п»ї

  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүз­дөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаа­га батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП -145 -1. Жазып сенин атыңды, жүрөктөгү дартымды. "Обонтайдан" сурандым, жеткирип кой деп катымды. "Обон" аркылуу кат алдың, көз жүгүртүп карадың. Мен жөнүндө уккан соң, бырыша түштү кабагың, Сөзүмдү укчу коротпой, өзүңө мени жолотпой, жүрөсүң жаным бейкапар, бир өзүңдү жолотпой.Орто бойлуу сүйкүмдүү, башкасын сендей сүйбөгөм. Сүйөмүн деп кат жазсам, көңүл бөлүп койбодуң, жүрөгүмө чок салган жалгыз адам сен болдуң, Жалын болуп кете албай, жан далбастап жок болдум.Жүрүптүрсүң көңүл ток, жүрөгүңдө кайгы жок. Сүйгөнүңдүн бардыгын билип туруп кат жаздым, жалгыз менин сүйгөнүм, мени жалгыз таштаба. Өз бактыңды ойлоп сен, кетип калба башкага . Жашоомдогу сүйүктүүм, жалгыз сени сүйөмүн, сүйбөсөң да мейли дейм. Каттын жообун күтөмүн. Ванесса
ОП-145-2. Кыргызстанда чыныгы ырчы аз. Бир ыры популярдуу болуп калса, уже звезда, жеке концерт бере баштайт, бет деген жок. Кундуздун үнү жок кантип уялбай ырдап жүрөт, билбейм. Үнү жок кыздар популярдуу болуш үчүн фигурасын көргөзүп жарым жылаңач болуп ырдашат. Саламат эжени, Омар, Мирбек, Ома Нена, Бекти чыныгы ырчылар десе болот. Милана, Анеля.
ОП-145-3. Саламатсызбы, Омар, канчанчы жылкысың? Жалал -Абадга качан концерт коёсуң? Наргиза.
ОП-145-4. Салам, Омар, сенин ырларың абдан жагат, ырың эле эмес өзүңдүн жөнөкөйлүгүң дагы. Сен тагдырга ишенесиңби? Сенин эң жакын адамың ким? Айка, Ала-Бука.
ОП-145-5. Арзуу жөнүндө жазгыла, менин тагдырым башкаларга сабак болор. Seoul.
ОП-145-6. Айдин Шер 98, мен сени сүйөм. 0779264ххх.
ОП-145-7. Омар байке, алга! Сиз суперсиз деп, сиздин күйөрманыңыз. 0779373ххх.
ОП-145-8. Толтоев Мыктыбек, сизге чын ден соолук, ишиңизге ийгилик, жашооңузда ар дайым бактылуу болуңуз. Куршабдык Медичка кыз 0770554ххх.
ОП-145-9. Омар байке,өзүңүздүн элестеткен жарыгыңызга жетесиз деп ойлойм, чалып коюңузчу, суранам, мен сизди тажатпайм, Айназик.
ОП-145-10. Кыздар, ырчы жигиттерге сүйөм деп канча жолу айтсаңар да жетпейсиңер. Айназик.
ОП-145-11. Салам, "Обонушкамдын" жалпы жамааты, сиздерге ийгилик жана кыргыз элим аман болушсун. Меку.
ОП-145-12. Саламатсыздарбы, "Обонушкамдын" жалпы смсчилери,сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо каалоо менен бирге ар дайым "Обонушка" менен бирге болом.
ОП-145-13. Балам, айланам сенин жаңында, Садагам чырак жанбай кеттиң жанымдан. Кусалык менин койнумда, сенин оюңда. Элесиң эстеп көз жаш агат, сен жок койнумда. Караңгы түн узак, бөбөгүм. Алыс куштай учсам барат элем мен жалгыз. Өмүрүм сен деп жашайм, балам. Мухам
ОП-145-14. Бактыгүл Бадыева ,сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Аля 94.
ОП-145-15. Омар байке, кандайсыз? Мен сизге кааларым: чын ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай. Омар байке, мага чаласыз деп ойлойм. 0557489348 Айназик.
ОП-145-16. Адамзат бул дүйнөгө сыноо үчүн жаралат. Ошондуктан бири-бирибизди сыйлап өтөлү. Аля 94.
ОП-145-17. Жаңы Тилек айылынын 11-классынын кыздарына салам. Мен силерди сүйөм. 0772482ххх.
ОП-145-18" Обон" жамаатына ийгилик! Бадыева, Расул кызы, Г. Сатылганова, И. Абдразаков силер суперсиңер! Аля 94.
