п»ї

  Эх, студенттик күндөр…

Калды күндөр жылдызындай асмандын,
Махабаттын көчөлөрүн гүлгө ороп…
Студенттик күндөрдү эстегенде ар бир адамдын жүзүндө жылмаюу жаралса керек. Бирде ачка, бирде ток, чөнтөктө бир тыйын жок болсо дагы эң шаңдуу күндөр дал ошол студенттик кез. Билимге суусап турган жаштарды 17-ноябрь майрамы менен кызуу куттуктайбыз дагы, таанымал инсандардын студенттик күндөрүндөгү кызыктуу окуяларынын бир бүркүмүн тартуулайбыз.


Гүлнара Тойгонбаева:
"Казанда кырмычык эле калыптыр"
Мен студент кезимде кыздар менен жатаканада жашачумун. Бир күнү стипендия алып, толтура азык-түлүк сатып келдик. Өзүнчө эле майрам, маанайыбыз жайдары, шатыра-шатман отурабыз. Анан "эмне тамак жасайбыз" деп атып, палоо басмай болдук. Кыздардын арасынан күрүчтү жакшы жасаган мен болгондуктан, тамакка кириштим. Биздин жатаканада сегиз бөлмөгө бир ашкана эле. Баарын даярдап, күрүчүн салып, демдеп коюп, комнатага кирип, бышарына аз калганда чыксам, баягы тамагым, казаны менен жок. Мен кыздарга келип "палоо жок экен" - десем, шилекейлери куюлуп, тамакты чыдамсыздык менен күтүп аткан кыздарымдын жинденгендерин сураба. Ошондо курсагыбызды бирдеме жеп, эптеп тойгузуп жатканбыз. Эртеси, түбүндөгү кара кырмычыгы менен баягы казаныбызды ашканадан таптык.


Сьездбек Искеналиев:
"Кыздардын көйнөгү үтүккө күйүп"
16 жашымда Күреңкеев атындагы окуу жайга тапшырдым. Кесиптерди бөлүштүрүп жатып, мени колу менен көрсөтүп "кыл кыяк" деп койду. Мен "аа, аккордеон ойнойт турбаймынбы" - деп кудуңдап жүрөм. Көрсө, кыл кыяк экен да. Көңүлүм келбей окубайм деп, нааразы болуп чыктым. Анда жаман окусаң эле дароо үйгө чалышат. Анан уялганыман айла жок, аракет кылып окудум. Биздин үйдө тартип аябай катуу болчу. Бир күнү студенттер чогулуп бир кечеге бармакпыз. Анда апам шаарда болуп калып, мени жибербей койду. Жада калса кыздар келип: "Эже, балаңызды жиберип коюңузчу", - десе дагы болбой койгон эле. Ошондо уялганымчы. Бир күнү үйдө эч ким жок, мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып досторумду, кыздарды конокко чакырмай болдум. Кыздарды алып келиш үчүн, жатаканасына бардык, алар бизди эки саат күттүрүштү. Көрсө, кыздар жасанып атышып, бирөө көйнөгүн үтүккө күйгүзүп алыптыр да, анан кечке, шашпай тигип олтурушуптур. Эптеп чогулуп үйгө келсек, кашайып үйгө айылдагылар келип калса болобу. Ошентип, ээн-эркин олтура албай калганбыз.


Элмира Кайып кызы:
"Концерт көрүш үчүн филармонияны кайтарып калчубуз"
Мен эми кайгы капа, санаа дегенди көп деле сезген жокмун го. Анткени, биринчи курсту бүткөндөн кийин эле турмушка чыктым. Бирок ошол учурда деле кызыктуу окуялар көп болчу. Жаштык менен баарын жеңчү экенбиз да. Сабак учурунда эртең менен филармонияга келип, репетиция кылчубуз. Репетициябыз түштө эле бүтүп калчу. Ошондон тартып кечке чейин үшүп, ачка болгонубузга карабай филармониянын ичинде жашынып жүрө берчүбүз. Анткени, кечкисин концерт болчу эле. Эшикке чыксак, билети жок кайра киргизбейт, а биздин билетке эмес башкасына акчабыз жок эле да. Кеч киргенде залга олтурабыз да, концертти көрүп алып, анан түн ортосунда үйгө барабыз. Азыр ойлоп көрсөм, концертке карап, тамак деле жечү эмес экенбиз.


Чынар Капарова:
"Эсибиз оогучакты ойночубуз"
Студенттик күндөр сонун да, ачка, ток жүрүп ал күндөрдүн кантип өтүп кеткенин да билбей каласың. Азыркы студенттер майрамдарды кантип өткөрүшөт билбейм, биздин убакта абдан кызыктуу өткөрчү элек. Керемет күндөрдүн биринде аздан акча чогултуп, жатаканадан майрам тосмой болдук. Ар бири "каткан-куткандарын" алып чыгып, жупуну болсо дагы стол жасап, шаңдуу олтурчубуз. Анан бири-бирибизди майрам менен куттуктамай, ар кандай открыткаларды, айтор, колго жасалган белектер болчу. Анан кээ бир кыздардын жигиттери келсе, аларга ар түрдүү оюн-зоокторду уюштуруп, чарчап, эсибиз оогучакты ойночубуз. Иши кылып, майрам күндөр ызы-чуу менен өтчү.


