п»ї

  Обон почта

ОП-144 -1.Омар, Москва шаарына жакшы барып келиңиз, келип сөзсүз Ошко келиңизчи. Омарка
ОП-144-2.Омар, мен сизге жетүү үчүн баарына даярмын, сиздин жөнөкөйлүгүңүз бир караганда эле байкалат. Омарка.
ОП-144 -3. Омар байке, мен сиздин чыгармачылыгыңызды баалайм, келе жаткан туулган күнүңүз менен куттуктайм, бул дүйнө армансыз дүйнө болсун. Мээримай.
ОП-144-4. Омар, "Супер-Инфого" кызым жок депсиз, мен турам го, сиз башка кыз менен болсоңуз, мага бул жашоонун кызыгы жок. Омарка.
ОП-144- 5. М. Иманбеков, кайра чал, сүйөм.0770372ххх
ОП-144-6. Саламатсыздарбы, мен Токтогул районунун Ондош Корголов көчөсүндө турган 1989-жылкы Дамирди сүйүп жүрөм. Дамир, аябай таш боор экенсиң. Кийин өкүнүп калба! 0558080ххх.
ОП-144-7. Сүйгөн кызың барбы? 0778589ххх.
ОП-144-8. Арча-Бешиктеги 93-орто мектебинин 8-б классына ысык салам.
ОП-144-9. Өмүрбек, күйөрмандарыңды арбап алдың, менин да жүрөгүмө бүлүк салдың, үмүтүмдү эч үзбөй келем. Рахат алат, сени көргөн пендең. Баары бир жолугам деп жашап келем, эрмегим бир өзүңдү күтүп келем. 0771172ххх
ОП-144-10. Сезимдерим сен деп учат көкөлөй, сездире албай жүрөк кургур оттонот, көрүп калсам башка менен мен сени, баары сынып, бүт бардыгы жок болот, дүйнөм тарып жашоом бүтүп баратат, ыр кайрыгым минтип калат. Seoul
ОП-144-11. СМС талкуу, кыздардын эрте турмушка чыгышына кандай карайсыңар? Seoul
ОП-144-12. Ай-ий, Омар братыбыз ушунча популярный беле, ээ? Качантан бери? Кадимки эле Таластык өпкө го, эмнесин сүйүп жатасыңар? Бирок мейли сүйө бергиле, менин эмнем кетип жатыптыр? Өзүбүздүн брат да. Бар бол. Аська.
ОП-144-13. Аксылык, 92- жылкыларга чоң салам, "Кара-Жыгач" айылымды, апам жапкан нанды сагындым. Айдайка, Арууке, Тилек, Шокен, Бекболот ж.б айылга барып баарыбыз чогулалычы, силерди сагындым. Айгерим.
ОП-144-14. Айгерим Расул кызы, сизге ийгилик, бар болуңуз, жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин! Жагымдуу ырларыңыз менен элге таанылып жүрө бериңиз! Нурайым.
ОП-144-15. Омар байке, мага чалыңызчы. Мен башка кыздардай тажатпайм, менин да туулган күнүм 19-ноябрь. 053103ххх
ОП-144-16.Омар, менин сүйүүм "Обон" гезити аркылуу сизге жетип, сиз 0554341795 номерине чалат деген ойдомун. Омарка.
ОП-144-17. Омар, өтүп барат өмүрүмдүн жаштыгы, өрттөп барат махабаттын жалыны, өзгөчө жаштыгыма көрк берген, сиз экенсиз жүрөгүмдүн асылы. Омарка.
ОП-144-18. Омар, мени таштап башка кызга кетпеңизчи суранам, сиздин деле меникиндей эле жүрөгүңүз бар го, менден айырмаңыз талантыңыз эле. Омарка.
ОП-144-19. Көзгө сурма койгон жөнүндө маалымат берип коёсуңарбы? Рахмат. Гуля.
