п»ї

  Обон пресс

Жогорку кеңештин басма сөз кызматы билдиргенине караганда, Өмүрбек Бабановдун башчылыгы алдында 29-ноябрда Республика фракциясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Мында негизинен, фракциянын уюштуруу иштерине багытталган бир нече маселелер каралып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн дагы талкуулашты. Негизги маселе катары, парламентте көпчүлүктү түзүү ишин карап, анда КСДПнын жетекчиси Алмазбек Атамбаев менен коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча сүйлөшүүлөр улантылып жаткандыгы жана документтердин долбоорлорун кароого кирише тургандыгы айтылды. Республикачылар коалициялык келишимге экономикалык программаларын ишке ашырууну жана ошондой эле өкмөттүн курамы боюнча сунуштарын камтууну демилгелей тургандыгын Өмүрбек Токтогулович билдирип өттү.


27-ноябрь күнү "Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев менен "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов Казакстанга сапар алышканы маалым болгон эле. Ө.Текебаев Астана шаарында өтүүчү саммитке кеткени белгилүү, бирок Кулов мырзанын жол тартышын ар ким ар кандай божомолдоп турган чагы. "Неси болсо да, баары жакшылыкка" демекчи, бул эки лидер же кудалашып же кубалашып келеби, аны көрө жатарбыз.




  Криминал

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, өлкөнүн бир нече шаарларында теракттын алды алынды. Кылмышка тиешеси бар деп шектүү адамдар кармалып, азыр көрсөтмө берип жатышат. Бир нече килограмм жардыруучу зат колго түштү. Азыркы тапта ички иштер министри Зарылбек Рысалиев окуянын чоо-жайы тууралуу жарандарга кайрылуу жасады: "Сепаратисттик кыргыздар, өзбектер жана орус улутундагы бир адамдан турат. Азыркы тапта 9 адам кармалды, алардын жанынан жардыруучу заттар, эки Макаров тапанчасы бир травматикалык тапанча баңги заттар жана 69 миң сом табылган.
Маалыматка караганда, азыр өлкөнүн түштүгүндө тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жол тосмолор кайрадан коюлду.

Бишкекте ЖК депутаты Ширин Айтматованын унаасын тоноп кетишти. Анын айтымында, 26-ноябрда 20:30дар чамасында ал өзүнүн "Лексус RX-400" унаасын Киев-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Народный" дүкөнүнүн жанына токтоткон. Ал дүкөндө болгон 10 мүнөттүн ичинде белгисиздер унаанын алдыңкы оң терезесин сындырып, ичинде телефон жана документтери бар сумкасын көтөрүп кетишкен.
Депутат милицияга арыз менен кайрылды.





Маданият

3-декабрда Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында режиссёр Камат Касеновдун "Узун бойлуу 3 аял" аттуу трагедия жанрындагы драмасы коюлат.


Жакында кыргыздын таанымал сүрөтчүсү Асатилла Тешебаевдин соңку эмгектери камтылган жекече сүрөт көргөзмөсү Австриянын Грац шаарында ачылды. 53 жаштагы Тешебаев мырзанын эмгектери буга чейин Орусияда жана батыш Европанын бир катар шаарларында көргөзмөгө коюлган.






Шашылыш билдирүү

Кыргызстанда 2-4-декабрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күндүз, 2-декабрда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, 3-4-декабрда кар кээ бир райондордо катуу жаайт, суу кар бак-дарактарда жана чубалгыларда топтолот, жолго муз тоңот.
Абанын температурасы 3-декабрда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0 градуска чейин төмөндөйт, ал эми 4-декабрда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градуска чейин болот.
Аба ырайынын мындай шартта болушу талаа жумуштарына, транспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын жумушуна өз кедергисин тийгизет.





Экономика

Нарын облусунун губернаторунун орун басары Сабырбек Сардарбековдун билдиргенине караганда, кийинки жылдан тарта облустун ар бир районуна этти кайра иштетүүчү цехтерди куруу жана пайдаланууга берүү иштери тууралуу вазийпасы коюлду. Буйруса, кийинки жылдан баштап, облуста кайра иштетүүчү цехтер ачылып, Казакстанга жана Чүйгө кетип жаткан тонналаган эттер Нарындан колбаса болуп, борборго келип турмакчы. Болгону, шаардыктар эми чындап "эт жебес Эшимов" болобу деген эле көйгөй…


Мында эки айдан берки гидроэлектростанцияны жабдыктоо боюнча иш-аракеттер аяктап, 27-ноябрда Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киргизилди. "Уккан кулакта жазык жок" дегендей, Камбар-Ата-2 ГЭСинен бөлүнүп чыккан электр кубаты бүтүндөй Токтогул районун каржылайт имиш. "Ошондой болсо гана" деген эле карапайым калктын каалоосу. Гидростанция жана гидромонтаждоо боюнча инженердин айтуусунда, "Камбар-Ата-2" ГЭСи дүйнө жүзү боюнча жалгыз эксперименталдуу ГЭС болуп эсептелинет.





  Дүйнөлүк жаңылыктар

"Мусулман агаиндер"
Египет өкмөтүнө нааразы
Египеттик "Мусулман агаиндер" уюмунун жүздөгөн колдоочулары 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо добуштар бурмаланганын жана орой мыйзам бузуулар болгонун айтып, добушканалардын алдында нааразычылык билдиришти. "Мусулман агаиндердин" сөзүндө аларды колдогон 1200дөй талапкер шайлоо алдында камакка алынган.
Башкаруучу Улуттук демократтык партия 508 орундуу парламентте көпчүлүк мандатка ээ болот деп болжолдонууда. Президент Хосни Мубарак өзү 10 депутатты дайындайт. Парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы бүгүн чыгат. Египетте 41 миллиондой шайлоочу бар.

Гаитиде президенттик шайлоо чатак менен өттү
Президенттикке талапкер 18 адамдын 12си шайлоо добуштарды массалык бурмалоолор менен өттү деп, мөөнөтү бүтүп жаткан Президент Рене Превал башындагы "Биримдик" коалициясын" добуштарды уурдады деп күнөөлөштү. Алардын ичинде бардык негизги оппозициялык партиялардын талапкерлери бар. Өлкө борбору Порт-о-Принсте добуш бере албай калган көптөгөн адамдар нааразычылык акциясына чыгышты. Бирок Гаитинин Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдөгү 11 миң добушканада болуп,добуш берүү нормалдуу өткөнүн билдирди.

Аль-Каида: Йемендик шииттерди өлтүрүү мыйзамдуу иш
Арабия жарым аралындагы "Аль-Каида" уюму 24-ноябрда Йемендин түндүгүндө болгон кызыл кыргын үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Ал күнү жанкечти жардырган бомбадан шииттердин хузи уруусунан 17 киши набыт болгон.
Экстремисттик уюмдардын сайттарына көзөмөл салган SITE чалгындоо борборунун билдиришинче, террорчулардын сайтында "хузилерге каршы чабуул мыйзамдуу түрдө жасалганы" жана согушчандар "дагы жаңы чабуулга камданып жатканы" белгиленет.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??