ОП-145-19. Айгерим сынды туура кабыл ал. Гулнур туура айтат, стилиңди өзгөрт. Чачыңды жый, юбкаңды узарт, атасы бар кыз кантип ушундай болсун? Панелдеги кыздарга окшоп кийинесиң. Стилиңди өзгөрт, айрыкча бут кийимдериң жакпайт. Анжеликадан сабак алсаң, ачык кийинбесе да, сексуалдуу көрүнөт. Айгүл.
ОП-145-20. Көздө жашым, көңүлдө бук арманда, сенсиз өтмөкпү бул өмүрүм жалганда . Бирок эми кайгырбаймын алтыным, сенсиз түбөлүккө жашап калганга. Сыздабаймын азап сен деп,кечээгиден эртенки күн керемет. Эрке кыз.
ОП-145-21. Түнүң бейпил болсун сулуу кыз, кутман таң назик кыз. 0778666ххх
ОП-145-22. Омар байке, сиз суперсиз! 0779373ххх.
ОП-145-23. Мирбек Атабеков, мен сени сүйөм! Сен үчүн жанымды да кыюуга даярмын. Сүйөм, сени сүйөм. Жазико.
ОП-145-24. Билинбестен он жыл өтүптүр, кечээ эле олтурган элем партада сагынамын, азыр алтын мектебимди сагынамын, классташтарым, кайдасыңар? Ар бириңерге бакыт жолун каалаймын, кең келечек жолуң ачык болсун, дайым эч оорубай жүрсөң экен, амандыкта бир силерге мен ушуну каалаймын.Аттиң арман баары артта калдыбы, кайтып келбес эми ушул күндөрүм, бир эскерип мектептеги күндөрдү, келгиле, классташтарым, жолугалы. 0779409ххх
ОП-145-25 "Обон" гезит бизди күтөт дайыма, "Обон" гезит кошулат го кайгыга, кел обончум обон созуп жүрөлү, "Обондун" ортосуна эгеличи гүлдөрдү. Ырысбек 91.
ОП-145-26. Салам сөзүн айткым келет кыргызга, өз кызматын арнап келет жылдызга, кел кыргызым ыйман жолдо бололук, жаман жолдо жүрүп дайым төрөлдүк. Ырысбек 91.
ОП-145-27. Кыргыз болуп төрөлгөнбүз баарыбыз, кыргыз бойдон жүрөлүчү жалпыбыз, кел кыргызым кыргыз тилин унутпай, биз жүрөлү орус тилге куурутпай. Ырысбек 91.
ОП-145-28. Бул дүйнөгө сыноо үчүн келгенбиз, мусулмандар кыйналбайлы кийин биз. Ислам өлкөдө дайым чогуу жүрөлү. ахалактап бирөөлөргө күлбөйлү. Ырысбек91.
ОП-145-29. Мусулман бир тууганым аман бол. Силер үчүн ислам деген жакшы жол, кандай сонун ислам жолун карачы, ыйман нурун өзүңө самачы. Ырысбек 91.
ОП-145-30. Менин саламым Кара-Балтада жашап жаткан атам Мустапалиге, апам Айтбүбүгө жана таятам Абибиллого, инилерим Дастан, Хаким, сиңдилерим, Махабатка, Айшага салам. Баянадан.
ОП-145-31. Базар- Коргон районунун Бешик -Жон айылындагы 93- жылкы Зуля сени жакшы көрөм. Жашоо ширин сенчелик эмес, сени баары жактырат, менчелик эмес. 345 Нури.
ОП-145-32. Урматтуу дүйнөдөгү жалгыз периштем, эң сүйгөнүм, эң аярым, эң сыйлаарым, эң көп сырдашарым, эң акылманым, эң көп ойлогонум, асылым, ыйыгым мен үчүн от болуп алоолонгон шамалдай шуулдаган куюн болуп бийиктикке көтөрүлгөн, жамгыр болуп себелеген күн ысыкта көлөкө болгон, ыйласам күлдүргөн, күлгөндө жүзүнөн мээрим төгүлгөн, кыскасы,балдары үчүн баарына даяр болгон алтыным апамды дайыма сыйлап, өмүрүн Алладан тилейм. А.
ОП-145-33. Суранам менин классташтарымдын ырын башынан -аягына чейин толук чыгарыңыздарчы, мен "Обонду дайыма окуйм. Эгер смс чыкпаса таарынам. Табигат сырдуу Алтынай.
