п»ї
 Таанышуу жарыясы


 "Обон" ордосунда отуруш

Алина
Жетигенова:
Мерген жана Алина пластикалык операциясыз элдик метод менен жашартат. Жашартуучу каражаттары: юмор, күлкү жана сергек жашоо.

Мерген жаңы ыр жазып берсин десеңиз машинага камаңыз, жыйынтыгы 100%.

"Шахрезада эженин бутуна чөгөлөп..."
(Башы өткөнкү санда)
"Каркуша менен Чунянын жанында мени ушактабагыла!"
- Эмнеге Каркуша деп калгансыз?
М.Т: Жаңы жылдын биринчи түнүндө маркум Медер Кадыршаевдин үйүнө Алина билем деп ээрчитип барып, түнкү экиден - таңкы бешке чейин издедик. Акыры иттерге таланып жатып, Динара Акулованын үйүнө барып, Медердин дарегин алып, кайра келдим. Үйүн тапсак, тосмосу бийик экен. Алинаны көтөрүп, тосмого отургузуп: "Кыйкыр" десек, дегени карганын каркылдаганына окшошуп кетип, ошондон бери "Каркуша" деп калгам. Өзү да кичинекей каргага окшоп кетет го.
А.Ж: Мен ушул күнгө чейин Медер деп айткан жокмун, дайыма Кадыршаев дечүмүн.
М.Т: Мен дайыма айтам, "эгер мен өлсөм оң жагыма Каркушага, сол жагыма Чуняга орун алып койгула. Тиги жактан да чогуу жүрөлү деп." Бул экөөсүз мен билбейм, ким болор элем…
А.Ж: Антпей эле айтпайсыңбы, "ал жактан жалгыз корком" деп.
- Чуня деп кимди айтасыз?
М.Т: Ал- Айчүрөк да.
А.Ж: "Просто Мария" деген сериалдагы Марияга Айчүрөк окшош болчу. Өзү да окшоштугун билип, Мариядай болуп чоюлуп калса Мерген чычалатып, "Мама Чоля" деп жүрүп, Чуня кылып өзгөртүп алган.
М.Т: Булар да өз аттарын жакшы көрүшөт, Каркуша, Чуня десем "оу" деп жооп беришет.
- Алина эже, сиздерге ушундай ат койгон Мерген байкенин аты жокпу?
А.Ж: Бар. Бир жолу гастролдон келип, "биз ушинтип ысык-суукта жүрүп, аз айлык алабыз. Келгиле, маянаны жогорулатсын дейбиз" деп Мерген баштады. Биз да айта турган болдук. Анан Аскар Карыбаев келе жатканда эле Мерген бежиреп кирди.
М.Т: Бул экөө унчукпай турган. Ал мени бир карап алып, укпай туруп эле "Кыздар, тамак алып берейинби?" десе, "Ооба" деп, бул эки саткын эки жагынан колтуктап, мени жалгыз калтырып коюшту. Ошону менен сөзүмдүн аягына чыкпай калып, экөөнө катуу таарындым.
А.Ж: Карасак эле Мерген мурдун көтөрүп калыптыр. Кыйгачынан Инна Чуриковага окшошуп кетет экен. "Иий, карасаң, чүйрүйүп Чуриковага окшошуп калыптыр" деп жатып эле таарынычын жазып алганбыз. Азыр деле таарынса "Чурикова болбочу" деп калабыз.
М.Т: Алина жада калса менин костюмдарыма да ат коёт. Менин бир этеги жазы, тилик-тилик болгон жашыл костюмума "шыпыргы" деп ат койгон. Бирок, көз тийип кетсе керек, эки күндөн кийин жоголуп кеткен.
