п»ї
 Таанышуу жарыясы


Сен жана мен
Кышкы сессиясын тапшырып бүтүп, кайненесине, кайнагасынын балдарына белек-бечкек, таттуу алып, айылга жөнөп кетти. Дуулаттын апасына жазган катын өз колум менен берейин деп айылга салган эмес. Энесин сагынып, ал киши менен сүйлөшкүсү келип буулугуп да жүргөнүнө көп болгон. Жүрөгү алып-учуп, тайгалак жолдо кыбырап кыр ашып бараткан автобустан түшө калып, жүгүрүп кеткиси келгендей ашыгат. Өзүнөн үзү өрөпкүп, Дуулатына бараткандай шашылды. Сөзсүз күмбөзүнө барып сүйлөшөм, ал мени көрөт, угат деген ою бүгүн ишке ашпай калганына көзү жеткен соң, ыйлагысы келди. Анткени айлана улам коюуланып, күүгүм кирип калган. Ак карга чулганган чакан айылдын оттору жылтылдап алыстан эле көрүнө калып атты. Улам жакындаган сайын мештин морлорунан сызылып чыккан түтүн, бирин-серин кишилердин карааны көзгө чалдыгып баштады.
Автобустан Сүйгөн менен кошо дагы эки-үч киши түштү. Жолду катар унчукпай, бирок Сүйгөндү утур- утур тиктеп коюп келаткан жаш бала колундагы спорттук сумкасын ийнине арта салып, колун сунуп:
- Келиңиз, мен көтөрүшөйүн? Сиз Бүкү апамдардыкына келатасызбы? Дуулат байкенин келинчеги болосуз да?- деп калды, баштыгынын бирөөнү ала коюп.
- И-ии?...- деди Сүйгөн.- А мен сени тааныбайт экемин?
- Мен сиздердин өкүл атаңыздардын кошунасы болом. Шаарда окуйм, каникулга келатам. Сизби, сиз эмеспи деп келаткам.
Сүйгөн сүйүнүп кетти.Тосуп алган киши жок болгон соң, караңгыда кантип жетээр экемин деп жүрөкзаада болуп түшкөн. Экөө кобурашып бат эле жете келишти.
Ит ажылдап үрүп, дарбазадан кирген кишилердин дабышы угулганда, Адамовдор кечки тамагын ичип олтурушкан.
- Ким келди? Чыкчы?- дегиче болбой эле сырткы каалга ачылып, босогону аттаган Сүйгөндү көргөн кайненеси калдастап тура калды.
- Балекетиңди алайыным келген тура. Ай, келе чыныга суу сузуп бере кал? Кирбей тур, мен азыр...
Кемпир күбүрөнүп келиндин башынан суу айлантып, аны бүжүрөй басып сыртка чыгып кишинин буту баспаган жерге чачып, чыныны көмкөрүп келип анан Сүйгөндүн бетинен өптү.
Кубаттын кичинекейлери да жеңесин биринен бири талашып мойнуна асылышып, кайра-кайра өпкүлөп калышты.
- Ай, жөжүрөбөй нары тура тургула, жеңеңер жылынып алсын,- дешкенде гана тынчтанып калышты.
- Бери жакын олтуруп мешке колуңду какта, көк муштум болуп тоңуп калгансың го? Керебеттин аягында жатат, менин маасымды алып келип берчи, кийсин. Ме, менин жемпиримди кие тур, бат жылыйсың,- деп үстүндөгүсүн чечип ой- боюна койбой кийгизип калды кайненеси.
- Ырас келбедиңби, жаңы эле сени кеп кылып, жаңы жылга карата тамак-аш жеткирип берели деп олтурганбыз,- деди Кубат.
- Ой, кайран апам, демейде биз менен олтуруңуз, кечки тамакты чогуу ичели десем болчу эмес. Күүгүм киргенде эле, биз мал жайлап келгиче жатып алчу да. Бүгүн болсо көңүлү ачылып, чай ичип калганына сүйүнүп да, таң калып да олтургам. Көрсө, келини келээрин сезип, уктабай аткан тура...- деп Гүлнар күлүп калды.
