п»ї

  Кумир менен баарлашуу

Омар:

Бул саныбыздагы "кумир менен баарлашуу" рубрикабызда, окурман кыздардын көптөн күткөн кумири Омар менен баарлашуу болду.

"Шоу-бизнести акча табуу максатында тандагам"
- Эмне үчүн атыңызды Өмүрбек деп коюшкан?
- Себеби, менден улуу Улан деген байкем бар болчу экен. Кичине чагында дагы мага абдан окшош болгон экен. Байкем өспүрүм кезинде эле чарчап калгандыктан, мен төрөлгөндө, "Ушул уулубуздун өмүрү бек болсун!"-деп Өмүрбек коюшуптур.
- Туулган күнүңүз кандай өттү?
- Ушул жылы туулган күнүм өзгөчө өттү. Себеби, Красноярск шаарынан баштаганбыз, анан Новосибирск шаарында болуп, кечинде Бишкекке келип калдык. Былтыр Америкада, андан мурункусу Алматы, Астана шаарларында өткөн. Быйыл биринчи жолу Бишкекте өтүп жатат.
- Өзүңүздү бактылуумун деп эсептей аласызбы?
- Ооба, эң бактылуу адаммын деп эсептей алам. Себеби, жакшы көргөн адамдарым көп, ата-энем, туугандарым, досторум аман, колу-бутум ордунда. Сиздердей жакшынакай угармандарым бар.
- Эмне үчүн шоу-бизнести тандадыңыз?
- Чындыгын айтканда, шоу-бизнести тандашыма бирден-бир чоң себеп, бул-акча болгон. Акча табуу максатында шоу-бизнести тандагам. Экинчиден, өзүмдүн кичине чагыман бери кумир тутуп келген чет элдик ырчыларды туурагым келип жүрчүмүн. Кудай таалам буйруп калып, минтип ырчы болуп калдым.
- Негизи эле ырчы болушуңузга кимдин салымы чоң?
- Өзүмдүн салымым чоң. Анткени, өзүмдүн максатым менен эле ата-энемен уруксат алып, продюсер менен иштешип баштагам.
- Ырчы жигиттерден дос күттүңүзбү?
- Шоу-бизнес болгондон кийин, бул жакта конкуренция көп болот. Бирок жеке жашоодо бири-бирибиз менен жакшы ымаладабыз. Сүйлөшүп турабыз.
- Бизди качан жеңелүү кыласыз?
- Бүгүн жетишсем, бүгүн деле жеңелүү кылам.(тамашалап) Кудай буюрса, 3-4 жылдан кийин.
- Азыр ырчылар бири-бирин көрө албай эле уруша беришет. Сизде ушундай учур болду беле?
- Көрө албастык менен урушуп кетүүлөр болгон эмес. Себеби, көрө албастык кылып, бирөө менен урушсаң, өзүңдүн деңгээлиңди көрсөтөсүң. Андай убакта иш менен көрсөтүш керек. Сөз менен айтышуу эркектин иши эмес.
- Питерге сапар тартканы турасыз. Ошол туурасында айта кетсеңиз?
- Питердеги Кыргызстандын жарандарына жаркын маанай тартуулап, жеке концертимди койгону баратам.
- Кыргызстанга мындан эки жыл мурун жеке концертиңизди берген элеңиз. Эмкисин качан бергени турасыз?
- Кудай буюрса, жазга мээлеп атам. Лондон, Франция, Корея, Японияга барып, ал жакта жашаган кыргыз элине концерт коюп келүү жакынкы пландарыбызда бар.
- Кайра Америкага кетүү тууралуу оюңуз барбы?
- Ал жакка барып-келип турам, бирок азырынча Кыргызстандан кетүү боюнча ойлорум жок.
- Ат жабдыктарын билүү ар бир кыргыз уулу үчүн парз. Сиз билесизби?
- Баарын билбесем дагы, араба кошконду билем. Ат жабдыктарына куюшкан, ээр, үзөңгү, тизгин, ооздук ж.б. кирет.
- Өзүңүздү чыныгы патриотмун деп эсептейсизби?
- Өзүмдү чыныгы патриотмун деп эсептей албайм. Себеби, андай патриот болуш үчүн Кыргызстандын өнүгүшү үчүн бүт жашооңду арнашың керек. А мен өзүм жашоомду Кыргызстан үчүн арнабагандан кийин, патриотмун деп айткандан алысмын. Бирок менин оюмча , өтүп кеткен көйгөйлөр жүрөгүбүздө кандайдыр бир кайгылуу тактарды калтырды.
- Мектепте кандай окудуңуз эле?
- 1-класстан 8-класска чейин бардык сабактарды бешке окугам. 8-класстан футбол, күрөшкө барып баштагандан тарта "4", "3" аралаша баштаган.
- Өзүңүздү сулуу мун деп эсептейсизби?
- Эркек киши өзүн сулуумун деп эсептесе болбойт го. Эркектин денесиндеги тырыктар, аны ого бетер сулуу көрсөтүп турат, - деп айтып калышат эмеспи. Ошондуктан, биз, эркектер, маймылдан кичине эле сулуураак болсок болду.
- АКШда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө ырдайт деп уккан элек?
- Ооба, АКШдагы Нью-Йорктун Бруклин шаарындагы "Караван" деген кафеде кыргыздардын баары чогулду. Ошол жакка концерт койдук.
- Анжелина Жоли менен бир рекламага тартыл десе, эмне кылат элеңиз?
- Брэд Питт макул болсо тартыла бермекмин.
- Шайлоодо "Республика" партиясына иштеген акчаңызга машина алдыңызбы?
- Ооба, алар төлөгөн акчанын жарымына машина алдым. Жол кырсыгынан кийин, ал машинам жараксыз болуп калды.
- Саясатка аралашкыңыз келеби?
- Чыгармачыл адам катары саясатка аралашкым келбейт. Бирок Кыргызстандын жараны катары өзүмдүн жеке оюм бар. Аны айтуудан алысмын.
- Кичинеңизде кайсы кесиптин ээси болгуңуз келчү эле?
- Юрист болгум келчү. АКШда юрист отуруп-турганга да керек. А бул жакта, ар ким өзүнө-өзү саясатчы, доктур ж.б.
- Продюсериңиз Миргүл эженин "Омар кыздарды көп сынайт" деген пикирин окуган элек. Чындыгында эле катуу сынайсызбы?
- Ал Миргүлдүн жеке ою болуш керек. Анын өзүнө көп кеңештерди айтам. Себеби, мага күйүп-бышып жатып, өзүнүн жигити менен болгон жашоосун унутуп калат. Ошондо,шоу-бизнестин сага кереги эмне? Аялзаты болгондон кийин, үй-бүлөлүк очокту тутантып кетиш керек, - деп калам.
- Болочоктогу келинчегиңиздин сырткы келбетине карап үйлөнөсүзбү?
- Кыздын сырткы сулуулугу эмес, ички дүйнөсү керек,- деген эркектерге такыр ишенбегиле.Ал эми кээ бирлер өзүнө окшоштуруп, же өзүнүн апасына окшоштуруп келинчек тандайт.

Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??