Махабат майданы

Сексуалдуу кесиптер
Иш деп жүрүп көп иштермандар "экинчи жашоосун" унутуп калышат. Ал эми кээ бир кесиптер эки жакты тең алып жүргөндүгү талашсыз кеп. Аялдардын жана эркектердин кээ бир сексуалдуу кесиптери жана эркектердин эрендигин күчтөй турган тамактар тууралуу жазгым келди.

Аялдардын жана Эркектердин сексуалдуу кесиптери

Ийне сайган мээрмандар
сексуалдуу келишет
Мээрман эжелердин көбү эле төшөктү каалап турушат. Андан дагы алар дайым даяр! Анткени алар оорулууларды карап, жамбашына ийне сайып, интимдик нерселерди алып жүрүп, оорулуунунун сексуалдык каалоосун арттырат. Чындыгында эле, ооруп, эч ким карабай жаткан эркекти мээрман эже эле сылап-сыйпап карап жүрсө, ал эркек үчүн мээрман эже эң негизги сексуалдык обьект болуп саналат. Керек болсо, оорулуу эркектер мээрманды эротикалык түштөрдөн да көрүп жиберишет. Ооруп жаткан эркектин фантазиясы ошол боюнча эле кыялында жоопсуз калат. А мээрман үчүн оорулуу эркек "күнүмдүк иш материалы" болуп саналат. Аялдардагы №1 сексуалдуу кесип болуп, мээрмандардын кесиби саналат.

Стюардессалар
төшөктө да учушат
Стюардессалар төшөктө тим эле учушат! Жашоосунун жарымын эле асманда өткөрүп, ал жактан "заряд" алып, аны төшөктөгү өнөгүнө жумшайт" - деген мифтер бар. Чындыгында, алардын ишин аялдардын ден соолугуна пайдасынан зыяны көп тийгизет. Ошого карабастан стюардессалар аялдардын сексуалдык кесиптеринин бири болуп саналат. Дене мүчөсү төп келишкен, өзүнө жарашыктуу кийинген стюардессалар кайсы эркектин бүйүрүн кызытып, кайсы бир акын жазгандай, кайбарын тургузбай койсун. Андай кыздарды көргөндө эркектердин шилекейи чууруп, эмне деп сүйлөгөнүн да унутуп калышса керек…

Спортчу кыздар -төшөктүн чемпиондору
Спортчу кыздар -төшөктө чемпиондор! Спорт менен дайыма машыгып жүргөн кыздар өтө сексуалдуу болушат. Анткени, үзгүлтүксүз машыгуу организмдеги адреналинди, тестостеронду көтөрүп, сексте жолборс кылат. Ал эми гимнаст кыздар болсо, тирүү камасутра десек болот.


Суучулдар -
секс-маньяктар!
Суучулдар - сексуалдуу маньяктар. Алыскы сапарынан келери менен келиндерге жабышып, жармашып калышат. Канчалаган күнү жакшы эле карманышат. Анан аягында чыдабай кетип төшөктө арстан болушат. Башка сөз менен айтканда, башка кесиптеги эркектерге караганда суучулдарда сексуалдык ачкачылык көп болот. Мындай көрүнүш медиктердин тили менен айтканда, "суучулдун сүзүү синдрому".

Бизнесмен жана саясатчылар -эң мыкты ойноштор
Бизнесмендер жана саясатчылар
- эң мыкты ойноштор. Анткени бийлик, байлык колунда. Келиндердин каалаган каалоосун аткара алышат. Ошону менен катар эле төшөктө да көп нерсени кыла алышат. Анткени, бизнесте бирде акча көп түшсө, капчыгы бирде жукарып жатып, стресске көп учурашат. Анан ал стрессти эмне менен чыгарышты билбей, кээ бири стрессин төшөктөн чыгарат. Ал учурда бизнесмен эркектер өнөгүнүн ой-боюна койбой, өзү билген төшөк ыкмаларын колдонуп, өзүнө да өнөгүнө да эң мыкты төшөк рахатын тартуулай алышат.

Окумуштуулар - импотенттер
Окумуштуулардын баары - импотенттер. Анткени, билим курмандыкты талап кылат. Математика жана физика илимдери ойлонууну көп талап кылгандыктан, бул тармактагы окумуштуулардын секс жөнүндө ойлонууга убактысы жок болот. Бул илимдин окумуштуулары өздөрүнө мыкты өнөк таба албай бир топ жыл убара болушат. Кээ бирөөлөрү жашоодон так да өтүшөт. Бактылууларына математик же физик аял жолугуп кала турган болсо, ал аял эң бактылуу аял. Анткени, математик өзүнүн формуласы менен аялынын эрогендик зонасын таап, аялга болуп көрбөгөндөй фантастикалык рахат тартуулай алат.