п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кайран залкар

Болот БЕЙШЕНАЛИЕВ, КР Эл артисти:
"Таттыбүбүм...
Татам...
Менин трагедиям..."

(Башы 3-бетте)
"Отубуз күйүшпөй калды"
- Т. Океев тарткан "Отко таазим" кинофильминде Азизовдун ролун аткарып, кийин уулуңуздун атын Азиз коюптурсуз. Апасы түркмөн кыз экени чын беле?
- Жараткандын жарлыгыбы ким билет -менин тагдырым анда да өзүм ойногон тасмага окшошкон. "Кызыл кумдар" фильминин сценарийи боюнча башкы комиссар Миркамил Миршарипов он тогузга толо элек жаш кызды басмачылардан куткарат. Гүлсүн кинодо да, турмушубузда да мени сүйүп калат. Ал Болот албаса өлөм деп, отко түшө турган эпизоддо чын эле түшүп кетип жатпайбы. Баарыбыздын жаныбыз чыгып кетти. Куткарып калдык. "Мени туулуп өскөн Кеминиңе алып кет, бир жылда бир көрүнүп турсаң болду",-дейт. Түркмөн, кара калпак коллегаларымдын баары батасын беришти. Үйлөнүп алдык. Бир айдын ичинде таптак кыргызча сүйлөп кетти. Кыргыз драма театрына актриса кылып орнош туруп койдум. Бирок ал жерде көп иштеген жок. Ошентип Азиз деген уулдуу, Гүлназ деген кыздуу болгонбуз. Мүнөзүбүз келишпеди окшойт, отубуз күйүшпөй калды. Кийин Москвада Стелла жеңеңер менен жашап жүргөнүмдө эшик такылдайт,ачсам уулум турат. Алтынчы класстагы кези. Андан кичине кезинде апасы алып барып турчу эле Москвага. Бул жолу өзү жалгыз келип жатпайбы. Мени сагынган го. 8- март күнү эле, шөмтүрөп суу болуп алган. Каңырыгым түтөп кетти. Ал да менин жолумду жолдоп кино актёр болду.
- Өзүңүздүн чыгармачылык өмүрүңүздө 100гө жакын кинолордо башкысы, эпизоду болуп далай каармандарды жаратыпсыз. Элибиз аларды көргөнү бар, көрбөгөнү бар. Ушулар туурасында айтып берсеңиз?
- 1984-жылы режиссёр Василий Ординскийдин "Гоби жана Хинган аркылуу" деген тасмасына түштүм. Япондордун окумуштуу генералы Серо Исси 1994-жылдары Америкада жашаган. Аттын канын адамдардын тамырына куюп эксперимент жүргүзгөн. Кишилерди байлап коюп, 60 градус суук жертөлөгө айдап түшүрө баштаган да, кайра 30 градус ысыкка өйдө көтөрткөн. Филиппиндин территориясына холера жугуза турган биттердин, бүргөлөрдүн он беш тоннасын таштамак болот Ошондо армиянын генералы Ямадо бул ишти токтотууга өкүм кылган. Он алты жаштагы сулуу японка ассистент-көңүлдөшү экөө аягында мүрт кетирчү ампуланы ооздоруна салышып өлгөн Серо Иссини аткардым. Мындан башка "Абайдын өспүрүм кезинде" Бөжөйдүн, режиссёр А.Аширов, "Отрарда" Чынгызхандын, режиссёр А.Аширов, "Андрейди сагынууда" хандын, режиссёр А.Кончаловский, ж.б ролдордо ойнодум.
- Ата Мекенден алыс жүрүп, ар кандай улуттардын образдарын түздүңүз, алардын арасында япон, казак, кыргыз, чукча, түркмөн, өзбек ж.б бар. Ошондо кыргыз менен бөлөк элдин менталитетин салыштырып, сагынып көз алдыңыздан өткөргөндүрсүз?