ОП-145-34. Классташты ойлоп көрсө кымбат нерсе, эгерде ар ким аны баалай билсе, бирге окуп, бирге жүргөн классташтар, аттиң ай, түбөлүккө бирге жүрсө. Ноокат районундагы Токтогул атындагы Жатак мектепте окуган классташтарым баарыңарга салам. Айрылуу, сагынуу, ушунчалык жаман нерсе экенине эми чындап таң бердим, телефондо кабарлашып сүрөтүңөрдү тиктеп гана отурсам да сагынып баратамын го? Азап, күйүт болду, иий.
ОП-145-35. Ура, менин туулган күнүм 6-декабрь. Жакындап келе жатат смсчи досторум. Табигат сырдуу Алтынай.
ОП-145-36. Сөзсүз смс чыгарыңыз!.
ОП-145-37. "Обон" жакын жүрөгүмө. 0779409ххх.
ОП-145-38. "Обон" бар жашоо керемет 0779409ххх.
ОП-145-39. "Обон" супер! 0779409ххх.
ОП-145-40. " Обон" менин сырдашым 0779409ххх.
ОП-145-41. Алтынай досум, алтындан да кымбатсың, айдай болуп, досуңа сен булаксың. Ар дайым досум бойдон жүрчү сен, достук наамын таштабайын дайым мен. Ырысбек 91.
ОП-145-42. Айгерим Расул кызы, сизге ден соолук каалайм. Өмүрүңүз узун болсун! Нурай.
ОП-145-43. Анан качан чыгат смсим? 0779409ххх.
ОП-145-44. Дарегин издейм, айтчы кайдасың классташтарым, силерди сагындым, бирге күлгөн күндөрдү эстей жүр дайым. Мени унутпагын, урматтуу менин күйөрмандарым." Кайдасыңар классташтарым" деген ырым силерге жактыбы, анда өз ой- пикириңизди 0779409210 номерине смс жазыңыз деп, "Обондун" смсчи акын ,жылдызы табигат сырдуу Алтынай.
ОП-145-45. Түшүнчү мени, сагынам сени, наристем Нурико.
ОП-145-46. Жалал - Абаддын татына жигити 93 - жылкы К.Б га арналат, сүйүү бул деги өзү эмне? Айтчы, болгон сезим сүйүү беле же жөн гана секелек сезимби? Менимче секелек сезим, анткени, сүйүү эч качан түгөнбөйт. А биздин сезим кардай эриди, гозодой сынды, айнектей талкаланды, бизге конду деген бакыт кушубузду чочутуп кайра келгис кылып бүттү. Жактыруу балалык сезимди сүйүүгө алмаштырып алып, өзүбүздү өзүбүз канча кыйнадык. Бирок өкүнбөйм, кантсе да балалыктан бир аз да болсо көз ирмем калды. Келечекке карай кенен жолго түшүп, турмуш жолуна аттанабыз, Аз өмүрдө өз бактыңды таап, бактылуу бол, бул сага жазып жаткан акыркы катым, Аман бол, кош бол! Эрке кыз
ОП-145-47. Мен бир эрке, эркелигин коёлек, бала кыял сапаттарын жоёлек, атам апам, ардактуусу, эркеси, назиктен назик, ыйлаак анан тентеги. Жашым барат 17ге шашылып, 18де да кызык бар деп ашыгып, баратамын мектепти да аяктап, өтсө экен жашоом ар дайыма жайбаракат. Эрке кыз.
ОП-145-48. Омар байке ,чын атыңыз ким? 0555322ххх.
ОП-145-49. Мен Омар байке менен таанышкым келет. 0555322ххх
ОП-145-50. Урматтуу "Обондун" жалпы жамааты, редактор Афина Бакирова сиздерге сунушум: "Акын таануу" мага кызыктуу, ушуну ар жума чыгарыңыздар, мен эки жылдан бери чыккан "Обонду" окуп жыйнап келем, азыр ал сакталуу, бир күн сиздерге көтөрүп барам. "Обондун" окурманы катары деп, Махабат, Баткен.
ОП-145-51. Ошто ХБкада чогуу жашаган курбумду издейм, малышка окуп калсаң кабарлаш, менин номерим 0556019043 Таластан Айка.
