Айпери Сыдыкова:
"Гүлшайыр эже өзүнүн деңгээлин түшүрүп жатат"
Өткөндөгү №147 саныбызда жарык көргөн Гүлшайыр эженин интервьюсун окуган Айпери Сыдыкова ызасына чыдабай, эмне себептен "Кыз-Бурактан" чыгып кеткендигин, Гүлшайыр эженин кантип урушканынан бери айтып, редакцияга телефон чалды.

Кыстырма
Кошумчалап кетчү бир нерсе, редакцияга "Кыз-Бурактын" экс-солисткалары:"Айгүл Текебаева топто эч кандай гитара черткен эмес, биз нааразыбыз. Гүлшайыр эже калп айтат экен. "Кыз-Бурактын" 274 кызынан сурап көрсүн, кимиси Айгүл Текебаеваны тааныйт экен?"- деп телефон чалышты. Аттарын болсо азырынча айтпай туралы дешти. Бул тууралуу кийинки сандарда жазмакчыбыз.

"Гүлшайыр эже өзүнүн деңгээлин түшүрүп жатат"
- "Обон" гезитинин №147 санында жарык көргөн Гүлшайыр эженин интервьюсун окуп алып, бир жагынан күлкүм келсе, бир жагынан жиним келип, сиздердин редакцияга чалып жатам. Мен "Кыз-Бурактын" эмгегин уурдап, же болбосо башка жаман иштер менен топтон кеткен жерим жок. Кудайга шүгүр эле жашайм. Үй-бүлөмө кайра-кайра асылып жатып, Гүлшайыр эже өзүнүн деңгээлин түшүрүп жатат. Биздин ортобузда эч кандай келишим деле болгон эмес. Себеби, мен "Кыз-Бурак" тобуна киргенде болгону 17 жашта болчумун. Менин "Кыз-Бурактын" параметрине туура келбегендей деле деңгээлде эмесмин. Боюма катуу асылыптыр, чын-чынына келгенде, топто Мирананын гана бою узун болчу. Менин дене мүчөмө эмне эле мынча асылат билбейм. Чынын айтканда, "Кыз-Буракта" ырдап жүргөндө бир жолу гана жандуу үн менен чыгып ырдагам.

"Анын айткан сөздөрүн өз дарегиме кабыл албайм"
"Кээ бир кыздарыбызга окшоп, атам молдо болуп кетти. Жашоо турмушубуз начар, үйдө нан эмес кебек жеп калдык", - деп калп айтып кеткен кыздарыбыз да болду" - деген Гүлшайыр эженин сөзүн өзүмдүн дарегиме кабыл албайм. Анткени, мен "Кыз-Бурак" тобунан чыгып кеткен убакта атам бир маал намазды жаңы окуп баштаган болчу. Мени кебек жедирип, үй-бүлөмө, ата-энеме сөз ыргытпасын. Керек болсо апам эң бай адамдардын катарын толуктайт. 7 баланы тогуз ай көтөрүп, төрөп, чоңойтуп, бутуна тургузуп, турмушка узатып, өмүр бою жары менен бактылуу жашаган баатыр эне. Кудайга шүгүр, бакма кыз эмесмин.

"Азыркы жеткен байлыгына "Кыз-Бурактын" кыздарынын салымы бардыр"
Мүмкүн, ал жерден башка кыздар катары кашыктап тузун жегендирмин. Бирок, Гүлшайыр эже ушунча жыл иштеп кеткен кыздардын артынан каптап тузун кайтарып алды. Гүлшайыр эже пансионат куруп атам, мындай машина алдык, тигиндей алдык деп калат. Ал акча асмандан түшкөн жери жок да. "Кыз-Бурактын" жакшы иштеп келе жатканынын бир сыры, ар бир кыз келгенде өзүнүн ооматы болот. Азыркы жеткен байлыгына "Кыз-Бурактын" кыздарынын да эмгеги бардыр. Кеткенден кийин эле жаман боло бербеш керек да.