ОП-144-20.Омар, сиздин номериңизди кантип алсак болот? Дос болосузбу? Делбирим.
ОП-144-21. Сүйүктүү ырчым М. Иманбековду 25-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм, сизге чыгармачылык ийгилик, Бурул эже менен бактылуу болуңуз,- деп күйөрманыңыз, Нурайка -95. Исфана.
ОП-144-22. Таш-Көмүрлүк Дамира 96га арналат: Жаным, жашоо кыйын сенсиз мага, жүрөк согот сен деп гана. Бишкектен Зака 95. Мага чалчы.
ОП-144-23. Билесиңби, сени ойлоп эми өзүмдү кыйнап, жүрөгүмдү оорутуп жүргүм келбейт. Бирок сени биротоло жаман көрүп калгым келбейт. Баарына убакыт дары дегендей, барган сайын сенден көңүлүм калып, муздап, сага деген сагынычым да сүйүүм да түгөнүп бараткандай. Кызык, сүйүү да түгөнчү беле? Бирок өткөн өмүрүмдү кайтара албагандай эле, калган көңүлдү да жылытуу кыйын экен. Кечир, күнөө сенден да, менден да кетти. Сени мен, мен сени барктай албадык. Бул жагы кудайдын айтканы болор…. Эрк кыз.
ОП-144-24. Дүйнөдө мен үчүн баарынан кымбат, баарынан ардактуу, баарынан сүйүктүү эч кимге алмашкыс бир адам бар. Ал -менин апакем Рахманова Сонунбү. Ардактуум менин, сизди аябай жакшы көрөм! Биздин багыбызга жадырап- жайнап ар дайым аман -эсен, ден соолукта болуңуз! Эрке кыз.
ОП-144-25. Кайгылуудай ыйлайт бүгүн жүрөгүм, кайда калды кубанычтуу күндөрүм? Ай нурунда сыр чечишчү ал күндөр, узап бизден кеткен белем түбөлүк? Жолдорубуз башка беле кезикпес, сени мага, мени сага кездетпес. Не сагынам , бирок дале өзүңдү, бүткүл сырды жашырган кара көзүңдү. Айтчы алтыным, бул тагдырдын жазганыбы? Же бараткан жолдорубуз башкабы? Эрке кыз.
ОП-144-26. Базар-Коргон районунун Бешик -Жон айылындагы №7 мектептин 11-б классына жана класс жетекчибиз Оморкулова Уриятка чоң салам жолдойм. Алтындай болгон досторум жана классташтарым ар дайым аман болгула! Силерди аябай жакшы көрөм. Окууларыңарга ийгилик! Эрке кыз.
ОП-144-27. Алыкулдай, Токтогулдай боло албайм. Ашыкмын деп дастандарды жаза албайм. Даңазалап айтпасам да сүйүүмдү, көзүм менен сүйөмүн деп кайталайм. Жеңижоктой Көксулууга ыр арнап, сүйөмүн деп айтпасаң да кайталап. Сезгенсиймин ашыктыгың ар качан, көздөрүңдөн окуп алам, түшүнө алам. Олжобайдай жүрөккө ок жеп турсаң сыздап, Кишимжандай сени гана коргоп турам. Эч ойлонбо, эгер кетсең алыстарга, Жульеттадай кайда болбо ээрчип барам. Фархад болсоң асылдардын -асылы, Ширин болуп мен барамын, күткүнүң. Эч бир адам арабызды буза албас, ак сүйүүңдө мен болоюн туткунуң. Эрке кыз.
ОП-144-28. Ырым сага, чын жүрөктөн арнаймын, беттериңден өөп-өөп канайын. Нурлан Насип, сени сүйөм кантейин, жүрөгүм баш бербейт, жардам бергилечи , достор! Айко.
ОП-144-29. Аксы районуна караштуу Кош -Дөбө айылынын тургуну Ташбаев Замир Анарбековичти 25-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Таш-Көмүрдөн Динара, Бакыт акеңиздин кыздары жана жеңеңиз Гүлзина.
