п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ойкуйт да, кайкыйт ак чардак

Замир Арыкбаев чыгармачылыгын өркүндөтүүдө
Замир жакында эле "Шириним" аттуу ыр жаздырып, эми аны радиолорго бергени турат. "Репертуарды жаңыртып, жаңы ырларды жаздырып турбаса, чыгармачылык алдыга жылбайт", -дейт. Бул ыр негизи өз кызыма арналган десем болот. Кудай буюрса, бул ырларга дагы клип тарттырууну тилек кылып жатам ,-деген жакшы ойлору менен тең бөлүштү.


Нурлан Алдаяров көрүнбөй кайда жүрөт
Жаш ырчы Нурлан Алдаяров "Гүлсара" атуу ыры менен көпчүлүккө таанылып, бир убактарда ырлары популярдуу болгон эле. Нурландын үнүн сагынган күйөрмандар ырчылардын арасынан акыркы күндөрү таппай эле калышты. Көрсө, жаш ырчы чакан кечелерде, тойлордо ырдап, жеке чыгармачылыгы менен алек экен. Учурда ырчы жигит чыгармачылык жаатындагы иничеги Мажиттин жеке концертинде ырдап, Ош шаарында гастролдоп жүргөн убагы. Эми жаңы жылдан кийин жаңы ырлар менен сагынган күйөрмандарын кубантмакчы.


Гүланда менен Айбек жаңы конушка киришет
Кызынын кылыгына канбай кудуңдаган жубайлар эми кудай буюрса бир айдан кийин жаңы үйдүн босогосун атташат. "Буга чейин, шаардын четине үй салып жатканбыз, эми бүтүп калды, жакында киребиз", -дейт Гүланда айым. Жаңы үйгө отурукташып алган соң, жаңы жылдан баштап Гүланда билек түрүп чыгармачылыгына катуу киришмекчи. Дегеним, сагынган сахнага чыгып, элге жаңы ырларын тартуулайт.


Ильяз Андаш темир тулпарлуу болду
Жаш ырчы Ильяз Андаш Мерседес S-320 үлгүсүндөгү автоунаа сатып алды. Өңү өзү жакшы көргөн күмүш түстө. Жол эрежелерин абдан жакшы билерин баса белгилеп кетти. Анткени, бул-төртүнчү темир тулпары. Азыр ырчы жигит жаңы автоунаасы менен зуулдап иштеп жүргөн убагы. Өзүм студент болгонум менен бир дагы жолу студенттик майрамды өткөрбөптүрмүн. "Кээ бирине майрам болсо, бизге жумуш да", - дейт Ильяз. Студенттерди куттуктап концерттен ырдаган соң, пландап койгон бир-эки корпоротивдик кечеге барам" , -деп билдирди.





  Адистин көзү менен

"Кайдагы сүйүү"
кайрадан сында…
Учурда жаштар арасында популярдуу хитке айланган Фархад Кеңешбек уулунун "Кайдагы сүйүү" аттуу ыры маршруткага түшсөк, базарга барсак дагы дайыма жаңырып турганына күбөбүз. Эгер ырдалган ырдын маанисине көңүл буруп, анын обонуна кененирээк токтолсок, кандай жыйынтыктар чыгат эле? Анда "Адистин көзү менен" аттуу рубрикабызда дал ушул Фархад Кеңешбек уулу "Кайдагы сүйүү" деген ыры менен калыстар тобунун сынына түштү. Эмесе , бүгүнкү калыстар тобу кандай чечим чыгарарын чогуу көрөлү.


