п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Сезимай Алиева

Сен жана мен
- Коюңузчу, жеңе, жесир немеге... Ичинде Дуулаттын баласы болгон соң, инисинен калган жалгыз туякка эмне кылышса да аздык кылат. Анын үстүнө, Дуулаттын өзүнүн мал-жаны бар эмеспи?
- О-ой, өлүм- бардын байлыгын чачат, жоктун жонун ачат дегенди билесиңби?! Эч нерсеси деле калган жок. Өткөндө тайын карышкырга жедирип ийиштиби? "Апам укпасын, апам билбесин" деп аны жашырып коюшту, ооруп калбасын дешип... Аны билбей эле, тим эле Дуулаттын малы күтүрөп короого батпай аткансып "там алып бергиле" деп...Тигине, биздин балдар деле быйыл окууну бүтөт, шаарга барышса бирөөнүн үйүн сагалаттырбай биз деле бир үй алып койсок жакшы болмок. Акчабыз жетпей эле айлабыз жок жүрөбүз. Анан өзүбүздүн балдардын оозунан жулуп, каяктагы бир ата-жотом тааныбаган немеге тапкан ташыганымды карматып коймок белем?!Берсеңер силер бере бергиле, биз бербей, этпей эле турабыз.Көрөсүң го, кийин бул келин бизди кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жоор эшек дегендей эле карабай кетет. Там-тарак алдырып алат да, бизди унуткарып койбосо эле мага кел!- Кымбат күйүп-бышып, туталанып сүйлөнүп жатты.
Гүлнар абысынынын кыял-жоругун жаттап бүткөндүктөн, унчукпай эле коюуну эп көрдү.
Тамак үстүндө Бүкү кемпир баарын кыдырата карап алып, тамагын кыра сөз баштады:
- Айланып кетейиндерим, чоочун көз жок, баарыңар өз кишисиңер. Силерден жашыра турган деле эч нерсем жок. Курган балам жан таслим болорун билгендей, аманат кат калтырып кетиптир. "Келинчегимди талаага таштабай, баласы менен бооруңарга тартып алгыла?" дептир. Өлгөндүн керээзи деп коёт муну, тирүүлөр аткарыш керек. Жазга маал көз жарса, бирөөнүн үйүндө кыйналып калабы деп корком. Ал орус катын айныкейи кармап кетип, үйүмдү бошот десе каякка барат?! Азыр кыш-күрөөдө там караш кыйын го, жазга жуук үстүнө бир үй алып бергиле?
- Жазында мал арык, күзүндө жакшы баа болот да,- Кубат туура айтамбы дегендей Эрмекти карап койду. Ал болсо башын жерге салып унчукпайт.
- Туура, бир бөлмө болсо да өз үйгө эмне жетсин. Биз да колубуздан келишинче кошумчабызды беребиз. Чогулуп алып берели, - Сүйгөндүн өкүл атасы сөзгө кошулду.-Бирок Кубат айткандай жазында ала албайбыз го. Антсе да караштыра жүрүш керек, кээде шашылыш көчүп, арзан кармата бергендер да болуп калат экен. Жакында эле биздин бир туугандар там алышты, Маевка жактан. Короо жайы кенен, алты бөлмөлүү үй экен деп келишти тоюна баргандар. " Россияда кызым чакырып жатат, убактым тартыш. Ошон үчүн соодалашпай эле сатып жатам" дептир үй ээси.
- И-ий, кудай жалгагыр, бизге да ошондой там туш болуп калса сонун болбойт беле. Ырас айтасың, иликтей жүрсө эле чыгып калат. Эмнеси болсо да балдарыма буйругулуктуу, ошол үйдөн агарып, көгөргөндөй үй болсо болду. Мейлиңер, күзүндө десеңер күзүндө алып бергиле, ал деле айланып бат эле келет. Ага чейин эптеп жанагы үйүндө жашай турар. Орус катынга барганыңда жакшылап тамак ашыңан берип, көңүлүн алып, барар башка жерим жок, сиз сонунсуз дей турсаң, чыгарып деле ийбес,- деп күлдүрдү кайненеси олтургандарды.