"Мен ага он жыл иштеп бергидей, сатып алган кулумунбу?!"
Менин топтон чыкканымдын эң негизги себеби, айлыгы такыр канааттандырчу эмес. Мен,мисалы, эки жыл "Кыз-Бурак 2" де иштегем. 2 жылдын ичинде эң көп алган айлыгым 500-600 сом болду. Кийин чоң топко кошулганда да, 1000-1500 сом карматып койчу. Акыркы жолу эң көп алган айлыгым 4000 сом болду. "Кыз-Буракта" жүрө берип, ата-энемден улам-улам акча сурай бергенден чарчагам. 4 жыл жакшы эле иштеп бердим. "Сен мага он жыл иштеп беришиң керек болчу. Мен сени сотко берем", - деген сөзүнө ишенип жүрө бериптирмин. Мен ага он жыл иштеп бергидей, сатып алган кулумунбу?!..

"Көчөдө калган "жалап", "канчык" деген сөздөр менен урушчу"
Башында жакшы жактарын алып, жаман жактарын көрбөгөнгө аракет кылчумун. Жакшы жактарынын бири "таш ыргытса, аш ыргыт", деп дайыма айтчу. Бирок өзү аш ыргытпай мага таш ыргытып келди.Гүлшайыр эженин мага жакпаган сапаты, "көчөдө калган "жалап", "канчык" деген сөздөр менен урушчу. Мен анан эмне үчүн анын "жалап" деген сөзүн угуп иштешим керек? Сотко берсе берсин, бирок кайсы документ менен берет? Мен эч кандай чара колдонбойм. Кудайга койдум. Менин алым жетпесе да, ал кишиге кудайдын алы жетет. Ал киши өзү карып баратат. Өзүнүн жашына жараша иш кылса жакшы болмок. "Бул кичинекей кыз акылсыздык кылып койгон"- деп же болбосо мен жөнүндө такыр эле сүйлөбөй койсо, мен уялып калмакмын. Мен жашмын, оозума келгенди оттоп сүйлөй берсем мага жарашат. Алтымышка жетип калган киши ушинтип сүйлөп атса капа болуштун кереги жок. Бул Гүлшайыр эженин кийинки жаштарга берген тарбиясыбы билбейм.




Зульфия
Карыбекова:

"Акматбек Келдибеков
менен бир класста окугам"


Элдик ырларды созолонто ырдаган ырчы айым Зульфия Карыбекова эже менен маек.