Алгач тексттин мааниси, ырдын түзүлүшү туурасында маданият министрлигинин орун басары, акын Кожогелди Култегинге кайрылдык.
"Кыргыздын ити дагы уйкаштырып үрөт"
- Бул текст поэзиянын талабына толук жооп бербейт. Мааниси да жок. Элге жөнөкөй, түшүнүктүү текст керек эле. Сүйүү тууралуу ыр болуп жаткандан кийин сезимдерди козгогон, күйүп быша турган маанилүү сөздөр менен курулса, жакшы болмок. Бул ырдан өзгөчө пафосту көрө алган жокмун. Балким, жаштардын модасы ушундайбы, же менин табитиме дал келбейби, айтор, бул ыр менин купулума толгон жок. "Кыргыздын ити дагы уйкаштырып үрөт" - дегендей ыр жеңил-желпи сөздөр менен коштолот, ар бир сабы оңой эле айтылган. Мисалы: "Эми кайрылбайт күлкү, эми кайрылбайт сүйүү" деген ыр саптары кайталана берет. Мындай ырларды ар бир адам жарата алат да. Адамдын сезимин ойгото турган, жылдыз тартуулай турган эч кандай сөздөр жок. Футболка кийип ырдаган жаштар көбөйдү, алар менин купулума толо бербейт. Азыркы жылдыздардын көбүнүн жылдыз курттардын жарыгындай да жарыгы жок.

Андан соң ырдын обону туурасында Кыргыз Республикасынын композиторлор КРнын композиторлор союзунун төрагасы Чокиев Турдубек Асановичке кайрылдык. Эки кайырма уккандан кийин:
"Обончулар боктон көп, ойлонбой жазган токтом көп"
- Бул обон бир нукка түшүп алган. Азыркылар обон чыгарууну оюнчукка айлантып алышты. Обонду терең ойлонуп, жаңы кайрыктарды таап, изденүү деген жок болуп калды. Азыркы жаштар даяр, бир калыпка салынган ырларды алып колдонгонду жакшы көрүшөт. Бул ыр Сыймык Бейшекеевдин жана Айбек Карымовдун кайрыктарына окшошуп калган, алардын көчүрмөсү десек да болот. Азыр мен угуп жатып экинчи куплети кандай болорун билем, улап да кете алам. Башында комузду чертимиш болуп, жай ырдап баштайт да, анан бир калыпка түшүп, кете берет. Нарынбеков деген обончу өзүнүн стилин, жолун, табыш керек эле да. Бул жерде чыгармачылык жок, тууроо болуп калган. Илгери "Обончулар боктон көп, ойлонбой жазган токтом көп" деген сөз айтылчу. Убагында жөн эле айтылган сөз азыркы убакытка даана туура келет. Азыр обончулар дагы, токтом чыгаргандар да көбөйүп кетти. Аларды тескеген киши жок, мындай обондорду обончу эмес, музыканы жакшы көргөн адам деле чыгара алат. Ошолордун катарында бул ыр да бар. Азыркылар обон деген десе эле Европаны, түрктөрдү туурап, жада калса, Майкл Жексондун обонун кыргыз ырларына салып жатышат, музыка чөйрөсүндө көзөмөл деген жок болуп калды.
Кийинки кезек аткаруу чеберчилиги боюнча вокалдык адистерге кайрылдык. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Сапар Исмаиловичке кайрылдык.

"Вокалдан сабак алып, үнүн өркүндөтүш керек"
- Эми ырчынын аткаруу чеберчилиги жакшы, орто деп айтат элем. Балким, музыкалык билими жоктур, бирок үнү жакшы экен. Таланты бар экени билинип турат. Эгер дагы вокалдан сабак алып, үнүн өркүндөтсө жакшы ырчы чыкчудай. Бирок дагы бир нерсени эскертиш керек. Биринчи ырды аткарууда алгач белгилүү обончуларга, акындарга кайрылса жакшы болмок. Эмне үчүн Рыспай аганын ырлары эч убакта өчпөйт. Полотов, Мааданбеков, Рыспай агасындай болгон адамдардын стилине түшүш керек. Азыркы ырлар бир ырдалып эле унутулуп калчу ырлар да. Азыркылар нукура кыргыздын ырларынан тайып кетип жатышат. Классика деген жок. Көпчүлүгү Европага жакындашып кеткен.
Ошентип, ырдын мааниси, тексттин түзүлүшү жана обону калыстар тобунун сынынан өтпөй калды. Ал эми аткаруу чеберчилиги боюнча Фархад мырзага "орто" деген баа беришти. Эгерде музыка чөйрөсүндө катуу тартип болгондо, бул ырдын ырдалып чыгышына уруксат беришмек эмес экен. Эмнеси болсо дагы адистердин айткан сөздөрү жаш ырчыларга сабак болот деген ойдобуз.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??