п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Нурлан Мотуев:
"Текебаевдин порно дискин таратып, андан өчүмдү алдым"
- Кыргызстан үчүн кандай пайдалуу иш кылдым деп ойлойсуз?
- Кыргыз элине 10 миң тонна көмүрдү бекер тараткам. Азыр да жардам берип атам. Андан тышкары, Алла Тааланын сөзүн элге кеңири жайылтып атам. Мурда карапайым элге гана дабат айтып келсек, азыр саясатчыларга, жогорку деңгээлдеги адамдарга ислам динине кирели, мусулман бололу деп дабат айтып атабыз. Анткени, азыр түптүз эле "Ак үй", "Көк үйдөгүлөргө" дабат айтыш керек болуп калды. Дегеним, өлкөбүз моралдык кыйроого учураарына жакындап калды.
- Жиниңизди кимден чыгарасыз?
- Жинимди эч кимден деле чыгарбайм. Менин жиниме тийиш үчүн көп убакыт керек. Ошондуктан, сабыр исламдын жарымы деп айтышат. Көбүнчө сабыр кылып келем. "Учур" деген гезитке бир жыл сабыр кылып чыдадым, болбой эле бетпактана беришкендеринен Асланбек Сартпаев менен териштиргени редакциясына баргам. Барсам куйругун түйүп кетиптир. Карыя кабарчысын отургузуп коюптур. Анан ал кишиге кантип кол көтөрөсүң?
- Кандай тариздеги кыздар жагат?
- Чынын айтсам, бою 175 сантиметр келген, ак жуумал, назик кыздар жагат.
- Канча жолу чоң сүйүүгө кабылдыңыз?
- Чоң сүйүүгө жаш кезимде бир-эки жолу кабылгам. Чыныгы сүйүүмдү таппай, азыр деле издеп келе жатам.
- Аялыңыздын шайтанын канча убакытта бир күүп турасыз?
- Учурда аялым жок. Мен азыр сүйүүмдү таба элекмин. Гезиттерге берген маалыматта:"Жакында тоюбуз болот",- деп ал кыз айткан. Ал сүйлөшкөн кызым болчу. Нике кыйдыртып койгонбуз, бирок эрди-катындык жашоого өтө элек болчубуз.
- Анан андай жашоого качан өтөйүн деп жатасыз?
- Ойлоп көрсөм, мен ал кызды сүйбөйт экемин. Анын үстүнө жаш, он тогузда. Мүмкүн, жеңил ойлуулук кылып, мени сүйөм деп жаткандыр. Мунун эрге тийүүгө мүмкүнчүлүгү көп, теңин тапсын дедим. Эми ага окшоп "сүйөм" деген жаш кыздар толтура. Анан ар бирине эле үйлөнүп чыга албайсың да.
- Саясатчылардын кимиси менен жакшы ымаладасыз да, кимиси менен мушташкыңыз келип жүрөт?
- Саясатта достук болбойт. Мисалы, Акаев, Бакиевдерди деле сатып кетишпедиби. Дин жолунда жүргөн, эки жүздүү эмес, сатып кете турбаган, өзүнүн кызыкчылыгын ойлобогон бир да саясатчыга жолуккан эмесмин. Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун да мунафыктык нерселерден куру эмес. Өзүм достук кылып жүргөндөрдү сатпаганга аракет кылам. Мунун баарын Көрүүчү, Угуучу, Билүүчү Аллах көрүп турат. Бирок, мени көп сатып кетишкен. Мушташкым келип жүргөн саясатчылар көп. Анткени, бир ишти былгытып коюп, мыйыгынан күлүп тургандар толтура. Мени жамандаган гезиттердин артында Атамбаев менен Текебаевдин турарын билем. Анан булар эркектей болуп, бет маңдай келип мушташса жакшы болмок. Атамбаев, Текебаевдер менен мушташсам, колумдун кычуусу канат эле.