ОП-144-30. Салам, Омар, сен Америкадан бул жактагыдай эле жеке менчик курстардан билим алдыңбы? Сага ийгилик. Бүүсанам.
ОП-144-31. Сүйгөнүң бар экен, бактылуу бол! Сен үчүн кыла албаймын эч бир тоскоол. Экөөбүзгө буйруса гүл бактары , жүрөлүчү экөөбүз дос катары. 95 Сара
ОП-144-32. Дос көңүлү- асыл таш, жоголбос, ал табылбас, достугубуз чын болсо, аны эч ким буза албас. 95 Сара.
ОП-144-33. Достуктун жаны бирге, каны бирге, достуктун аты улуу бардык жерде, адамдык асыл сапат, акылмандык, чынында бул сапаттын баары сенде. 95 Сара.
ОП-144-34. Ассалому алейкум, кыргыз калкым. Курман айтыңыздар мубаарек болсун. Аллахым "Курани каримдин" нуру менен нурлантсын жана эки дүйнө бактылуулукка жеткирсин. Жылдызка.
ОП-144-35. Омар байке, келе жаткан туулган күнүңүз менен! Сизге кааларым: узун өмүр, ишиңизге ийгилик! Өмүрбек деп атыңызды ким койгон? Гүлзар.
ОП-144-36. Менин сүйүктүү кыздарым Сара, Зина, Назик, балдарым Сейит, Аалы- баарыңардын Курман айт майрамыңар кут болсун. Ар дайым бар болуп, бай болгула, ден соолукта болгула, Силердин ардактуу апаңар.
ОП-144-37. Мен үчүн эң кымбат, ардактуу болгон апа, ата жана Аня, Ислам силердин кирип келген Айт майрамыңар маарек болсун. Биздин төрүбүздө ар дайым сый- урмат көрүп жүрө бериңиздер. Силерди сүйгөн адам.
ОП-144-38. Кымбаттуу кыргыз элим,Айт майрамыңар маарек болсун.
ОП-144-39. Айт майрамыңар маарек болсун. Ишиңерге ийгилик каалайм жана бириңди -бириң ушактабай,ынтымакка келгиле. Силерди эстеп, сүйгөн жан. 0777613ххх.
ОП-144-40. Дайыр Исмадияров, мен сизди жакшы көрөм, сизди унута албайм, жүрөгүңүздө мага орун барбы? 0770454ххх.
ОП-144-41. Омар,"короче говоря", мен сизди аябай катуу сүйөм, сиз менен жолугууну каалайм. 0770454ххх.
ОП-144-42. Жигит сүйсө кыздарды, оо, азамат деп калат. Кыздар сүйсө жигитти, ушак айтып кеп кылат. Айып эмес кыз сүйсө, аны баары билишсин. Кызда деле жүрөк бар, жүрөгүндөй жигиттин . Толук KG 93
ОП-144-43. Омар байке,салам, сиз Таш-Көмүргө Мирбек Атабеков менен келип концерт берип кетпейсизби деп, Ианика и Жаку.
ОП-144-44. Оо, тууганым,кандайсың? Келчи бери, жыттайын. Ишенип канча ирет шайлап алган, сагындым, кыргыз элимди сагындым, Ала-Тоомду Африкага алмашып, эл ишенимин актабай калдым минтип, пил болуп. Гули.
ОП-144-45. Стаматолог Жороев Өмүрбектин ишине ийгилик каалайм, сизди аябай катуу сүйөм. Назгүлүңүз.
ОП-144-46. Жалал -Абад шаарынын Барпы айылында жашаган атабыз Абдирайым, апабыз Матлюбаны Курман айт майрамы менен куттуктайбыз! Сиздерди Аллах дайым колдосун,- деп балдарыңыздар Өмүрбек, Назгүл.
