п»ї

Обон почта
1. Жаңы жылды ата -энең , бир туугандарың менен тосконго эмне жетсин? А бирок азыр ата-энем алыста болгондуктан, келе жаткан жаңы жылды жакшы тилектерди айтып, сүйүктүү адамым менен тоскум келет.
2. Ассалому алейкум! Негизи, мусулмандарда жаңы жыл деген майрам жок. Бирок азыр 21-кылым болгондуктан, баарыбыз "современный" болуп калбадыкпы, жаңы жылды жакындарыңдын курчоосунда эле тоскон жакшы! Үй- бүлөң менен жараткандан жакшы тилектерди тилеп дегендей. Лола.
3. Дасторконду жайнатып, алтынга алмашкыс ата-энем, жалжал көз аялым, жаркылдаган балдарым менен үйдө отуруп, жаңы жылды тосконго эмне жетсин. Касымбек.
4. Менимче, жаңы жылды ата-эне, бир туугандар менен тоскон эң жакшы. Коёнек 92. +77011445696
5. Негизи эле кыргыздарда, мусулман калкында жаңы жыл деген майрам болбошу керек. Жаңы жыл бул батыштан келген майрамдардын бири да. Мусулмандардын болгону эки гана майрамы бар:Курман айт жана Орозо айт. Ошондуктан, туугандар курман айтты биз жөн эле өткөрүп койбостон, жаңы жылга даярдангандай кам көрүп, бири-бирибизге каалоо-тилек айтышыбыз керек эле. Азыр болсо жаңы жылды укмуш майрам деп эсептейбиз. Колдон келсе чыныгы мусулмандар жаңы жылды тоспой эле, кадимки күн катары эле өткөрсө сонун болмок.
6. Негизи, адам баласы жаңы жылды унутулгус кылып өткөргүсү келет. Жаңы жылда ата-энең, бир туугандарың менен тоссоң андан башка бакыт жок, ата-энең менен жайыл дасторкондун алдында жакшы тилектерди айткандын өзү баа жеткис бакыт. Анара.
7. Жаңы жыл деген бир жылда бир келет эмеспи, ошондуктан, бул күндү үй- бүлөсү менен чогуу ак дасторкон алдында тоскон эң жакшы деп айтып кетет элем. Амина.

oОП-148-1. Сүйүү балдай, чындап даамын татканга, сүйүү кымбат алтын, күмүш, таштан да, бул жашоодо сүйүү гана дем берет, жаның кейип,капага батканда. Ангел 96.
oОП-148-2. Менин сүйүктүү ырчым Бактыгүл Бадыева ,"Кумир менен баарлашууга " кош келипсиз. Сиз менен жакындан таанышкым келген. Ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпей, кыргызымдын алдыңкы ырчыларынан болуңуз. Супер СМСчи Жанусь Роза.
oОП-148-3. Урматтуу Шоколад, маанисиз смстериңди жазбай эле койчу. "Уялбагандан өзүң уял" дегендей СМСтериңди маанилүү кылып жазып үйрөнчү. Супер СМСчи Жанусь Роза.
oОП-148-4. Көз жашым жамгырга, көңүлүм музга өткөн.
oОП-148-5. Салам кандайсыңар, иштериңерге ийгилик каалайм. Шоколад.
oОП-148-6. Дамко-сени сүйүп жашоом трагедияга айланат.Жүрөк сыздайт сени эстеп кыйналып, сен дегенде жүрөк дартым ырбалып, садагасы, келсең боло кыйнабай, жүрөгүмдү сен деп гана томсортпой, келем десең тозор элем уктабай, сезимдерди сен деп гана кыйнабай . Seoul
oОП-148-7. Бактыгүл, мынча өзүңдү мисс деп санайсың, сенден да жакшы кыздар бар го. Без обид!
oОП-148-8. Мирбек Иманбековго салам.
ОП-148 -9. Орустарга каршы качан митинг өткөрөбүз, Москвада кыздарды кырып жатса же рахмат айтабызбы? 0778041ххх
oОП-148-10. Менин эң жакын курбуларым: Бекназарга, Нуркызга салам жолдоп, окууларына ийгилик каалайм. Токтогулдан Толгонай.
oОП-148-11. Эркек кишинин уяттуу болгону жакшы, аял кишинин уяттуу болгону андан да да жакшы. Адилеттүүлүк бийликтегилерде болгону жакшы. Карапайым калкта болгону андан да жакшы, карылардын ыйманга келгени жакшы, жаштардын ыйманга келгени андан да жакшы. 0770149ххх
oОП-148-12. Суранам,"Кумирге кат" рубрикасына Мирбек Атабековду чакыргылачы? Жалынып-жалынып сурайм. Жазира.
oОП-148-13. Жазсам сөздөр арылбайт, эгерде сендей табылбайт, ырларыңды укпасам, ооруп калам сагынып, Мирбек Атабеков, сени сүйөм,ушуну айткандан, жазгандан тажабайм. Сүйөм сени. Жазира.
oОП-148-14. Жалал-Абаддык Жаныбекова Нургүл карызыңды бербейсиңби? Кантип турмушка чыгасың? 07785999ххх
oОП-148-15. Түнүң бейпил болсун,каралдым. Айлуу түндө жылдыз болуп сага бардым. Сүйөм деп кулагыңа шыбырадым. Эң алгачкы түн, укпайсың менин сөзүмдү, баары бир силер түшүнбөйсүңөр же коркуп калып сууктан тоңуп өлдүңбү, кышта жүндөн суук өтпөсүн, карды көрдүңбү?
oОП-148-16. Роза гүлүн үзүш кыйын, бир жигитти сүйүш кыйын, бир жигитти сүйгөн соң, үмүтүңдү үзүш кыйын. Айдайка.
oОП-148-17. Урматтуу "Обонушка" жана "Кумир менен баарлашуу" рубрикасы, сиздерден көптөн -көп өтүнүч, баарлашууга Айнура Салахидинованы чакырып бергилечи?
