п»ї

Бактыгүл Бадыева:
"Досум үчүн жанымды бергенге да даярмын"
- Диета кармайсызбы, кантип арыктадыңыз?
- Мен толуп кетем деп таптакыр ойлончу эмесмин.Ден соолугума байланыштуу, кичине сыркоолоп калып, толуп кеттим. Азыр кудайга шүгүр, ден соолугум калыбына келип, арыктап калдым.
- Сизди таланттуу инсан кылып жараткан апакеңиз тууралуу айтып берсеңиз?
- Тогуз ай көтөрүп кыйналып, бир буту көрдө, бир буту жерде жатып, мени төрөгөн апама ыраазымын. Апам өтө кыйын, күчтүү, эркек мүнөз аял. Атам экөө мен кичинекей кезимде ажырашып кетип, төрт баланы жалгыз бой чоңойткон. Баарын өстүрүп, чоңойтуп, мыкты тарбия берип, жогорку окуу жайларында окутуп, жакшы жерге турмушка узатып, келин күткөн да менин апам.
- Атаңыз менен байланышып турасызбы?
- Ооба, бир жылда бир жолу ден соолук сурашып сүйлөшөбүз.
- Сиз ырдап жатканда оозуңуздан нур чачырап турат. Кичинеңизде ырчы болом деп кыялданчу белеңиз?
- Кичинекей кезимде актриса, ырчы болом деп кыялданчумун. Жакшы тилек жарым ырыс дегендей, жалаң гана жакшылыктарды тиленсе, ошол тилектерди кудайым сөзсүз берет. Ошондуктан, азыртадан жакшы тилектерди тилек кылсаңыздар демекчимин.
- Шоу-бизнеске кандайча аралашып калдыңыз эле жана сиздин ырчы болушуңузга ким түрткү болгон?
- Ырчы болуш кичинекей кезимдеги максатым болчу. Жалган дүйнөгө бир келгенден кийин, ар бир адам көздөгөн максатына жетүүгө аракет кылыш керек. Сахнаны жаңыдан аттаганда мага көп адамдар жардам берген. Дагы деле бири-бирибизди колдоп келе жатабыз. Биринчилерден мени колдогон Гүлзат Байзакова эже болгон. Гүлзат эженин чакыруусу менен тойго биринчи жолу баргам. Кезегинде Сыймык Бейшекеев да көп концерттерге катыштырып, мага колдоо көрсөткөн.
- Чоң сахнага алгач кимдин концертинде чыктыңыз эле?
- Мектепте окуп жүргөндө эле Токмоктун маданият үйүндө ырдап жүрчүмүн. Анан бир күнү Сыймык Бейшекеев концерт коюп барып калганда ырдап чыккам. Азыр да ал жакка барып ырдап турам.
- Ошол кезде атактуу болом деп ойлоочу белеңиз?
- "Генерал болом деп кыялданбаган солдат, солдат эмес" дегендей, ар бир ырчы ырдап чыгарда атактуу болом деп кыялданат. Мен деле эл катары атактуу болуп, элиме жагып, жакшы ырларды жаратсам экен деп кыялданчумун.
- Сиздин аталарыңыз уйгур болгон деген сөздөр бар. Мунун канчасы чын?
- Нукура кыргызмын. Атам Алайдан, апам Нарын облусунун Кочкор районунан болот. Өзүм Токмокто чоңойгом. Курманжан датканын чөбөрөлөрүнөн болом.
- Кайсы фирманын косметикаларын колдоносуз?
- Бир фирманын косметикасын колдонбойм. Анткени, косметика жалаң бир чыгарылышта болгон болсо, бетиме упасы жакса, эриндериме эндиги жакпай калат. Ошон үчүн, жакшы косметиканы тандаганга аракет кылам. Көбүнчө "Кристина", "Пупа" ж.б. фирмалардын косметикаларын колдоном. Буюрса, "Обон" гезитине эмки келгенде бардык косметикаларымды ала келип, чогуу отуруп алып боёнобуз. (күлүп)
- Тыйын жерге түшсө "тык" деп түшөт. Түшпөсө токчулуктун белгиси деп коюшат. Сизди шоу-бизнестеги бай кыз деп билебиз. Башыңыздан жокчулукту өткөрдүңүз беле?
