Азыркы учурда Европада чыгып жаткан көптөгөн косметикаларды ислам динин тутунуп жүргөн айымдар колдоно алышпайт. Анткени, алар исламдын мыйзамына жооп бербейт. Тактап айтканда, алардын курамында шариятка туура келбеген спирт кошулмалары болгондуктан, мусулман айымдар баш тартып келишет. Бирок азыркы учурда бул көйгөй чечилип, халал косметика чыгарыла баштады. Анда аталган косметика тууралуу бир ооз сөз кылсак.
Намаз окуган айымдар колдонуучу адал боёктор

Халал косметика кантип пайда болгон?
Биринчи халал косметикасынын пайда болушуна 23 жаштагы Самина Ахтар себепкер болгон. Ал дайыма колдонуп жүргөн косметиканын эмнеден жасаларына маани берген эмес. Кийин косметиканын курамын окуп чыгып чочуп кеткен. Анткени, ал чочконун майы жана башка жаныбарлардын калдыктарынан иштелип чыккандыгын жана спирт аралашкандыгын билген. Мындай көрүнүштөн кийин ал косметикадан толук баш тарткан. Бирок бул маселе тууралуу Улуу Британиянын мусулмандар башкармасына арыз менен кайрылып, халал косметика чыгаруучу компания ачууну сунуштаган. Бардык мусулман айымдарынын косметикадан жабыр тартканын көргөн Самина бул ишти өз колуна алган. Ошентип, халал косметика чыгарууга толук уруксат алгандан кийин өзүнүн атына арнап, "Samina Pure" маркасы менен халал косметика чыгарып баштаган. Косметиканын каражаттары Австралиядан атайын көз карандысыз мусулмандык комиссиядан өткөрүлгөн соң чыгарылган. Азыркы убакта Улуу Британияда бир миллиондон ашуун мусулман айымдар жашашат. Жаңы чыккан халал косметикага Сингапурдун, Малайзиянын, АКШ нын жашоочулары дагы кызыга баштаган.


Косметиканын дарылык касиети
Ушул эле "Samina Pure" компаниясы мусулман айымдарга керектелүүчү бардык боёкторду чыгарууга үлгүрдү. Эми айымдар бул компаниянын кирпик боёгучун чыдамсыздык менен күтүп жаткан убактары. "Бул боёк айымдарды сулуу көрсөткөндөн тышкары, алардын ден соолугуна абдан пайдалуу", - деп эсептейт Самина Ахтар. Анткени, халал боёктордун курамында табигый чөптөр, өсүмдүктөр лабороториядан өткөрүлүп, терең изилденип чыккан соң, косметикага колдонулат. Муну колдонгон айымдар сулуу болуу менен бирге, териси тунук, таза болуп, чөптөрдүн дарылык касиетин сезишкен.


Эксперттер эмне дейт?
Улуу Британиянын белгилүү имамы Шейх Халтем Хаддад косметика тууралуу мындай ой-пикирин айтып келет: "Эгерде айымдар колдонгон косметика исламдын мыйзамына жооп бере албаса, тактап айтканда, чочконун этинен же спирт кошулган боёктор болсо, алардан баш тартуу керек", - деп эсептейт. Бирок кээ бир имамдар мындай көрүнүштөргө уруксат беришет. Мисалы: боёктун курамында аз өлчөмдөгү алкоголь же жаныбарлардын майы болсо колдонууга болот, баары бир айымдар намаз окуй турган маалда сөзсүз боёкту алуусу шарт -деп белгилейт. Буга каршылаш оюн билдиргендер да жок эмес. Кээ бир ислам теоретиктери халал косметиканы жуубай эле намаз окуса болот, анткени, ал халал косметика, дааратка дагы каршы болбойт деген ой-пикирлерди айтып келишет.


Бүгүнкү күндө
Азыр Араб өлкөлөрүндө халал косметика кеңири тараган. Андан тышкары, Малайзиядан, Иордания, АКШг а интернет-дүкөндөрү аркылуу жиберилет. Халал косметикасын сурагандар көп болгонуна байланыштуу, фирманын жетекчилиги башка өлкөлөрдөн заказдарды алууга үлгүрбөй калышууда. Мындай косметикаларды кеңейтүү максатында Европага да филиал ачууну пландашууда.
Малайзиялык эксперттердин айтуусу боюнча, халал косметикасы дүйнөлүк базарда 635 миллиард долларга барабар болгон киреше алып келет. Мындай ачылыштарды бир гана ислам өкүлдөрү эмес, жаныбарлардын укугун коргоо агенттиги да колдоодо.