- Келинимдин мээнетин алайын... Түндө түшүмдө жип берип атыптырмын. Жол түшүп атат, бирок ичи менен кайдан келе алсын деп ойлоп койгом. Тегеренейин, сабагың бүттүбү, тарадыңбы? Жашооң кандай, эт-ашың түгөнүп кыйналдың го? Ойлоп эле жатам, жете албайм. Карыган киши курусун...- деп кейий сүйлөгөнү менен келининин келгенине кубанып турганын жашыра албай, көзүнө жаш алды.
Сүйгөн алып келгендерин ортого чыгарып, энеме деп алып келген жоолугун башына салып:
- Келе жаткан жаңы жылыңыз менен! Жакшылыктарга салынып жүрүңүз,- деп адатынча мойнунан жыттай эркелеп, бетинен өптү.
- Ушу биз сенден бирдеме үмтөтмөк белек, жөн эле келе бер мындан кийин. өзүң студент болсоң...- деп жемелемиш эткени менен ыраазы болуп калганын балдары байкашты.
- Ай-ий, рахмат, ушул жоолук мода болуп, айылдагы келиндер "ооруп" атышкан.Кечээ Бердикенин кудасын тосушканда кудагыйы салынып келгенинен кызыгып карап койгом,- деп Гүлнар да өз жоолугун салынып, күзгүгө каранып калды.
Баарынан да балдарга майрам түшкөндөй болду. Улам бири Сүйгөнгө сүйкөнүп, ал эркелетип койгон сайын каткырып күлүшүп, балдырап ар кайсыны айтып берип жыргап атышты.
Тамак ичилип бүтүп калганда Сүйгөн сумкасынан Дуулаттын катын алып чыгып энесине берип:
- Дуулат Баткенде чогуу болгон бир байкеден бериптир сиздерге,- деди да Гүлнар менен балдарды уктатышмакчы болуп, башка бөлмөгө кирип кетти. Антпесе кайненеси "окуп бер" деп айтат деп ойлоду.Окуса сөзсүз ыйламак. Канчалык ал каттын мазмуну кызыктырган менен , аманатка кыянаттык кылып, башка адамдарга багышталган катты окуган болбойт деп өзүн өзү тыйып койгон.
Гүлнар экөө ар кайсыны сурашып, балдарды жаткырып кайра чыгышса кемпир ыйлап олтуруптур.Кубат болсо унчукпай өз бөлмөсүнө кирип кетти.Катта эмне деп жазылганын келиндердин эч кимиси даап сурай алган жок.
"Жылуурак менин эле жаныма жатып ал" деп кайненеси Сүйгөнгө өзүнүн бөлмөсүнө төшөк салдырды. Түн бир оокумга чейин кайнене-келиндин узун кеби түгөнбөй, көпкө сүйлөшүп жатышты.
ххх
Эртеси Сүйгөн түшкө чейин энесин киринтип, чачын тарап өрүп, шейшептерин алмаштырып, кирлерин жууду.Келгенде энеси баштагы ментинен тайып, жүдөп калгандай көрүнгөн.Беш күн болсо да кол кабыш кылып, тыңытып кетейин деген оюн кемпир да колдогондой ыраазы боло:
- Жыргатпадыңбы балам, төшөнчүм тер жыттангансып жата албай, Гүкүдөн тартынып айта албай жүрдүм эле. Анткени көрүп турбайымбы, бечара келиндин жаны бир тынбайт. Бутуна чалынып балдары жаш, тамак жасайт, кир коогу, улуусунун сабагын окутат. Күйөөсү да аттан жыгылып бутун кокустатып алып, он күндөй төшөктө жатты. Сырттын түйшүгү да мойнуна жүктөлүп, мени карамак тургай, өз чачын тыңыраак тарай албай калды.
