п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Бурулчанын селкинчек

Ар тармакка ар собол
Куудул Тынар Курбаналиев:
"Кыргызда "матриархаттын" жыты да жок болчу..."
- "Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык"-деген макалда айтылгандай, алтын баштуу аялдан эмне себептен бака баштуу эр артык болуп кетет?
- Мен ушул убакка чейин алтын баштуу аялды учурата элекмин, бирок бака баштуу эркектерди кезиктирип жүрөм. Илгертен бери ата-бабаларыбыздан калган түшүнүк. Үйдүн кожоюну эркек деп карашат, аялы жолдошуна баш ийип ыйбаа кылып турат. Кыргыз элибизде "матриархаттын" жыты да жок болчу.
- "Кадича" деген ысым Чыңгыз Айтматовдун кайсы чыгармасындагы каарман?
- Бул баягы кинодогу Ильяс менен аткарган каарман да. Чынын айтсам, чыгармасынын толук атын билбейт экем.

Ырчы Динара Акулова:
"Качан күйөөгө тиесиң?-дегендер тажатышты
- Чындыгында, сизге улуттук кийим жарашарын билесизби?
- Мен алгач комузду колго алып, улуттук кийим менен ыйык сахнанын босогосун аттагам. Ошондуктан кыргыздын калоритин сактап, улуттук кийимге көбүрөөк басым жасайм. Той-топурга барганда да эл: "Сага улуттук кийим, айрыкча , шөкүлө жакшы жарашат",-деп айтып калышат.
- Сизди тажаткан суроолор?
- Акыркы кездерде "Качан күйөөгө тиесиң?"-деп сурагандар тажатышты.
- Кайра-кайра көргүңүз келген кыргыз тасмасы?
- "Ак кеме" киносун абдан жакшы көрөм. Актёр агабыз Орозбек Кутманалиев "Орозкулдун" образын майын чыгара аткарган. Чыныгы жашоодо алтын адам эле.

"Ата Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев:
"Ушул ыр менен жалындаган жаштык кез өткөн..."
- Коноктой күндөр өтөт алчыланып,
Күмүш сап камчы менен камчыланып.
Бой таштап тегирмендин парасына,
Кээ күнү калгым келет кайчыланып,-деген ыр саптар кимдин калемине таандык жана обонун ким чыгарган?
- Акын Жолон Мамытовдун калемине таандык, обонун жараткан кайталангыс обончу Асанкалый Керимбаев. Ушул ыр менен жалындаган жаштык кез өткөн.
- Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз...макалдын аягы?
- Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз.

"Кыргызстан Обондорунун" ди-джейи Назира Кадыева:
"Мирбек жеткиликтүү аткара алган эмес..."
- Эски ырларга жаңыча жашоо берген кайсы ырчы купулуңузга толот жана начар ырдаган ырчы деп кимди атайсыз?
- Мен Эрлан Андашевдин үнүнүн оригиналдуулугу бар деп айта алам. Ж.Кочкоровдун "Сагындырба" аттуу ырын рок стилинде сонун ырдап койгон. Ырдын аранжировкасы менен Эрландын үнү төп келишип, бири-бири менен жуурулушкандай сезим калтырат.
- Барпынын "Мөлмөлүмүн" ырдаган Мирбек Иманбековдо,тескерисинче вокалдык ырдоо деңгээли билинип калган. Мирбек жеткиликтүү аткара алган эмес. Бул ыр Малик Аликеевдин аткаруусунда элдин жүрөгүндө түнөк болуп калган, ошол боюнча калса жакшы болмок.
- Кешик түп ичүү дегенди кандайча түшүнөсүз?
- Кешик-карылардын ичкен тамагынын акыркы калдыгы. Балалык чагыбызда кешик түбүн ичебиз деп үмүт кылып ичүүгө куштар элек. 94кө чыккан апа өрүгүн берип атып: "Ме, айланайын, менин жашымды берсин",-деп айтканы эсимде. Азыркы мезгилде кешик түптү ичүү жоголуп баратат. Айрымдар жийиркенишет, ушундан да ырыс-кешик кыркылат.