А.Ж: Ии, баса, учурдан пайдаланып кайрылуу жасап алсам болобу? Шайлоонун астында "гастролго чыгам" деп, кымбат баада жакшы костюмдарды тиктирип, даярдап коюп, Азиздин машинасына салып койгом. Цирк тараптан бир жерге кирип чыккыча даяр көйнөктөрүмдүн баарын уурдап кетиптир. Ал же кийгенге жарабайт, себеби, сахнага ылайыкталып тигилген. Сахнадан болсо таанылып калат. Алган балдар деле көйнөк экенин көрүп, ыргытып эле жиберген болуш керек деп ойлойм. Ким таап алган болсо, өтүнүч, сүйүнчүсүн жакшы берем, алып келип берсеңер деп айтмакчымын.
М.Т: Мен дагы сүйүнчүгө эң сүйүктүү "Каркуша" деген тоогумду бермекмин. Жок, кырк тоогумдун каалаганын берем. Алардын ар бирине артисттердин атын коюп койгом. Баарынын атын айтып отурбай эле "Доора" деген аябай популярдуу, гламурная тоогум бар. Тим эле укмуш, ошону берем. Же Леди Гага, Шиза деген каздарым бар, эркеги Гена. Каалагандарга ошолордун ичинен тандаганын берем. Алинанын көйнөгүн таап берсеңер эле болду.
"Мобу көк мээ өзүн адаммын деп ойлойт…"
- Тоокторду аябай жакшы көрөсүзбү?
М.Т: Ооба, кээде тоокторум өздөрүн адам көрүп, жаныма басып келип, катар туруп алат, каадаланып. "Күш" десем, "Ой, эмне болду?" деп чоочуп алат.
А.Ж: Билесиңби, биздин сүйлөгөн тоту кушту?
М.Т : Ооба, "эш-шек" деп тилдечү эмес беле.
А.Ж: Ошол тоту кушубузду кийинчерээк капаска да салбай калганбыз. Биз менен телевизор көрчү, чогуу тамактанчу. Кишидей эле аралашып жүрө берчү. Кээде карап, "мобул көк мээ же өзүн адам ойлойт, же бизди чымчык ойлойт" деп калчубуз.(каткырып калдык)
- Гастролдоп көп чыкчу эмес белеңиздер, ошондогу кызыктуу окуялардан бир шиңгил таштап койсоңуздар.
А.Ж: Оо, анда гастролго караганда үйдө аз жашачубуз да.
М.Т: Азыркы депутаттар шайлоонун алдында гана жер-жерлерди кыдырып калат го. Биз анда жайы-кышы дебей Кыргызстандын кычык-кучугунан бери, өзүнчө бөлүнүп калган айылдардан бери концерт койчубуз да. Анан да аппаратуралардын көптүгү, айдоочулардын көктүгүн айта бер. Биз тим эле көзүн карачубуз. Анда да "болбойсуңарбы" деп шаштырганычы.
А.Ж: Желең көйнөктөр менен тоолуу аймактарда концерт койгонубузду элестет. Аябай эле аракетчил экенбиз. Анын үстүнө, биз курактуу ырчылар "өгөй эненин балдарындай" түйшүк тарттык. Бизден мурункулар совет доорунда алардын канатынын алдында калкаланса, бизден кийинкилер продюсерлердин канатына калкаланышты. Биз байкуштар эле, өз киндигибизди өзүбүз кесип, ар кимдин көзүн карап, элдин кол чабуусу үчүн эле жашап жүрө бериппиз.
"Алинаны ток уруп…"
М.Т: Фонограмма кийин эле чыкпадыбы. Ага чейин канча суранса, ошончо ирет жандуу үн менен ырдап, суй жыгылчубуз. Студиядан үн жаздыруу дегенди да билчү эмеспиз. Бирөө ырдап жатканда үн кошуш керек болсо көшөгөнүн артынан кошо ырдап турчубуз да. (Экөө тең каткырып калышты) Бир ирет мен ырдап жатканда Алина үн кошуп ырдап жаткан.
А.Ж: Мен чарчап кетип, ырдап жатып эле жанымда турган темирге сүйөнө койсом, ток уруп кетип жатпайбы.
М.Т: Алина ырдын ортосунда эле "а-а" деп кыйкырып жиберсе болобу. Карасам, ток уруп кетип, бопбоз болуп туруп калыптыр.