ОП-144-47. Апам Алмашты жана атам Бекболотту удаа келген туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Чың ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалайбыз. Балдарыңардын урматын, кыздарыңардын кызматын көрүп, көп жашагыла. Биз сиздерди дайыма урматтайбыз. Бишкектен кыздарыңар Алиман, Жанара.
ОП-144-48. Каныбек, сен эмне болуп жатасың? Сенин намаз окуганың, жүрөгүңдө ыйман бекем экендиги мени кубандырат. Менин ушундай досторум көп болсо экен дейм. Бирок мен сени менен бир гана дос боло алам. Сен азаматсың. 0778254ххх.
ОП-144-49. Мен сени дос деп жатсам, сен менин жигитимди мага жаман көрсөтпөй эле койчу. Ал намаз окубаган бала болсо деле, мен аны жакшы көрөм. Бирок ага турмушка чыгар алдында жакшылап ойлоном. Балким, менин ага турмушка чыгарыма ичиң атышып жаткандыр. Түшүнөм, рахмат, сага менин келечегимди ойлонуп койгонуңа. Бирок экөөбүз бир гана дос боло алабыз. 0778254ххх.
ОП-144-50. Ал абдан шайыр, тың, тамашакөй, орто бойлуу, жакшынакай, кыздарга кандай мамиле кылышты жакшы билет. Кээ бир кыздар аркасынан жүгүрөт. Бирок ал мени жакшы көрөт. Бирок анын ислам динине болгон көз карашы мени канааттандырбайт. Исламдын кээ бир мыйзамдарына баш ийбейт. Ал мага чогуу турмуш курууну сунуштап жатат. Эмне кылсам болот? Силердин кеп- кеңешиңерди күтөм. Айка.
ОП-144-51. Омар, мен сенин чыгармачылыгыңды урматтайм. Азаматсың,Кыргызстанды башка мамлекеттерге тааныта турчу талантсың. Гүкү.
ОП-144-52. Эмне болсо дагы баары-бир мен ойлогон максатыма жетем, буга мен толук ишенем. Жан дүйнөмдөгү ойлорум жакында ишке ашат. Аз калды жаным, чыда… Эля.
ОП-144-53. Өмүрбек, сиз качан Токтогулга келесиз? Биз сизди чыдамсыздык менен күтөбүз! Бема.
ОП-144-54. Сиздин сүрөтүңүздөн тартып, ырларыңыз, плакаттарыңыз үйдө жыйылып калды. Мен аларды чогулткандан эч тажабайм, кээде үйдөгүлөрдөн да тил укмай болдум. Бирок мен сизди аябай жакшы көрөм. Леди.
ОП-144-55. Мага Нурлан Насип жакпайт. Мен анын ырларын жаман дебейм. Азамат, башка ырчыларга дагы ыр жазып берет экен. Бирок эмнегедир өзү жеңил ойлуу бала көрүнөт. Жаркынай.
ОП-144-56. Бир эле адам бар бул жашоодо, сени алдабаган, жамандык каалабаган, оорусаң ал-акыбалыңды сураган, дайыма ойлоп жүргөн, кайгырсаң көңүлүңдү көтөргөн . Ал алтындай болгон-эне. Бирок мен энелик мээримди көрө алган жокмун. 0554785ххх.
ОП-144-57. Ассалому алейкум, калайык калк! 0552854ххх
ОП-144-58. Таш-Көмүр шаарынын кичинекей тургуну Дени баламды 30.11 туулган күнү менен куттуктайм. Узак өмүр, ден соолук каалайм. Ариге да ден соолук. Апаңар Эля.
ОП-144-59. Мирлан, сенин үйлөнүү тоюң менен куттуктайм. Куш бооң бек болсун. Бактылуу бол! Айдай.
ОП-144-60. Ак-Суу айылынын жалпы жашоочуларына жана эң сүйүктүү эжекем Рахатка сагынычтуу салам кат. Бар болуңуз, ойлогон ой-максаттарыңызга жетиңиз. 07778524ххх.