- Жок, ал аябай жакшы аял, чык, кой деп бир да жолу айткан жок. Эдил да өткөндө келгенде өзү сүйлөшүп, дайындап, албайм дегенине болбой акчасын берип кеткен. Сары санаа болбой эле коюңуздар,- деди Сүйгөн. Дасторконго олтургандан бери өзүн ыңгайсыз сезип, "Дуулат катында мен жөнүндө жазганын билсем, алып келмек эмес экемин" деп ичинен кыжаалат болуп олтурган.
- Анда жакшы экен, болбосо менин ичкеним аш болбой эле, өзүм бул жерде, оюм сенде болуп жүргөм. Мына, буюрса, бир аз чыдасаң, өз үйүң, өлөң төшөгүң болот.Жетим, жесирге каралаша жүрсө сообу чоң тийет, деп илгери ыраматылык кайненем жасаган жармам оттон жаңы чыгар менен куюп алып маңдайкы Төкүштүкүнө жөнөчү. Анткени, анын эри канал казганга кетип дайынсыз жоголуп, чиедей беш баласы менен жалгыз калган.Денесине жара чыгып, жугат деп башка балдарынан бөлүп баккан баласы- жанагы ортончу уулу Сакмал болчу. Апам болсо бөтөнчө ошол баласын жакшы көрүп, Эрмектерди киринтишпей ошол Сакмалды чыланган эрменге өзү жуунтуп эле, убараланып жүрчү. "Өз неберелериңизди киринтишпейсиз да, бирөөнүн баласына жан талашасыз?!"деп мен бир күнү таарыныч кылып айтсам, "Ай, экинин энеси болсоң деле эмдигиче акылың жок. Ошол жетим, жесир немелерге атаандашасыңбы?! Мен анын баласын киринткеним менен, Жаратканымдын көзү өзүмдөн балдарыма түз болсо экен. Сообу тийсин деп жатам" деп жекиргени эсимден кетпейт. Айткандай эле, өзүбүз оокат-аштан кыйналбай жакшы жашадык. Мына, балдар эмес чоң эле кишилер жаа бою качып, жаныма жакын жолобо деп какмалашкан Сакмал кандай киши болгонун өзүңөр деле жакшы билесиңер.
- Кайсы, жанагы шаарда университетте иштейт, декан деп келип калып жүргөн кишиби? Атам кайтыш болгондо келип он миң сом бербедиби. Бирок бул жактагылары менен көп катташпайт окшойт?- деп таң кала сурады Кубат.
- Айтып олтурбайымбы, бир туугандары байкушка күн көрсөтпөй, уруп, согушуп, "жараң жугат" дешип, тамак ичкенде да бөлүп коюшчу. Эптеп сегизди бүтүп эле , биздин айылга там салганы жалданып келген бир оруска жармашып кетип калган. Ал да бечарага боору ооруганбы, бир окууга киргизип, жатаканага жашатып коюптур. Мына ошондон эле окуусун улантып, өз киндигин өзү кесип чоң киши болуп кетпедиби. Биринчи айлыгын алганда ошол кездеги кымбат, чоң байлам жапон жоолук, чай-чамек кылып апама келбедиби, "сиз болбосоңуз мен киши катарына кошулбай, өлүп деле калат белем, сизге рахмат!" деп.Карабайсыңбы, өз үйүнө барбай биринчи биздикине, апама киргенин. Апам да жетиналбай сүйүнүп, коюбузду союп коноктодук. "Сөөгүмдү агартты. Сакмалды киринтесиң деп келинимден сөз угуп жүрүп айыктырдым эле" деп апабыз айтып түгөтө албай, аябай кубанган. "Үйүмө барбайм" дегенинен апам ортого түшүп, "кой, энең болот, бир тууганды башка бирөө бербейт" деп жараштырган. Мына эми, бир туугандарынын кыздарын окутуп, үйүнө жашатып жакшы эле жардам берди.Айылдан алыс чыгып көрбөгөн энесин курорт дегендерге алып барып жүрдү.Кездеменин түрүнөн көйнөк кийгизди. . Антсе деле булары баалабай коюшту окшойт, акыркы жылдары көп келбейт.Төкүш деле калыстык кылган жок, эми сенин колуңда бар тура дегенчелик кылып, башка балдарына тартып турчу.
