п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Сезимай Алиева

Сен жана мен
- Жок, жата бериңиз, тынчтанып эле калды,-деп Таняны чыгарып ийип, өзү уулунун жанына кыйшая жата кетти. Иттер "авалап" үрүп, түнкү жымжырттыкты бузуп жатышканынан, "Таняны узатып келгендерге үрүп жатышса керек. Ичкенден эмне ырахат алышат дейм да! Анан калса буларга аракка акча да табыла берет экен. Түн каткан жаналгычтай болуп көчөдө темселешпей, жылуу-жумшак эле үйлөрүндө жата беришпейби?"-деп ойлоду көзү илинип баратып. Жакшы уктап калган экен, баласы ыйлагандай үндөн чоочуп ойгонсо, чын эле уулу кыңылдап жатыптыр. Уйкулуу көзү менен шашып тура калып астын кургактап, эмизип кирди.Түнкүсү баласы ыйласа дене-боюн коркунуч сезими бийлеп, тынчтандыргыча шашат. Ыйдан сырттагы шыбырт- дабыштарды укпай калып, кандайдыр бир күтүүсүз кырсыкка кабылып калчудай, бирөө кирип келчүдөй болгон коркунуч сезими тулку-боюн ичиркентип, башын чулгуй, ал ойдон алыстаганча шашат. Качан гана ийип, сүтү куюлган эмчегин Аманаты оозуна салып, бүлкүлдөтүп соруп киргенде жан дүйнөсү тынчтана түшөт. Баарын унуткарат ал мүнөттөрдө. Коркунучу, чарчоосу унутулат... Ичи эзиле күбүрөнө жалбарып, жыттап-жыттап алат. Уулу да көшүлүп, тынчтана түшөт.
- Каралдым менин... Кара гана жаным...Эмне бо-олду, курсагың ачтыбы? Эме гой, бөпөм. Жанымдын эле жарымы го ушу быйтык... Сени атаң көрсө кандай жакшы болмок... Ал сени аябай күткөн болчу...Кичине торолсоң, атаңа алып барып көрсөтүп келем...Биз атабызды унутпайбыз, аны эч качан, эч кимге алмаштырбайбыз,- уулуна эбедейи эзиле, эмне деген жалыныч сөздөр айтылбайт андайда! Сүйлөп жатып карегинен чууруй куюлуп аккан жашы уулунун көзүнө таамып кеткенде гана уулун бооруна кыса калып жыттай:- Кечирип койчу мени, ыйлаак апаң сени чочутуп ийдиби? Экөөбүз тең ыйлаак-ызакорбуз, кантип чоңоюшат болду экенбиз, ия буйтук? Апакеңди коркутуп көп ыйлабай жүрчү э?
Көзөмөлгө турган доктуру издеп келип, баласын көрүп, баары жакшы деп тийешелүү көрсөтмөлөрдү берип кеткенде гана уулунун ыйынын жөнүн угуп, жүрөгү бир аз тынчтангансыды.
- Жаңы төрөлгөн баланын ичегилери үч айдын аралыгында анан калыптанып бүтөт экен да. Ичи түйүлүп ооруган үчүн бала бутун тыбырчылатып ыйлайт тура. Мен болсо " төрөп жатканымда бутун бирдеме кылып алышкан окшойт" деп бөөдө эле шек санап жүрүптүрмүн. Сенин келгениң жакшы болбодубу, болбосо азыр мен тамак деле ичпей жатып алмакмын. Кемпириме болсо тамактын деле кереги жок. Анын үстүнө ооруп, эки жумадай "ичпей" калган күндөрүн кууп жетейин дегениби, азыр көзү ачылбай ичип жүрөт. Ачка кезээрип, курсагына ачуу арак киргенине ыраазы болуп эле жүрө берет. Кээде туруп боорум ооруйт, кээде жиним келет. Эмнеси болсо да балам экөөбүзгө залакасы жок, аман-соо жүрө берсинчи,-деп божурап олтурду Асылга. Ал сабагынан эрте чыгып атайын келиптир, эки саат болсо да керегим тийсин деп.