ОП-144-61. Ажара, сен мыкты модельер, конструкторсуң, сенден кийим тиктирип кийген адамдар бактылуу. Дүйнөлүк аренага чыккан белгилүү инсан бол. Эля.
ОП-144-62. Улуттук университетинин кыргыз филология факултетинин 2-курсунун жалпы студенттерине жалындуу ысык салам. Сессияңарды жакшы берип алгыла. Мен силерди сагындым. Эмма
ОП-144-63. Көптөгөн оорулууларга жардам берип, көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан врач Назира эжеме салам айтам. Сиз да оорубаңыз. Бар болуңуз. 0556210ххх
ОП-144-64. Омар, сен кимге окшошсуң? 0556548ххх
ОП-144-65. Дайыма бир калыпта жүргөн адамдарды урматтайм. Омар, сен ошолордун катарына киресиң деп ойлойм. Анткени ,сен башка ырчылардай болуп, жылдыз болуп кеткен жоксуң! Жази.
ОП-144-66. Өмүрбек, сен үй жаныбарлардын кайсынысын жакшы көрөсүң? Мага күчүк жагат! 0779650ххх
ОП-144-67. Мен күчүк сатып алат элем. Саткандар болсо мага кайрылгылачы? 0779650ххх.
ОП-144-68. Биз экөөбүз бирге болсок деп тилеп келем. Анткени, сен менин жарыгымсың. Сен деп жашап келем. Омар,мен сени бактылуу кылганга уруксат берчи? 0778214ххх.
ОП-144-69. Тамчы айылынын жашоочулары: Атай, Элмир, Каныбек, Жазгүлдөргө сагынычтуу салам жолдойм. Окууңар ийгиликтүү болсун. Дайыма бир болуп бири-бириңерге берген антыңарды так аткаргыла. Н ури.
ОП-144-70. Эх, чиркин,ата-энем, бир туугандарым, элим - жерим, досторумду, жада калса Бишкектин көчөлөрүн, анан апам жапкан нанды сагындым. 0556095ххх.
ОП-144-71. Канча убакыт өтсө дагы мен жалгыз сени сүйүп, сени эңсеп, сени сагынып, сени оюмдан бир мүнөт чыгарбай жашап келем. Качан менин сезимимди туясың, жаным. 0554780ххх.
ОП-144-72. Бөкөнбаев айылынын жашоочулары: атам Акылбекти, апам Жумагүлдү удаа келген туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Дайыма ден соолукта болуп, уул-кыздарыңардын сыйын, урматын көрүп, неберелериңердин жыргалына бөлөнүп жүрүңүздөр. Биз силерди абдан жакшы көрөбүз. Айка.
ОП-144-73. Бек Борбиев, сиз азаматсыз, жаш кыздардын кумирине айландыңыз го? 0552301ххх
ОП-144 -74. Мен сени жакшы көрөм Урмат, бирок сен дагы да болсо ошону сезе элексиң, сенин ойлоруң, көздөрүң каякты карайт болду экен? Гүлгүнай.
ОП-144 -75. Жалпы Кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аллах силерди эки дүйнөдөн бактылуу кылсын! Малик.
ОП-144-76. Омар, мен сиз үчүн бардык иштерге даярмын. Мени мээси жок кыз деп ойлобоңуз. Сизди ушунча сүйүп калганыма мен күнөөлүү эмесмин. 0554710ххх.
ОП-144-77. Кичинекей бөбөгүм Айдананын туулган күнү менен куттуктайм. Ата-энеңдин сыймыгы болуп жүрө бер. Ыймандуу кыздардан болуп чоңой. Эжең.
ОП-144-78. Ак-Суу айылындагы №1 мектептин жалпы жамаатына ысык салам жолдойм. Өзгөчө класс жетекчим Айнура Арсеновнага ысык салам. Ишиңиз ийгиликтүү болсун.