- Москвадан асман тиреген үйдөгү квартирамдын балконунан туруп таза аба жутуп, жаздын жытын искечүмүн. Бирок Ала-Тоону көрө албай көңүлүм чөгө түштү. Койдун маараганын, чабылган чөптүн жытын, майда, чоң ар кандай түстөгү талаа гүлдөрүн эңсөөчүмүн. Кеминдин тоо-сууларындагы кудум Ч.Айтматовдун "Ак кемесиндеги" баланын "танка" таштарындай менин да "ат" кылып минчү таштарым бар эле, азыр да ошолорду кучактап өпкүм келет.
Эми менталитет деп калбадыңбы. Бир жылдары Ю.Рытхэу боюнча "Киттер кайтканда" фильминде түшүп жүрөбүз. Чукоткага барып тартылдык. Котормочулар аркылуу сүйлөшөбүз. Аларды "тундровики" жана "береговые" деп бөлүшөт. "Вега" деген пароход аларга ун, кант, жесе-жебесе да жашылчаларды ташыйт. Социализм доорунда советтик адамдардын керектөөсүн камсыз кылуу деп, далай айнек идиштерге жабылган жер-жемиштердин түрлөрү барчу. Бирок алар эч ооз тийбей, дөбө-дөбө кылып ыргыта беришет. Алардын "капалка" деген улуттук тамагы болот. Анын адам чыдагыс сасык жыты 200 метрден уруп турат. Кантип даярдашат дебейсизби? Өздөрү "полок" деп койчу бизче "чатырча" эч аба кирбеген үйүнүн эшигинин алдын казат да, морждун, тюлендин, бугунун тилин, этин кесип таштай берет. Ал айлап жата берип, бир укмуш кара массага айланат. Ошону убагы келгенде, чекесинен кертип жеп турушат. Советтик доордо аны санитардык нормага туура келбейт деп тыйып койсо, чукча эли эки эсеге чейин азайып кеткен. Кийин Смирнов деген адис академик изилдеп руксат бердирген. Өзгөчө "тундровиктерде" бугунун терисинен кийимдерди жасап кийишет. Ал термос сыяктуу эч суук өткөрбөйт. Денелерине тюлендин майын шыбашат. Өмүрү мончого түшүшпөйт.Сыртка чыгышса адамдар эки аяктуу жүндүү, ити төрт аяктуу жүндүү сыяктанып укмуш эле көрүнүп жатып калышат. Кыргыз коногуна кой союп сыйлагандай, алар бирөө келсе аялымдын жанына жылуу жат деп жаткырып коюшат. Бала төрөлсө, "досумдан калган белегим" деп сыймыктанышат. Ушуга окшоп эле ар бир элдин өзүнө гана тиешелүү салттары бар. Бирок кыргыздыкы өзгөчө артыкчылыктарга ээ деп эсептейм.
"Жатаканада жашайм"
- Агай, кыргыздын эки таланттуу киноактёру кайната-күйөө бала болгону ыраспы?
- Туура, азыркы аялым Турсундун бойго жеткен эки кызы бар. Тагдырдын буйругун кара, кичүү кызыбызга белгилүү киноактёр Чоро Думанаев үйлөнүп алды. Батабызды бердик. Экөө эркек балалуу болушкан Атын Нур койдук. Неберем төрөлгөндөн бери биздин колдо чоңойгондуктан жанымдай көрөм. Андан да кызык нерсе, менин камчым ушундайбы. Турсун экөөбүз үйлөнүп жатканда кыргызмын деген, кийин паспортун карасам өзбек кызы деп жүрөт. Мага кыргыздан аял буйрубаптыр деп күлдүм. Ха-ха-ха…
- Үй-жайыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Азыр ушул тапта Ленин заводунун жатаканасында жашайм. Үй маселеси менен жогору жактагыларга кайрылгам. Аскар Акаевич кол коюп үй берилсин деген экен, ал кагазды бери жактагылары жоготуп жиберишкен имиш…
- Өзүңүз баалаган актёруңуз ким?
- Тирүүчүлүктө туураны айтпасак качан айтабыз, Сокем- (Советбек Жумадылов) залкар талант.
Архивди аңтарган
Айсулуу Эсен кызы