ОП-148 -18. Бактыгүл Бадыевага суроом: Бактыгүл, сен кыргыздын эң сулуу, эң ажарлуу кыздары Таттыбүбү, Шайыр Касымалиевалардын катарына киресиң, азыркы жаш ырчы кыздардын арасынан сулуулугу боюнча баарынан алдыдасың, менин каалаарым чыгармачылык жагынан да алдыда болушуңду, бат-баттан жаңы ырларды , клиптер ди тарттырып,эч кимди алдыга чыгарбашыңды каалайт элем.Москвада концертиң болбой калганда өкүнгөнүбүздү айтпа. Биринчи суроом: негедир сенин үй -бүлөң жөнүндө маалымат ала албай келебиз. Канча бир туугансың? Ата -энең кандай адамдар? Экинчи суроом: Неля менен азыр мамилең кандай?
oОП-148-19. Айнура Салахидиновага: "Кусалыгың" ырдасаң, жүрөк сага эзилет, "ардагым "деп ырдасаң,мага айткандай сезилет. Сагынычым артылып бир көрсөм тезирээк. Тоюбузда ырдаган ырлардын баары эсимде, көрүнүп коюп бир жолу, от жактыңыз сезимге. Кезиксем деймин ашыгып, кудайым мени кечирсе.Жагымдуу сенин ырларың, кулакта дайым жаңырат.Жанымда алып жүрөмүн, угамын күндө жалынып, түйшүккө салбай жүрөктү, түшүнүп койчу. Аруузат.
oОП-148-20. Сүйдүм сени бир көргөндө ашыга, сагынамын көрбөй калсам дайыма. Сагынып күндө күтөм кечинде,сагынычтан ыр жаралат бир өзүңө,сүйүктүүм сага арнаган.
oОП-148-21. Бардык супер СМСчилерге чоң салам. Шоколад кандайсың? Эмне кабарың жок? СМСти окусаң, мага байланыш. Айдайка.
oОП-148-22. Аттай жакшылыктар жашасын, жалгыздык жоголсун, жолдо жүргөндөр жакшы жана жеңил жүрсүн. Жашоодо жакшылык жоголбосун, жалаң "ж" жөнүндө жазган, жалган жашоодо жыргап жашаган, жандуу жүргөн Шоколад.
oОП-148-23. Себеп болбосо акындан ыр чыгабы, сизди кумир тутпасам ушул ыр жазылабы? Кыргыздын Ак Мөөрү деп сыйлап келем, ушул ырларды окуп кумирим мага кайрылабы? Рита.
oОП-148-24. Эрке кыз, мени менен байланышчы! Досуң Алина Аси
oОП-148-25. Сүйүүдөн дүйнө жаралган, сүйүүдөн Адам ата, Обо эне жаралган. Ай жылдарым бири- бирине окшошпойт, аалам жылып көз көргөндө токтобойт.Бороон- чапкын болбой койбойт, жоголбойт. Жакшы адамдар бар болот, жаман иштер оң болбойт, алдап тапкан ак болбойт, уруу кески ток болбойт.Жакшы адамдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт, тоноочунун колу ойнойт.
oОП-148-26. Бактыгүл эжешка, аллахым сиздин ар бир жасаган ишиңизди ийгилик коштоп жүрсүн деп насип этсин. Лола.
oОП-148-27. Дайыма "Обонду" окуймун, "Обондон" кездеме да токуймун, алга. Шоколад.
oОП-148-28. Табият укмуш миң сырдуу, ишеним көп ар сырдуу, айлана жымжырт таң сырдуу, жалган жашоо бир кылдуу, кесиптер бар миң кырдуу, адамда жакшы сөз сулуу, күлкү жылуу, агып турган суу сулуу, сан кылымды карыткан кыргыз сулуу, анан ошол кыргызымды ааламга тааныткан эл сулуу. Шоколад.
oОП-148-29. Айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат. Иштеп, тапкан акчаларың болот, айдаганың алты эчки, ышкырыгың таш жарат. Ойлонгонуңдун баары болот. Айдаганың кырк эчки, ышкырыгың эл угат, жакшы сүйлөп чын айтканыңын баары болот. Шоколад.
oОП-148-30. Жалган жашоо түбөлүктүү турак болбойт, адамзат ай жарыгын нурдап коёт, күн дагы карап турат жылмайышып, кудай таалам пешенеге нымдап коёт, кыйчалыш кыйын күндөр болбой койбойт.