ОП-144-79. Эмне мынча таш боорсуң, мени бир аяп койсоң боло. Менин сезимдеримди тепселебей, бир урматтап, көңүл буруп койчу,суранам сенден. Али.
ОП-144-80. Соодаңыз ийгиликтүү болсун кара жаным, сиздин көңүлүңүз көтөрүңкү болсо,мен дайым жайдары болом. Менин алдымда дайыма бактылуу болушуңузду каалайм. Айка. ,
ОП-144-81. Омарчик! Кел, бөлүшөбүз, көл сеники, толкун меники, асман сеники, жылдыз меники, болуптур баары сеники, а сен меники. Нуни.
ОП-144-82. Бир да адам сага тең боло албайт, сендей жөнөкөй, адамкерчиликтүү, ыймандуу инсанды ушул күнгө чейин жолуктурган эмесмин. Керек болсо сенин алдыңда кул болууга даярмын. Жаным.
ОП-144-83. Жалаң кыздарга жагымдуу ысык салам. Кыргызстандын кыздары супер! 0554701ххх.
ОП-144-84. Ырчылардын арасынан мен Омарды баалайт элем. Чыгармачылыгы бийик болушун каалайм. Кыргыздын сыймыгы бол. Айка.
ОП-144-85. Тосор айылынын тургундары: Чолпонго, Арсен, Марсельге салам жолдойм. Окууларыңар ийгиликтүү болсун. 0778520ххх.
ОП-144-86. Биздин ырчылар азыр күйүп өчкөн лампочкаларга окшош болуп калды, бир ырды ырдап койсо эле ырчымын деп учуп кетишет. Азыркы жаш ырчылар жеңил ойлуулукка алдырып жатышат. 0555210ххх.
ОП-144-87. Омар,сиз тамеки чегесизби? Кыздардын тамеки чеккенине кандай карайсыз? Өзүңүз ичимдиктин кайсы түрүн колдоносуз?
ОП-144 -88. Биздин спорт чеберлерибизге чоң ийгилик каалайбыз? Ийгиликтерди багындырып келгиле! Жоми.
ОП-144-89. Бир эле маселе мени тынчсыздандырат. Ал менин келечегим. Кандай жол менен ким менен бул жашоонун даамын татам? Кандай иштерди аткара алам? Ойлогон иштеримди иш жүзүнө ашыра аламбы, тилегениме жетемби? 0554780ххх
ОП-144-90. Омар байке,сиз ырчы кыздардын кимиси менен дуэт ырдагыңыз келип жүрөт.? Мека.
ОП-144-91. Ата, апа силерди келе жаткан юбилейиңер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Дүйнөдөгү эң ыйык адамдар силерсиңер, мен силерди өмүр бою сыйлайм. Ак эмгегиңерди актаганга аракет кылам. Элнура.
ОП-144-92. Айгерим, сиз аябай сулуусуз, сиздин чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм. Бар болуңуз, сизден көп нерселерди күтөм.
ОП-144-93. Роза Аманованын жеке турмушу жөнүндө маалымат берип коёсуңарбы? Рахмат, алдын- ала .0554802ххх.
ОП-144-94. Кудайдын бир куттуу күнүндө сиз мага роза гүлүн колуңузга алып, эшиктен кирип келесиз деген үмүт менен жашап келем. Анткени, мен сизди ошентип узаткам. Келчи батыраак, менин Санчом.
ОП-144-95. Биз бул жашоого сыноого гана келгенбиз, чыныгы, түбөлүктүү жашоо тигил дүйнөдө. Андыктан, түбөлүктүү жашоонун бейишине бет алам десеңиз,бул жалган жашоонун азгырыгына алданбаңыз. Аллах силерди эки дүйнөдө бактылуу кылсын. Ажара
ОП-144-96. Ширелишкен кош жүрөк, шарт бөлүнүп кетеби, деген ыр саптары бар "Кош жүрөк " аттуу ырыңыз мага абдан жакты, клиби дагы жакшы экен. Кимге арналган эле?