ХХХ
- Кат берип ийген Капардын баласы унутуп коюптур. Мен болсо чыдамым түгөнүп, бүгүн-эртең күтүп көрөйүн, болбосо барып келейин деп атаңа айтып жаткам. Кечээ эртең менен уй кошкону чыксам Капардын аялы кат сунат, "уулум унутуп коюптур. Шымын жууйун деп чөнтөгүнөн таап алдым, кечирип койгула" деп. Эмне болсо да сүйүнүчтүү кат экен деп силердикине чуркадым. Кайненең олтуруптур "түшүмдө Сүйгөнүм ыйлап жатыптыр"деп. Ыйласа анда сүйүнүңүз, сүйүнчү, мына сизге жазган каты деп окуп берсем байкуш киши балбалактап сүйүнүп, каткан сары майын томуруп эле бир орунга олтура албай калды. Келем дегенинен Кубат болбой койду, Гүлнар эле барып көрүп келсин деп.Кышта тайгаланып жыгылып кетип баягы белин кайра кокустатып алган. Эми-эми кичинеден басып, жакшы болоюн деп калды. Алыс жолдо кайра ооруп калат дешти окшойт. Ушинтип эле шашылып келип калдык. Кандайсың? Бели катый электе эле колун муздакка салып, жалаяк жууп, жалгыз бой неме кыйналды го деп айтып келаттым жеңеңе. Кичинекей Дуулат кандай? Чоң энеси да мен үчүн өөп койгула деп калган,-деп эле актангандай босогодон жарыша сүйлөшүп, бир күнү өкүл энеси менен жеңеси кирип келип калышты . Араң эле карманып жүргөн окшойт, экөөнү көрүп эле Сүйгөн бакырып ыйлап басып жыгылды. Баланы чочутасың деп жатып араң сооротушту.
Аманаттын гана ыйы болбосо томсоруп турчу үй ичи жанданып, бака-шака түшүп, баланы алмак-салмак алышып, айланып-кагылышып, Сүйгөн жыргап эле калды. Гүлнар үч күн жүрүп, "үйдөн санаам тынчыбай жатат. Апам да баштагыдай тың эмес, кантип жатышат болду экен? Мен ушунча болуп жандарынан мынча күн алыстап көргөн жок элем. Эмне кем-карчың болсо дайындуу кишиден кат жазып салып ийип тур. Неберең Дуулатыңдын эле өзү экен деп апама айтып барам. Көрүп кеттим, эми көңүлүбүз тынч"деп кайра айылга жөнөп кетти. Өкүл энеси бир жума каралашып анан кетти. Оюна койсо экөөнү тең кетирбей, алып калгысы келди, айласы эле жок... А бирок кантсе да бала багууда тажрыйбасы жок келинге жакшы эле сүрөө болуп кетишти. Тез ирденет деп күн сайын киринтип сууга салышып, дене башын майлашып, ылбырап турган уулу чын эле коркпой колго кармалгыдай болуп калды. Жайында айылга өзүбүз алып кетип, жентек тоюн ошондо өткөрөбүз деп кетти өкүл энеси.
Бул арада Аманаттын да ыйлаганы басаңдап, Сүйгөн бир аз тыңып, көңүлү куунак тартып калган бир күнү күтүүсүз окуя болуп кетти.
