п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Биз экөөбүз…

Турмуштун ачуу-таттуусуна чогуу чыдап, бир үйдөн түтүн булатып келген ырчы мырза Аскат Мусабеков, кыякчы Залина аттуу жубайы менен бизде конокто.

Аскат Мусабеков:
"Көп учурда Залинанын кеңешине муктажмын"
- Сөздү алгачкы таанышуудан баштасак?
- Филармониянын эки жылдык студиясын бүтүп, улуттук Консерваторияга тапшырып, Карамолдо Орозов атындагы оркестрга музыкант болуп кабыл алындым. Анан менин "Карындашым" деген ырыма кыл кыякчы кыз керек болуп калып, Залина кыяк тартып берген. Башында учурашып коюп эле жүрдүк. Анан улам ырларыма кыяк тарттырып жатып, жакшы тааныштардан болуп кеттик. 2005-жылы 8-мартта Залинага "Майрамың менен!" - деп СМС жиберсем, "Рахмат", - деген жооп келди. Ошондон баштап эле бир кызыктай боло баштадым. Залинага телефон чала баштадым. Залина болсо, менин жактырып калганымды билбейт. Концерттерге чыгып калганда да, "Жакшы ойнодуң, азамат!"- деген комплименттерди айтып жүрдүм. Залинаны көрүп өзүнчө эле сүрдөп, учураша албайм. Же сүрдөгөнүмдү Залина сезип койсочу, унчукпайт. Анан, бир жолу балдардан айттырып жибердим. Балдар барып: "Залина, сени бир бала жакшы көрүп калыптыр", - дешсе, Залина да билгизбей, "Ким?" - деп сурайт. Анан алар, "А" дан башталган бала", - деп жатышып, Аскат экенимди айтышыптыр. Менин жактырып жүргөнүмдү билгенден кийин, көп убакыт бою экөөбүз бири-бирибизди көргөндө качып жүрдүк. Анан чогуу иштеп калдык. Мен ырчымын, булар музыканттар, аспаптарда ойношот. Маңдайымда отурушат, же бир карап койбойт. Ошондо "билмексен болуп отурасың" деген мааниде бир ыр жазгам. Өзүмдүн айта турган сөзүмдү ыр менен айтчумун. 2008-жылы 21-ноябрда баш коштук, 2009-жылы 21-декабрда Акзыйнат аттуу алтын кыздуу болдук.
- Гастролдорго чыгып калганда, келинчегиңизди кошо ала барасызбы?
- Гастролдорго экөөбүз эки башка чыгып калабыз. Мен Кыргызстанды кыдырсам, Залина чет өлкөлөргө көбүрөөк барат. Кудай буюрса, 12-декабрда концерт бергени жатам. Ошондон кийин, кызыбыздын бир жашын белгилеп коюп, Турциядан чакыруу келген, ошол жакка 10 күн гастролго барып келебиз.
- Залина эже чет мамлекеттерде жүргөндө ким кайтарат? Айтайын дегеним, кызганбайсызбы?
- Жок, чыгармачыл адам болгондон кийин, бири-бирибизди түшүнүшүп жашайбыз. Мисалы, мен деле талаалап, бир күн Нарында, бир күн Ошто жүрөм. Жөн жерден эле кызгана берген болбойт да.
- Үйдө чечимди ким кабыл алат?
- Бир анекдот эсиме келип кетти. "Бир абышка достору менен отуруп, "Майда-чүйдө маселелердин баарын кемпирим чечет, чоңдору болсо, мен чечем, - деп сүйлөшүп алганбыз", - десе, жолдоштору:"Анан эмне болду?", - деп сурашат. "Ошо, үйлөнгөндөн бери чоң маселе боло элек", - деп жооп бериптир. Бирок бизде андай эмес. (күлүп) Үйгө тиешелүү нерсени Залина өзү чечет. Кээ бирде чогуу чече турган маселелерди чогуу чечебиз. Эркек болгондон кийин, көп чечимди өзүм кабыл алам. Капчык болсо ортодо. Тапкан акчаны ортого коё беребиз, кимге керек болсо, ошол жактан алып жумшайт. Көп учурда Залинанын кеңешине муктажмын. Бири-бирибизге абдан көнүп калганбыз. Жанымда жок болсо, телефон чалып кеңеш сурап, анын оюн угуп, кеңешип чечебиз. Бирок табит жактан Залинанын табити жакшы.
- Үйдө чырды биринчи ким баштайт?
- Чырды ким биринчи баштаарын билбейт экем. Өзүнөн-өзү эле башталып кетет. Кээ бир учурларда, маанайым жок болуп калса, жөндөн-жөн эле жерден казан-аяк кагышып кетет. Бирок көп кагыштырбайбыз. Залина анча-мынча көк бетирээк. Урушуп кеткенде, мен биринчи кечирим сурайм.
- Ар бир адам бай болгусу келет эмеспи. Сиз бай болсом деп кыялданчу белеңиз?
- Ойлоп көрсөм бай болсом деп кыялданчу эмес экемин. Өзүмдүн артыма өлбөс-өчпөс чыгармаларды элдин жүрөгүнө калтырсам деген кыялдарым бар болчу. Чыгрмачылыктын чокусу жок, изденсең чыга берет.
- Аяшыңызды сүйүп калган учурлар болду беле?
- Жок, андайдан кудай сактасын.
- А досторуңуз сиздин келинчегиңизди сүйүп калса эмне кылмак элеңиз?
- Андай достун барынан жогу. Баягы "Ээсин сыйласаң, итине сөөк ыргыт", дегендей, эгер досуңду сыйласаң, досуңдун туугандарын, анын ишин, оюн дагы сыйлашың керек.
- Билек түрүп, тунгуч концертиңизди койгону турасыз. Продюсерлик жагын ким карап, ким демөөрчүлүк кылып жатат?
- Ооба, азыр кыргыз элим элдик ырларга суусап турса керек. Буюрса, тушоо кесүү концертимде элдик аспаптар коштойт, улуттук колориттеги ырларды ырдайм. Кудай буюрса, концерт жогорку деңгээлде өтөт. Жеке концерт болуп жаткандан кийин, 95 пайызын өзүм ырдайм жана баары жандуу үн менен болот. Чыңгыз Айтматов атабыздын туулган күнүнө карата да эки чыгарма аткарам. Эч ким продюсер болгон жок. Кеп-кеңештерин, концерттин жол-жоболорун айткан эже, агалар болуп жатат. Демөөрчүлүк жагы болсо, өзүбүздүн тапкан-тергенибизди концертке жумшап жатабыз. Концертке өзүмдүн агайым Улукмырза Полотов, Каныкей Эралиева эжебиз, С. Бейшекеев, Т. Асаналиев, А. Каленов ж.б. көп ырчылар келишет.