- Эгерде жаш кызга көзүңүз түшүп калып, ага үйлөнөм деген планды койсоңуз, анын жан дүйнөсүнүн тазалыгына, аруулугуна карап баш кошосузбу же сулуулугун биринчи орунга коёсузбу?
- Мухаммед пайгамбардын 40 миң хадиси иргелип отуруп, 4 миң хадиси калган. Ал иргелип отуруп 400 хадис калып, ал да иргелип 40 хадис калган. Кырк хадистин төртөө калып, анын бирөөсүндө, "аялга эч качан ишенбе", - деп жазылган. Ошондуктан мен аялдарга эч качан ишенбейм. Аялдарды тукум улоочу катары билем. Куранда "тукум улоочу, көңүлүңдү көтөрүп турчу аялзаты" деп айтылган. Ала турган аялымдын акылына, билимине деле карамак эмесмин. Болгону, менин ишеничимди актаса анан көңүл толкута тургандай сулуу болсо болду.
- Эгер ал жаш жигитти сүйүп кетсе, сүйүүсүнө тоскоол болбойсузбу?
- Мен андай кызды алмак эмесмин. Өлгөндөн кийин же бейишке, же тозокко барабыз да. "Катын кетсе кайгырба, төшөк кайра жаңырат", - дегендей, мен да башка бирөөнү бат эле таап алмакмын. Жаш жигитти сүйүп кеттим дегендей, мен деле 60-70ке чыккан абышка эмесмин. Менден улуу Атамбаев, Текебаевдер деле өздөрүн жаш жигит сезип жүрүшпөйбү.
- Аял башкаруучуга көз карашыңыз кандай?
- Начар. "Аял баштаса - көргө, эркек баштаса - төргө", - дейт. Мына, Роза Отунбаева келди эле, канчалаган эр азаматтарыбыз көргө кирип кетти. Аял киши башкарса, өлкөдө береке болбойт. Амалыңа жараша акыбал дейт. Мына, Текебаев, Атамбаев амалдарына жараша европалык конституцияны Кыргызстанга киргизишти. Амалдарына жараша, өлкөдө эмгиче толук кандуу парламент түзүлбөй жатат.
- Душмандарыңыздын кимисинин үйүн өрттөмөк элеңиз?
- Андай ишке бармак эмесмин. Андай идея түртүп аткан Атамбаев, Асланбек Сартпаев акыры ушул сөздөрү үчүн жооп беришет. Душманымдын үйүн өрттөп алып, өзүм тозок отунда өрттөнгүм келбейт. Бир гана "Аллах, сени тозогунда өрттөсүн", - деген тескери дубамды бермекмин.
- Жакындарыңызга берген убадаңыздын канчасын аткарган жоксуз?
- Жакындарыма берген убадамдын дээрлик толугун эле аткарып келе жатам. Колуман келбеген убадамды бербейм.
- Өзүңүзгө жаккан жана жакпаган сапаттарыңызды айтсаңыз?
- Адамдардын баарын өзүмдөй көрүп, өтө ишенип кеткеним жакпайт. Анте берген болбоорун кийин түшүндүм. Мисалы, Турсунбай Бакир уулу менен дос болуп жүрдүк. Ал кызыкчылыгын ойлогон амал дос экен. Кызматка эптеп жетип алып, мени сатып кетти. Турсунбек Акун деле ошол болду. Көбү эле өзүнүн максатына жеткенден кийин саламын да унутуп коёт экен. Жаккан сапатымды айтсам мактанууга жатат. Ошондуктан, жакшы сапатымды эл айтсын.
- Сизди кыргыздын Жириновскийи дешет. Өзүңүздү ага окшоштурасызбы?
- Жок. Кыргыздын Жириновскийи дегенге толук кошула албайм. Анткени, Жириновский жөөт, а жөөттөрдү тууроо бул арам болуп саналат. Бирок, тилекке каршы, биз ушундай жашоого келип калбадыкпы. Мусулмандар жөөт сыяктуу, жөөттөр мусулман сыяктуу болуп калышты. Чындыкты бетке айткан орустардын киносун көрсөң кадимкидей моокумуң канат. Ошол эле кезде азиаттар, анын ичинде кыргыздар былгытып, былтыйып турушат. Ачык сүйлөп, бетке айтып, түз жүрсөң, минтип Жириновскийге окшоштурушат.
