п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон пресс

Президентибиз Кыргызстандын жарандарын Курман айт майрамы менен куттуктады
"Кыргызстандык мусулмандарды жана бардык жарандарды ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бул майрамды бүткүл дүйнөдөгү мусулман калкы кубанычтуулук менен тосуп алышууда. Анткени, Курман айт майрамы элди ак ниеттүлүккө, тазалыкка, аруулукка, ыймандуулукка чакырат. Көп улуттуу кыргыз калкынын жана мусулмандарынын арасындагы ынтымактуулук, биримдүүлүк мындан ары да чыңдалууга тийиш", - деди Президент.


Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 7-апрель курмандыктары эскерилүүдө
Бишкектин жогору жагында жайгашкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 7-апрель күнү окко учкан жарандарды эскерүү иш-чарасы өтүүдө.
Ага Президент Роза Отунбаева,коомдук ишмерлер, депутаттар, 7-апрелде окко учкандардын жакындары жана жаракат алгандар катышууда. Иш-чара башында маркумдарга багышталып куран окутулуп, Президент баштаган айрым бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Эми түштөн кийин Бишкекте ошол 7-апрель окуясына катышкандарды сыйлоо аземи болмокчу.

Кыргызстанда саламаттыкты сактоо боюнча саммит өтөт
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдашынча, саммит 26-ноябрда Бишкекте өтөт. Бүгүндөн тарта аталган тармакты реформалоого арналган "Манас таалими" программасынын алкагында аткарылган иш-чараларга анализ жасоо үчүн жыйындар башталат. Ага донор уюмдардын өкүлдөрү да катышмакчы. Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо үчүн Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен 1996-жылы "Манас" программасы ишке кирген. Учурда бул программа "Манас таалими" деген аталышта уланып жатат.

Түштүк областтарынын маданият кызматкерлери аттестациялоодон өткөрүлөт
Маданият жана маалымат министрлигинин аттестациялык-конкурстук комиссиясы тарабынан министрликтин Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарындагы аймактык кызматкерлери кезектеги аттестациялоодон өткөрүлөт.
Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы Мукталы Бектеналиевдин жетекчилиги менен аталган комиссия аттестациядан өткөрүү ишин 17-ноябрдан 19-ноябрга чейин улантат.

Бишкектен 75 жаштагы аялдын денеси табылган
Бишкек шаарындагы Токтогул жана Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинен 14-ноябрда саат 11:35тер чамасында 75 жаштагы Анна Дмитриеванын жансыз денеси табылган.

Айрым фракция лидерлери чет өлкөлөрдө жүрүшөт
Ушул тапта Жогорку Кеңешке шайланып келген беш партиянын айрым лидерлери алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Маселен, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган бир катар лидерлери Парижде өтүп аткан Социалисттик интернационал кеңешинин жыйынына катышып жүрүшөт. "Ата Мекендин" жетекчилери ал жактан жума күнү келип калары айтылууда.
"Ар-Намыс" партиясынын жетекчиси Феликс Кулов болсо Украинанын Днепропетровск шаарына жөнөп кетти. Партия лидерлеринин бири Бөдөш Мамырова "Азаттыкка" билдиргендей, Ф.Кулов ал жакта чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча өтүп аткан ири жыйынга катышат жана эч кандай расмий жолугушууларды өткөрбөйт. "Ар-Намыс" лидери Украинага Москва аркылуу кеткен учак менен жөнөп кетти.
Ал эми Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев Москвага жөнөп кетти делгени менен аталган партиянын маалымат кызматынын жетекчиси Фарид Ниязов муну тастыктаган жок. Анын айтымында, А.Атамбаевдин Москвага барары тууралуу партиянын маалымат кызматына билдирилген эмес жана анын азыр кайда экени белгисиз.
"Ата-Журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков Казакстанга кетишти делгени менен бул партиядан шайланган депутаттар мындай маалыматты ырастай алышпасын айтышууда. Ушул сыяктуу эле "Республика" партиясынын өкүлдөрү да партия лидери Өмүрбек Бабановдун кайда экенин билишпесин айтышат.