Анан жатып алып аяк бошотоор болбоюнчу деп, эртең менен ал уюн саап келгенче мен отун жагып, күлүн чыгарып коём. Жана тырмагымдын кири ошондон. Карыганда канча жуусаң деле болбой, териң кирчил болуп калат окшойт. Болбосо, жакшы эле самындап жуумуш этем.Турмушуң менен тумуран калгыр, ушинтип өлөр койорубузга карабай тытынып жүрүп эле бир күнү тырайып калат турбайбызбы.Чарчадың го, тамак бышса ичип алып биртике менин төшөгүмө кыйшая тур. Ичиңди оорутуп алба, кагылайын. Сен келип семирип калбадымбы,- деп шыбырай сүйлөп олтурду.
Ал күнү Кубаттар кышкы согумдун этинен тамак асышып, Эрмектерди, Сүйгөндөрдүн өкүл ата- апасын чакырышты.
Баары тең кучактап, өпкүлөшүп, "келгениң жакшы болду" деп атышты. Бир гана Кымбат кабагын ачпай, муздак учурашып, баштан аяк сыдыра тиктеп алды.
- Эмне келиптир эми? "Дуулаттан" деп кат алып келиптир деп Эрмек күңкүлдөп койду, ачык айтпай. Ал да мындайда мени душман санап, энем менен сырдашып калат эмеспи.
Өзүнүкү эле ашып-ташып жаткансып "кошумчалап там алып беребиз го" деп калыптыр.Сен аңырайып оозуңду ачып, апам менен эриңдин сөзүн угуп жүрө бербей, "бере албайбыз, мага да оокат керек" дебейсиңби?!- деп абысынынын кулагына дагы бир топ сөз айтканга жетишти, аш тамда камыр бышырышып жатып.
(Уландысы кийинки санда)




БУРУЛКАН Карагулова
аңгеме
КҮНДӨЙ БАЛА КҮН АСТЫНДА КҮЛҮП ЖАТ
(Башы өткөн санда)
***
Киши өлтүргүчтөн "Эмне себептен өлтүрдүң?" деп сурап атышты тергөөчүлөр.
- Билбейм, мас болчумун. Анын үстүнө нашаа кошулган аракты ичип алгам. Мен чакырган эмесмин. Өзү келген. Арак да апкелип берген. Мага көп ичирип койду.
Сапар бир рюмканы ичкенден эле өзүн жаман сезе берген, көрсө нашаа кошуп койгон турбайбы. Бирде-экиде нашаа татып көрбөгөндүктөн шалдырай түшкөн. Болбосо ушундай олбурлуу неме мындай орустун бешөөнө алдырбайт болчу. Орустун үйүн тинткенде бир пакет нашаа табылган. Ал өзүнүн үйү эмес экен, квартирага алыптыр. Мурда да нашаа сатып колго түшүп, эки жолу кесилиптир.
Эртеси иштин жүрүшүндө анын ата-энесин таап, суракка катыштырганда, "Бизге мындай баланын кереги жок, атууга кетиргиле, бизди да жадатып бүттү, наркоман, сайынат, ар дайым мушташ, ызы-чуунун арасында. Тез-тез квартирасын алмаштырат. Үйгө келсе уруш чыгарат. Ошон үчүн карыганда тынч өлөлү деп, үйгө жолотпойбуз. Кандай чара колдонсоңор да мейли, иши кылып көздөн комсоо алып кеткиле",- дешет.
Сот процесси башталгыча Сапандын жансыз денесин жашыруу үчүн түштүктөгү туулуп-өскөн айлына, ата-энесине алып кетишти. Султан кадырын салып Жогорку Кеңешке чыгып, андагы депутаттардын жардамы менен унаа берилет. Бүт коллективи менен чогуу сөөктү алпарарын алпарышат да, энесине угуза албай кыйналышат. Себеби, энеси эрте менен турганда эле кокуйлап, балдарын чогултат. Сапардан кабар алгыла, балам бир нерсе болду, Бакытка чалгыла деп. Улам жүрөгүн кармалап отуруп калат. Абышкасы кайдагы жорукту баштап атасың деп сүйлөнөт. Бирок энеси кеч киргенде үйүнө кирбей, көчөнү карап дел болуп отура берет. Балдарын чалдыңарбы,- деп сурап жадатат. Жедеп караңгы түшкөндө давление болуп төшөккө жыгылат.