- Зульфия эже, кепти өзүңүздөн баштасак.
- Менин төрөлүшүм эле жомок. Ата-энемдин балдары токтобой эле, жаңыдан тили чыгып келе жатканда эле чарчап кала берген экен. Анан айласы кеткен апам ырым кылып, 40 күн күчүк менен эмчектеш кылып багыптыр. Жаңы төрөлгөндө бүркүттөй курч кыз болсун, элге сөзү өткүр кыз болсун деп ырымдап, бүркүттүн өтү менен оозантышкан экен. Ошентип мен токтоп калып, менден кийин алты балалуу болушкан.
- Жерге-жээктериңиз чыгармачыл инсандар болсо керек?
- Чоң атам жүздөн ашык күү билген адам болсо, чоң апам жамакчы болгон экен.
- Чыгармачылыкка аралашууңузга эмне түрткү болду?
- Жайлоодо жүргөндө радиодон оркестр менен ырдаган ырчылардын ырын угуп калганда, "ушулардай болуп ырдасам", - деп кыялданчумун. Анан ошол кыялым ишке ашып, кийин Зейнеп Шакеевалардын концертинде алып баруучу болуп калдым. Жалал-Абад шаарындагы Маданият орто окуу жайына тапшырып калдым. Студенттик кезде окуу жайдын оркестри менен ырдап жүрдүм. Анан айылдын клубуна барып, директор болдум. Ошол учурда айыл-кыштактардагы чабандардын кыштоосуна артисттерди чогултуп алып барып, кычыраган кышта чабандар тон кийип жүрсө, биздин кыздар капрон көйнөктөрдү кийип алып, концерт уюштурар элек. Ошонун азабын эми көрүп атабыз.
- Эмне үчүн ММКларга көп чыкпайсыз?
- "Бала ыйлабаса, эмчек кайда?"- дегендей, өзүмдү рекламалабайт экенмин да. (күлүп) Мени элдин анча тааныбаганы гезиттер менен көп иштешпегенимде болушу керек. Телевизордон чыгам, бирок кээ бирлери телевизорду көрбөй калат дегендей.
- Жолдошуңуз тууралуу айта кетпейсизби?
- Турмушумда да жолум болбой, жолдошум менен ажырашып кетип, 3 баланы жалгыз өзүм чоңойттум. Балдарымды багам деп ырдабай да калдым. Бир жылдары иштейм деп Москвага барып, Эмгек миграциясы боюнча Эл аралык бирикмеде башкы адис болуп иштедим.
- Өсөр Козуевди сахнага кандайча алып чыгып калдыңыз эле?
- Өсөр-менин атамдын бир тууган эжесинин баласы. Мектепте окуп жүргөндө үйүнө конокко барып калдык. Ошол учурда ал жаңыдан аккордеон тартып үйрөнүп жатыптыр. Анан "Зульфия бир ыр ырдап көрбөйсүңбү, обонун келтирип көрөйүн", - деп калды. "Кыргызстаным" деген ырды ырдасам, ырды ээрчип отуруп, аккордеонду кичине үйрөнүп алган. Туугандарыбыз экөөбүздү үйлөнтүп коёбуз деп да чыгышканынан "уят эмеспи" деп болбой койгом. Өсөр институтту бүтүп, айылдагы мектепте мугалим болуп калды. Өсөрдүн чоң сахнага чыгуусуна мен себеп болгом десем да болот. Анткени, анын ырларын биринчилерден болуп, радио-телевидениеден ырдап чыккам.Бирок интервьюларында: " Мени Зульфия чыгарган" - деп бир да айтпайт.
- Репертуарыңызда элдик ырлар көппү же эстрадалык вариант үстөмдүк кылабы?
- Негизи, элдик ырларды көп ырдайм. Мурда аранжировка дегенди билчү эмеспиз. "Биз силерди сагындыкта" деле жандуу үн менен ырдап жүрдүк. Эфирден фонограмма пайдаланылат. Москвада жүргөндө кыргыздын жаштары да, орто муундагылары болуп концерт койдук. Концерттин ортосунда мага кезек келгенде, минусовка кетип атат , анан бир микрофонду алып сахнага чыксам, аным иштебейт. Көрсө, ырчылардын баары эле иштебеген микрофон менен ырдап жатышыптыр. Эмне кыларымды билбей, жүгүрүп барып, пультта отурган балдардын жанындагы микрофон менен ырдаган элем. Концерт бүтүп, банкетке чакырышты. Ал жактан да жылдыз сөрөйлөрдүн бири да ырдашкан жок.
- Спикерликке жаңы отурган Акматбек Келдибековдун классташы болот эмессизби, Акматбек байкенин мектептеги күндөрүн эстей кетпейсизби?
- Ооба, Акматбектин атасы Келдибек биздин айылда (ошол убакта Правда колхозу эле) совхоздун директору болчу. Мен да ата-энемдин ишине байланыштуу экөөбүз Крупская орто мектебинде (кийин ал мектептин аты өзгөрүлүп кетти) бир класста окуп калганбыз. Андан кийин ал башка мектепке которулуп кетти. Акматбек физика ,математика сабагынан абдан жакшы окучу ,бирок шок бала болчу. Ал кезде окуучулар баарыбыз чогулуп айылдагы пахтачыларга жардам кылып, пахта терчү элек. Кечинде пахтадан келгенден кийин тамактанып алган соң, патефонго лентаны коюп алып:"Карагаттай көзүңдөн, ай Жамила", - деп кыйкырып ырдап, өтүктөрүбүз менен жер тепкилеп бийлечүбүз.
- Жириновский сиздин колуңуздан өпкөн дешет?
- Ооба, мен Мамдумага маданият жагында иштейин деп барсам айлыгы аз экен. Жайгашып алгыча деп, ошол жактагы бир кафеде иштедим. Мен иштеген кафени кийин Мамдума алды. Москвадагы чоң делегациялар ошол жерде өтчү. Залы укмуштай чоң. Бир жолу биздин кафеде сьезд өтүп, ар жактан адамдар менен кошо Жириновский да келди. Аларга тамак берип коюп, ошол жерде турсам, Жириновский атайын мага келип: "Рахмат, тамагыңар даамдуу болуптур",-деп колумдан өөп кеткен. "Жириновский каардуу, башка улутту жаман көрөт" деп жүрүшкөнүнөн, чын эле ошондой го деп ойлоп жүргөм. Көрсө, андай адам эмес экен.
Төлөбүбү
Касымалиева