п»ї

  Ден соолук

Редакциябызга адистердин кеп-кеңешине муктаж болгон суроолор менен кайрылгандар көбөйүүдө. Бул саныбызда косметологго суроолор көп келгенине байланыштуу адистен жооп алып бергенге аракет кылдык.

Косметологдун кеңеши
- Мен бетимди тазалатайын дедим эле, сепкилдер бар, кетирсе болобу? Айжамал, 21 жашта.
- Сепкилдер көп болсо, үстүртөн пилинг кылдырыш керек. Бирок күн сайын бетке агартуучу кремдерди колдонуу зарыл. Эгер пилинг кылдырсаңыз, февралдан тартып июнь айларына чейин күндөн сактанышыңыз керек. Ал эми үй шартында айранды маска катары колдонсо болот. Айран канчалык ачуу болсо, ошончолук пайдалуу.
- Мен аябай семизмин, кантип арыктасам болот? Мээрим, 25 жашта.
- Биринчиден, арыктаганга каалоо болушу керек. Камырдан жасалган бардык тамактардан, таттуулардан, ак нандан баш тартыш керек. Көпчүлүк айымдар диета кармашып, туура эмес кылышат. Диета кармагандан кийин көбүнчөсү толуп кетет. Спорт менен да машыгып туруу зарыл. Тамак жеп жатканда жок дегенде 25 жолу чайнаш керек. Ошондо гана тогонок болот да, ашказанга аз тамак кирет. Эгерде таттууну абдан жакшы көрсө, анда курма же алма, анан балды колдонуп турса болот.
- Бетиме ак тактар чыгып жатат, кантип кетирсем болот? Назира, 19 жашта.
- Ак тактар, алар майлар деп айтсак болот. Анткени, ал боордон дагы болушу мүмкүн. Ак тактарды сыгып же тырмап салса көбөйүп кетиши ыктымал. Ошондуктан, косметологго кайрылыңыз.
- Менин бетиме безетки чыкканына беш жыл болду, такыр кетире албай жатам. Солициловая кислотаны кайдан алсам болот? Нуржамал, 19 жашта.
- Сөзсүз текшерилишиңиз шарт. Анткени, бетте демадекоз болушу мүмкүн. Үй шартында эртең менен, кечинде 2% солициловая кислота менен безеткилерди сүртүп туруңуз. Аны дарыканалардан 14 сомдон сатып алсаңыз болот. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо бизге кайрылсын, жеке өзүнө кеңеш берүүгө даярмын.
- Мен пилинг кылдырсам болобу? Жашым 17де. Айнура.
- Он жети жаштагы кыздарга пилинг сунушталбайт. Андан көрө, бетти агартуучу кремдерди колдонуусу керек.
- Менин бетим кургак болсо деле безеткилер чыга берет, эмне кылсам болот? Жумагүл, 21 жашта.
- Бетке дайыма кам көрүү керек. Безеткилер негизинен майлуу беттерге чыгат. Ал эми кургак бетке чыкканы, бетти жакшы карабагандыктан. Бетти дайыма гель менен жууп, андан соң тоник менен тазалап турушу керек. Ал эми безеткилерди солициловая кислота менен сүртүп туруңуз.
- Менин бетимде майда кызыл тамырлар көп, анан чыккан безеткинин орду кара кызыл так болуп калат да, бетим кызарып чыбыр-чыбыр көрүнөт. Азыр сегиз ай боюмда бар. Үй шартында кантип кетирем? Жыпара, 28 жашта.
- Бул "купируз" деп аталат. Аны аппарат аркылуу күйгүзүп жоготууга болот. Бирок сиздин боюңузда бар болсо, бул сизге каршы көрсөтүлөт. Күндөн сактанып турушуңуз керек. Анткени, күндөн чоңоюп кетет Күндөн сактоочу кремдерди колдонуңуз. Ал эми төрөгөндөн кийин косметологго кайрылыңыз.
- Сурма коюу туурасында айтып бериңизчи? Сурма койдуруш үчүн эмне талап кылынат? Канча сом турат?
- Биринчиден, мыкты хирургга кайрылышыңыз керек. Сурма жасатканда кээ бирлеринин бир көзү кичинекей, бири чоң болуп айырмачылыктар көрүнүп калат. Андыктан жакшы адис табышыңыз керек. Бизде сурманы 200$га жасатышат. Сурма койдургандан кийин, эки жума эшикке чыкпай олтуруш керек. Бир айдан кийин шишиктер кетип, өз ордуна келе баштайт. Ал эми алты айдан соң, сурма өзүнүкүндөй болуп калат.
- Бетиме кызыл майда тамырчалар чыгып кеткен. Кантип кетирсем болот?
- Косметологго кайрылышыңыз керек. Кышында жана жазында пилинг кылдырып койсо жакшы болот. Ал эми жаз мезгилинде күндөн сактанып туруш керек. Күндөн сактоочу кремдерди, эгер колдон келсе "Е" витамини бар кремдерди колдонуусу жакшы.
- Бетиме упа койсом эле ак тактар чыгып кетет, ал эмнеден? Динара, 28 жашта.
- Ал упанын сапатынан болушу да мүмкүн. Эгер сиздин упаңыз начар болсо бетке кызыл, ак тактар чыгып кетет. Ошондуктан, упа коёр алдында бетти абдан жакшы тазалап, андан соң "увложняющий" крем сүйкөп, андан кийин упа коюшуңуз керек.
- Тырмагым бүркүт формасындай болуп өсөт, кантип оңдосом болот? Жылдызай, 28 жашта.
- Кальций жетишпегенден улам ошондой болушу мүмкүн. Д-3 кальцийин алып ичиңиз. Формасын "квадрат" кылып оңдоп көрүңүз. Тырмакты сактоочу лактарды колдонуңуз.
- Бет бир калыпта, жылмакай болушу үчүн кандай чараларды көрүш керек? Айпери, 21 жашта.
- Бетти сууктан, шамалдан дайыма сакташ керек. Европага салыштырмалуу биздин климат кургак болгондуктан, бетке жакшы кам көрүүбүз керек. Биздин айымдарыбыз, Европанын айымдарына караганда бат карышат. Эмнеге, анткени, бизде кургак абада жүрүшөт.
- Макияжды алуунун туура жолу кандай? Мээрим, 22 жашта.
- Макияжды бир гана "молочко" менен алууга болот. Алардын атайын жаштарга арналганы бар.