oОП-148-31. Адамзаттын заманы жүрө берсин, атактуулар Кыргызстанда жашай берсин , жүрөктөрү кага берсин, жакшы адамдар арабызда жүрө берсин, кыйын күндөр келбей эле кете берсин , табигый дары чөптөр өсө берсин, бул жашоо керемет бойдон тура берсин, элибизде тынчтык доору боло берсин. Шоколад.
oОП-148-32. Адамзаттын асыл заты энелер, кызмат кылып үй чечкендер жеңелер, күлкү кетпей жүздөрүңөн наристелер, кадыр барктуу болот чынчылдар, байып кетет тез эле тыңдар, ак калпакты баса кийген аталар, амандыкта болгула жаңы жылда баарыңар, алтын жылым жаңырар, күтүп жатам аз калды. Шоколад.
oОП-148- 33. Жашоодо болсун жакшылык, кыйынчылык кезден жададык, деги баарыңарга каалаймын мен амандык. Кандуу болгон башчыларды кетирдик,канча акчаны жедирдик, болсун кайра тезирээк теңчилдик, болгондой эле болдук окшойт кайра тирилип. Шоколад.
oОП-148-34. "Обон" гезити, силерге ийгилик! Жылдыз.
oОП-148-35. "Обон" деп жашайт жүрөгүм, "Обон" деп согот жүрөгүм. Шоколад.
o ОП-148 -36. Бактыгүл эже, сизге бакыт каалайм, терс айтылган сөздөргө көңүл бурбаңыз. Нурзат.
oОП-148-37. Элүү жылда эл жаңы, он күнгө жетпей "Обон" жаңы. Шоколад.
oОП-148-38. "Обонтай" гезитсиң сопсонун, алтындай болгон ойлоруң сонун. Шоколад.
oОП-148-39. Арманым, азабым "Обонго" айтамын, жашоодо сенсиң гезитим. Шоколад.
oОП-148-40. Бактыгүл, Неля экөөңөр сырдашасыңарбы? Сени жаман ойлочумун, мен жактыргандар турмушта дагы жакшы жашап жатышат. Алар- Неля менен Анжелика. 0779457ххх.
oОП-148-41. Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков айылындагы Раззаков орто мектебинде 10- класста окуп жаткан классташтарым:Майрам, Гүлзада, Нуриза, Өмүркан, Каныкей, Акбермет, Рахима, Дарыйка, Нуриза, Гүлкайыр, Улук, Кубат, Төлөгөн, Жаркын, Каттабек, Эгемберди, Сагын, Жээнбек, Зайнидин, Жетиген, Үмүт, Медер, Гавайназар, Темирлан, силердин окууңарга ийгилик! Надира.
oОП-148-42. Шашпа… Бакиев! Мен чоңойсом силерге көрсөтөм, биздин ырыскыбызды уурдаганыңар үчүн. 0777511ххх
oОП-148-43. Жаңы жылыңар кут болсун,кымбаттуу СМСчилер!
oОП-148-44. "Обонго" "Дем" театрын чакырыңыздарчы, суранам. Жылдыз.
ОП-148 -45. "Обон"-дайра убакыт бар жазганга, мейли кетсин акча, кете берсин. Асылкечим "Обонум", мага белек берсең кеч бербе, Шоколад.
oОП-148-46. Студенттик билет жоголду. Айылчиев Кенжебек Кудусович. 1991-жыл 17. 05. Ата Түрк Университети, 3-курс, номери: 08020201627.
oОП-148-47. "Обондун" жалпы жамаатына ийгилик каалайм. Аля 94.
oОП-148-48. Барчынга: таанышкан күндү эстесем, айла-амалым таппай келем. Акыры мага болгон арман болсоң, мен сени неге сүйүп калдым экен? Сыр бербей болсом дагы шайыр чечен, ичимден көп кечирдим чөктүм нечен.Тагдырдын бизди алдаган бир түнүндө, мен сени неге эзилип өптүм экен? Коля.
oОП-148-49. Кыргыз эч убакта жеңилбеген. 0770626ххх.
oОП-148-50. Сүйүктүү эжелерим Элнура менен Айпериге чоң салам. Аля 94.
oОП-148-51. Барчын сага арналат: Сүйүүнүн болдум курманы, тагдырдын болду жазганы, жүрөктө калды жаракат ошол сүйүүмдүн арманы. Толкуду жүрөк толкуду, толкуду көлдүн толкуну, ыйладым сыздап арга жок, башкага болдуң колукту. Коля.
oОП-148-52. Унутпа! Жашоо-бул бакыт, көзүңдөн жашың агып турса да! 0771416ххх.
oОП-148-53. Салам "Обончик" мен силерге жаңы эле кошулуп жатам. Мени кошосуңар да ээ? Мирэл 92.