- Саясатчылардын кимисинин багыты начар деп ойлойсуз?
- Текебаевдин багыты начар. Анткени, "Өзүң кылган иш, өз башыңа муш" болуп, өзү түзгөн парламенти минтип Атамбаевин кошуп туруп жеген атат. Отунбаевасы болсо Англия ханышасынын кебетесинде калды. "Англиядан үй сатып алды" -деп, бир гезитте жүрөт. Качканга даярданып атса керек да.
- Сизди мурун абдан токтоо адам болчу, азыр ал сапатын жоготуп баратат дешет.
- Мени беш колдой билгендей сүйлөшөт да. Менин мүнөзүм ошол боюнча эле. Өзүм орус мектепти аяктап, Россиядагы, Америкадагы ЖОЖдорду бүткөндүктөн, европалашып калгам. Бизде кыргыздарда былтыйган, бытмыйган, уюган сапат бар. Чындыкты көбү айта албайт. Мен азыр токтоомун. Токтоолугум үчүн, журналисттердин жалган жалаасына, кээ бир саясатчылардын көрө албастыгына чыдап эле келе жатпаймынбы.
- Аялдарыңызды бат-баттан алмаштырууңуздун сыры эмнеде?
- Бул дагы душмандарым ойлоп чыккан кара пиар десем болот. Ушуга чейин 1-2 жолу эле үйлөнгөндүрмүн. Бирок жогоруда айтып кеткендей чыныгы сүйүүмдү таба албай жүрөм. Сүйбөгөн жубай менен жашай албайм.
- Капа болгондо үнүңүздү катуу чыгарып ырдайсызбы?
- Ырдачумун. Былтыр Калипа Сейдалиева, Ю.Бобков, жубайы Асел болуп мени "Кош жылдызга" чакырышкан. Нэна менен ырдатып көрүп, жактырышты. Бирок, "супер звезда" Нэна болбой эле, мен болдум окшойт дебейинби. (күлүп) Анткени, шарыятта ырдаган болбойт, - деген эрежени эстеп, ал долбоордон качтым. "Андай болсо, Раллия менен ырдап көр", - деп Калипа эже кайрадан чакырганда да барган жокмун. Ошондо да "Учур" гезити:"Мотуев менен Эшимкановго жуп болуп ырдоочу ырчы чыкпай атыптыр", - деп жалган маалыматты жазып чыгышты. Атамбаевдин "Учур" гезити калпычылыгынан арам өлүшөт го.
- Кара пиар үчүн гезиттерге саясатчыларды жамандаган материалдарды жаздырып, буйрутма берип көрдүңүз беле?
- Мен андай жаман иштерди кылбайм. Мага жакпайбы, бетине эле айтам, же болбосо дебатка чакырам.
- Текебаевдин порно дискин сизди таратып жүрдү дешет.
- Мен Текебаевдин порно дискин таратып, андан өчүмдү алдым. Анткени, мен Кара-Кечеде турганда революция идеясын ишке ашырдым. Текебаев ал идеяны көрө албай тытынып, чачын жулган. Анда спикер болчу. Ошондо эки сөзүнүн бири эле Мотуев болуп калган. Текебаевдин кесир-кусурунун кесепетинен бир жыл СИЗОго отуруп чыктым. Ал жакта жатканда:"Мен сенин түбүңө жетем", - деп убада бергем. Акыры түбүнө жеттим.

P.S. Эгерде Нурлан Мотуевге суроолоруңуздар болсо же болбосо союзуна киргиси келгендер nurik69.nu@mail.ru электрондук дарегине кат жазсаңыз болот.
Төлөбүбү
Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??