Мамлекеттин дин башкармалыгынын муфтийи Чубак ажы Жалиловго кайрылып, бир нече суроолорго жооп алдык.
"Мен халал косметика бар экенин биринчи жолу угуп жатам"
- Мусулман айымдардын косметика колдонуусуна ислам кандай көз карашта?
- Биссмиллахи рахмани рахим, мусулман айымдардын косметика колдонуусуна ислам бир беткей жооп бербейт, кээ бир учурларда уруксат берилсе, кээде тыюу салат. Мисалы: көчөгө чыгууда айымдар абдан кооз көрсөтө турган косметиканы колдонуп, же жыпар жыттуу атырларды себингенине ислам тыюу салат. Бирок шамалдан, сууктан сактай турган кремдерди колдонууга уруксат берет. Ал эми кашын, көзүн, оозун боёп, жыпар жыттуу атырларды себинүүнү шарият күнөө деп эсептейт. Мындай боёкторду үйдө жолдошунун көзүнчө колдонууга гана уруксат. Бул исламдын жалпы косметикага болгон өкүмү.
- Азыркы чыгып жаткан халал косметика боюнча эмне айтат элеңиз?
- Эгер косметика адал болсо дагы, анын курамында айымдардын ден соолугуна зыян келтире турган нерсе болсо, аларга шарият тыюу салат. Ал эми ден соолукка зыян эмес, пайда бере турган косметикалар болсо, бул, албетте, чочконун майы, адамдын денесинин бөлүктөрү кошулган косметикалар болсо, алар арам деп эсептелинет.
- Азыркы мусулман айымдар халал косметиканы колдонуп, намаз окуй берсе болот деген ой-пикирлер туурабы?
- Халал же арам косметика болобу,мисалы, бетке сүйкөгөн крем териге суу өткөрбөй турган болсо, баары бир намаз окууга туу ра келбейт. Ошол эле лак халал же арам болобу, суу өткөрбөй жаап кала турган болсо, ал дааратка, кусулга да жарабайт. Бирок кээ бир кремдерди бетке сүйкөгөндөн кийин денеге суу өтө берген касиеттери бар. Мындай учурларда гана даарат алууга болот.
- Ислам дини айымдардын кандай боёкторуна тыюу салат.
- Ислам дини "арам" косметикаларды колдонуусуна тыюу салат. Айымдар көчөгө чыкканда өзүнө тартып алек кылган, адамдардын напсисин ойготкон, адамдын ден соолугуна зыян боло турган боёкторду колдонууга тыюу салат. Айымдар химиялык нерселерден алыс болуп, мүмкүн болушунча табигый боёкторду колдонууга аракет кылышса жакшы болот.
- Айымдардын косметикасы тууралуу исламда кандай сөздөр айтылган?
- Исламда аялдар менен эркектерге тиешелүү сөздөр айтылган. Мисалы: эркектерге түсү азыраак, жыты көбүрөөк боло турган боёктор, ал эми айымдардыкы түсү көбүрөөк, жыты азыраак болгону жакшы дешет.
- Азыркы халал косметика менен арам косметиканы кантип айырмалоого болот?
- Мен халал косметика бар экенин биринчи жолу угуп жатам. Колдонулган косметиканын курамына абдан маани бериш керек. Эгерде ал , чындыгында, исламдын мыйзамдарына жооп бере турган болсо, аларды халал деп айтууга болот.
- Мусулман айымдары негизи эле косметика колдонушу керекпи?
- Мүмкүн болушунча колдонбогону жакшы. Эгер жолдошу ошону каалап, каршылыгын көрсөтпөсө, күйөөсүнүн махабатын, сүйүүсүн чыңдоо үчүн боёнсо болот. Ал эми көчөгө чыгар алдында боёнуп алуусу шариятка туура келбейт.


"Мен бейиштин даамын бул жашоодон таттым"
Учурда популярдуу болгон "Фабрика звезд" тобунун экс-солисткасы Маша Алалыкина ислам динин кабыл алып, көпчүлүктү таңдандырган. Ал бардык мусулман айымдардай эле халал косметика колдонорун баса белгилеген.

- Мен жолдошумдун аркасы менен Мароккого келгенде ислам динин кабыл алдым. Бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин, кийин интернет булактарына жарыялангандан кийин, мен жөнүндө ар кандай ушактар айтылып жүрдү. А бирок ислам динин кабыл алгандан кийин, бул жашоодон мен бейиштин даамын таткандай болдум. Ислам дини айымдарга өзгөчө көңүл буруп, аларды бапестеп келет. Алардын сулуу болушуна жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген (Альхамдулиллах). Мен дүйнөлүк аренага таанымал болгон Иордания мамлекетине таандык "Saaf Pure Skincare" маркасындагы косметикаларды колдонуп келем. Ал айымдарды өзгөчө сулуу кылып көрсөтөт. Биз Аллахтын астында бир гана тышкы келбетибиз менен эмес, жүрөк, жан дүйнө, интеллект менен сулуу болуп көрүнүшүбүз керек. Ошондо адам дайыма сулуу бойдон кала алат.


Хадистер:
Сурма -көздүн ажарын ачып, кирпиктерди өстүрөт.
Кудай сиздердин тышкы келбетиңиздерге же мал-мүлктөрүңүзгө эмес, дилиңизге жана ишмердүүлүгүңүзгө карап баа берет.
Достун дидары -көздүн нуру.
Адамдын сулуулугу анын тилинен билинет.
Сиздин жакшылыгыңыз- өзүңүздүн аялыңызга жумшак мамиле кылганыңыз.
Сиздин жакшылыгыңыз -кең пейил, ширин баарлаша турганыңыз. Жамандыгыңыз болсо-ооз көптүрүп, эзмелик менен сүйлөй турганыңыз.

Нургүл Ибраева