п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Үр кызы"
Нурайм Азыкбаева кыл кыякчы
- Боз үйдүн кайсы тарабы эпчи жак?
- Оң тарап эпчи жак. Туура жооп: (Оң тарап эпчи жак)
- Олобо эмнеден жасалат?
- Кой сойгондо өпкөсүн текшерип үйлөшкөн. Өпкө таза болсо сүт куюп, сары май менен тузду аралаштырып өпкөгө куюп бышырышкан. Туура жооп: (Сүт, сары май жана өпкөдөн жасалат)
- Кыргызда мурун келинди кантип сынашкан?
- Кызды аларда тебетей менен чапкан. Эгер кулап калбаса турмушка даяр дешкен. Туура жооп: (Келинге койдун тогуз катын жуудуруп сынашкан).






Өткөн эки санда "Үр кызы", "кырк чоро" деген аталыштагы сынак жарыялап, көчөдөнгү бейтааныш кыз-жигитке кыргыздын нукура сөздөрү, салты тууралуу суроо берип, алардын интеллектуалдык деңгээлин текшергенбиз. Бул сандан баштап, окурмандардын суроосуна ылайык, кыргыздын жаш ырчыларынын кыргыз тилин, салтын канчалык деңгээлде билээрин сынай баштамакчыбыз.

"Кырк чоро"
Бекчоро ырчы
- Күң жилик кимге берилет?
- Мурун токолдорго, келиндерге тартылчу. Туура жооп: (келиндерге берилет)
- Эки жаштагы жылкы кандай аталат?
- Жабагы деп аталат. Туура жооп: (кунан)
- Аттын ээр токуму түшүп кетпеш үчүн кайсы жабдыгын унутпаш керек?
- Жаасын унутпаш керек. Туура жооп: (куюшкан)




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??