п»ї

  Куттуктоо!

"Обон" гезитинин башкы редактору Афина Бакированы 3-декабрь-туулган күнү менен куттуктайбыз! Үй-бүлөлүк бакыт, узун өмүр, тунук көңүл каалап, сөздүн касиети колдосун дейбиз. Окурмандарга билдире кетчү дагы бир жагдай - бүгүндөн тарта Афина Бакирова жеке жумуштарына байланыштуу "Обон" гезитинин редакторлугун башка кесиптешине өткөрүп берип жатат. Акырында акындын ыр түрмөктөрүнөн бир үзүм арноо менен, АК ЖОЛ сага, Афина, демекчибиз.

Өлсөм кайра кайтып келчү жанга окшоп,
Боёгумдай көргөн жокмун өмүрдү.
Өзүм сүйбөй, сүйгөндөрдү кооздоп,
Жашаганым, жашаганым төгүнбү?..

Жаштыгым да чекиттерден башталат!
Катар өчүп, көзү түшкөн жылдыздай.
Ошол кездин билем баары акталат!
Дал бутума чөгөлөтөм тургузбай.

Айнектей өң бута болуп ушакка.
Же үзүлүп түшпөй көктө термелет.
А мен - менмин! Моюбас да ноюбас!
Дүйнө, мени ушул бойдон термеп өт!


Шыбырасам шыбырыман күбүлгөн,
Сапырылган, жапырылган сүйүүлөр.
Баарыңарды аруу бойдон аттадым,
Каяшаны айталбайсың бириңер!


Бала элем, баёолугу өзүнө өч!
Бүгүн менде кызыл нурдай өрт тарайт.
Сүйгөнгө эмес, сүйүүсүнө бүгүлгөн,
Менин атым эчен эсте жатталат.
Менин атым…




  Ыр түнөгөн жүрөк

Биздин редакциябызга баш калаабыздан тартып, алыскы аймактардагы окурмандарыбыздан да каттар байма-бай келип турат. Андагы ак баракта бизге болгон аруу тилектер, сунуштар, сындар да бар. Калем төшөп ыр жазып, такшалган калемгерлерден тарта, жаңы чиймелеп баштаган "балапандардан" өөдө ырларын жөнөтүшөт. Эмесе, "артуу-артуу бел ашып, агыны катуу суу кечип" келген, ак конверт ичиндеги ырларга кезек берели.


"Айдын нурун жамынып үстүбүзгө,
Арзып жүрүп бир жеткен түнүм болчу"

Тургун Жума (Жумаев Тургунбай) Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын ээси. Тажикстандын Канибадам районундагы, Жийдели кыштагында туулган. "Кумар көз", "Сен бар үчүн", Оо, сүйүү" аттуу ыр жыйнактардын, "Байыркы бабалар жеринде", "Эл адамы" деген даректүү баяндардын автору. Учурда Баткен районунун тургуну.
Сенде бар
Сенде бар, сенин тунук көздөрүңдө,
Муздун бир сыныгындай күлмүңдөгөн.
Бир сыр бар башка адамга угулбаган,
Бир муң бар башка адамга билинбеген.

Сенде бар, сенин аруу келбетиңде,
Бир жыт бар башкаларга сезилбеген.
Бир сыр бар сен башкага ырдай элек,
Бир күү бар сен башкага черттирбеген.

Сенде бар, сенин назик ийменүүңдө,
Бир ыргак башка ыргактар тең келбеген.
Жүрөктү ээ-жаа бербей ээликтирген,
Кол шилтеп кеткен менен чектелбеген.

Мен дайым ал ыргактан эргүү алып,
Ак тилек, арзууга ашык албуут күчмүн.
Өзүңдү өзгөчө бир үмүт менен,
Өрүктөр сөйкө таккан кезден күттүм.



Ыйык сырды сактай жүр
Наристедей пакиза гүлүм болчу,
Өзүң гана тааныган үнүм болчу.
Айдын нурун жамынып үстүбүзгө,
Арзып жүрүп бир жеткен түнүм болчу.

Ай жамалың багынтып, айдай тунуп,
Сен деп жашайм, дилим ак, оюм тунук.
Жараткандан миңден бир суранарым-
Тагдыр бизди кетпесин адаштырып.

Сүйүүбүзгө албайлы чаң жуктуруп,
Мукам үндү муунтуп тумчуктуруп.
Ыйык сырды сактай жүр ыйык бойдон,
Керек болсо көрдөн да ыргып туруп.

Нусубалиев Умар
Эсиңдеби?
Кыштын сонун керемет кезиндеги,
Козгоп таза сүйүүнү сезимдеги.
Жанга ырахат, жаңы дем себелеген,
Жаңы жылдын жагымдуу кечиндеги.
Эркем ай, элжиреткен эт-жүрөктү,
Экөөбүз таанышкан күн эсиңдеби?

Эң таптаттуу, эң бактылуу, эң кызык,
Атаганат, ошондогу көз ирмем!
Жүрөгүмө сүйүү издеп сыздаган,
Айыктырар даба сезгем өзүңдөн.
Ал күн менин жан дүйнөмө чок салып,
Так калтырды кетпес болуп сезимден.

Көпкө турдум, батынып сүйлөй албай,
"Кара көз кыз, атыңыз ким?" дей албай.
Чиркин ай, ошондогу сулуулугуң,
Мээрим төгүп, жылмайып күлгөн айдай.

"Таанышууга болобу?" "Болот" дедиң.
Номериңди сурадым, "Керек" дедим.
Азыр ошол учурду эстеп алып,
Көңүлүм бир башкача болот менин.
Ал кезди эңсеп менин сезимдерим,
Эркем ай, сагынычка толот менин!

Унуталбай ал таттуу мүнөттөрдү,
Жан дүйнөм сен деп жашап келет менин.
Бал дүйнөмө азап салды чиркин ай,
Жалындаган от экен каректериң…
Сездиң бекен, көлөкөм ошол күнү,
Махабат жүрөгүмө дан эккенин…

Ормошова Жеңишгүл Алимбаевна, ОШТУнун студенти
Мээлүүн түндүн
койнунда
Сага, Акжол, ыр арнадым жүрөктөн.
Ар соккондо сенин атың түнөткөн.
Күндүз болсо алаксыймын иш менен,
Сени оюма салып койгон түн - өктөм.

Сүңгүп кирем мээлүүн түндүн койнуна.
Өзүң жакка буруп коём ойду да.
Өңүң, сөзүң, көзүң чууруп элесте,
Кыдыруудан кыял келет ордуна.

Түндү дагы мен эркине койбодум.
Бирге жүргөн учурларды бойлодум.
Сезесиңби, каттаганы тынбастан,
Ак-Суу, Ноокат ортосунда ойлорум.

Чойбекова Тинатин Жумабековна
Узарталы
махабаттын кезеңин
Тириликтин түйшүгүнө жанчылып,
Күндөр өтөт кээде чыгып каршылык.
А түндөрдүн жалынычтуу жыргалы-
Жоруктары бүтпөс такыр айтылып.

Кереги не жүз үйрүшүп, жектешип,
Ансыз деле сүрчү өмүр чектелүү.
Түз мамиле жүрөктөрдү жылытсын,
Чыйрыксаң да көңүл үшүп кетпесин.

Жектөөнү кой, түшүнүшүп сезели,
"Жакшылыкты сага каалайм!" - дешели.
Махабат бар, асылдаган жашоону,
Узарталы анын сүйкүм кезеңин!..





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??