Мына ушул жерден баятадан бери оозун далай жолу камдап, бирок олтургандардан бир аз тартынып олтурган Кымбат:
- Төкүш апаны айтып коёсуз да, өзүңүз деле калыс болбой атпайсызбы?-дей калды.
- Апээй, ботом, мен эмне болуп калыс болбой атам?!-кайненеси катуу чоочуп кетти.
- Эй, эмне деп эле атасың?!- Эрмек корс этип алды.
- Жок, коё тур, аялыңдын эмне ич күптүсү бар экенин угайын. Балким, чын эле менин бир жерден жазганым бардыр,-деп энеси тыйып койду эле, Эрмек жүзүнө бата тартып алып, нааразы боло туруп кетти.
Аялынын кайсы сөздүн башын кылтыйтып турганын ал жакшы билет эле. Дуулаттын өкүл аталарынын көзүнчө жаакташпайлычы деп ойлоду. Антпеген күндө деле аялы баары бир сөз жебейт, сеники туура деп кол шилтеп кутулат көп учурда. Кээде туруп аныкы деле туурадыр, деп калат. Уруштун көбү эле сеникине көп бердиң, меникине аз бердиңден чыгат. Болбосо жашоосуна башка деле нааразычылыгы жок. А бирок Дуулаттын аялы-баласынан аябайт. Бул жерде Кымбат туура эмес кылып жатат. Үйгө барганда шашпай, жакшылап түшүндүрүшү керек. Менин көзүм жок болуп, сен жалгыз калсаң деле Дуулат сенден эч нерсесин аямак эмес. Ал биздин балдарды аябай жакшы көрөрүн өзүң деле билесиң го. Алматыда окуп, өзү курсант экенине карабай, каникулга келген сайын, сага атыр, балдарга таттуунун түрүн алып келчү эмес беле, унутуп койгудай деле боло элексиң! Ушул сөздөрдү айтам деген ой менен өзүн алаксытып, сыртка чыкты.
Баары Кымбатты суроолуу тиктеп калышты.
- Дуулатты мен өз инимдей жакшы көрчүмүн. Бирок тагдырдын кылганы ушул экен, азыр арабызда жок.Кээде түшүмө кирет, эртеси Эрмекке айтып куран окуйбуз. Жаш кетти деп биз деле эстеп, каңырыгыбыз түтөйт. Айла жок... Кайрып ала албайбыз... Анан аялына там алып берели дегениңерге мен кошула албайм. Өзүбүздө ашып-ташып турса анда бир жөн, анан курулай эле чабылып, чачыла беребизби?! Балдарыбыз да эл катары окуш керек, анын баары акча. Жатаканада жашатпай, биз деле үй алып берип койсок жакшы болот эле деп ойлоп жатабыз. Караганыбыз эле бир аз малыбыз болсо, аны Сүйгөнгө кармата берип, өзүбүз жел оойлубу?! Окуусун бүтүп, иштеп алса, бир баланы кантип багып кете албасын? Азыр жаш, турмушка деле чыгып алсын андай кыйналса,- деп келатканда эле кайненеси жаман көрө олурая бир карап алып:
- Ай, эмне деп эле тамтаңдап атканыңды өзүң түшүнүп жатасыңбы?! Тим койсо тим эле...Балтыр бит башка чыгат болуп кетишет...- ачууланып, сөз таппай,- чакыр балдарды бата тилейли,- деп Кымбаттын сөзүн аягына чыгарбай, кагып салды. Ортону оор жымжырттык ээлеп, ар кимиси өз ою менен боло олтуруп калышты. Сырттан неберелери киргенде гана кемпир алаканын жайып, батасын берди.