Режиссёр Эрнис Абдыжапаров:
"Мидин Алыбаев тууралуу тасма тартсам..."
- "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" -деп залкар акын Аалы Токомбаев айткандай, кыргызымдын чыгаан уулдарынан кимдин бейнеси тууралуу кино тартмакчысыз?
- Мен негизи 50-60-жылдардагы кыргыз интеллигенциясы жөнүндө көп ойго батам. Айрыкча, көзү өтүп кеткен Мидин Алыбаев тууралуу тасма тартсамбы деген чоң үмүт бар. "Кечээки көргөн бүгүн жок" болуп, улам мезгил алыстаган сайын бизге ал кайра жакындап, кыргыз адабиятына ак жарык чачып, өмүрдүн өлбөс бактысына ээ болуп, тирүүлөр менен эле эмес, а түгүл жылдар менен тең жарышка түшкөнсүп, биз менен кошо келет. Замандаштарынын эскерүүсүндө абдан көрөңгөсү бийик инсан болгон экен.
- "Ысык-Көлдүн кызгалдактары "тасмасында Сүймөнкул Чокморов домбра менен ырдаган ырын жеке концертиңизде көрүүчүлөрдү таң калтырып ырдап чыгыпсыз, ошол ырдын тарыхы кандай болду экен?
- Ооба, мен концертимде элибиздин уникалдуу актёру С.Чокморовдун жана апрель окуясында шейит болгон уулдарыбыздын жаркын элесине арнап ырдап чыкканмын. Биздин Асан Кайгыдай болгон казактын акыны Билжан чалдын "Темир таз" аттуу ыры экен.
Динара Асылбекова




  Бул ким, ыя?

Чыгармачылыктын чыйыр жолуна жаңыдан баш баккан жаш актриса Айжан Байжиева:
"Наркоман кыздын образын жараттым..."
"Аккан арыктан суу агат" дегендей, калемин колунан түшүрбөй азыр да кыргыз үчүн жакшы чыгармаларын жаратып келген драматург Мар Байжиев жана бүт өмүрүн сахнага арнаган ажарлуу актриса Шайгүл Алсеитованын кызы Айжан ата-энесинин жолун жолдоп чыгармачылыкка бел байлады.

