п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Кырк чоро"
Рысбек Жабиров:
1. "Саманчынын жолу" тасмасы кайсы режиссёрдун дипломдук иши болгон жана Жамиланын ролун ким аткарган? (Туура жооп: режиссёр Геннадий Базаров, актриса Наталья Аринбасарова).
- Ушундай кыргыздын классикалык тасмаларына таасирленип, кино тармагын тандадым. "Саманчынын жолу" режиссёр Геннадий Базаровго таандык жана Жамиланы казактын кызы Наталья Аринбасарова аткарган.
2. Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Бул ыр саптар кайсы Акындын калемине таандык?(Туура жооп:акын Байдылда Сарногоевге таандык).
- Ушул ырдын тексти жагып, обончуларга сунуштасамбы деген оюм бар, албетте, акын Байдылда Сарногоевдики.
3. Кокон хандыгында кайсы хандын чокоюн тактысынын тушуна ким илип коёт? (Туура жооп: Шералы хандын чокоюн Нүзүп аталык тактысынын тушуна илип коёт.
- Төлөгөн Касымбеков "Сынган кылыч" романында тарыхый окуяларды таамай чагылдырган. Кокон хандыгын башкарган Шералы хандын чокоюн Нүзүп бий илдирип коёт.
4. "Эн салуу-тамга басуу-деген эмне? (Туура жооп: Бул-ар бир адамдын өз малын таанып жүрүүгө шарттуу, кулакка жасалган белгиси).
- Койчунун баласы болуп кантип билбейин, алмашып кетпес үчүн койдун кулагына түшүрүлгөн белги.
5. "Сагызган сактыгынан өлбөй… (Туура жооп: Суктугунан өлөт).
- Суктугунан өлөт.
Жыйынтык: Режиссёр Рысбек Жабиров 5 суроого жооп берип, "5" балл алды.





"Үр кызы"
Назира Жетигенова:
1. Кыргызстандын 7 керемети? ( Туура жооп: 1. Сулайман тоо.2. Бурана. 3. Саймалуу таш.4.Таш-Рабат.5. Ак-Бешим байыркы шаарчасы.6. Шах-Фазил күмбөзү.7. Өзгөн архитектуралык комплекси.
- Сулайман тоо, Бурана, Өзгөн мунарасы, Таш-Рабат, Манас күмбөзү, калганын билбейм.
2. "Жеңкетай" кыргыздын кандай салты? ( Туура жооп: Калың алып келгенде, жакын жеңелеринин кудалардан доолашып алуучу олжосу).
- Ушундай салт бар бекен, билбейм.
3. Түгөнбөгөн кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин.
Качан келдик кайдан келдик бул жерге,
Жел миндимби, суу миндимби билбеймин,-деген ыр саптары кайсы акындын калемине таандык? ( Туура жооп: Акын Алыкул Осмоновдун "Тирүүлүк" аттуу ыры).
- Бул ыр терең ойго салган ырлардын бири, биздин алп акыныбыз Алыкул Осмоновдуку.
4. "Бөрү зындан" тасмасынын режиссёру ким жана кайсы жубайлар аткарган? (Туура жооп: Режиссёр Болот Шамшиев тарткан жана жубайлар Самат-Талгат Нигматулин, Мариям-Венера Нигматулина).
- Бул кинону кичинекейимде көргөм, жер төлөөдөн чачын саксайтып чыга калган актрисаны эстей албай атам. Жолдошу кайсынысы билбейм.
5. "Семетей" эпосунда Каныкей ат чабышта кайсы атты төлгөгө салат? (Туура жооп: Тайбуурул).
- Тойота темир тулпар(тамаша)Таластык болуп билбей калыш уят го, минген аты -Тайбуурул.
Жыйынтыгы: "2,5" балл алды.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??