Сапар Эркебаев:
"Үчүнчү кабатка секирип кетчүмүн"
Башка студенттердей эле мен да жатаканада жашадым. Анда эркек балдар үчүнчү, кыздар төртүнчү кабатта жашашчу. Мен экинчи курстан кийин эле өзүм билип, төртүнчү кабатта кыздар менен жашап калгам (күлүп). Эртең менен комендант текшерип келатканда балкондон үчүнчү кабатка секирип кетчүмүн. Бир күнү шашып, үчүнчү эмес, биринчи кабатка секирип, кулап, айтор, бутумду ооруткан элем. Кийин чоңойгон сайын, мени баары билип калышты. Эч ким "кой" деп урушпай да калды. Тескерисинче, төртүнчү курстарда комендант келип, мени кыздардын бөлмөсүнөн ойготуп кетчү. Окуудан далай жолу "отчисление" болдум. Анткени, сабактарды калтырып кафеге ырдап кетип калгам. Акча табыш керек да. Бирок, спец сабактардан: хордон, ырдан бешке окучумун, калганын карачу да эмесмин. Өзүм шок бала болгондуктан, далайлары менен урушуп, мушташа кеткен күндөр да болгон.


Фарида Карбосова:
"Жашынып тамак жегенбиз"
Жаңы студент болуп келгенде Алина (Жетигенова) эженин үйүндө жашап калдым. Анда студенттик жашоону билчү эмес экенмин. "Бир сом барбы" - деп сураган студенттерге таң кала берчүмүн. Андан кийин консерваториянын жатаканасында жашадым. Ошондо өзүм башкалардан бир сом сурап калбадымбы. Анда Роза (Шакирова) экөөбүз бир жашачубуз. Далай кызыктуу күндөрдү чогуу өткөрдүк го. Уурданып тамак жегенибизди азыркыга чейин эстейбиз. Бөлмөгө айран, эки нан, кукси алып келип, ак баракка "биз үйдө жокпуз" - деп жазып, эшиктин сыртына илип койдук да, ичинен бекитип алып, жарыкты өчүрүп, шам күйгүзүп, алып келгендерибизди жашынып жегенбиз (каткырып). Ачка калган күндөрүбүз да болгон. Вахтада олтурган эжелерден "эртең эле беребиз" -деп карызга нан алчубуз. Эртеси бере албай калсак, уялып үйдөн чыкпай олтура берчүбүз. Сабакка кетерде эжелерге көрүнбөй чуркап чыгып кетебиз. Кайра кирерде уялганыбыздан башкалардан сурап, карызыбызды берип анан кирчүбүз. Ошондо эжелер аркабызга түшүп сурабаса деле өзүбүз уяла берчү экенбиз. Эми алардын баары артта калды. Адам жакшы нерсеге жетиш үчүн башынан кыйынчылыктарды өткөрүшү керек экен да.


Студенттин күндөлүгүнөн
Бир күн ток, бир күн ачка.
Проблема-дайым акча.
Күтөм келбейсиң,
Банкым-ата.
Турамын эртең менен,
Убакыт менде кенен.
Төртүнчү парага жетишем мен.
Агайга айтып жалган,
Чөнтөгүнө 100 сом салам.
Ошону менен бир зачётумду алам.
Кудайга тез-тез сыйын,
Сессия ушунчалык кыйын.
Чөнтөктө нанга калбайт тыйын.
Экзамен болсо, кымбат,
Бирөөсү 500 сом турат.
Андан да староста урат.

Пайда болуу тарыхынан:
1939-жылдын 17-ноябры тарых барактарында фашисттик режимге каршы көтөрүлүшкөн чех жаштарын массалык жазалоо күн катары жазылып калган.
1939-жылдын 17-ноябры фашисттик оккупанттар тарабынан массалык кырылууга учураган чех студент патриотторунун жаркын элестерине арналган күн катары бүткүл дүйнөлүк студенттер Конгрессинде, 1946-жылы Прагада бекитилген.
Эл аралык студентер күнү болуп белгиленип келатканына быйыл 64 жыл болуптур.

- Экзамен учурунда студент агайдын суроолоруна жооп бере албай калат. Жини келген окутуучу студентке:
- Эгерде сен эки мүшөк таап алдың дейли, биринде толтура акыл, экинчисинде акча. Экөөнүн кайсынын алат элең?
Анда студент:
- Албетте, акча толо мүшөктү.
- А мен болсо, акылды алмакмын.
- Туура агай, ар ким өзүнө эмне жетишпесе ошону алат да, - дептир.

Нургүл Ибраева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??