- Эртең баарыңыздар барып үйдөн тамак ичип кетиңиздер, кызыбызды коноктойлу" деди өкүл апасы чыгып баратып Сүйгөнгө карап күлүмсүрөй.
- "Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет" дегендей, келинимдин шылтоосу менен биз да конок болот турбайбызбы. Барабыз, барабыз,- деп тамашалап күлүмүш этти Бүкү кемпир.
(Уландысы кийинки санда)




  аңгеме

БУРУЛКАН Карагулова
Баласын издеп
боздогон эне
(Башы өткөн санда)
Доктурга барсам, балаң кыймылдап калыптыр, абортко болбойт деди. Мен жалдырап ыйладым. Доктур кайра түшүндүрө баштады: - Ме, бычакты ал, - деди колума карматып - азыр тетиги кичине баланы алып келем, - деп терезеден өтүп бараткан баланы көрсөттү - сен анын адегенде бутун, анан колун, башын тирүүлөй кесесиң, андан кийин денесин төрткө бөлүп, бир тешиктен бата тургандай кылып, кескилеп сууруп чыгасың?
- Эмнеге? - деп коркуп кеттим.
- Көрдүңбү, коркосуң, кесе албайсың, өлтүрө албайсың, а мени болсо өлтүр деп кыйнап атасың. Балаң ичиңде эле жатканы болбосо, кадимки бала да, дем алып, сен аркылуу азыктанып чоңоюп, жарыкка чыкканга даярданып атат. Ал наристени өлтүрүп бер,- деп мени кылмышка түртүп атасың.
Мен эңги-деңги болуп, эмне кыларымы билбей калдым. Бир курбума барсам, ал эжесинин үйүнө алпарды. Жакшы, түшүнүктүү, боорукер эжеси бар экен. Биз түшүндүрүп айттык. Ал, "анда ата-энең менен сүйлөшүп көрөйүн" деди эле ,"жо-ок" деп кыйкырып жибердим. Акыры жигитим менен сүйлөшүп, көндүрмөк болду.
Көндүргөнү барса, ал "бала менден эмес" деп так секирип кетиптир. Жок дегенде үйлөндүк деп бетин ачып кой, биздикинде жашай берсин, төрөгүчө, десе, "сиз мага жалаа жапканыңыз үчүн сотко берем" -деп коркутуптур. Ушунча жакшы сүйлөшүп, сен-мен дебей жүрүп эле эмнеге өзгөрүлүп калганына таң калдым. Нары-бери сүйрөшүп жүрүп, акыры ошол аяш эжемкинде туруп калдым, үч айдан кийин төрөт үйдөн балканактай бала төрөдүм.
Баланы эмиз деп алып келгенде эмизбейм дедим. Эмнеге?- деп чаңкылдады сестра. "Мага кереги жок" ,- дедим эриндерим диркиреп. "Анда отказ жаз азыр, мага баланын кереги жок, мен деген сойкумун деп жаз",- деп мени сүйрөп, коридорго алып чыкты. Ручка, кагазды ыргытып берип, басып кетти. Мен минтип жаздым: "Студент болчумун, жигитим алдап кетти, үйлөнбөй койду, төрөп койгонумду ата-энем укса өлтүрүп салат, ошол үчүн наристемен убактылуу баш тартам". Кагазды столдун үстүнө коюп, өзүм балдар жаткан бөлмөгө акырын өтүп барып, жалгыз калган баламды колума алып жыттадым.
