен өзгөчөмүн деп ойлойсуз?
- Жашоомдо кандай болсом, эфирде да ошондоймун. Мисалы, кээ бирлер эфирде жасалма сүйлөшөт. А мен анте албайм.
- Гезитте сөз кандай баалуу болсо, үн алгыда үн да ошондой баага ээ эмеспи. Үнүңүздү кантип бапестейсиз?
- Балмуздак жеп, муздак суусундуктарды ичүүдө карманам. Себеби, кичине үшүп калсам ооруп калам.
- Кепти кайын жакка бурсак. Кайын тарапка канчада бир барасыз?
- Кайындарымдын үйү аркы көчөдө болсо, төркүнүмдүн үйү берки көчөдө. Төркүнүмдү тез сагынганым, кайын-журтумду сагынганым. Бат-баттан каттап турам.
- Жолдошуңуз милициянын кызматкери эмеспи. Милициялар орой болушат. А сиз жолдошуңуздун кыялына кантип чыдайсыз?
- Туура айттыңыз. Милиция кызматкерлерине баары эле ушундай аныктама беришет. Менин жолдошум кырс, орой сапаттарын мага көрсөтпөйт. "Күчтүү мырзанын аркасында, күчтүү айым турат" деп коёт го. Анын орой, кырс жактарын, "аялдан амал качып кутулбайт" дегендей, амалым менен жайгарам.

Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??