 Шырмаек

Нурлан Насип:
"Сүйгөн кызыма эшек минип баргам"
- Канат менен кантип иштешип калдың эле?
- Былтыр жай айларында "Миң Кыял FM" радиосуна "Обон" гезитине интервью бергени барган элем. Тынчтыкбек Кожобеков деген байкебиз бизди тааныштырып калды. Ал жерден эле Канат байке мага чогуу иштешүү жөнүндө сунуш кылган. Кийин, кол алышып иштеше баштадык.
- Канат экөөңөрдүн ортоңордо чыр-чатактар болобу?
- Ооба, жумуш болгондон кийин андай чыр-чатактар болбой койбойт. Бирок өтө чоң чырга айланбай эле бири-бирибизди туура түшүнүү менен бүтөт. Мен таарынтып алып, ал мени таарынтып дегендей.
- Ырларыңа акчаны да Канат берип турабы?
- Жок, кандай гана иш болбосун, Канат байке экөөбүз ортодон акча чыгарып иш кылабыз. Тойдон, концерттен чогулткан акчаларыбызга ыр жаздырып, клип тарттырабыз.
- Акыркы күндөрү ырчы жигиттердин мушташканын угуп калып жатабыз. Мушташканга кандайсың?
- Азыр андай-мындай деп айта бергени менен убагында көрүш керек. Бирок мен токмок жебегенге аракет кылам.
- Өзүң обон жазат эмессиңби. Обондун кайрыктары кандай учурларда келет?
- Ар кандай учурларда келе берет. Мисалы, жолдо кетип баратканда да келип калышы мүмкүн. Ошондо, телефонго жаздырып калганга аракет кылам.
- Алкоголдук ичимдиктердин кайсынысына жакынсың?
- Баарынан тең алысмын. Анткени, мурун намаз окучумун. Шаарга келгенде, бир аз шайтан аралап кеттиби, айтор, азыр жума намазга гана барып турам. Буюрса, намазды кайра баштайын деген ниетим бар.
- Кандай тариздеги кыздар жагат?
- Кыздардын болгон жакшы сапаттарына ээ болгон кыздар жагат. Биринчи жигит кыздын сулуулугун карап, ал кызга көңүл бөлөт да. Мен дагы эң биринчи кыздардын сулуулугуна карайм. Андан кийин гана, анын акылына баа берем.
- Эгер сенин сүйгөн кызыңды, сен гастролдо жүргөндө, сенин жакын досуң ала качып алса эмне кылат элең?
- Эгер мен ал кыз менен сүйлөшүп жүрсөм, иш бөлөкчө болмок. Досум менен эркекче сүйлөшмөкмүн. Эгер, досум менин сүйлөшүп жүргөн кызымды билбесе, ичимен сыздаган боюнча унчуга албай калмакмын.
- Жанатан бери карап отурсам, чачың өтө эле кара экен. Канча убакытта бир боёп турасың?
- Мурун чачымды боёчу эмесмин. Мындан эки ай мурун чачымды кырктырганда, мастерим сунуштап калып, боётком.
- Дискотека, сауналардын босогосун канча убакытта бир аттап турасың?
- Андай жерлерге көп деле бара бербейм. Досторумдун, дос кыздарымдын туулган күндөрү болуп калганда, алар менен кошулуп дискотекаларга барып калам. Атайын дискотекага барам деп барбайм.
- "Чёрный мир" деп коюшат эмеспи, ошол "чёрный мирдин" адамдары тарабынан ырчы жигиттерге коркутуулар болгондугун угуп жүрөбүз. Сени да "чёрный мирдин" балдары алып барып, коркутуп, салык салган учурлар болду беле?
- Андай учурлар боло элек. Бирок, " чёрный мирдин" адамдарынын тоюнда ырдаган күндөр да болгон. Бирок азыр жолуккан жерден саламыбыз түз.


Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??