Кыргыз гезиттери




  Сапырылган сары жалбырак

Голливуд актрисаларынан үлгү алып
Жаш ырчы кыз Айпери Кубик кызы "Браво" телеберүүсүндө сөзгө чоркок экенин көпчүлүгү баамдаган чыгар. Ырдап, бийлегенден башка убактысын эч нерсеге бөлбөйбү, айтор, "Кыргыз кино жааттындагы өнөр адамдарынан кимди тааныйсың?",- деп сураса эч кимди билбей койгонуна күйөсүң да, ий. Жок дегенде элдин баары билген Чокморовду атап койсо болмок. Бир тасмага эле тартылып бул бийкечибиз өзүн Голливуд киноактрисаларындай сезсе керек, биздин менталитетке туура келбеген көкүрөгүнүн жарымы ачык күлгүн түстөгү көйнөк кийип чыкты. Өзүнүн сөзүндө "Мен тартылган "Достор" тасмасындагы апамды аткарган актрисаны аябай баалап калдым" дебеспи, Шайырбек Арапов: "Ошол актрисанын аты ким эле",- деп узаткан суроону күтпөгөн ырчы кызыбыз таңыркай "Атын унутуп калдым" деп коёт, оозу-мурду кыйшайбай. Айпери апасынын образын жараткан КРнын Эмгек сиңирген актрисасы Гүлмира Ташматованы билбей койду.


Акыркы беш жылдыкта эстрада жылдыздары жаандан кийинки козу карындай ой да жайнашты, ий. Бара-бара элдин элегинен өтүп иргелген да күн келер. Кыргызда жакшы сөз бар:"Бөдөнө сойсо да, касапчы сойсун"- деген. Анын сыңарындай, ар ким алына жараша иш кылса дегиң келет.

Актрисалык жолду гана тандаса
КТРКнын "Браво" телеберүүсүндө ырчы, актриса Асема Токтобаева жандуу үн менен ырдаганда үнү кырылдап ырдай албай калганына элибиз күбө. Аялдан амал качып кутулбайт дегендей "Тамагым ооруп атат" сыяктуу шылтоо тапканын карачы. Үнүндө кооздук жоктугун байкатпастын аракетинде шыбырап ырдаган "Карамель" аттуу ырын айтсак болот. "Боз салкын" тасмасында Асема актриса катары таанылганы ырас, баш каарманды жеткиликтүү аткарганына тан беребиз. Бирок үнү жоктугуна байланыштуу ырчылык жактан баркын жоготуп коюуда. Бир эле актрисалык жолду улап кетсе, келечектеги тарыхта из калтыра турган ажарлуу актриса аталышында талаш жок.


Элдик ыр "Күңөтайдын" баркын кетирип
Салт катары дем алыш күндөрү көрсөтүлүп аткан КТРКнын "Ала-Тоо таңшыйт" теле берүүсүндө жаштардын сүймөнчүктүү ырчысы Неля элдик ыр "Күңөтайды" ой да созду дейсиң. Көрсө, Неля айымдын үнү "аранжировканын" күчү менен эле "алтын үн" турбайбы. Арга жоктон алына жараша ырдабаптыр дегиң келет. Бирок "Ашыгым сен" аттуу түрк ырын майын чыгара ырдаганына сөз жок. Биздин элдик ырлар бийик деңгээлде аткарылып келгкендиктенби, Неля "Күңөтайдын" баркын кетирип ырдабай эле койсо, ырчы кыздын мынчалык үнүнүн жоктугу билинбейт беле.


Расул мырза жөнөкөйлүктү унуткарганбы?
НБТнын Муз каналына конок болуп барган эстрада ырчысы Расул Маматкулов бир кездеги кайсы бир сатирада камтылгандай, "Сүйлөсөмбү же сүйлөбөсөмбү ушунча болду эми сүйлөп коёюн" дегендей маек курду көрүнөт. Расул мырза табиятынан ушундай мүнөздөбү же эми "жылдыз оорусуна" дуушар болдубу деп да ойлоп кетесиң. Раматылык кыргыз киносунун корифейи Советбек Жумадыловду ушунчалык асманга көкөлөтпөсүн, өзүн жер менен жуурулушуп турган жөнөкөйлүгүн билгендер кадырлап-сыйлашчу. Азыркы "жылдыздарыбыз" да Советбек Жумадыловдон үлгү алып жөнөкөй болсо деген ойго келесиң.


"Кеңеш" тобунун ырлары жаш балдарга жагат
Жакындан бери жумурай журтка кеңири тараган "Кеңеш" тобунун ырлары болуп саналат. Көбүнчө мактеп окуучулары жана бала бакчадагы балдар сүйүп угат. Себеби ,"Карагат", "Кызыл гүл" аттуу ырларынын кайрыктары балдар ырларына өтө жакын. Клиптери да тамашалуу, наристелердин мультфильмдеринен айырмасы жок. Ушул топтун солисткасы Гүлмиранын үнүнүн жанга жагымдуулугу жокко эсе. Кызыл гүл деген сөздү канча жолу кайталаганын санагандан да эринесиң. Кайсы ырын албайлы кайрыктарын үнүнүн барынча созуп ырдаганы ырдаган. Же Мүзүр мырза "Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" дегениби. Келинчеги Гүлмираны эмес, ырга жөндөмдүү башка солистканы алып чыгарса, балким, "Кеңеш" тобунун чыгармачылык жолу сапаттуу жакка өзгөрүлөт беле деген ой келет…


  Бир ырдын тарыхы

КРнын эл акыны Анатай Өмүрканов:
Мен үчүн Муңдуу кайрыктарга ыр жаратыш оңой
Ал кезде мен "Кыргызстан" басмаканасында иштечүмүн. Бир күнү Роза Аманова: "Мен сага таарынгым келет, Мен сени сагынгым келет деген саптарды улап, ыр жазып бересизби?"- деп суранды. Ошол учурда азыркы жолдошу Кубанычбек Жумалиевге турмушка чыга элек болчу.Көрсө, ал кишини аябай сүйүп жүргөн кези экен. Биринчи жазган текстим анчейин купулуна толо бербеди, анан экинчи ирет жазганда Розанын чыгарган обонуна шайкеш келип ушул ыр жаралып калды.

КРнын Эл артисти, РОЗА АМАНОВА:
Ырдын тексти муңдуу
кайрыктарга бап келди
1998 - жыл. Мен ал учурда Казакстанда аспирантурада окучумун. Ошол жылдары оюмда бир жүрөк сыздаткан кайрык туруп алды. Алгач ырдын текстин жаздырганга чейин Анатай агайга мукам обондун муңдуу кайрыктарын угуздум. Мен:"Анатай агай, бул кайрыктар жүрөгүмдөн суурулуп чыккан муңдуу обон. Ушул обон үчүн атайын жаралгандай ыр болуусу шарт. Сиз гана ошондой ыр чыгарышыңызга ишенип келдим. Себеби, кыргызымдын кыраан, таланттуу обончусу Асанкалый агайдын сыйкыр авазына канчалаган ырларды чыгардыңыз" ,- дедим.
Аранжировкасы Курмангазы атындагы Казакстандын элдик аспаптар оркестри тарабынан жасалган. Клипти да казак жергесинде тарттык. Жалпыга белгилүү Виктор Цой аткарган "Ийне" тасмасынын режиссёру Рашид Нугманов тарткан.

Көрөгөч Маамыт








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"




Яндекс.Метрика