п»ї

Гулнара Калдарова жаңы жылга өзгөчө кам көрүүдө
"Кыз Бурактын" мурунку солисткасы Гулнара Калдарова жаңы жылга эмитеден эле өзгөчө кам көрүүдө. Тактап айтканда, Коомдук телеканалда боло турчу көрсөтүүлөргө даярданып, бир нече ырларды иштөөдө. Жаңы эле "Сүйгөнүмө" деген ыр жаздырып бүтүп, эми дуэт ырдаганга даярданууда. Ал эми ким менен дуэт ырдай турганын сыр бойдон калуусун суранды.

Кубаныч Сатаев жаңы конушка көчтү
Таланттуу инсандардын катарын толуктаган Кубаныч Сатаев үй-бүлөсү менен Баят кичи районундагы жаңы үйүнө көчүп барышты. Жаңы конуштун босогосун "биссимилла" деп аттаганда эле түлөө өткөрүштү. Андан тышкары, чыгармачылыгында азыркы жаштарга чоң сабак болот деген үмүт менен тарбиялык мааниси терең, карыларга арналган "Ата-эне" деген ыр жаздырууда. "Эми, буюрса, жаңы жылды жакшы тосуп алсак, жаңы пландар менен чыгармачылыкты өркүндөтүүгө аракет кылабыз",- дейт Кубаныч мырза.


Амир Аскаровду тоноп кетишти
Жаш ырчы Амир Аскаров өткөн жумада 11-кичи райондон түнкү саат 3-00дө жумушунан чыгып үйүнө келе жатканда белгисиз эки бала ырчы жигитти сабап, тоноп кетишкен. Жанындагы бардык керектүү документтерден тартып, чөнтөк телефонун, акчасын алып, кабыргасын, колун сындырган. Жабыр тарткан ырчы дароо ооруканага жеткирилип, учурда дарыланууда. Ызаланган жаш ырчы мындай көрүнүштөргө абдан нааразы. "Мен студиядан жаңы "Энеке" деген ырымды жаздырып, сүйүнүп келе жатканда, чоочун балдар өзүмдүн үйүмдүн алдынан сабап кетишти. Эгер убагында мындай көрүнүштөрдү токтотпосок, кыргыз бири-бирин ушинтип эле жоготуп, "кыргыз" деген улутубуз өчүп калышы мүмкүн. Буга чейин Амир мырза "Дельмар" тобунун экс-солисти Сардар Түркменов менен биргеликте "аранжировка" студиясын ачып, ырчы Асеманын, Заринанын, Алькамилдин, Максат Бегаливдин бир нече ырларына аранжировка жазып бергенин билдирди.


Айчүрөк айым темир тулпарлуу болду
Сахнада жыйырма жылдан ашык эмгектенип келе жаткан Айчүрөк Иманалиева дагы да болсо чыгармачылыгын өркүндөтүүдө. Дегеним, жаңы эле "Алымкан" аттуу ырына клип тарттырып бүтүп, кайра "Махабат дастаны" деген фильмдин саундтрегинен клип тартыруу аракетин көрүүдө. Андан тышкары Айчүрөк айым ак эмгеги менен тапкан акчасына, Бишкектеги бир гана экземплярга ээ болгон кочкул-кызыл түстөгү "Джип Чероке" үлгүсүндөгү темир тулпарды 30 миң долларга сатып алды.


  Ууз сезим

Куба Султанов:
"Жүрөгүм оозума тыгылып, сүйлөй албай калдым"
Кылымдан кылымдарды карыта жашаган сүйүү. Ал эми алгачкы махабат унутулгус, эскирбес, таза, тунук болот эмеспи. Биздин "Ууз сезим" аттуу рубрикабызда таанымал инсандардын алгачкы сезимдери туурасында сөз кылмакчыбыз.