Мен өпкөн сайын эмчек издеп оозун чормойтуп, тамшана берди. Жүрөгүм ачышып кетти. Полго отура калып, эмчегимди ачып оозуна салдым. Эмчегиме сүт толуп, оорутуп, чыдатпай аткан. Чопулдатып соро баштады. Аябай ачка экен, кагылайыным. Эрип кеттим. Баламды жетелеп баратканымды эстедим. Атам барбы? - десе, атаң учкуч болчу, баатырларча курман болуп калган дейм. Баламды жаркылдатып жетелеп барсам, ата-энем айласы жок кечиришет дедим. Ага чейин аяш эжемкинде жашай берем, окууму бүтөм, иштейм - деп кыялга чөмүп кеттим. Кайра-кайра жыттайм, жытыңан кагылайынымды таштабайм, кудайдын жазганын көрөм да, - деп оюмдун аягына чыга электе эшик шарак этип ачылып, жанагы жинди кыял сестра кирип келди.
- Мынакей, бул жакта экен, эй, акмак, сенин бул жакка киргенге кандай акың бар, отказ кылып алып кайра эмнеге алдың баланы, уурдайын деп ойлодуңбу?- деп чыңырып , мени жон талаштыра муштап жиберди. Ушунчалык катуу чапты эле, мен жүткүнгөндө эмчегим баламын оозуна тыгыла түшүп, какалып, чакалып баштады, эсим чыгып кетти. Жинди сестра өзү да коркуп калды. Нянка ала коюп, өйдө каратып көтөрүп, далысына акырын чапкылап, сылап атып эс алдырса кайра эмчек издеп башын эки жакка буруп, оозун чормойтуп ыйлап кирди.
- Эже, эмизип коёюнчу - десем, омий, мынагу жинди неме го өзү, ой Гуля, милицияга чалчы, баланы муунтуп атканын бардыгыңар көрдүңөр го? Мен арыз жазам, кол коёсуңар, жөн кетпей өлтүрө кетейин деген экен да, көрсө,- деп алкылдап кирди. Гуля деген немеси: "Эмчегиңди катпайсыңбы", - дегенинен карасам, көйнөгүмүн сыртында экен, сүт агып атыптыр. Балам какаганда ийип кеткен экен. Ошентип милиция чакырам деп долуланып атып, мени сыртка түртүп чыгарды.
Палатама барып аябай ыйладым. Гулясы кирип келип:
- Тур, жатпа, милиция чакырып койду, качып кетип кал,-деди.
- Эже, - деп келатсам, - бол-бол, үлгүрбөй каласың, - дейт.
- Эй, эже, мен болгону эмиздим, өзүмүн баламы эмнеге өлтүрмөк элем? - десем, мен түшүнөм, бирок тигил старший да, ошонун айтканы менен болот,- деди.
- Эже, мен отказ кылбайм, баламы алып кетем!
- Эмне? - деп далдырап тиктеп калды.
- Ошо.
- Анда сени камап салат.
- Кызык экенсиңер, түшүндүрүп айтам да, ошол кагаз элеби кендирди кескен, апкелиңизчи, тытып салайын.
- Эми кеч болуп калды, милиция келип көпкө териштирет, азыр сен кетип кал, үч күндөн кийин старший жокто кел, балаңы алып чыгып берейин.
- Чынбы, алдабайсызбы? Мойнунан шап кучактап өөп жибердим. - Сизге ишенсем болобу?
- Болот.
- Анда эки күндөн кийин кийим кылып келем балама, - десем макул болду. Балага кийим деле ырастаган эмес элем да.
- Жанагы кагазды алып, тытып салың, макулбу, эже? Мен сизди ыраазы кылам, -дедим айбан жаным. Ошондо эле кагазды талашып алсам эмне эле, же баламы кучагыман чыгарбай койсомчу. Жаштыгым - биринчи душманым болбодубу. Ошол жинди сестра болбогондо балам суугума тоңуп, ысыгыма күйүп жанымда чогуу жүрбөйт беле. Машина алып берет элем, үйлөнтөт элем, - деп оор үшкүрүп сөзүн токтотуп калды.