Мен эки чыгармачыл инсандын кызы болгондуктан, "Алма сабагынан алыс түшпөйт" деп коёт го, анын сыңарындай актриса болушума ата-энем чоң түрткү берди. Апамдын курсагында түйүлдүк кезимде эле мени ушул актрисалык жол күтүп тургандыр. Атам-Мар Байжиев кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург, апам - Шайгүл Алсеитова КРнын эмгек сиңирген артисткасы. Биз эми театрдын балдары болуп калдык да. Бир жолу 14 жашымда апамды ээрчип киностудияга барып калсам: "Сен атайын ролго ылайыктуу экенсиң, бардык жагың төп келет экен"-деп калышты. Ошол күндөн тартып актрисалык өнөргө хобби катары кызыга баштадым. Жарнамаларга, клиптерге тартылып жүрдүм. Апам энелик мээримин гана төкпөстөн, актрисалык жолду ачып берген устатым болуп калды.
- Алгачкы тартылган роль кайсы болду?
- "Жел кайып" тасмасында оң каармандын ролун жараттым. Айылдан жаңы келген кыз шаарда официантка болуп иштеп, жакшы комуз черткендиктен, байлардын балдарына комуз үйрөтүп, турмуштун өйдө-ылдыйын көргөн кыз болот.
- Режиссёрлор өзүңдүн мүнөзүңө терс роль сунуштаса аткарат белең?
- Негизи ,"Уул" тасмасы азыркы замандын көйгөйү жаштардын жаман жоруктарга тез азгырылышын ачып берген. Ал тасмада наркоман кыздын образын жараттым. Менин каарманым Азиза жакшы жолдо жүргөн баланы жаман жоруктарга түртүп, аны өз жолунан адаштырып бузат.
- "Чыңгызхандын ак булуту" тасмасына кандайча тартылып калдың?
- Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан алынган режиссёр С. Тарасовдун "Чыңгызхандын ак булуту" тасмасына сулуу кыздарга кастинг жүргүзүлүп атыптыр, мени "барып өзүңдү сынап көр,мүмкүн өтүп кетсең аткарасың", - деп калышты. Жок, мен баары бир деле өтпөйм го, сулуу кыздар гана катыша алат экен дедим. Кастингге барсам мага кичинекей эпизод беришти. Жаш кыз кичинекей бала таап алып, кудайга жалынып:"Мен бул баланы кантип багам"- деп жалбарганда, кудай жеңилдигин берип баланы сактап калат. Режиссёрдун купулуна толсом керек, Алтундун ролун ойноп тартылып калдым.
- Кыялыңда кандай роль жаратсам деп ойлойсуң?
- Мени терс каармандын образы кызыктырат. Мисалы: "Ак кеме" тасмасында биз үчүн улуу актриса Сабира апабызды айтсак болот. Советбек Жумадылов кандай гана кайталангыс ролдорду жаратпады. Ушундай залкар инсандарды көрүп калганыма абдан сыймыктанам. Ал киши өзү ушундай жөнөкөй, мүнөзү жумшак инсан эле. Мен билген "Акбаранын көз жашы" тасмасында Бостондун ролун жеткиликтүү аткарып, элге жагымдуу жагдай тартуулаган элеси калды. Аты аталган инсандардай роль жаратсам, анда менин ийгилигим ошол. Апам деле бир спектаклде элдин баарын жек көрүп уу берип өлтүрүп салат, мен аларга боорум ооруп ыйлап жибергем. Көпкө чейин апамды жаман көрүп, эркелетсе да өзүмө жакындатпай жүргөм. Көрсө, апам ошол образдын чыныгы жүзүн ашкере аткарган экен.
- Сени кимге окшоштурат жана мүнөзүң кимди тарткан?
- Мени көргөндөр: "Атаңдын дал өзү турбай-сыңбы",-дешет. Мүнөзүм дагы атамды тарткан. Адамдын көңүлүнө карабай бетке айтмай жайым бар. Атам Мар Байжиев "Манас" эпосунун орусча вариантын жазып чыккан. Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында коюшкан. Апам Шайгүл Алсеитова-Каныкейдин образын аткарган. Болот Тентимишев, Жамила Сыдыкбаева, К.Орозбаевдер аткарышат.
- Көрүүчүлөрдүн сага болгон оюн байкай аласыңбы?
- "Уул" тасмасынын премьерасынын ачылыш аземи болгондо өзүм да көрүүчүлөрдүн арасында көрүп отурсам жанымдагылар: "Ий, кантип ушундайга барды, ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаман кыз турбайбы,-деп берилип тилдеп, аябай ачууланып алышыптыр. Бүткөндө сахнага чыгарып тааныштырса, баягы эжелер атайын жаныма келишип: "Жакшынакай кыз турбайсыңбы, наркоман кызды аткарган сен белең",- деп таңыркап кетишти. Ошондо образымды жеткиликтүү ойнопмун деп калдым.
- Ата жолун улап, колуңа калем кармаган учуруң болобу?
- Эсимде, 5 же 6 жашымда апам чыгармачыл топ менен гастролго чыгышчу, эрте менен туруп Сабира(Күмүшалиева) апаны ыр менен сүйлөп ойготупмун. Сөздөрү эсимде жок, атасынын жолун улап драма жазасың го дешкен. Азыр мени түйшөлткөн нерсе -тил маселеси. Кыргыз тили жөнүндө көп ойлоном. Биз бөтөн элдин тилин, маданиятын тез үйрөнүп өздөштүргөнгө жетишебиз. Эмне үчүн эне тилибизди барктай албайбыз. Адабий нормада сүйлөбөй, ар бир региондун өзүнүн диалектиси бар. Ушундай көрүнүштөрдөн арыла албай келебиз. Алыс барбай жапан элин алалы, улуттук көрөңгөсүн кийиминен баштап майда-майда басыгына чейин сактап келишет. Коңшу өлкөдө өз тилинде сүйлөгөнгө талапты катуу коюшат. Биз дагы кыргыз тилинде таза сүйлөөгө аракеттенишибиз керек.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??