  Залина Касымова, Аскаттын келинчеги:

"Жаңы келин болуп барганда эле кыяк тартып бергем"
- Канча абысыныңыз бар?
- Абысындуу боло элекмин. Буюрса, жакында болом.
- Аялзаты ушакты жакшы көрөт эмеспи. Чарчаганда ким менен ушакташканды жакшы көрөсүз?
- Ушак деген мааниде эмес, бирок чарчаганда курбулар менен, чогуу иштеген кыздар менен сүйлөшкөндү жакшы көрөм. Эжем, апамдар менен сүйлөшөм.
- Жаңы келин болуп барганда, айылдагы иштерди тетири жасап алган учурлар болду беле?
- Жок, апам муну кыл, тигини кыл деген эмес. Чыгармачыл адам болгондон кийин, бизге чыгармачыл адам катары мамиле кылышат.
- Кайненеңиздердин колунда канча убакыт болдуңуздар?
- Көп убакыт болгон жокпуз. Себеби, жаңы үйлөнүп, айылга барып 2-3 күн жүргөндө эле шашылыш түрдө Президенттен экөөбүз тең стипендия алып калдык. Бул жактан концерт болот келгиле деп да калышты. Ошентип ал жакта аз эле жүрдүк, азыр барып учурашып турабыз.
- Тойлордо айылга барып келиндик милдетиңизди аткарып турсаңыз керек?
- Тойго барганда, Аскат экөөбүздү тең оокат жасатпай, мага кыяк тарттырып, Аскатты ырдатышат. Жаңы келин болуп барганда да, кыяк тартып бергем.
- Буюрса, Аскат байкенин концертинде кыягыңыздын үнүн угуп калат турбайсызбы?
- Ооба, 3-4 жолу кыяк тартам. Андан көпкө убакыт аз болуп калды.


Төлөбүбү
Касымалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??