ОП-148 -54. Казарманга салам. Омар байкеге салам жолдойм. 0778041ххх.
oОП-148-55. Чымкентте "Бекжан" базарынын экинчи этажында носки сатып иштеген Эрлан жана пальто саткан Жоомарт силер и…..р адамдар кантип жүрөсүңөр, силерден жийиркенебиз. Оштон Елена.
oОП-148-56. Рыскүл, Гүлназик -силер менин эң жакын досторумсуңар, окууларыңарга ийгилик. Аля 94.
oОП-148-57. Бактыгүл эжеге арнаймын, ак таңдын шооласын, арнаймын ак тилектин лампочкасын, каалаймын дүйнө бакыт-таалайын. Шоколад.
oОП-148-58. Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылынын тургундары атам Бечелов Акылбек, апам Нуруева Калыска жана бир туугандарыма чоң салам .
oОП-148-59. Алтыным, жүрөсүңбү аман-эсен? Аскалар ашык болгон кайып болуп. Ардагым бир сени мен сүйүп жүрүп,жүрөгүм калбаса экен майып болуп. 0779062957.
oОП-148-60. Мирбек Атабеков, сизге эч ким жетпейт, башка ырчыларга караганда сиз көп ыр чыгарасы, ийгилик каалайм. Анын күйөрмандары менен таанышкым келет, алга! Шоколад.
oОП-148-61. Кандайсыңар, менде баары болот. Алтын досум, аяшым Күмүшайга салам, темирдей бала берсин деп тилейм. Чопо деген досум мени алдап, пластмасса чылапчын алып келбей койду, Сымап досум Алюминка айылында жашайт. Уран досум чоңойсо да ,коргошун куюлган чүкө ойнойт. 0771429ххх
oОП-148-62. Суук да түшүп калды, 3 ортак күтүп калды, мен да барып калам, шарфымды ороп алып. Нургүл 92.
oОП-148-63. Дүйнөдөгү эң ардактуум, алтындай болгон апакем Рахманова Сонунбүбүгө чоң салам. Баарынан кымбат апакем, жашоом сиз бар үчүн кызык, сиз бар үчүн мазмундуу жана сиз бар үчүн биз барбыз, атакем менен ар дайым биздин, балдарыңыздын сыйын көрүп , ар дайым аман-эсен, багыбызга ден соолукта болгула! Эрке кызыңыз.
oОП-148-64. Шайыр жүргөн Айперидей досум бар. Айдан түшкөн жамандыкты билбеген, жакшы-жаман күндөрүмдө жанымда,жөлөк болуп жүргөн мага дайыма,ардагымсың, алтыным досум Самара. Ажарың айга теңейм садага. Келечегиң кенен болсун ар дайым, жашай берчи кайгы билбей, ардагым. Жакшы көрөм жакын досум жарыгым.
oОП-148-65. Даниель, алга, колдоп турабыз. 0778757ххх.
oОП-148-66. Базар -Коргон районунун Бешик -Жон айылында жашаган жанымдан да артык көргөн курбу кыздарым: Зирегүл, Самара, Чолпонай, Ырыскүл жана ошондой эле жалпы 11-кластын окуучуларына ысык салам! Досторум жана классташтарым ар дайым бар болгула! Силерди сыйлап Эрке кыз.
oОП-148-67. Шоколад,сенин СМСтериң жанга тийди, эки сөздү байланыштыра алсаң СМС жазчы таарынбай, же бул жактагылардын баарын эле жинди дейсиңби, сөздөрүңдү мааниси жок жазасың же мектепти бүткөн эмес окшойсуң? Нона.
oОП-148-68. Кадамжайлык ,1996-жылы И.Арабаев атындагы университеттин филология факультетин бүтүргөн Ахметова Жыпар сени издейм. Группалашың.
oОП-148-69. Шоколад алтыным, жазат деген ушу экен деп жаза бербей, мааниси бар сөздөрдү жазчы ээ, айткан сынды туура кабыл ал, жаман көрбө. Лола.
oОП-148-70. Таттууля мени жаман көрбө, бирок кыз болгондон кийин анчалык болбош керек да, кичине болсо да, намыстанып, сырдуу болсоң сүйгөн адамың өзү эле сени таап алат. Албетте, ар бир адам өз оюн билдиргенге укуктуу, катуу тийсе кечир, мен да өз оюмду айттым. Сүйгөнүңө жет. Лола.
oОП-148-71. Эх, жашоо, жашоо, сага такыр түшүнө албай келем. Бирде адамга күлкү тартуулайсың, бирок тез эле кайтарып аласың, ачуу менен таттууну бирдей бергениңде , бул жашоонун маңызы эмнеде экенин түшүнө албай келем. Жүрөгүм ооруп, не кылышты билбейм, коркуп жатам. Лола.
oОП-148-72. Салам "Обончулар!" Мен жаңымын. Келгиле, таанышабыз? Интернетте баардык социалдык сетте бармын. Эгер силер дагы бар болсоңор жазгыла, менин номерим: 0772422888 бир гана СМС жазгыла, бирок маяксыз. Smartboy
oОП-148-73. Ангел 96, чын атыңды айтчы, сен мага жактың, номериңди берчи? Сага ийгилик каалайм. Сырдуу жигит.
oОП-148-74. Сема кандайсың, мага чал ошол эле номердемин. Садоводдун жаңылыктарынан сүйлөшөбүз. Сагындым сени. Бема.