ОП-144-97. Алина Жетигенованын кызын мен дайыма эле көрөм, кыздар менен клубда эле жүрөт. Ошол кыз тууралуу мааалымат берип койгулачы? 0554102ххх.
ОП-144-98. Азыркы аба-ырайы мени кубанычка бөлөйт. Анткени, жылуу болгон сайын менин ички сезимдерим жылуулукка айланат. Аманат.
ОП-144-99. Тогуз-Торо айылынын тургундары: апам Жийдеге, атам Бакытка, сиңдилерим Айка, Сезимдерге ысык салам жолдойм. Мен силерди сагындым. Чыдамсыздык менен күтүүдөмүн.
ОП-144-100. Айтпасаң да белгилүү го, сенин сезимдериң, канча жолу даңазаласаң да мен сеники боло албайм. Анткени, менин жүрөгүмдү качандыр бир убактарда башка адам арбап алган. Кечир мени… 0779320ххх.
ОП-144-101. Адамда жаралган жалгыз жүрөк, ал жүрөк бирди тандап, бирди сүйөт. Мен сени тандап, сени сүйдүм, түшүнчү мени абалымды. Суроомо жооп берип койчу, сураныч. 0772118ххх.
ОП-144-102. Кыргыз эстрадасына салымын кошуп келе жаткан Айбек Карымов.
ОП-144-103. Кызыл -Кыялык 95 -жылкы Кыязга сагынычтуу салам кат. Сен экөөбүздүн сүйүүбүздүн ушул бойдон суз болуп калышына ишенбейм. Мени издесең жазчы, мен чыдамсыздык менен күтөм. Зарима.
ОП-144-104. Күйөөсү аялына: Тишим ооруп жатат, мага 50 сом берчи, тишимди жулдуруп келейин,-десе, аялы: алдыңа кетейин ,тилиңди кошо жулдура келчи,-деп 100 сом бериптир. 0554201ххх
ОП-144-105. Ноокаттагы классташтар, Арсланга, Баянга, Марселге, Элнизага сагынычтуу салам кат. Сагындырбай жазып турсаңар боло? Силердин класскомуңар Айко
ОП-144-106. Бардык СМСчилерге салам. Келгиле жолугуп, бир чер жазалы. Номерлериңерди таштап койгула. Мен Жази.
ОП-144-107. Азыркы жигиттерге ишенип деле кереги жок, андан көрө жалгыз өткөн жакшы. Алар кыздардын сезимдерин тепселеп, кордоп кетишет. Кыздардын үй-бүлөсүнө, машинасына карашат. Жигиттик намыс жок болуп калганбы,ыя? 0556230ххх.
ОП-144-108. Адиль, куш бооң бек болсун. Сен эми үй-бүлө куруп, бир кичинекей мамлекеттин кожоюну болдуң, Эми бизди уят кылбай жакшы күйөө бол. Классташың Калыс.
ОП-144-109. Привет, кандайсың жаным! Жүн байпакты күтүп жатып кыш бүтмөк болду го? Жан.
ОП-144-110. Кемин айылынын жашоочусу Жибекке салам жолдойм. Кичинекей балаң сага кубаныч тартууласын. Бактылуу бол. Эч кайгырба. Сенин досторуң дайыма сенин жаныңда болот.
ОП-144-111. Төлөков Дөөлөт Асылбекович,сен менин түбөлүк бактымсың. Айсулуу.
ОП-144-112. Жакында, 24-ноябрда болчу эжекем Элнуранын жана жездем Чынгыздын үлпөт тою менен чын жүрөктөн куттуктайм. Алдыңарды бала бассын, аркаңарды акча бассын. Бактылуу болгула. Нури.
ОП-145-112. Жаным Дөөлөт! Өмүрүң узун болсун.Кудайым сени колдосун! Мен сени аябай сагындым,алтыным. Айсулуу




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??