п»ї

  Күн сүрөт

Таза балды кантип тандайбыз?
Өзгөчө кыш мезгилинде адамдын ден соолугуна бал абдан пайдалуу экендиги баарыбызга маалым. Ал эми базарларда, дүкөндөрдө жана ар кандай көргөзмөлөрдө сатылып жаткан балдын табигый же жасалма экендигин аныктагыңыз келсе, төмөнкү кеңештерди эске алыңыз.

Адистер айтышат
Туура тамактанууда пайдасы бар жана шыпаа алып келүүчү балдын акыркы кездерде жасалма же нукуралыгын билиш үчүн көп ыкмаларды айтып келишет. Адистер, балдагы глюкозанын ченеми сырттан караганда эч качан жасалма экендигин көрсөтпөй тургандыгын айтышууда. Ал бир гана лабораториялык изилдөө ишинде белгилүү болот. Азык-түлүк сатуучулардын айтымында, арзан баада сатылган бал сөзсүз түрдө жасалма болушу мүмкүн. Ал эми адистердин айтымына караганда, сатыктагы тамшандырган арзан балды бал деп айтууга негиз жок. Анда болгону шекерден же таттуу кошулмалардан балга окшотуп жасагандар да көп эле кездешип жүрөт. Адистер, бал челектеги аарылардын саны 80 миңдин тегерегинде болушу керек дешүүдө. Кыштан аман-эсен чыккан аарыларга жазында шире (сироп) берүү табигый жана пайдалуу нерсе. Алгач 3 айга чейин аарылар шире менен азыктануусу керек. Аларга жүгөрү, глюкоза, жүзүм, тыт ж.б. жасалган ширелерди берүү кажет. Аны аарылар балга айландырат. Ал эми бал болсо 7-8 айда барып даяр болот. Мындайча айтканда 3 айда берилген шекердин эч нерсеси калбай калат. Шекер аарыларга балдардын чоңоюусу үчүн берилет. Бирок кээ бир бал чыгаруучулар бал алуу мезгилинде да шекер беришет. Бул туура эмес. Тактап айтканда, соода этикасына туура келбейт.

Балдын дарылык касиети
Бал сасык тумоого, тамактын ооруганына, нерв системаларынын жакшы иштешине жардам берет. Адистер балды алар алдында аны жыттап, даамдап көрүүсүн сунушташат. Чыныгы бал гүл жыттанып, жагымдуу, таттуу даамда болуп турат. Эгерде организмди тазалап, диета кармайм десеңиз, анда бир стакан кайнак сууга бир чай кашык бал кошуп эртең менен тамак алдында ичип туруңуз. Ал организмдеги шлактардан тазалайт. Бирок кайнаган суу бир аз муздап, жылуу абалга келгенде гана балды салыңыз, анткени, кайнак сууга түшкөн бал өзүнүн пайдалуу элементтерин жоготуп коёт. Балды косметологияда дагы кеңири колдонуп келишет. Аны бетке маска катары колдонсо, бет таза жана тунук болот.

Балды кантип сакташ керек?
Балды сатып алган соң, аны туура сактай билиш керек. Металл идишке салып коюуга болбойт. Анткени, анын курамындагы кислоталар ачуу болуп, балдын курамындагы металдын санын көбөйтөт да пайдалуу заттарды азайтат. Мындай бал ашказанга терс таасирин тийгизет. Балды айнек, форфор, керамикалык жана жыгач идиштерине сактоо керек.

Балдын курамы
Балдын курамында 65-80% витаминдер бар. Анда бардык минералдар сакталган. Ошондуктан балды жылуу суу менен колдонуп жатып, же кум шекер кошулган балды кайнаткыңыз келсе 60градуска жеткиришиңиз керек. Андан жогору болсо курамындагы витаминдер азайып, өңүн өзгөртүп, жытын жоготот.