- Пилингди жайында, жазында жасабаш керек дегенге кандай карайсыз? Бетти бат-баттан тазалатып туруш керекпи? Сезим, 25жашта. - Бетти жайында, жазында тазалатууга болот, бирок үстүртөдөн гана. Ал эми кышында ортоңку жана терең катмарын тазалатууга туура убакыт деп эсептелинет. Эгерде териңиз кургак болсо, 2-3 айда бир тазалатууга болот. Ал эми майлуу болсо,жарым жылда бир тазалатып туруш керек. Андан кийин дагы кам көрүүнү унутпай, бетти сакташ керек.


Алманын пайдасы
Алманын пайдалуулугу анын түрүнө байланыштуу болот. Анын курамында көптөгөн калий камтылган.
Алма организмдеги суусундукту жогорулатат, артериалдык кан басымды көзөмөлдөп турат. Анын курамында остеопороздон арылуучу бор бар.
Алманы сырткы кабыгы менен жеңиздер, кабыгынын алды флавоноиддерге бай, "с" витаминдүү болот. Анча чоң эмес алма 80 калорийге ээ болот.
Диетологдор менен дарыгерлер алма бардыгына пайдалуу экенин айтып келишет. Мисалы: остеохондроз, гипертоникалык оорулар, сөөктөрдүн ооруганы дагы пайдалуу.
Алма тамакты жакшы сиңирет да, организмдеги шлактарды тазалайт.
Мисалы алмада "А" витаминдери апельсинге караганда 50 пайызга көп. Аны диетологдор "аппетиттин витамини" - деп атап коюшат.




  Бир собол:

Кыш мезгилинде бетиңизге кандай кам көрөсүз?
Жанэль: "Айрандан маска жасайм"
Менин бетим абдан кургак болгондуктан, нымдандыруучу жана суу ктан сактоочу кремдерди колдоном. Андан тышкары, чыныгы табигый өсүмдүктөргө бай "пщеничный", "овсяной" маскаларды колдонуп турам. Үй шартында болсо айран менен бетиме маска коём. Азыркы жаш кыздар беттерин тазалатышып, табигый сулуулугун бузуп алышат. Андан кийин жалаң аппараттын жардамы менен бетке кам көрүп калышат. Анткени, беттин терисин көндүрүп коюшат. Андан көрө химиялык кошулмасы жок косметика колдонушса, табигый сулуулукту сактай алышат.

Кундуз: "Муздак суу менен жууйм"
Мен бетиме өзгөчө деле кам көрбөйм болгону "Vishi" фирмасынын кремдерин колдоном, анан бир жумада бир маска коюп турам. Ал "лечебная глина" деп аталат. Бирок мен эртең менен турганда муздак суу менен жууйм, ал бетти таза, тунук, сергек көрсөтөт. Жаштыкты да сактап калса болот. Кээ бири муз менен да жуушат. Ошондуктан жаш кыздарга бетиңиздерди муздак суу менен жууп тургула деп айтат элем.

Гүланда: "ар кандай маскаларды жасайм"
Кыш мезгилинде мен косметологго кайрылып, бетимди тазалатып, кеңеш алып турам. Үйдөн болсо бетиме ар кандай маскаларды жасайм. Мисалы, мен ачыткыны абдан майдалап, ага бир тамчы лимондун ширесин кошом да, эки чай кашык сүткө аралыштырып, бетиме жаап коем. Масканы койгондо сүйлөбөй, күлбөй 20 мүнөт кыймылдабай жатам да, жыйырма мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салам. Андан кийин нымдандыруучу кремдерди сүйкөп коем. Бул маска менин бетиме абдан жагат. Ал агартып,жумшак кылат.


Эгерде косметолог, гинеколог, дермотологго же башка тармактын адистерине суроолоруңуз болсо же алардын кеңешине муктаж болсоңуз, редакциянын 0312449821 номерине чалып, кызыктырган суроолоруңузду берсеңиз болот же 0779232776 номерине смс жөнөтүңүз. Биз сиздерге мыкты адистерден жооп алып берүүгө аракет кылабыз.


Нургүл Ибраева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??