А.Ж: Бир ирет кайсы бир айылдын сахнасында Мерген ырдап жаткан. Ток өткөргүчтүн ачык жери бар экен. Биз көрүп калып, Мергенге айталы десек, бизди карабай эле секирип ырдап жүрөт. Бир аздан кийин так ошол ток өткөргүчтүн үстүн басты. Баарыбыз "и-ий" деп жибердик.
М.Т: Дагы жакшы, бут кийимимдин таманы резина болуп, ток өтпөй калыптыр. Болбосо, легенда болуп калмакмын "Мерген деген ырчы бар эле, сахнада өрттөнүп кеткен" деп. Анда азыркынын эч нерсеси жок болмок.
А.Ж: Негизи, Мерген революция баштоочу. Секирип бийлөөнү, узун чач күтүүнү, сахнадан түшүп, эл аралап ырдоону да биринчи жаңылык катары киргизген. Биз Мергенден үйрөнчүбүз.
М.Т: Бир ирет Лейлекке концерт коюп жатканда Алина да сахнадан түшүп, эл аралап ырдап жаткан. Кыздардын күйөрмандары көп болот эмеспи. Алинаны мас балдар колунан кармап калыптыр. Колун чыгарам деп жатып, манжалары артка кайрылып, чыгып кетсе да ырдаганын токтотпогон Алинанын эрдигине баарыбыз таң калганбыз.
А.Ж: Биздин убакта концерт коюп, гастролдоо өзгөчө кыйын эле. Андан да тартип бекем эле, талап күчтүү эле.
М.Т: Ии, баарынан да Чолпондун жоругучу… (Күлүп) Концерттен кийин бизди сыйлайм деп келгендерге жолуктурчу эмес да. Бир жолу Чолпон менен Алинаны ээрчитип, сыйлоочулар менен бир кабинетте отурганбыз. Алар помидор, бадыраң, тамак-аш алып келиптир. Алина менен Чолпон экөө андай жерден "Азыр Мерген ырдап берет, бул французча жакшы ырдайт" деп мактап-таптап коюшса, мен мактанып эле ырдап кирчүмүн. Анан үн бийиктегенде "Оо, мына!" деп коюп, келген тамактарды шашып жеп жатышкан. Аңгыча эле Аскар байке таап алып, "Баскыла!" деп, алып кетти. Үчөөбүз артынан шөлпөйүп баратабыз.
А.Ж: Кеңсеге киргизип алып, урушуп жатат. Акыры Чолпон чыдабай кетти окшойт, "Сыйлайм деп келишсе жаманбы? Эмне урушасыз? Жесек бир помидор жептирбиз. Анын эмнеси бар экен?"-деп туруп чыгып кетсе, Аскар агай да эч нерсе дей албай бирде эшикти, бирде бизди карап коёт.
"Шахрезада эженин
бутуна чөгөлөп жибердим"
М.Т: Бизде каяша кылуу деген жок эле да. Сахнаны аябай сыйлачубуз. Мен силерге келе жатканда радиодон Филатов деген бала: "Жылдыз болгуң келеби, Сахнага чыккың келеби, ал оңой эле. Бизге бир эле ырың менен кел",- дегенин угуп, аябай жүрөгүм ооруду. Сахна деген ыйык да. Сахна өзү - тараза, элек да.
А.Ж: Азыр ар бир ырчынын продюсери бар. Ал эми биздин убакта атабыз-Чоро Кожомжаров, апабыз-Шайыр Садыбакасова эле. Биз карап түзөнчү адамдар да бардык жагынан бизге үлгү болор эле. Ч.Токтоналиева, Г.Чоткараева, А.Ырсалиева, Б.Качкынова, Н. Калназарова, Ш.Аскарова, А. Сапаралиевдер алдыбыздан чыкса жол берип, сыйлап турчубуз, азыр да жолун кыя өтпөйбүз. Мен сыйлык алганда Шахрезада Аскарова эженин үйүнө барып, алдына чөгөлөп жибердим. "Эже, мени кечирип коюңуз, сизден мурда мен сыйлык алдым" деп. Эже кайра мага жылуу сөзүн айтып узат кан. Мен ошол адамдардын алдында катуу уялам, чогуу отурганда башымды да көтөрө албай калам.