ОП-145-52. Бассам, турсам оюмдасың, кантейин жаныңа жакын басып бара албайм, бир гана сен жөнүндө элестер калган эсимде. Эмнеге ушул күнгө чейин сени унута албайм? 07772145хх
ОП-145-53. Мен баары бир сени сүйөм, сени менен болгум келет. Сен менин өмүрүмдүн жарымысың. Сенсиз жашоо жок. Мен өзүмдү бир гана сени менен элестетем. Жазира 91.
ОП-145-54. Алтындан да ардактуу, күмүштөн да салмактуу, каухардай таза, агаттай тунук Омар, мен сенин талантыңа таазим этем, сени сыйлаган Айгерим. Мен сизди жакындан көргүм келет. Канатым болсо, мен сизге учкум келет. Эх, чиркин…
ОП-145-55. Курбу кыздарым: Чынара, Альбина, Бегайымга чоң салам. Окууңар ийгиликтүү болсун! Бактылуу болгула. Эльнура
ОП-145-56. Кашка-Суунун жашоочуларына жалпы салам. Элиңер аман болуп, тынч жашагыла! Уулуңар Эсен.
ОП-145-57. Шымкент самал базарында иштегендерге, Таалай, Канат, Бакыт, Алик, Алмагүл, Кулнай, Салима, Жазгүл, силерге чоң салам, ишиңерге ийгилик ар дайым бар болгула, соодаңар болсун, сиздерди ар дайым сыйлаган сиңдиңер Айка.
ОП-145-58. М.Алыбаев атындагы мектептин жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Баардык окутуучуларга жана улгайган мугалимдерге таазим этебиз. Нурила.
ОП-145-59. Аксылык ,Кербен шаарынын тургуну Алмагүлгө чоң салам. Эркетай.
ОП-145-60. Эмнеге жигиттердин баары алдамчы? Алар үчүн бир гана төшөктөн рахат алса эле болду. Ал эми таза сезим, жылуу сөздөр чыныгы сүйүү сезимдеричи? 0558658ххх
ОП-145-61. "Обон" жамаатына ,калемиңер курчуп, нускаңар көбөйө берсин деп айтуу менен бирге Бакулядан баарыңарга салам.
ОП-145-62. Менин саламым Ат-Башылык Винни Пухка жолдонот. Коёнек.
ОП-145-63. Саламатсыңарбы, "Обондун" жалпы жамааты, урматым менен Бактыгүл.
ОП-145-64. Салам, Обон! Дика.
ОП-145-65. Курбум Айчүрөккө чоң салам. Кайдасың сен, кеттиң го көрүнбөй. Келсең эле Россиядан мага чалчы, сагындым сени! Айнура.
ОП-145-66. Сүйүү -болбогон бир жомок…. 0552896ххх
ОП-145-67.Омар, сенин быйылкы жылың ийгиликтүү болушун, жылдын мыкты ырчы мырзасы болушуңа чын жүрөктөн тилектешмин деп, Бишкектен Курманжан.
ОП-145-68. 92 -жылдын 31 -декабрь күнү төрөлгөн кыздар -балдар менен таанышам.
ОП-145-69. Ойлономун уктай албаймын, ыйлаймын чыдай албаймын. Ойлонуп сени жоктоймун, соолуган гүлгө окшоймун. Эля.
ОП-145-70. Нурлан Насип, мен да сизге окшотуп жүрөк эзген ырларды жазамын, кантет менин ырымды ырдап чыксаңыз? 0779191ххх.
ОП-145-71. Салам Омар, байкем менин кандайсыз? Суперсизби? Сиз дайыма супер болуңуз. Окей.
ОП-145-72. Балким, мен жаныңда болгум келип жаткандырмын! Арууке.
ОП-145-73. Нурлан Насип, көзүмө сенден башка эч ким көрүнбөйт, жылдыз болгонуң үчүн эмес, ырчы болбосоң деле сени күтүп жашамакмын, унута албайм, Айко.
ОП-145-74. Кебетеси жаман болсо дагы анын ою жаман эместир эми? Али.
ОП-145-75. Мен сени сагынганым үчүн Бишкекке жулунуп жатам. А сен билбейм, өзүң бил, көрөбүз дейсиң, мен сенин жообуңа түшүнбөй жатам. Али.
ОП-145-76. И.Мирбек, Н. Эрмек, С.Султан. М.Чынгызга чоң салам. Гүлкайыр.
ОП-145-77. Салам, "Обон", досторум Асылай, Асылбек, Гүлжан, Кубан, Аидага салам, бар болгула, бай болгула, мен силерди жакшы көрөм. Гүлкайыр.