Уулу уктап калганынан пайдаланып жалаяктарын бүктөп, бейкапар олтурган. Түш ооп калган убак эле. Сырткы каалга шарт ачылып, сүйлөшкөн кишилердин үнүн уга калып, "Таня акырын кирчү эле, аны издеп келген мастарынан го" деп ойлой ордунан тургуча болбой эле анын бөлмөсүнө ээрчише чоочун аял-эркек кирип келишти. Эркегин бир карап эле Сүйгөн аны Танянын уулу экенин жазбай түшүндү. Аябай окшош эле эне-бала. Сүйлөгүчө болбой эле жанындагы сулуучумак аял Сүйгөндү баштан аяк сыдыра тиктеп алып:
- Кемпир кайда? Сен кимсиң? - деди, демите. Бирок, жоопко күтпөй эле аял бөлмө ичин айланта карап, баткак буту менен ары-бери басып, бешикте жаткан баланы бир карап алып:- Оокат-кечеңди жыйыштырып, кечке чейин үйдү бошотуп койгула. Күйөөң кайда?-деди.
- Эртеңкиге чейин дебейлиби, Аллушка? Бүгүн апама да жолугуп сүйлөшөлү?- эркек аялдан сестенип тургандай акырын унчукту.
- Эмне-е, бүгүн бүтчү ишти эмнеге эртеңкиге калтырмак элек?! Алкаш апаң менен эмнени сүйлөшмөк элек?! Биз бири-бирибизге айтар сөзүбүздү он жыл мурун эле айтышып койгонбуз. Эмне уккан жоксуңбу, апаңдын кылык-жоруктарын?
(Уландысы кийинки санда)






  аңгеме

БУРУЛКАН Карагулова
Баласын издеп
боздогон эне

(Башы өткөн санда)
Поездде да аларды ойлонуп келаттым. Азыр поезд мени ызы-чуу окуядан арачалап келаткандай, ал эми Кыргызстанга жеткенде баш аламан окуянын дүйнө жүзүнө чаң тополоң түшүрүп, бейкапар жаткан айылга бомба жарып, бүлүк салып, нааразычылык, жек көрүү, иренжүү, каргап-шилөөнүн канчалык чекте болуп өтөөрүн элестеп, элестей албай башым катып, оор үшкүрүп, жүрөк заада болуп, термелип келатам...
АЛМАШЫП КЕТКЕН БАЛА
Мен Москвага келгенде жазып-тайып төрөп алдым. Сүйлөшкөн жигитим Өзбекстандан эле. Чогуу жашап жүрүп силер жазгандай роман болуп кеткен. Менин курсагым билинип калганда, тиги тайсалдап кача баштады. Мен Москванын доктурларына барып алдырып бергиле десем кеч болуп калды дешти. Айлам түгөнгөндөн түгөндү. Жигитими издеп таптым. Өзүң да хаммасин килган дейт. Эмнеге десем, түз жүргөн жеримен квартираңа алып бардың, койнуңа тарттың, жок деген жоксуң, өзүң жатып бердиң дейт. Урушуп, мушташып кеттим. Чачын жулуп, бетин тытсам да кебелбейт. Эшек сарт деп ыйласам, ит кыргыз дейт. Ичимдеги балаңы төрөп туруп өлтүрөм десем, майлиңиз дейт.
Бөлөк метродо жашаган эжеме барып, ачык айтып ыйладым. Урат деп коркком, урмак түгүл менден беш бетер өпкөлөп ыйлап, мени аяды. Ээрчитип алып кыргыз гинекологго алпарса ал мөөнөтү өтүп кетиптир, 5миң доллар төлөгүлө, аборт кылып берем дейт. Эжем акмак эле акмак деп урушуп кетти. Ошол долларга аман-эсен төрөтүп алып баласына жумшабайымбы, сага бергиче, уятсыз деп чыгып кетти.