Жасалма бал үч түргө бөлүнөт
Балдын көлөмүн жана салмагын көбөйтүш үчүн табигый балга кошулма кошушат.
Нектар азыктары жок жасалган бал.
Жасалма бал.
Таза балды тандоонун бир нече жолдору
Химикалык калем сап менен текшерүү. Кичине өлчөмдөгү балды колуңузга сүйкөп, үстүнөн калем сап менен сүртүп өтүңүз. Эгерде изи калса, анда ал сапаттуу эмес. Мындай ыкма менен 100% аныктоого болбосо дагы, балдын канчалык деңгээлде жасалма экендигин билип алса болот.
Соргуч кагазды алып, ага балды аз өлчөмдө сүйкөп, 1-5 мүнөт күтүп туруңуз. Эгер ушул убакытта кагаздын аркы бети суу болуп калбаса анда сапаттуу деп айтууга болот.
Балдын өңүнө да көңүл буруңуз. Ак түстөгү балдын курамына кум шекер кошулган деп эсептөөгө болот.
Кандай куюлганына да караңыз. Эгерде кашыкка оролгону жакшы болсо, өз нормасындагы бал.
Даамдап көрүңүз, эгерде балга суу кошулган болсо, карамелдин даамына окшош болот да, кыжылдай баштайт.
Ал эми балдын үстүнкү катмарына көбүкчөлөр чыгып, спирт сыяктуу ачуу даамга ээ болсо, анда ал сапаттуу бал эмес.
Эгерде балдын курамында кошулма бар экендигин аныктагыңыз келсе, стаканга кичине бал салып, кайнак суу менен куюп коюңуз да, аны аралаштырып, муздатыңыз. Андан кийин стаканга бир эки тамчы йодду тамчылатыңыз. Эгерде бал көгүлтүр болуп калса, анда ага крахмал кошулган, таза эмес бал деп түшүнсөк болот.
Медицинада
АКШнын окумуштуулары балдын курамын изилдеп чыгып, анын ден соолукка пайдалуу экендигин аныктап чыгышкан. Бал башка дарыларга салыштырмалуу жаш балдардын оорулардан арылуусуна бат жардам берет. Алар изилдөө жүргүзгөндө, балдарга жатар алдында бир кашыктан бал беришкен. Башка медициналык дарыларга караганда бал жеп жаткан балдар аз жөтөлүп, уйкусу тынч болгон. Мындан кийин балды бир гана жаш балдарга эмес, чоңдордун да колдонуусун доктурлар айтып келишет. Кээ бир химиялык элементтер кошулган дарыларга караганда табигый, таза бал адамдын ден соолугуна алда канча пайдалуу.




Николай Викторович, бал челекчи,
18 жылдан бери аары багып, бал сатат.
"Кышында бал тунук болбойт"
- Аарылар менен кантип иштеп калдыңыз?
- Мага аарылар атаман калган. Ал Ысык-Көл областында Жыргалаң айылында жашачу, өзүнүн чоң бал челектери бар эле. Алардын баарын мага өткөрүп берген. Учурда 35 бал челекти карап аарылардан бал алып турам. Кандай гана көргөзмөлөр болбосун дайыма катышып турам. Көптөгөн дипломдорго ээ болдум. "Мыкты аары багуучу" деген наам алгам.
- Анда таза бал менен жасалма балдын айырмасын жакшы билет экенсиз да?
- Ооба, кээ бири акча табуу максаты менен эле кум шекер же ар кандай кошулмаларды аралаштырып жиберишет. Бирок менин кардарларым абдан көп, алар менен көп жылдан бери иштешип келем. Алар да сатып алар алдында кылдаттык менен карашат. Азыр балдын убактысы десек да болот. Кээ бир кардарлар "кышы-жайы менен бал дайыма тунук жана кыпкызыл болуп туруш керек" деп ойлошот. Бул катачылык, кышында табигый балдар тоңуп калат. Жаңы бал челектен алып чыккан бал суюк болуп турат да, өз калыбына келгенден кийин тоңуп калат. Бул анын чыныгы бал экенин айтсак болот.
- Азыр балдын баасы канчадан?
- Биз атайын Бишкекте болуп турган чакан көргөзмөлөргө дайыма катышып турабыз. Ал жерден килограммын 250 сомдон сатабыз. Ар кандай өлчөмдө алып келебиз. 150 граммдык идиштерге салып келебиз, каалагандар келип челектеп алып кетишет.


Нургүл Ибраева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??