ОП-145-78. Жалал -Абаддагы Сышкат айылында жашаган туугандарым: Элиза, Тамара, Эрмек, Уликке чоң салам. Иничек.
ОП-145-79. Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында жашаган алтындай апам Буланова Осипага салам жолдойм. Апаке ,эч оорубай балдарыңыздын сый- урматын көрүңүз. Бурул.
ОП-145-80. Нурайым Азыкбаева менен таанышып, жакындан сүйлөшкүм келет. Ал саксафондо ойногондо абдан сексуалдуу көрүнөт. Мурат. 89
ОП-145-81. Менин келишимди каалайсыңбы дегенде, ооба деген ким? Эмне эле кампос болуп жатасың? Али.
ОП-145-82. Дамир, сүйөмүн бир өзүңдү,сүйдүрүп жүрөсүңбү? Сүйдүрүп эмне мынча жылмайып күлөсүң. Көп карайм көздөрүңүздү, сүйлөгөн сөздөрүңүздү, алтындай мүнөзүңүздү, ишенчи бир өзүмө, ишенчи айткан сөзүмө, сүйүп калсам кантейин, айта албадым бир өзүңүзгө. Алина.
ОП-145-83. Кирсиз ойлоп, дайым сени сагындым. Сүйгөндүгүм саат сайын жаңырсын. Сенин таза жүрөгүңдүн жалыны, анык оттун илебинен табылсын. 0552584ххх
ОП-145-84. Биз экөөбүз колтукташып, кубанычка бөлөнүп жүргөн күндөр кайда кетти. Келчи жаным бирге олтуруп, сыр жазышалы, сагындырдың го, чиркин! Сени сагынгандай мен бул дүйнөдө эч кимди сагынган эмес элем. Жүрөгүм оозума тыгылып, сени көрсөм көз жаштарым атылып кетчүдөй абалда жүрөм. Эля
ОП-145-85. Эмне деп чечтиң? Барайынбы же менин келишимди каалабайсыңбы? Мен сени сагынганыман жулунуп жатам. Мен бир туугандарымды да сагындым, бирок аларды сени сагынгандай сагынган жокмун. Али.
ОП-145-86. Менин сасыгым, сагындым сени, бир жумага келип кетпейсиңби? Сиңдиңди көрүп, сагынычыңды таратып кетесиң? Айка.
ОП-145-87. Мага эмне тамак жасап бересиң? Бул жерге келип тамак жасап берип турсаң боло? Мээрим.
ОП-145-88. Сага жетейинчи сасык, көргөн жеримен жейм сени? Айка.
ОП-145-89. Мен бул жерде жатып алып, экөөбүздүн жолугушуубузду ойлонуп, кыялданып жатсам, сен эмне ден жатасың? Эмне, менин келишимди каалабайсыңбы? Али.
ОП-145-90. Айтчы жаным, сенин жашооңдо мен үчүн орун барбы? -деген суроого жүрөк жылытып да, менин жүрөгүмдө орун жок болсо сени мен алтыным дейт белем,-деп жооп бергениң кулак жаңыртат. Сезим.
ОП-145-91. Аська, Гулшан, Рианна, Таб.сыр, Алтынай, Айдеми-Айка, Барби, Сасилона, Эма-Гузел, Бакай, Меришка, Канжар, Кейси, Жака-Жазгүл, Фирдаус, Золушка, Мемо, Ханшай, ж.б экс СМСчилер силерди сагынып, издөөгө салып жүрөм, Кайдасыңар деги? Эгер СМСти окуп калсаңар 0553965244 номеринде күтөм. Макуся.
ОП-145-92. Досум Нурназикти 22-ноябрь туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ден соолугуң чың болуп, аман-эсен көз жарып ал. Максат менен бактылуу бол. Айзат.
ОП-145-93. Мен буюрса балдарымдын, кыздарымдын аттарын жалаң мусулман аттарынан коёт элем. 0558120ххх.
ОП-145-94. Даниель деген ырчыга саламдар болсун. Жумагүл.
ОП-145-95. Ассалому алейкум, кадырман калк. Бардыгыңарга Аллах өз ырыскысын берсин! 0554859ххх
ОП-145-96. КУУнун экономика-финансы бөлүмүн бүтүргөн 2005 -жылкы бүтүрүүчүлөргө: Жыргал, Мирбек, Улан, Сезимдерге салам жолдойм. Ишиңер ийгиликтүү болсун. Досуңар Кадыр.