oОП-148-75. Бактыгүл, качан Москвага концерт коюп келесиң? Менин баргым келбейт, сеникинен башкалардын концертине. Сен суперсиң! +79258377ххх
oОП-148-76. Неля менен Урмат, Нью-Йоркто тартылган клибиңерде эч нерсе көрбөгөндөй мактанып тартылыпсыңар. Бириңен -бириң өтүп колуңар менен көрсөтүп, кол менен көрсөткөн этикага жатпасын жок дегенде Неля билбейт бекен? +79258377ххх
oОП-148-77. Баары бир сени көп ойлоном, бул эмне жообун билбедим. Сүйүүбү? Жок, андай эместир, суранчумун кудайдан кезиктир деп. Күн сайын бир көрүп карааның, көңүлүм тойгузуп аламын. Кызык ээ, бул турмуш-табышмак. Уктасам түшүмө кирбеген, жообун тапканча баары бир, баары бир жолугам сен менен. Эрке кыз.
oОП-148-78. Намыстуу бол, Эр манастын тукуму,эл башына күн түшкөндө качпаган. Ата-бабам сактап келген мурасын, муундардан муундарга сакталган. Ата салтын ыйык тутуп аздектеп, аялзатын сыйлай билгин барктагын.Адал болгун, абийириңди жоготпой, арам ойго кучагыңды ачпагын. Эрке кыз.
oОП-148-79. Мен Бактыгүл Бадыеваны кумир тутуп келем. Менин атым Луиза , 11 жаштамын. Бактыгүл эже, сизге ийгилик каалаймын.
oОП-148-80. Бактыгүл, азыркы жаш ырчы кыздардын арасынан сулуулугуң, жылдыздуулугуң боюнча баарынын алдындасың, мен чыгармачылык жагынан да алдыда болушуңду, бат-баттан жаңы ырларды, клиптерди тарттырып эч кимди алдыга чыгарбашыңды каалайт элем.
oОП-148-81. Бактыгүл! Мадумаровдон боюнда бар, Японияда экен деген сыяктуу сөздөрдү угам. Мунун баары жалганбы же кандай? Баары бир сен суперсиң, Бактыгүл.
oОП-148-82. Айбы, күнбү билбей жатам, ай, жылдыз сымал карап турам, "Обонду". Шокалад.
oОП-148-83. Токтогулдагы №2 Бөкөнбаев орто мектебинин 8-классынын окуучуларына жана Айжан эжеге чоң салам. 0778633ххх.
oОП-148-84. Жаным, мен сени сүйөм, бирок сен билбейсиң. Шайтан.
oОП-148-85. Өмүр өтсө мейли жазамын дечи суктанып, кайра-кайра СМС.
oОП-148-86. Ак Мөөр, Байыш бактылуу болгула. Гүлчө АБЗ91.
oОП-148- 87. Күн да чыгып өз жумушун аткарат,бир өлкөнү жалгыз адам башкарат. Ыйман берсин кыргыз элиме, биз жашайбыз Кыргызстан жеринде.
oОП-148-88. Досторго: Келгиле достор, "дос" бойдон жүрөлү, достук наамын жакшы жерге үйөлү, бул өмүрдө достук керек баарына, алма жейли өсүп турган багымдан. Ырысбек 91.
oОП-148-89. "Обонду" олтуруп алып ойлономун, "Обонду" сүрөтчүгө боётомун , эх "Обонум" сен жок болгондо не кылмакпыз, "Обон" деп ичибизден ыйламакпыз. Ырысбек 91.
oОП-148-90. Жалган жашоого биз келдик, амандык сурап мен жаздым СМС. Шоколад.
oОП-148-91. Кандайсыз, Бактыгүл эже. Сиз канчанчы жылы, күнү төрөлгөнсүз? Атаңыздын аты Токтосунбу?
oОП-148-92. Менин сагынычтуу саламым Бүргөндү айылындагы жубайым Жумагүлгө. Малыш сени сагындым, бирок эми биздин тагдырыбыз адашып айрылдык. Кемебиз эки жакка сүзүп кетти, мени кечир, сени түбөлүккө сүйөм, бактылуу бол, жаным. Келе жаткан жаңы жыл майрамың менен жана 1- январь туулган күнүң менен. Жанымда болгонуңда сонун тозмокпуз. Асан.
oОП-148-93. Шоколад, сен шоколаддай таттуусуңбу? Же тескерисинчеби? Канча жаштасың? Өзүң жөнүндө кененирээк маалымат жазып койчу. Банан.
oОП-148-94. Урматтуу "Обон" гезитинин окурмандары! Араңарда Акбаталык 94-жылкы Жумагүлдү тааныгандар болсо, мага чалып койгулачы, сураныч. 0557220386.
oОП-148-95. "Обон" газетасы супер! Мен Бактыгүл Бадыеваны өзгөчө кумир тутам, мага чалыңызчы, мен ыр чыгарам, сиз менен катышкым келет, сөзсүз эстеликке бир нерсе бериңизчи же болбосо өлөм. Көлдөн Айгүл.
oОП-148-96. Жакшылык тилейм элиме, тынчтык болсун элимде. Шоколад.
oОП-148-97. Бишкек шаарындагы 67-гимназиянын мугалими Керимбекова Самараны 24-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Дайыма жакшылыктын үстүндө бол. Жыпара.
oОП-148-98. Ильяз Абдразаков, ар дайым бар бол. Кыялымда үйүнө барып алгам, ак жоолукту башыма салып алгам. Сени көрүп бактылуу болуп жашайм, сен деп гана жүрөгүм согуп турат. Ильяз мени менен жолугушууну каалайсыңбы? Суранам быйыл үйлөнбө. Сени мен гана бактылуу кыла алам. Сени сүйүп Мимоза. Казармандан 93.