  Дүйнөлүк жаңылыктар

Түштүк Кореяда тарыхта калчу саммит аяктады
Сеулда "Чоң жыйырманын" саммитинин катышуучулары өз өлкөлөрүндөгү валютаны мындан ары атаандаштык максатта арзандатууну токтотуу тууралуу макулдашты.
12-ноябрда "Чоң жыйырмага" кирген өлкөлөрдүн лидерлери экономикадагы талаш маселелер боюнча тил табышууга аракет жасашты.
Саммиттин катышуучулары валюта базарында туруктуулукту сактоодон сырткары дүйнөдө экономикалык кризис ала келген кыйынчылыктарды жеңүү маселелерин талкууга алышты.
Бишкекте "Афган согушунун ардагерлери" партиясынын лидери Акбөкөн Таштанбековду кармап кетишти. Бул тууралуу аталган партия өкүлдөрү билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-ноябрда беткапчан жана автоматчан адамдар Таштанбековдун Огонбаев көчөсүндөгү үйүнүн жанынан күндүз кармап кетишкен. Алдын ала маалымат боюнча азыр ал Бишкек ШИИБнин убактылуу камоочу жайында жайгаштырылган. Аны эмне себептен камашканы да азырынча белгисиз.
Азыркы тапта Таштанбековду коргоо комитети түзүлүп, партия мүчөлөрү бүгүн түштөн кийин Эски аянтта акция уюштуруу максатында турушат
Жапонияда Обама менен Медведев жолугушту
АКШ Президенти стратегиялык чабуулга жарачу куралдарды кыскартуу боюнча Орусия менен түзүлгөн жаңы келишимди Конгресс жакташына абдан ынтызар.
Бул туурасында Йокогама шаарында өтүп аткан АТЭК саммити учурунда Барак Обама ара-чолодо Дмитрий Медведев менен жолугуп, ошол жерде айтты. Ошондой эле тараптар Ирандын ядролук программасы тегерегиндеги жагдайды, Ооганстан боюнча кызматташуу жана жакында Португалияда Медведевдин НАТО саммитине катышуусун кепке алышты. Америкалык лидер Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна өтүшүн колдой тургандыгын билдирип, Москваны "артыкча өнөк" деп атады.
Айрым талдоочулар, мындай ачык кайым айтышуу "Чоң жыйырманын" саммитинде алгачкы жолу болуп атканын айтышат. "Атлас" иликтөө корунун кызматкери Эдвард Хажингс:
- АКШ бул ирет Кытай, Албания жана башка өлкөлөр менен тирешти. Себеби, экономиканын кризистен кийин оңоло башташы менен бири-бирине карама-каршы келчү жол изделүүдө.
Петерсон атындагы эл аралык экономика институтунун адиси Гэри Хуфбауердин баамында, саммит тил табыша албоону эске салган жыйынтык берет.





МАДАНИЯТ
Ардак такта
10-ноябрь - Жаштар күнүнө Жаштар министрлиги өзгөчө белек даярдады. Тактап айтканда, Улуттук филармонияда Чыңгыз Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгы өкмөт тарабынан тапшырылды. Салтанаттын ачылышында Мамлекеттик гимн ойнолуп, Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкуловдун жалындуу сөздөрү айтылды.
230 эмгектин арасында 11 наам боюнча 9 лауреат, 22 дипломант тандалып алынган. Лауреаттарга наам менен кошо 40 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилип, дипломанттар диплом менен сыйланышты. Эмесе, сыйлыкка ээ болгондордун ысымдарын атай кетели.
"Жаштар сыйлыгынын лауреаты" деген наамга спорт жаатында жетишкендиктери үчүн Руслан Түмөнбаев, театр искусствосунун чебери катары Аскат Сулайманов, телекөрсөтүү жаатында жакшы эмгектерди жаратканы үчүн Шайырбек Абдрахманов, поэзия боюнча Элдар Аттокуров ээ болушту. Ал эми аткаруу чеберчилиги үчүн Мирбек Атабеков, мыкты актёрлук чеберчилиги менен Асема Токтобекова, адабиятка кошкон салымы үчүн Алтынбек Исмаилов, Мирлан Самыйкожо диплом менен сыйланышты. Кеченин аягын көңүлдүү концерт көркүнө чыгарды. Наамга ээ болгондорду кызуу куттуктап, бул сыйлык ийгиликтин башаты гана болсун демекчибиз.

