п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Тата Уландын чыгармачылыгына, стилине кандай карайсыз?
Сын болбосо эч кандай өсүү болбойт эмеспи. Чыгармачыл адамдарды "Жаргылчак" рубрикабыз аркылуу, ошол эле чөйрөдөгү адамдардан ал инсандын чыгармачылыгы, жеке өзү тууралуу сын-пикирлерин жазып келебиз. Бул жолку "Жаргылчактын" баатыры Тата Улан болмокчу.


Майрамбек Осмонов, обончу, ырчы:
"Тата элди таң калтырып, тарыхта калам деп ойлобой эле койсун"
- Өзүмдүн жеке оюмду айта турган болсом, Тата Уландын ырларына түшүнбөйм. Анын ырдап аткан ырлары ыр деле эмес да. Мусулман катары бетин жаап жүргөндү аялдардан көргөм. Андай нерсе эркектерге шарт эмес. Мен "рэп" деген нерсеге таң калбайм. Себеби, бизге улуулукту билдире турган "Манас" деген рэп бар, манасчылар бар, а калган "репчилер" ошонун эле чачырандысы. Манас айта албай эле сүйлөп киришкен. Өзү рэпти үнү жоктор айтат. Бул айла кеткендеги иш да. "Этно акын" дегенине кошулбайм. Тата Улан өзү үчүн чоң жаратуу деп ойлошу мүмкүн. Тата элди таң калтырып, анан тарыхта калам деп ойлобой эле койсун.
Назира Жетигенова, куудул: "Тата -таза сүйлөгөн бала"
- Уландын стилине, имиджине жакшы баа берем. Татага элдин баары кызыгат. Тата Улан менен катташып калганда "Маскаңды чеч", - деп сурай беришет. Анын ырларында кыргыздын колорити бар. Ошонусу менен баалайм. Жеке жашоосунда болсо, түз сүйлөгөн таза бала. Мирбек, Султандан кийинки чыккан артисттер алардын стилин туурап кетип жатышпайбы. А Татанын стилин эч ким туураган жок, жана ал дагы эч кимди туураган эмес. Ошондуктан бир чыккан талант деп эсептейм.

Мыктыбек Арстанбек, журналист:
"Рэп акын" десе болмок экен"
- Жакшы баа берем. Баалайм. Азамат. Кандай десем, өзү ырчылардын интеллектуалдык деңгээли анча деле жогору боло бербейт. Бирок бул жигитте интеллектуалдык деңгээл бар. Бул жерде адамдар, анын ырдап жаткан ырына көңүл буруш керек да. Анын ыры радиодон чыкканда бет кебин ким көрүп отурат? Кеп ырдын мазмунунда да. Ырчылардын трагедиясы ушу да. Жалтыраган көйнөктөр менен элди алаксыта берет. Кеп анын чыгармасында турат. Бетин эмне кылса өзүнүн иши. А угуучунун иши-чыгармасы. Анан өзүнө "этно акын" дегенин "удачно" таап алыптыр. Мен "эстрада стилиндеги акын" деп айтам. "Рэп акын" десе болмок экен.
Назира Айтбекова, телеалыпбаруучу: "Шоу-бизнеске маскасы менен оригиналдуулук берет"
- Тата Уландын чыгармачылыгына түз карайм. Биздин шоу-бизнесте оригиналдуу чыгармачыл адам катары жакшы баалайм. Маскасы менен шоу-бизнеске оригиналдуулук берип турат деп ойлойм. Бул идеясы мага жагат. Элдикинен өзгөчө. Ал эми ырлары тууралуу айтсам, ар бир ыры маанилүү. Ошонусу менен көңүлүмө төп келет.

Абдылда Иманкулов, куудул: "Мен андай немеге түшүнбөйм"
- Мен андай немеге түшүнбөйм. Баа да бере албайм. Тата Улан деген маскачан ырдаган балабы? Аны көрүп калып жүрөм, бирок жакшы тааныбайт экенмин.