ОП-148 -99. Жамалың жандап бүтпөгөн жандайсың, жаныма жай бербейсиң, кандайсың? Шокалад.
oОП-148-100. Жашоого өмүр берген аба болор, дарым сенсиң жүрөгүмө даба болор, сүйүүмдү арнап жүрүп олтурайын, ак сүйүүм бир күн жүрөгүңө конор. Эрке кыз.
oОП-148-101. Араңарда жубайым Жумагүлдү тааныгандар болсо, айткылачы,кантип жарашсам болот? Биздин арабызда бир айдын ичинде түшүнбөстүктөр, капачылыктар уруш-жаңжалдар болду, эми кантсем ал менен бир болом. Асан.
oОП-148-102. Бактыгүл эже, мен сизди абдан жакшы көрөм, мен дагы сиздей болгум келет. Мен сизге жолугууну эңсейм. Салима 95.
oОП-148-103. Сүйүү, байлык, ден соолук саякатка чыгышыптыр. Жол жүрө берип, күн кечтеп, жолунан биринчи чыккан үйгө түнөмөй болушат. Жол четиндеги жалгыз үйдө кары, оорукчан кемпир, бойго жеткен кыз жана байлыкка өч болгон аял жашачу. "Саякатчылар" үйдүн эшигин тыкылдатып, бир түнөп кетүүгө уруксат сурашыптыр.Үй ээлери бирөөнө ылайык гана жай бар экенин айтып, кимисин киргизерин талаша башташыптыр.Кары эне ден соолукту, келин байлыкты, кыз сүйүүнү киргизебиз деп ызы-чуу салган учурда берки үчөө жолун улап кетип калышкан. Ошондуктан, бардык нерсени өз убагында баалап, кадырына жетүү керек. Достор, жогорудагыдай абалга туш болсоңор, кайсынысын тандамаксыңар? Эрке кыз.
oОП-148-104. Тамада+музыка. Тел: 0779200071.
oОП-148-105. ТамаШОУ, Эрмек элибизге керек. Тойлордо болот тамада, мына кызык тамаша, жалган жашоо адашпа, жадап эле калба, казак, кыргыз бир тууган, өзбектерге ким тууган? Жаңы жылда кандай белек, албетте, коён белек. А сулуу, сулуу кыздар көп, бирөөнүн көзүнө салба чөп, жалгандан бакыт курууга болбойт,жалганчы оңбойт. Шоколад.
oОП-148-106. Экөөбүздө болбосо экен кусалык, жүрчү жаным ак куу болуп учалык, сен да мага сүйүүңдү арначы, калбасынчы, калбасынчы алгач сүйүүм тушалып, Ангел 96.
oОП-148-107. Сагынып жүргөн мен болуп, сагынычым сен болуп биринчи сенден сурайын, жакшыбы "Обонтай" сенде ден соолук?
oОП-148-108. Жаңы жылыңар менен! Айдай.
oОП-148-109. Аз өмүргө биз келдик, айласыз жашоо деп келдик.Көчмөн болуп сүт ичтик,Акаевдик ак эттик, Бакиевден болк эттик. Үмүтүбүзгө Роза эже гүл ачат деп турабыз, а балким,ишене албайм, муну да кетирип тынарбыз, байлык ,бийлик жалган экенин эстейбиз, кудай алдындагы жаралган бир пендебиз. Шоколад.
oОП-148-110. Гүлнур Асанованын "Күтүү" деген ырын бериңизчи.
oОП-148-111. Назиксиңер, сонунсуңар биздин кыздар, жыты таттуу мончоксуңар баарыңар. Бул дүйнөдө бар үчүн сулуу кыздар, бул дүйнөдө кадыр-барктуу аялдар, мен айтканым чын десең, аялдын кадырына жетип ал, жерлигине карап ал.Ии,баса, унутуп калба, энесин көрүп кызын ал, көз ирмемче бактылуу болуп жашап кал. Шоколад.
oОП-148-112. Аттиң өмүр өтпөсө, жаштык деген кетпесе, бул жашоодо ачуу-таттуу аралаш, жамандык нерсе болбосо, оору деген жок болсо,өлүү деген болбосо, иштин баары оң болсо, адамдар бири-бирин түшүнүп, кайгы-капа жок болсо, баары даяр бейиш болсо, жалган жашоо андай болбойт, татаал болот, биз сүйгөндөй боло койбойт. Шоколад
oОП-148-113. Саламатсызбы, Бактыгүл эже,"Обонтайга" келдиңизби, мен бара албай калат окшойм, "Дордойдон" баргыча кетип каласыз да. Шоколад.
oОП-148-114. 4-ооруканада муун алмаштыруу бөлүмүндө эмгектенген жалпы коллективге чоң ыраазычылык билдирем. Бизди дарылап өз бутубуз менен басып иштешибизге сиздердин эмгегиңиздер чоң. Рахмат сиздерге. Аллах ыраазы болсун. Бактылуу болуңуздар. 4-палата.
oОП-148-115. Жигит сүйсө кыздарды, оо азамат деп калат, кыздар сүйсө жигитти, ушак айтып кеп кылат. Ушак эмес кыз сүйсө, муну баары билишсин. Кызда деле жүрөк бар, жүрөгүндөй жигиттин. Ангел 96.