Мен уул төрөдүм. Атын Бахтияр койдум. Балам аппак болуп, бирок чачы жок болуп төрөлдү. Түрдүү витамин берип атып 5 айга караганда эрбейип бирин-серин чач өсө баштады. Анан сартыма телефон чалдым.Уулуңду көрөсүңбү десем, давай деди. Бөлөк бир метродон жолукмак болуп макулдаштык. Болгон эң кооз деген кийимдерин кийгизип алып бардым. Ал баламды аябай тиктеди. Мен аны ичинен сүйүнүп, жетине албай атса керек десем, ал дароо кескин түрдө бул бала меники эмес деп салды. Эй сарт, эшек анан асмандан түштүбү, аман-эсен чоңойтсом, балам акыр түбү сени өлтүрөт десем, дагы жаңжал салганы чакырттыңбы, меники эмес, эч жери окшошпойт, сен да карасың, мен да карамын - дейт.
- Балким сенин ата-энеңе окшошуп калгандыр, же инилериңе...
- Бизде бул балага окшош эч ким жок, мунуң өзбек да, кыргыз да эмес.
- Көп дөгүрсүбө, мен сенден башка эч ким менен болгон эмесмин.
- Эгер башка менен болдуң десем да мунуң өзбек же кыргыз эмес.
- Мен сени сотко берем, элчилигиңе барып арыз жазам.
- Билгениңди кыл. Бирок эл аралык жаңжал чыгарардан мурун балаңды ДНКдан текшертип көр.
- Сен ошого көнөсүңбү чычалабай- десем,
- Көнөм - деди.
Антип-минтип ДНКдан өткөргүчө балам бирден ашып калды. Анализдеринин жыйынтыгын ала турган күнү эжеми ээрчитип келдим. Тиги да келди. Ал күн бизге аза күнү болду. Себеби бала аныкы да, меники да болбой чыкты. Мен далдырап эсимен бир кетип, бир келип атсам, тиги каткырып күлүп:
- Айттым го, бул бала орус, оруска окшоп турбайбы- деп шалкылдайт. Кантип үйгө жеткеними билбейм. Таксиден түшүп эжем баламы көтөрүп, мени жулкулдатып сүйрөп келип, лифтиге түшүрүшүп аткан таксист "сабыр кыл, сабыр кыл, балаңды ая, балаң үчүн жаша,күйөөнү эмне кыласың" деп атканда өзүмө келип, балама жүткүндүм. Эжем бербей койду.
- Көтөрө албайсың, андан көрө карман, белиңи бекем буу, эртең сен төрөгөн төрөт үйүнө барып териштиребиз.
- Эмнени?
- Бул бала кандайча сага келип калганын, анан өзүңүн балаңы издейбиз - дейт бейкапар.
- Тигиге окшоп сен да айбан болбочу эже. Өзүмүн эле балам, мейли еврей болсун, эч кимге алмашпайм- деп чыңырган бойдон баламы колунан жулуп алдым. Эжем мени аяп, 19-кабатка жеткиче ыйлап келди. Азыр 2ден ашты, чындап эле башкача болуп баратат. Бул балама жүрөгүмү берип салгам да. Эмне болсо ошо болсун, өз балама да алмашпайм.
Ушинтип айтканым менен кээде эки анжы болуп, өзүмчө бук болом, жаман жанчылам. Өлүп тапкан баламы өрдөк чукуп өлтүрдү" дечү беле? Баламы эмизип отуруп, аны тиктеген бойдон катып калат экем. Эжем бир нече жолу түртүп эскертти. Эжем экөөбүз мурда аябай урушчу элек, азыр мени аяп унчукпайт. Кыргызстанга барбаганыма 3 жыл болду, апамдар төрөгөнүмү угушкан, аябай шорлоп ыйлаптыр, эми элдин бетин кантип карайм деп. Ал эми баламын алмашып кеткенин угуша элек.
Балам менин көз ачып көргөнүм, ооз ачып өпкөнүм болуп атпайбы. Эч кимге алмашпайм. Өзүм төрөгөн баланы алмашып кеткен аял кайра алмашабыз деп келсе бербейм, бирок өзүм төрөгөн баланы берсе алып алам. Ага көнбөсө жер кезип кетем - деди Аккыз сөзүнүн аягына чейин көзүнүн жашын көлдөтүп атып.