ОП-145-97. Сен жакында келесиң жаным, аны ойлогон сайын жүрөгүм зырп этип турат. Сенин суроолоруңа кантип жооп берем деп ойлоном. Сен мага жагасың, бирок сени сүйүүгө жетише элекмин. Сенин мени сүйөрүңдү билемин. Эмне кылам? 0554702ххх.
ОП-145-98. Даниель деген ырчыга саламдар болсун. Айжумагүл.
ОП-145-99. Ассалому алейкум,кыргыз калкым! Супер смсчилер, кайдасыңар? Сырдашпайлыбы достор? Жөнөкөй кыз.
ОП-145-100. Экөөбүздүн жолугушуубуз жакшы өтсө экен. Менин жакшы көргөн жигитиме, болочоктогу жолдошумдун жүрөгүнө бекем ыйман берсе экен жана экөөбүздүн сүйүүбүздү кудай бекем кылып, өмүрүбүздүн аягына чейин экөөбүздү бирге кылып, эркек балалуу кылып бизге бакыт берсе экен. Эң негизгиси, жин шайтандардын жаман амалдарынан, ысытма, суутмаларынан сактап, бизди эки дүйнөдөн бактылуу кыла көр.
ОП-145-101. Эмнегедир менин жигитим ислам динин кабыл алып, өзүн мусулман десе дагы, эмнегедир анын мыйзамдарына баш ийгиси келбейт. Тигил дүйнөгө ишенбейт. Мени бир гана ушул маселе тынчсыздандырат. Ошон үчүн менин жүрөгүм ооруйт. Канткенде мен аны ыйман жолуна түшүрө алам? Эмка.
ОП-145-102. Баары бир мен сени жакшы көрөм, сен менин оюмдагы жигитсиң, мен өмүр бою сендей балага жолуксам экен деп тилеп келгем. Бирок бул дүйнөдө идеалдуу адам жок экен.Сенин да бир эле сапатың жакпайт. Ал сенин ыйманды четке какканың. Оо кудай, менин жакшы көргөн жигитимдин жүрөгүнө бекем ыйман бере көр. Аминь.
ОП-145-103. Бир күнү кыз жигит жолугушат кадимкидей, эртеси да жолугушмай болот.Бирок жигит келбейт, кыз көпкө чейин күтүп ЖАНА деп жазып кетет скамейкага. Эмне деп чечмеленет. Достор жообун 0772110824 жазгыла, сөзсүз күтөм. Айдай 93.
ОП-145-104. Атам Жыргалбекке, апам Таалайгүлгө салам жолдойм. Силердин жасаган иштериңер дайыма алга жылсын! Мен силер менен! Инна
ОП-145-105. Мен өзүмдү кимдир бирөөнүн жары катары элестетсем дагы бирөөнүн бүлөсү катары элестете албайм. Анткени жүрөгүмдө коркуу сезимдери бар. Ошондуктан мен өзүмдү дайыма сооротуп келем. Айгүл.
ОП-145-106. Айткылачы достор, чыныгы сүйүү барбы? Бар болсо ал кандай болот? Же мырзалар үчүн же айымдар үчүн сүйүү башкача каралганбы? Чыныгы сүйгөн адамдар бактылуу боло алышабы? Мерим.
ОП-145-107 Аллахумма, ля сахля илля ма жаъалтаху сахлян, ва Анта тажъалюл хазна иза шиъта сахлян
ОП-145 -108. Кайра-кайра шайлоо өткөзө берип, байлардын акчасын түгөтүү керек, элге чачышсын катылуу жаткан акчаларын, добуш берип коёсузбу деп тиленип.
ОП-145-109. Мен бул жашоодо бактылуумун. Ал эми чыныгы бакыттын даамын эми татам. Анткени, жакында ойлогон иштерим, тилегимдин бардыгы ишке ашат. Тилегим орундалат. Аллах мени ыйман жолуна салып, пайдалуу билим берип, эки дүйнөдөн бактылуу кылсын. Иншаллах.
ОП-145-110. Группалашым Чынгызга чоң салам! Окууларың ийгиликтүү болсун, алдыдагы максаттарыңа жет. Сен чыныгы патриот, мыкты жигиттерденсиң. Мен сага ишенем досум. Алга, башыңды эч убакта ылдый салба. Улаке.
ОП-145-111. Жашоо кандай керемет! Муза.
ОП-145-112. Алтын балык келчи мага, менин торума түшчү, менин тилектеримди аткарчы. Мен болгону үч нерсени сурайт элем. Сүйүү, өмүр жана бакыт . Муза.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??