- Эмне үчүн эки күндөн кийин барып алып алган жоксуң? Күнөө өзүңдө болуп атпайбы? - дедим чыйпылдап.
- Кантип барбайм эже, 2 күндөн кийин аяш эжемдин баласынын одеялын, жаңы жука кийимдерди, жалаяктарды сатып алып, аяш эжеми ээрчитип бардым. Гуля бүгүн иштебейт дешти. Качан иштейт десек, билбейбиз деп мурдуларын чүйрүштү. Эжем "жүрчү эртең келели" деди. Эртеси эжем өзү кирди. Эмне эле келип атасыңар деп сүйлөнүшүптүр. Аяш эжем болгонун болгондой кылып айтып берсе, Гуля эже старший келгенде келгиле дептир. Бирөө бир жумага, бирөө отпускага чыгып кеткен имиш.
Ошентип бир жума тынбай келдим, анан бир ай бардым, акыры экөөнүн качып атканына көзүм жетип, аяш эжеми көндүрүп башкы дарыгерге киргиздим. Ал бөлүм башчыны чакыртат. Башкы дарыгер бул окуядан кабардар эмес болуп чыгат. Иштин аягына чыгарып, кечке чейин жообун бер деп бөлүм башчыга ызырынат. Эжеми эртең келиңиз дейт. Эртеси кудай жалгасын деп кайра одеялдарымы көтөрүп алып жөнөдүк. Барсак аныбыз өзгөрүлүп калыптыр.
- Отказды өз колу менен жазыптыр, анан бир айга чейин кармап отура берет белек, балдар үйүнө өткөрүп жибериптир ,- дейт жайбаракат гана.
- Бул жерде сиз башчы болсоңуз, анан ал окуя жөнүндө кабарыңыз жок эмес беле, кечээги күнгө чейин. Балдар үйүнө сиздин колуңуз коюлмайынча кантип өткөрүшөт? Анда эмне сотко кайрылалыбы? Кайсы балдар үйүнө өткөрүлгөнүн тактап бериңиз,- деди эжем.
- Силер эмне "кыз боозуп энесин коркутат" болуп атасыңар? Бул жерде претензияны мен коюшум керек го? Күйөөгө тийбей боозуп калса, анан дарыгерлердин жардамы менен аман-эсен көз жарып алып, эртеси баладан баш тартса, анысы аз келгенсип баланы муунтуп өлтүргөнгө аракет жасаса ...
- Калп - деп ордуман жин ургандай атып турдум. Эжем чап жабышып мени кучактап калды. Башкы дарыгер да сес тенип тура калды.
- Минтсеңиз баланын кусуру уруп кетет, жок дегенде сиз калыс болбойсузбу? Бул го күнөөнү жаштыгынан кетирип алды, ата-энесинен коркконунан баланы убактылуу гана таштап турам деп ойлогон. Мынчалыкка барбасаңыз болмок, эми кудайга койдук, мындан аркы ишиңизди, бул жаш, тууп алат дагы. Бас, жүткүнбөй,- деп эжем мени сыртты көздөй түрттү.
Мен теңселип чыгып баратып доктурду карасам жалооруп карап туруптур. Кулагымын ичи заматта ызы-чуу болуп кетти, эки колум менен кулагымы басып чыңырган бойдон үстүңкү кабатты көздөй жулундум. Эжем кармаганга алы жетпей калды. Болгону "токто, токто дейм, акылыңа кел" деп кыйкырып кошо чуркады. Эки акушерка алдымы тосуп кармаганга аракеттенди эле, кутурган иттей жулкунуп бар күчүм менен түртүп жибердим. Коридордун этегинде жайгашкан балдар жаткан бөлмөгө жетиш аябай узак болду, артымда жоон топ душмандарым - медиктер тапур-тупур болуп кууп келатышат. Бөлмөдө бир да бала жок экен. Анан эле магдырап учуп бараткандай болгонуму бир билем...
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??