- Жашоодо ак-кара, өйдө-ылдый деген болот. Барчылыкты да, жокчулукту да көргөм. Иштесең-тиштейсиң дешет го. Эч бир нерседен кем болбоюн деп дайыма иштеп келем.
- Достукка кандайсыз?
- Достукка өтө бекеммин. Керек болсо досум үчүн жанымды бергенге да даярмын. Сүйүүсүз жашаш кандай кыйын болсо, досуң жок да ошондой кыйын. Досчулукту ыйык тутуп, баалайм.
- Адамдардагы баалаган сапатыңыз?
- Жөнөкөйлүктү баалайм. Олигарх болобу, миллиардерби же жөн эле БОМЖбу, эң негизгиси жөнөкөй болсо, мен ал адамды урматтайм. Эгер БОМЖ жөнөкөй болсо, мен ал менен дос болом. Мага керсейгендер жакпайт.
- Канча тилде эркин сүйлөй аласыз?
- Эч бир тилде эркин сүйлөй албайм. (күлүп) 3-класска чейин кыргыз мектепте окугам. Калганын орус мектептен бүтүрдүм. Апам кээде отуруп:"Сен же орус, же кыргыз эмессиң", - деп күлүп калат. Бирок кайсы өлкөгө барбайын, өзүмө керектүү сөздөрдү билем.
- "Энекем" деген ырыңызга эмне үчүн клип тарттыра элексиз?
- Туура айтып жатасыз. Ал ырдын сөздөрү ушунчалык мыкты болгондуктан, ылайыктуу сценарий таппай жүрөм. Кудай буюрса, өзүм эне болгондо жакшы идеялар келип калса, ошондо тартам деген ойлорум бар.
- "Жашоо жалган" деген ырыңыздын клибин каяктан тарттыңыз эле?
- Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан "Гранд отель" деген жерден тартканбыз. Сьемканы түшкү саат үчтө баштап, эртең мененки тогузда бүткөнбүз. Клиптеги бала болсо,бодибилдинг боюнча чемпион.
- Эмнеге кызыгасыз?
- Көп нерсеге кызыгам жана көптү билгим келет. 3 жыл мурда психологдун окуусуна тапшыргым келген. Азыр психологдун курсуна барып атам. Андан тышкары, чач тарачтын, маникюр, визажисттин окуусун окуп алгам.
- Жүрөгүңүздүн ээси барбы?
- Албетте, бар. Жүрөгүмдүн ээси мени түшүнгөн, жан дүйнөсү жөнөкөй, жүрөгү сулуу, кыргыздын мырзасы, апамдын жердеши десем болот.
- Эмнеге бир туугандарыңыз жөнүндө көп айтпайсыз?
- Бир туугандарым жөнүндө сураса айтам. (күлүп) Сонун бир туугандарым бар. Алар-башкача адамдар. Бир туугандарымда арамзалык сапат жок. Төрт бир тууганбыз, менден улуу эки эжем, байкем бар. Мен үйдүн көкүрөк күчүгүмүн. Үчөө тең үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болушту.
- Ашканада кандай ашпозчусуз, кайсы тамактын майын чыгара жасайсыз?
- Ашканага кирсем бир саат чыкпайм. Тамак жасаганды да, жегенди да өтө жакшы көрөм. Түрлүү пирог, булочкаларды бышырганды жактырам. Китептерди окуп, өзүмдүн фантазиям менен ар кандай тамактарды жасайм. 4-класста биринчи жолу картошка куурусам, күйүп калган. Экинчи жолу шорпо жасап, китлапты салып, апамдын курбулары үйгө келип калганда, чоң чыныларга куюп, алдыларына койдум. Анан өзүмө да куюп келип, ичейин десем, шорпомдун тузу жок, туз салганды унутуп коюптурмун. 13 жашымда лагман созуп, манты, пельмендерди жакшы жасап калгам.
- Улуттук кийимдердин көргөзмөсүн уюштуруп жүрдүңүз эле.
- Жаңы жылга жакшы пландар бар. Кийимдеримдин атын "Эркеле" деп койдум. Буюрса, өзүмө жардамчы алайын деп жатам. Мен эки жакка чыгып калганда, менин ордума ал киши иштеп турат.

Төлөбүбү Касымалиева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??