Ильяз Агыбай уулу, куудул: "Тата Улан азыр өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө элек"
- Тата Улан чыгармачыл инсан катары, өтө оригиналдуу, таланттуу жигит деп эсептейм. Азыркы жазган жаңы заманбап ырлары, патриоттук темасы жаштарга жакшы. Тата Улан жасаган нерсени эч ким жасаган эмес. Бул өзүнүн багыты менен келе жаткан жигит. Тата Улан азырынча өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук көрсөтө элек. Этно акын деген сөздүн аныктамасын жакшы билбейт экенмин. Бир жагынан туура эле. Себеби, Манастын стилинде ырдап жатат. Өзүн-өзү "Этно акын" деп аныктама берсе дагы туура болуш керек. Менин оюма койсо, мындан да башкача терминди кошмок элем. Уланга чыгармачылык ийгилик жана Шрек менен Фионанын сүйүүсүн каалайм.

Нурдөөлөт Копоев, актёр: "Тата Уланды тойдо жакшы кабыл алышат"
- Мен Уландын 4 жыл бою бир комнатада жашаган курсташы катары ал жөнүндө көп билем. Окуп жүргөндө эле баарына тың болчу, ырларын орус тилинде жазчу. Мага келип окуп берчү. Азыркы ырдап жүргөн ырлары, бери жагы эле десем болот. Анын китеп-китеп ырлары бар. Элчилеп 5 мүнөт даярдана калып, сахнага чыга коюп жылдыз болгон азыркы кээ бир ырчыларга караганда, Уландын 3 жылдык окуусу, андан кийинки даярданып чыгуусу да профессионалдык деңгээлде десем болот. Маскасына да абдан баа берем. Анткени, өзү мурун эле ушундай маскаларды көп жасачу. Түстүү гипстерден ар бирибизге ар кандай фигураларды жасап белек кылчу. Алгачкы маскасын көз айнекти сындырып, айнегин алып, гипске чаптап жасаган эле. Тойдо да жакшы кабыл алат. Мурдагы күнү эле бир тойдо "Тата Улан" келет деп атышкан, ал келгенде элдер тура калып кол чабышты. Тата менен сүрөткө түшөбүз деп, элдин жарымы сыртка чыгып кетишти. Ошондо "Азамат, курсташым, азамат Щепка (Щепкинде окуганбыз да)", - деп шапкемди булгап кала бердим.

Айгерим Расул кызы, ырчы: "Бет кебин ачып коюш оңой эле"
- Мага Тата Уландын ырлары такыр эле жакпайт. Өзү "Манасты гана угам" деген адамдын жазган ыры бул:
"Төштү ачып, суктандырып,
Чакырасың шайтанды.
Жаккың келет, денең менен,
Өзүң баштап жаманды", - деп, сойкуларга тийишип ырдаганы кыжырымды кайнатат. Ал эми анын бет кеби туурасында айта кетсем, бетти аялдар гана жабат. Эркектер бетин жапканы дегеле кыргыздын менталитетине туура келбеген нерсе. Анан эркек башы менен оозуна алы келбей эле, ар нерсени сүйлөй берген жагы бар экен. Дагы ошондой сөздөрдү айта турган болсо, анын бет кебин ачып коюш оңой эле.
Айчүрөк Иманалиева, ырчы: "Кичүү катары кичи пейилдикти сезбейм"
- Тата Улан менен жеке байланышым жок. Бирок концерттерден көрүшүп калабыз. Ырлары жаштардын табитине ылайык келсе керек да, менин Арленим, Аэлитам анын ырларын жакшы көрүп угушат. Концерттерде Мирбек Атабековдор:"Кандайсыз , Айчүрөк эже",-деп атайын келип учурашып кетишет. А Тата Уландан кичүү катары кичи пейилдикти сезбейм. Бет кеби боюнча айтсам, ар кимдин өзүнүн стили бар да. Мен ага жакшы карайм. Анан анын чыгармачылыгы боюнча жакшы тааныш болбогондуктан, ал жигит жөнүндө көп нерсе айта албайм.

Төлөбүбү
Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??