oОП-148-116. Клара Алибекова, эмнеге ырдабай койдуң? Сенин ырдаганың, менин билишимче,мен тааныган адамдардын баарына аябай жагат. Жакшы аракет кылып чыксаң, баардык ырчылардан кем калышпайсың. Гүлиза.
oОП-148-117. Көргүм эч жок жүрөгүмдү оорутуп, чыкпачы сен жолумду дагы тооруп. Өткөн күндөр эске түшсө эзилемин, чогуу жүргөн күндөрдү эстеп ыйлап, сагынычтан кыйналып сыздап -сыздап. Сени гана эстеп жүргөн күндөрүм, учуп кетти, кош деп кетти, өттү эми. Эрке кыз.
oОП-148-118. Жан сезим жараладың жүрөгүмдү, жалын деп оттой дале күйөмүнбү? Тебелеп махабатым кеткен элең, айласызмын эми аны өчүрөмбү? Үмүт үзбөй сени мен дайым күттүм, тагдырым деп сени гана ойлоп жүрдүм. Аттиң, бирок абалымды сен түшүнбөй, мен ыйлаганда, сен айтчы кайда жүрдүң? Ыйлай берип жашым да соолуй түштү, арадан күндөр өттү, айлар өттү, көңүлүмдү өйкөп жүргөн азабымдан, убакыт дары дешет, сезимим өчтү. Эрке кыз.
oОП-148-119. Ойло жан, жан ойлоого жаралган. Сени ойлоо- кан жаныма таралган. Ойлобойт деп ойлобогун, жан эркем, эгер билсең мен сен үчүн жаралгам. Гүлнур.
oОП-148-120. Кези келер замандын, убагы бүтүп кут келер, насиптүү кыргыз оңолор, ою жакшы элимдин , күтөр жакшы ийгилик, кылымдарга кыргызымды жетелеп жүрсүн ийгилик. Шоколад.
oОП-148-121. Саламат,Аман, Саматка чоң салам. Иштериңерге ийгилик. Карындашыңар Гүкүш.
oОП-148-122. Омар, сага ийгилик каалайм. Динара.
oОП-148-123. Мен баарынан тажап бүттүм, эки балам үчүн эле жашап жүрөмүн. Күлала.
oОП-148-124. Жаным Закирбек, кызым Жазмина, келе жаткан жаңы жылыңар менен. Силер менин жашоомсуңар, бар болгула. Жаныңыз Нургүл.
oОП-148-125. Мурда билбей сүйүү эмне экенин, мен өзүмдү дос катары санагам, эми минтип бүт жан дүйнөм жалындап, ашык болуп жүрөм сага садагам. Аза kg
oОП-148 -126. Супер смсчилерге салам! Ишиңер кандай? Анан №38 мектебиндеги окуган балдар жана кыздарга чоң ысык салам. Аза kg
oОП-148-127. Кыргыздын смсчилерине салам! Аза kg
oОП-148-128. Жаз келип кеткенсип, сүйүү келди бир мага, эстебесең мына деп, алып койду кудай да. Гүкүш.
oОП-148-129. Айда смс айдалгын , борбор тарапка! Суук болбосун Бишкек шаарында , жакшы иштер болсун. Шоколад.
oОП-148-130. Ыр жаздым сага белек деп, эстегенде керек деп, унутпай эстеп кой ,сүйгөнүм жазган белек деп. Гүкүш.
ОП-148-131. Достуктан сүйүү жаралат. Гуля.
oОП-148-132. Сен болдуң жүрөктө жалгыз арман, атың сенин жүрөгүмө кадалган. Элесиң жүрөт дайым мени жандап, ойлой берип сенсиз жаным сыздаган. Н.
oОП-148-133. ОШМУда окуган 3-курстагы жалпы группалаштарга, досторум Сапира, Рахилага ысык салам. Кызыл -Кыядан Нурила.
ОП-148-134. Аида, Каныбек менен бактылуу бол, көп жаша, бизди унутпа . 0779782ххх
o ОП-148-135. Таластан жолуктуруп бир жигит ти, тумар кылып жүрөгүмө сактап жүрөм.Туу болоор эл башында туруп берчү, туйгунун мен кыргыздын таппай жүрөм. Айдеми.
oОП-148-136. Аида, тойго качан чакырасың, биз күтүп атабыз, сени көргүбүз келип жатат, батыраак чакырчы. Гүкүш.
oОП-148-137. Эл үчүн партиясынын генералдык директору Арстанбек Абдылдаев ар дайым бар болуңуз! Сиз- кыргыз элинин сыймыгысыз. Назира.
oОП-148-138. Бактыгүл эже, Омар байке, мен силерди жакшы көрөм, эмнеге билбейм. Омар байке, чалыңыз десем чалбадыңыз, таарындым. 0553103ххх.
oОП-148-139. Жумагүл, биз эмнеге турмуш курдук, эгер тагдырыбыз бир болбосо, эми экөөбүз тең калдык жалгыз, айрылышта. Бактылуу бол. Жолдошуң Асан.
oОП-148-140. Мен сен кеткен соң, артыңан үйүңө үч бардым, бирок өзгөрүш жок. Жумагүл, мени кечир, мен сенсиз жашай албайм, сени сүйөм, жаным. Асан.