М.Т: Бул Алинанын ал адамдарды катуу сыйлагандыгы да. Болбосо, сыйлыкты Алинага туура берди, учурунда кандай азап-тозок менен маданияттын, сахнанын ысыгына күйүп, суугуна тоңду да.
- Кандай тилектериңиздер бар?
"Алина, Айчүрөк, Динара Эгиз төрөп алсын!"
М.Т: Баарынан да тилек чын жүрөктөн чыкса ордун табат экен. Менин үйлөнүү тоюмда тамадам келбей калса, досторум өздөрү Чолпонду тамада болосуң деп шайлап коюптур. Ал байкуш жасанып, чоң букет көтөрүп алып келген экен.
А.Ж: Биз конок болуп отурабыз, чоюлуп. Чолпон болсо, улам бирине сөз берип коюп, чуркап келет да: "Ушу Мергендин тоюнда тойпоюп отурам десе… " деп, шаша-буша тамактан жеп, кайра чуркап кетип, тойду сонун кылып бүтүрдү.
М.Т: Анан да аябай шаңдуу болбодубу. Өзү араксыз той болсо, казактар тымпыйып отурат, кыргыздар тарап тим эле дуулдайт. Аялым кулагыма: "Кыргыздар араксыз эле жаксы отурат гой",- деп таң калат. Мен болсо булар чай пиялаларды кагыштырып жатканда эле билгем, соо эмес деп.
А.Ж: Эмне, биз "Легенда" суусун эле ичкенбиз.
М.Т: Бир аздан кийин булар мага "Эмне, легендарлуу ырчынын легендарлуу тоюнда "Легенда" ичсек жарашпайбы?" деп, күүлдөп калышыптыр. Айтор, той сонун бүттү. Аягында Чолпонго "Ылайым эгиз төрөп ал!" деп бата бердим.
А.Ж: Мени да Чолпон үй эмерегин көргөзгөнү чакырганда: "Ээ, кудай, Чолпон менен Аскарга эгиз бала бере көр", - деп тилек кылып, бата бердим эле.
М.Т: Мына, достун тилеги, Чолпон ошондон кийин бир жылга чукулдап эгиз кыз төрөп алды. Анда, Аскар Карыбаев телефон чалып: "Жынысын кошо айтпайт белеңер, экөө тең кыз болуп калды", - деп күлдүрүп жүрдү.
А.Ж: Анысы кандай, тилегибиз жакшылык. Эң негизгиси Кыргызстанда тынччылык болсун!
М.Т: Ооба, тынччылык болсо баары болот экен. Анан да кыргыз элим өссүн, өнсүн! Кыргызды кыргыз көтөрсүн! Кыргызды кыргыз көтөрбөсө, ким көтөрөт? Жылдыз Усманованы биз кандай сыйлап, төрүбүзгө чыгарып конокточу элек?..
А.Ж: Ырас, кыргызым бар болуп, бири-бирибизге күйүп, ынтымакта бололу!
М.Т: Ии, баса, учурдан пайдаланып, менин Чуням менен Каркушам эгиз төрөп алсын деп тилек кылып коёюнчу!
А.Ж: Ай, койчу, уулум үйлөнөйүн деп калса. Уят эмеспи.
М.Т: Уят эмес, эмне төрөп алсаң жаманбы? Ушинтип жазып кой, Чуня, Каркуша, анан Динара дагы эгиз төрөп алышсын! (Экөө күлүп, урушуп калышты)
P.S. Сиздерге рахмат, ушунтип кызыктуу маек куруп бергениңиздерге. Кыргыз элинин маданиятына зор салымыңыздарды кошуп, эл үчүн эмгегиңиздерди арнаганыңыздарга. Дайыма бар болуңуздар жана эгиз козудай ээрчишип, бир болуңуздар!

Жылдызай Аттокурова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??