Эне жүрөгү да алдачу беле?! Дал ошо кечте айылды өрттөгөн суук кабар жакын туугандарына жетет. Эч кимиси даап энесине угуза албайт. Эртеси сөөк жеткенде да "угуза албай атабыз" деп көчөнүн башынан тосуп алышат.
Студент кезинен бери макала жазып жүргөн Сапар бир эле айылына эмес, районуна, ал тургай республикага таанымал болуп калган. Султан Раев аркылуу Сапардын денесин жерге берүү зыйнатынын чыгымын айыл өкмөтү көтөрөт. Мал союп, ун, май, кантын дегендей.
Бирок Сапардын кыркылыгынан кийин айыл өкмөтү кетирген чыгымын үй-бүлөсүнөн кайтарып алды. Кыргызда "Өлгөндүн өзүнүн эле шору" деген сөз ошондон калса керек.
"Журналистти өлтүрүп кетишти" деген тема менен бир нече газеталар Сапар жөнүндө жазып чыгышты. Экспертизанын жыйынтыгы "Денесине 19 жолу атайлап өлтүрүү үчүн бычак сайылган. Бычак желкедеги тамырды, боор, бөйрөктү жарып салган, арка-белине, ичине бир нече жолу матырылган. Канды көп жоготуунун натыйжасында каза болгон" деп жазылган. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, Турусбектин татар кожоюну ошол Сапар өлтүрүлгөн үйдүн астыңкы 3-кабатында жашайт экен. Ажал ар кандай шылтоо менен айдап барганын карачы, кайран баланы. Ал канкор 17 жылга эркинен ажыратылды.
Жогорудагы мен жазган ырдан кийин "сен бир тууган жеңеси болгон турбайсыңбы?" деп сурашкандар көп болду.
Катуу чочуп калган келин ай-күнүнө жетпей уул төрөгөн. Ара төрөлгөн баласы чарчап калды.
"Баланын күйүтү күч" дегендей, энеси да көпкө узаган жок.
(Аягы)

БАЛАСЫН ИЗДЕП
БОЗДОГОН ЭНЕ
Москвадагы кыргыз гезиттин редактору менен Кыргыз Элчилигинде жолугушмакпыз. Элчилик "Добрынинский" метросуна жакын жерде жайгашкан. Биз кафеге кирип жаңы эле гезит тууралуу сүйлөшүп баштаганыбызда бир келин келип учурашып калды. Ал мени издеп жүрүптүр. Ал-жай сураштык, бирок келгендеги себебин айтпай отуруп калды.
- Жөн жай эле издеп жүрдүң беле? - дедим акыры чыдабай.
- Жок эже, жөн жай эмес. Сырттан сүйлөшсөк жакшы болот эле...
- Мен бошобой атам. Ушул жерден эле айта бер, - дедим. Бирок көнбөдү. Же кетип калбай көгөрүп, мелтиреп жер тиктеп отура берди. Мунусуна таң калган редактор: "Мен чыгып турам, сүйлөшө бериңиздер", - деп чыгып кетти.
- Эмне сөз? - деп тиги аялга жакындадым.
- Менин атым Санам ...
- Жакшы атың бар экен.
- Жакшы болбой өлсүн, - буркурап ыйлап кирди.
Москвага келгенден бери мени издеп келип таанышкандар көп эле болгон, бирок эч ким минтип буркурап ыйлап жиберген эмес эле.
- Сиз Бишкекте жүргөндө бир бала жөнүндө жазыптырсыз го?
- Көп эле бала жөнүндө жаздым эле, кайсыны айтып аттың экен? - Мен бир аз чочулай түштүм, эмне балаа болуп кетти деп.