oОП-148-141. Жумагүл, кыска ойлуулук кылба, жаным. Эми сен кыз эмессиң, бир ай жашап ажырашсак экөөбүзгө тең минус, келчи жаным сураныч, мени кечир. Асан.
oОП-148- 142. Таш боор тагдырга мен кабылып, жашап келем тунгуюкка камалып, калса экен деп ушул күндөр алыста, мен келемин кудайыма жалынып, жашоо неге мынча татаал түшүнбөйм, тагдырымдын сыноосуна мен конбойм.Канча азап тартсам дагы жашоодон, бул өмүрдөн үмүтүмдү үзбөймүн. Асан.
oОП-148-143. Сен экенсиң кыялымдагы ардагым,сага арнаймын жүрөктөгү сырларым.Сенин сырдуу көздөрүңдү бир көрсөм, бул дүйнөдө болбос эле арманым. Жумагүл, эгер мени чын сүйгөнүңдө кетпейт болчусуң, ишенбедим. Асан.
oОП-148-144. Баш -Булак айылында жашап жаткан атам Кимсанбай, апам Ыкыбалга жана ошондой эле агам, жеңемдерге , байкемдин уулу Нургелдиге чоң салам. Оорубагыла, бар болгула, келе жаткан жаңы жылыңар менен! Бишкектен Дайырбек, Чубак небереңер. Арча- Бешик
oОП-148-145. Бактыгүл эже кандайсыз, сиздин талантыңызды сыйлайм ийгилик каалайм, качан концерт коёсуз, менин атым Гүлпери.
oОП-148-146. Анекдот: Депутат эркектер кырылып жатат кыйкырышып, ызы -чуу , бир маалда Роза эже келип эмне болду десе, алар: Аялдар жок дейт имиш. Шоколад.
ОП-148-147. Мен ырчы Исаны жактырам, ал жөнүндө жазыңыздарчы суранам! "Обон" алга! Кыздын көркүн эмне ачат, жооп жазгылачы? Жанара 97.
oОП-148-148. Ноокат районунун Арал айылына салам. Мухаммед сени сүйөм 345. Жанара 97.
oОП-148-149. Жанара +Мухаммед. Кыргыздар алга! Бар болгула, кыргыздарда эмне күнөө өзү, айткылачы? Жанара 97.
oОП-148-150. Асыл курбум Шайымбекова Рахатты 20-декабрь туулган күнү менен куттуктайм. Эки дүйнөдө бакытка бөлөнүп, сүйгөнүнө жетсин. Жашасын махабатка бекем тургандар! 0779283ххх
oОП-148-151. Мончок болсоң моюнуман үзүлбөй, тагар элем күндүр-түндүр түшүрбөй. Татынакай келишимдүү ыр болсоң, жазар элем баштап коюп бүтүрбөй.Калем болсоң катар элем жоготпой, сыя болсоң жазар элем коротпой, адамды адам жасап алса эгерде, өмүр арнап берер элем болоттой, ден соолугуң болоттой болсун, "Обонтай"! Ангел 96.
oОП-148-152. Сүйүү балдай чындап даамын татканга , сүйүү кымбат алтын-күмүш таштан да. Бул жашоодо сүйүү гана дем берет, жаның кейип сен капага батканда. Ангел 96.
oОП-148-153. "Обонтайсыз" жашоо жоктой сезилет, ар апта окуп жүрөгүм менин эзилет, билбейм качан бир өзүңө кезигем, баары бир мен сени сүйүп окуй берем. Ангел 96.
oОП-148-154. Мирбек Атабеков, сенин акыркы чыккан ырларыңды такыр уккум жок. Апиш ырларды ырдапсың го, мындай ырларды ырдасаң, 2012-жылы жок болосуң го! Дерзкая Чуньян.
oОП-148-155 . Кичинекей Кундузайды 20-декабрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Ата-энесинин эркетайы болуп, бактылуу балалыктын кучагына бөлөнүп., келечекте элдин кызы болушун каалаган таенеси Рахат,эжеси Медина жана бөлөлөрү Нурай, Назбийке.
oОП-148-156. Сыноолорду жалгыз чыдап тоскомун, сынам го деп учурунда коркконмун. Кайран күндөр кайра бакыт апкелди, кайдасыңар сатып кеткен досторум? 0779283ххх
oОП-148-157. Бул махабат гүлбү балким тикенек, бирөө үчүн бирөө жүрөт тизелеп. Айыбы жок түптүз болуп турса да, ашыгынын ийрисине түзөнөт. 07792 83ххх
oОП-148-158. "Candy"нин анекдоту эч кимге кызык эмеспи, ээ? Шоколад менен Банан жөнүндө? Өткөн санда бар,билбеген көрбөгөндөр болсо. Анан маани берип, мага кайрылсаңар, мен толук айтып берем. Абдан кызыктуу айтып коёюн. Candy
oОП-148.159. Кыздар менен таанышам, атым "Bad boy"-"Жаман жигит" анан албетте, көп басам, тентекмин, клубдарда эле жүрөм, кыздарым көп, дагы көбөйсө дейм. Сулуу кыздар керек …дагы кө-өп-көп … (Bad boy).




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??