Жаңы жылдык тасмалар
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан жаңы жылдык тасмалар эми майрам күндөрү эфирден көрсөтүлө баштайт эмеспи. Аларды бала бакчадагы балдардан тартып, кары картаңдарга чейин кызыгуу менен көрүшүп, ар бир каармандарына, сөздөрүнө чейин жаттап калышканы баарыбызга маалым. Анда элдин сүймөнчүгү болгон легендарлуу кинолорго кайрылып, кадр артындагы окуяларга саресеп салсак.


"Тагдырдын тамашасы же жеңил парың менен"
Кадр артындагы фактылар:
- Режиссёр Эльдар Рязановдун жетекчилиги менен тартылган "Тагдыр тамашасы же жеңил парың менен" кинокомедиясы 1975-жылы, 16-августта Советтер Союзунун кинотеатрларында көрсөтүлө баштаган. Кинонун кээ бир каталарына карабай көрүүчүлөр абдан көп болгондуктан, Совет учурундагы эң популярдуу фильмдердин бирине айланган. Андан соң 295 көчүрмөсү чыгып, биринчи эле жети миллион көрүүчүнү өзүнө камтыган.
- Башкы каармандардын бири актриса Барбара Брыльски орус тилинде акцент менен сүйлөгөндүктөн анын үнүн Валентина Талызина сүйлөгөн. Ал эми ырын Алла Пугачева жана Сергей Никитин ырдаган. Бирок бул тууралуу кино учурунда титрга жазылган эмес.
- Режиссёр Эльдар Рязанов да кинодо роль аткарганга жетишкен. Эсиңизде болсо, учактын ичинде мас болуп, уктап калган Лукашиндин жанында олтурган жүргүнчүнүн ролун аткарат.
- Ленинграддагы Үчүнчү Куруучулар 25-көчөсү ошол Москва шаарындагы эле Вернадский 125-көчөсүндөгү үйдө тартылган. Анткени, экөө тең бирдей проект менен курулган окшош үйлөр болгон.
- Надя Шевелеванын ролун аткарууга көптөгөн актрисалар аракет кылышкан. Алардын ичинде Рязановдун жакшы көргөн актрисалары: Людмила Гурченко, Валентина Талызина, Светлана Немоляева да бар эле. Бирок режиссёрдун көңүлүнө жакпагандыктан, Польшанын "Анатомия сүйүүсү" аттуу кинодогу башкы каармандын ролун жараткан Барбара Брыльскини чакырууну туура көргөн.
- Ипполиттин ролун биринчи Олег Басилавшили аткарган. Бирок сьемка учурунда атасы каза болгондуктан, ал театрдан толук кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин ал ролду режиссёр Юрий Яковлевге сунуштаган.
- Кинонун башталышында Павлик Женяга барарда Ли-АЗ-677 авто унаасын айдайт. Ал убакта абдан популярдуу болгон автобустун модели болгон. Женя Ленинграддан Москвага чейин келгенда да кайра ошол эле авто унааны колдонот.

Үйдө жалгыз (АКШ)
- Үйдө жалгыз"- үй-бүлөлүк, жаңы жылдык кинокомедия. Бул кино биринчи жолу "Фокс" телеканалы менен биргеликте тартылып, 1990- жылы 25- декабрда Чикагодо көрсөтүлгөн да, болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди багындырган. 29 жуманын ичинде дүйнөнүн бардык булуң -бурчтарына жиберилип, 476,6 млн доллар киреше алып келген. Комедия жанрдагы тасмалардын арасынан алдына ат салдырбай рекорд койгонго үлгүргөн. Кинону балдар менен ата-энелер чогуу олтуруп көрүүгө уруксат берилген.
- Орус тилине Алексей Михалева баардык бөлүктөрүн которгон. Биринчи каналда дайыма жаңы жыл алдында бул кинону көрсөтүү салтка айланган.
- Кинонун башкы каарманы -Кевин Мак-калистердин ролун сегиз жаштагы Маколей Калкин аткарган. Анын гонорары 100 миң долларды түзгөн.
- Сьемка учурларында көптөгөн кызыктуу окуялар болгон. Сценарий боюнча Гарри Кевиндин колунан тиштеген жери бар, аны Мёрфинин үйүнөн кармап алганда, Гарри Кевиндин колунан чыны менен эле тиштеп салган. Сьемкалар учурунда колу көгөрсө,кийин анын орду чоң тырык болуп калган.
- Кевин Марвинин бетине жөргөмүштү койгон жеринде, ал кыйкырбай эле, оозун жөн гана ачып турган. Анткени, жөргөмүш коркок болгондуктан, үн укса эле качып кетип жаткандыктан, кыйкырыкты сьемка бүткөндөн кийин атайын жаздырганга туура келген.
- Кевин видеомагнитофондон көргөн сьемка негизи эле жаратылышта кездешпеген нерсе. Ал атайын фильм үчүн жасалган магнитафон болгон.
- Кино Париждин кээ бир кооз жерлеринде тартылган да, көбүнчөсү Иллиниос штатында тартылган.
- Кинонун катачылыктарын да байкоого болот: Кевин пицца заказ кылганда, өзү эле өчүрүп салган телефон менен чалганы эч кимге билинбейт.
- Кевин чиркөөдөн үйдү көздөй чуркап баратканда, кара шымы бат эле жинсы шымга алмашып калат.
- Кевин дүкөндөн соода кылып жатканда, "Tide" кир жуугучун алып жатканын көрөбүз. Ал үйгө келе жатканда жолдон баштыгы жыртылып калат, анда баштыкчанын ичинде дүкөндөн алган нерселер жок, жөн гана оюнчуктар көрүнөт.

Мырзалар ийгилиги
- "Мырзалар ийгилиги" көркөм фильми 1971-жылы Александр Серыйдын режиссёрлугу менен тартылган. Совет учурундагы эң популярдуу кинолорго кирген да, 65 миллион көрүүчүлөрдү топтогон.
- Кинонун сьемкалары 1970- жылы тартылып баштаган. Бул кинонун идеясы режиссёр Александр Серыйга таандык. Ал өзү дагы түрмөгө олтуруп чыккандыктан алардын тилин, жаргондорун абдан жакшы өздөштүргөн. Сценарийи жагынан жардам берген Георгий Даниель досу болгон, ал да темир тордун аркасында олтуруп чыккан.
- Милициялар дагы мындай сценарийди туура кабыл алышып, каршылыктарын билдирген эмес. Ал эми ички иштер министрилигинин башчысы Щелоков фильмди көргөндөн кийин көзүнөн жаш аккыча каткырган.
- Фильмде түрмөдөгү жаргондор көп колдонгондуктан токтотулуп турган да, аны Брежнев көрүп, өзүнүн уруксатын бергенден кийин, киного бардык жаргондор камтылып кеткен. Андагы "блатной терминдерди" убагында ар бир жаш бала жатка билип калган.
- Кинокомедиянын биринчи көрсөтүүсү 13- декабрда, 1971-жылы Москванын "Россия" кинотеатрында көрсөтүлгөн. Биринчи күнү билеттер 20 тыйындан сатылса, үч күндөн кийин кассада билет аз болгондуктан, үч рублдан сатылган.
- "Мырзалар ийгилиги" кинокомедисынын башкы каармандары т.а доцент, Косом, Василий Алибабаевичтин эстелиги 2006- жылы Казакстандын Тараз шаарында (мурдакы Жамбыл) орнотулган.

Эркин Шаршенбаева