ЭРКЕКТЕРДИ ӨРТТӨП
САЛГЫМ КЕЛЕТ
Жокчулуктун айынан мектепте окубай калдым. Атам эрте өтүп кеткен дүйнөдөн. Оорулуу апамы үйгө жаткырып, бир бөбөгүмү үйгө калтырып, улуураагын ээрчитип көчөмө-көчө базардын аралыгын айланып-тегеренип, чуркап майда-чүйдө сатып күн көрүп жүрчүбүз. Тапканыбыз наныбыздан ашчу эмес. Апама дары сатып алалбай оорусу күчөп кетти.
Ошондой күндөрдүн бир күнүндө базарда бир ачуу караан пайда болду. Ал көлөкө мен кайда бассам астыман чыгат. Хандалат деген эже чаңкылдаган үнү менен мени чакырып калды, барсам:
- Москвага барып иштейсиңби?- деп сурады.
- Кантип?- деп таң калдым.
- Ушинтип эле. Азыр бир аке келет, өзү Москвадан келген, сага жардам кылат элем деп атат, азыр жолугуп сүйлөшүп көр- деди.
Жанагы көлөкөнү чакырып, тааныштырды. Аябай тил эмизди, сендей балдарым бар деди. Кечинде келип апама айтсам "Кайдагыны айтасың, койсоңчу", деп чочулады.
Апам экөөбүз эртеси тиги киши чакырган жерге барып кезиктик. Заматта апамын бышын тегеретип койду, ай сайын 15 миң сомдон ашык акча салып турат деди. Апам анын сөзүнө муюганы менен "аке, балам азыр кичине да, мектепти бүтө элек" деп кайра-кайра айтып атты. Паспортту мен алперем деп убада берип, чындап эле паспортко төлөгөнгө пул берди. Мындай акча көрбөгөн жаныбыз, ээрип кеттик.
Паспорт алганга жашым жетелек болчу, бирок акча эмнени гана кылбайт...
Ошентип атаман улуу, кырктагы киши мени самолёт менен алып келди. Дунганга окшош аялдын үйүнүн тар бөлмөсүндө жалгыз турчу экен. Ага орусча бирдеке деп эле сүйлөп аткан, ал аял мени таң калып карай берди, суроо берсе жер карайм, эч нерсе түшүнбөйм, тиги жан талашып жооп берет. Эртеси шаарды көрсөтүп, Черкисский деген арзан базардан бир сыйра жеңил кийим сатып берди. Кечинде жатарда төшөгүбүздү тийиштирип салып койду.
- Эмнеге анттиңиз?- десем,
- Хозяйкага сени аялым деп койдум, антпесем сени түндө чыгарып салат - деди.
- Коюңчу, эмнеге антесиз, мен небереңиз менен тең болуп турбаймбы. Ишке орноштуруп, мени башка үйгө киргизип коюң эртең?- десем,
- Эртең боло берсинчи - деп, алып келген арак, пиволорун жерге жайып коюп, ич деп кыйнай баштады.
- Жок ичпейм аке, мага булар эрте...
- Жок ичесиң, мен сени көргөндөн бери жүрөгүм туйлап, акыры алып келип тындым - деди уялбай.
Мен ыйлап жибердим. Аке, мени Бишкекке салып ийиң, бул жер жаккан жок, апама кетем деп төшөктү кучактап алып ыйладым. Ал бир топ кызып калды. Менин көзүмчө эле чечинип, анан барып светти өчүрдү. Мен бурчка качтым. Ал куурчакты көтөргөндөй эле көтөрүп төшөкө жыкты. Азыр кыйкырам десем, оозуму балтайган колу менен басып:
- Эй бечара, азыр талаада каласың, өлтүрүп кетишет, айтканга көн, жат, мен сени жебейм - деп көйнөгүмү сыйрып салды.
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??