Сүйүктүү диктор 60 жашта
Диктор Бактыбек Мамытовдун 60 жаш курагы менен куттукташып, КТРКнын жалпы жамааты темир тулпар белекке бермей болушуптур. Ал үчүн атайын түзүлгөн фондго ар бир журналист 200 сомдон кошушат.

Курман айтта "Камбаркан" концерт берет
Эртең Курман айт күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли концерт берет. Бул тууралуу Улуттук филармониянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет. Концертте А.Огонбаев, А.Бедияров, Р.Жумакунов сыяктуу белгилүү композиторлордун чыгармалары, элдик ырлар жана музыкалар жаңырып, Нурак Абдырахманов, Бакыт Шатенов, Улан Качкынов, Дилшат Кангелдиева сыяктуу филармониянын аткаруучулары эл алдына чыгышат.

Апрель окуялары сүрөтчүлөрдүн көзү менен
Гапар Айтиев атындагы Улуттук музейде Республикалык күзгү сүрөт көргөзмөсүндө живопись, графика, скульптура боюнча эки жүзгө чукул эмгектер коюлду.
Сүрөтчү Бактыбек уулу Рысбек менен А.Сыдыковдун 7-апрель окуясы тууралуу эмгектеринде Ак үйдүн жанында кымгуут түшкөн калың элдин, окко учкан балдардын канга боёлгон сүрөтү.
Жаш сүрөтчү Нурлан Кудайбердиевдин "Көк бөрү" сыяктуу мыкты чыгармасы көргөзмөнүн көркүн ачат.
Мындан тышкары. кыргыз сүрөтчүлөрүнүн Түркиянын Стамбул шаарынан тартып келген эмгектеринин жана КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркум Сарман Асанбековдун чыгармаларынын көргөзмөсү да өтүүдө.




СПОРТ
Кыргызстандын спортчулары бир да медаль ала элек
Ал эми медалдардын жалпы жеңип алган саны боюнча 19 алтын, 7 күмүш, 2 коло медалы менен Кытай биринчи орунда, экинчи орунда Жапония жана үчүнчү орунда Түштүк Корея келатат.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 1 күмүш, 2 коло медал алууга үлгүрсө, Казакстан үч коло медалдын ээси болду. Гуанжоу шаарында спорттун кырктан ашык түрү боюнча өтүп жаткан XVI Азия оюндарына Кыргызстандан 25 спорттун түрү боюнча 145 спортчу катышып жатат Кыргызстандык А.Федосеев Азия оюндарынан ушу-саньшоу боюнча беттештен жеңишке ээ болду.
Кытайдын Гуанчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынан ушу-сньшоу боюнча өзүнүн биринчи беттешинен кыргызстандык спортчу А.Федосеев жеңишке ээ болду, - деп билдирди мелдештин атайын сайты.
Маалыматка ылайык А.Федосеев Түркмөнстандык спортсмен менен беттешип 2:0 эсебинде утуп алган.
Ал эми дагы бир Кыргызстандык оюнчулар Сталбек Даркамбаев менен Улан Эралиев оюндун бул түрүндөгү мелдештен жеңилип калышкан.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??