- Эстесеңиз төрөт үйүндөгү, өз энемин аты-жөнүн билип бергиле деген ...
- Ооба, ооба, билем, тааныйсыңбы ошол баланы?
- Жок.
- Анан кандай тиешеси бар?
- Ошол менин балам.
- Ок... - мен ордумда катып калдым. Чайкайнам убак унчугушпай отура бердик. Сүйлөйүн десем сөзүм да какшып калгансыйт. Тиги болсо эңкейип отурган бойдон эки колун тизесинин үстүнө кайчылаштырып коюп буркурап атты, бирок үн чыгарган жок, болгону көзүнөн аккан жашы кафенин полуна тамчылай берип, бир кечмелик болоюн деп калды. Ал баланы төрөгөн аялды көрөм деп жүз уктасам түшүмө кирген эмес. Анын бою бийик болчу, бул аялдыкы пас экен. Демек, баланы багып алган үй-бүлө колунда бардар болуп жакшы баккан, балким, жаңылышып атам ...
- Эже, эмне унчукпайсыз, бирдеке дебейсизби? - деп башын көтөрдү. Чын эле унчукпай отура бериптирмин, сооротуп же жооткотуп койбоптурмун.
- Эмне дейм? - дедим суу астынан суурулуп чыга калгандай оор дем алып.
- Мага баламы таап бериңиз, мен сизге асмандан Айды алперем деп айта албайм, бирок каалаганыңызды кылам, алтынга чүмкөп салам. Отуңуз менен кирип, күлүңүз менен чыгам.
- Коё тур. Биринчиден, мага эчтекеңин кереги жок. Гезитке жазсам эле анын энеси табылып калчудай сезген. Бирок сезими алдабаптыр. А бирок жаңылыштык болуп жүрбөсүн? Анын көздөрү ботонукундай, бою узун болчу. Анын үстүнө андан бери канча убак өттү...
- Мен Бишкекке барганда сизди таппай койдум. Сиз иштеген редакцияга барсам "иштебей калган, адресин билбейбиз" дешти. Макалаңыз жөнүндө сурасам, "биз билбейт экенбиз, өзүнүн жазганына өзү гана жооп берет" деп коюшту. Айылга барып келерим менен Москвадан "срочно кел, болбосо ордуңа башка киши алабыз" деп чалып калды. Мен учуп кеттим. Былтыр күзүндө отпуска алып кайра Бишкекке барып сизди издеп чыктым. Редакцияларга барсам сизди көбү таанып, бирок адресиңизди билишпейт экен. Китеп, гезит саткан жерлерге бардым, эжени билебиз, басмалардан изде деди. Басмаларга барсам өзүнүн китеби чыккан басмага бар деп адрес беришти.
Ал жердегилер сизди сурасам чочуп кетишти "тынччылыкпы" дешип. Ал Москвага кетиш керек эле, чалып көрчү деп телефон номериңизди берди. Чалсам ал номер өчүрүлгөн дейт. Биз үйүн билбейбиз, бирок жаңы конушта жашайт- дешти эле конушту кыдырып, үйүңүздү таптым. Апаңыз чыгып Москвага кетти кечээ деди. Сизди Бишкектен табыш оңой экен, Москвадан күзөтпөгөн метром калган жок.
- Иши кылып таптыңбы?
- Ооба - деди. Экөөбүз кичине күлүмүш болуп койдук.
- Сен менин суроомо жооп берген жоксуң? Ал бала кандайча сенин балаң болушу керек?
- Ишенбей турасыз. Мен айылдан окууну бүтүп, шаарга университетке тапшырып өткөм. 5 жыл бою бир бала менен сүйлөшүп жүрдүм. Акыркы курска көчкөндө ортобузда роман болуп кетти. Курсагым билинип калды. Жигитим мага "баланын кереги жок, сен эмне үчүн сактанбайсың, эгер төрөсөң мен албайм сени" деп туруп алды.
(Уландысы кийинки санда)





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??