- Мектепте окуп жүргөндө кандай мүнөздөгү бала элеңиз?
- Мектепте окуп жүргөндө шайыр, шок бала болчумун. Тактап айтканда, "жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" - деген принципке таянчумун.
- Алгачкы сүйүүнүн даамын канча жашыңызда таттыңыз эле?
Алгачкы бал сүйүүнүн даамын 20 жашка толгондо таткам. Мен анда экинчи курс та окучумун. Ал жаңы биринчи курска келген экен. Таанышсак эле досумдун классташы болуп чыга келди. Бир көргөндө эле жүрөгүмдө жылуу пикир пайда болду. Ошол күндөн тартып, ал кыз менен ооруп калдым. Күндө үйүнө барам, экөөбүз сабакка жетелешип келебиз. Алдыбыздан тааныштар чыкса, колдорубузду ала коюп уялчубуз. Ал кездеги сезимдерди эстесем, менден өткөн бактылуу киши жок болгондой сезилчү.
- "Алгачкы махабат өмүргө өчпөй турган из, жүрөккө кетпей турган так калтырат"- дегенге кандай карайсыз?
- Албетте ,ар бир эле адамдын башына сүйүү келет эмеспи, анан алгачкы сүйүү өмүрдө өчпөй турган из ,ал эми жүрөктө кетпей турган так дегендей, менин жүрөгүмдөгү айым бирге жүргөн күндөрү менен эсте калган. Жүрөгүм тынчыбай, ал селкисиз жашоо токтогондой сезилип, сүйүү сезимдерине суусап турсаң, кантип анан сүйүүнү даңазалабай коёсуң.
"Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден, сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден" - дегендей, карап көрсөк, бул сөздө сүйүүнүн улуулугун, сезимдин тунуктугун, ай- ааламда сүйүү бар экендигин чагылдырып кеткен. Ал эми менин алгачкы сүйүүм экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө бир жыл болгондо, досторубузду чакырып, бир жылдыкты белгилеген элек. Ошол күнү чексиз бактылуу болгом.
- Биринчи "сүйөм" деген сөздү кимге арнадыңыз эле?
- Эң биринчи "сени сүйөм" деген сезимди билдириш өтө оор, өтө татаал болгон эле. Ал сүйүүмдү билдиргеним эч убакта эсимен кетпейт. Суйүүмдү айта албай үч күн катуу кыйналгам. Мына азыр айтам деп жүрүп, жүрөгүм оозума тыгылып, айта албай жүрүп, арадан үч күн өтүп кеткен. Анан даярданып барып, түнкү саат 12:30 да айтканым эсимде. Эми мен шакек салып айтпасам дагы, жөн гана колунан кармап сүйүүмдү 30 мүнөт айткам.
- Сүйгөн кызыңызды досторуңуздан кызганчу белеңиз? Кызгануу сезимдери кандай болот?
- Негизи, сүйүү бар жерде сөзсүз түрдө кызганыч болот.
Менин оюм боюнча, жигитке кызганган жарашпайт, ошончолук эле өрттөнүп баратса, ичинен кызгансын. Ал эми бийкечтердин кызганганы билинип турган жагат. Менин дос балдарымдын дагы сүйлөшкөн кыздары бар болчу. Кээде тамашалап, "кел, алмашабыз" - дей берчүбүз. Бирок мен досторумдан кызганчу эмесмин, тамаша менен жооп берип койчумун. Мен сүйүү бар жерде, кызганыч да болот деп ойлойм.
- Сүйлөшүп жүргөн убакта, эсте калган романтикалуу күн?
- Бир жолу мен айылга шашылыш жумуштарым менен кетип калдым. Анда 14-февраль болчу. Менин бактыма жараша, ошол күнү саат алтыдан тартып, онго чейин бекер болуп калды. "Мен айылдамын, сага бара албай калдым", - деп майрамы менен куттуктап, телефон аркылуу сүйлөшө берген элек. Кеч кирди. Мен: "Каяктасың" - деп сурасам, "Үйдө ,өзүмдүн бөлмөмдө,терезенин жанында сен жакты карап турам",- деп жооп берип калды. Ошентип, мен өзүмдүн үйүмөн чыктым да, анын үйүнө жеткичекти сүйлөшүп бардым. Терезесинин жанына көрүнбөй акырын келип, бир маалда маңдайынан чыга калсам, "ээ!" деп чочуп, катуу кыйкырып жиберген. Өзүм чочутуп алып, терезеден бери секирип кетеби деп коркуп кеткем. Анан ал үйүнөн чыгып, экөөбүз чуркап келип кучакташып калганбыз. Бул мен үчүн романтикалуу күн болгон.
- Алгачкы сүйүү абдан сүрдүүбү?
- Алгачкы сүйүүнүн сүрдүү экенин баары эле билет болушу керек. Анткени, сүйүүнүн сүрү кинолордо жана чыгармаларда деле чагылдырылып келет. Көпчүлүк мырзалар:"Жанына барсам жүрөгүм оозума тыгылып, сүйлөй албай калдым",- деп айтып калышат го.
- Сүйүүнү даңазалап, мыктыпоэма, роман, ода жараткан улуу инсандардын кайсы чыгармасы сизге таасир калтырды эле.
- Мен үчүн сүйүүнү даңазалаган мыкты чыгарма болуп улуу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл алмасы" таасир калтырды.


Нургүл Ибраева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??