п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Самат Дөөлөтбаков бизнесмен болобу?
Шоу тармагында өзгөчө стили менен айырмаланган ырчы жигит Самат Дөөлөтбаков учурда чакан бизнес менен алектенүүдө. Дегеним, соода тармагын колго алып, борбордогу ири дүкөндөр менен бирге иштешүүдө. Андан тышкары, ырчы жигит жергиликтүү банктардын биринде өз кесибин аркалап келгени маалым. Үй-бүлөлүк маселелерин биринчи орунга койгон Самат мырза, эми учуп күйүп, баардык тармакка жетишип, жигитчилик мыйзамдарын аткаруу аракетинде. Эми жаңы жылды ата-энелери менен тоскондон кийин, өзүнө бир аз тыныгуу жарыяламакчы.Тактап айтканда, жубайы менен чет мамлекеттердин биринде эс алууга жөнөйт. Кайсы шаарга экендигин Самат мырза сыр бойдон калтырды.


Коомдук канал дискотека тартуулайт
Коомдук телерадио компаниясы жаңы жылдын алдында, 21- декабрь күнү бардык ырчылардын башын бириктирген дискотека уюштурууда. Тактап айтканда, ал дискотекада ретро ырлары басым кылмакчы. Бардык музыка сүйүүчүлөрүн коомдук канал дискотекага чакырат. Ырчылардын арасында кумир туткан адамыңыз болсо, анын кол тамгасын алып, эстеликке сүрөткө түшүүнү кааласаңыз анда коомдук теле каналга бет алыңыз, болгондо да кирүү акысыз.


Ильяз, куш бооң бек болсун!
Кыздар, кармангыла! Таланттуу ырчы жана аранжировшик, Ильяз Абдразаков Медина аттуу ай чырай кызга баш кошту. Эки жаштын үйлөнүү үлпөт тою 19- декабрь күнү "Алтын Казына" ресторанында жогорку деңгээлде өттү. Досторунун айтуусу боюнча, мындай үйлөнүү үлпөт тою чанда гана кездешет. Эки жаш Лимузинге түшүп, шаарды толугу менен кыдырып, достору менен бирге унутулгус сейилдөөнү өткөрүштү. Тойго аттуу-баштуулардын баары чакырылган. Ырчынын жакын достору эки жашка Анталияга бир жумалык эс алууга жолдомо белек кылышты. Бул тууралуу Ильяздын интервьюсун "Обон" гезитинин кийинки сандарынан окуй аласыздар.


Бегимайдан жаңы ыр
Жаш ырчы Бегимай "Сүйө берем" деген ырына ремикс жаздырды. "Бул ыр 2007- жылы жазылган болчу. Бегимай аны тойлордон, кечелерден ырдаганда эл абдан жакшы кабыл алган, дайыма радиолордон дагы жаңырып турчу. Эми ошол ырга ремикс жаздырып, кайра жандандырууну туура көрдүк, ремикс чыгыш колоритинде жазылды, кудай буюрса, жаңы жылдык кечелерде ага күбө боло аласыңар", -дейт продюсери Динара Эсенгулова.


Нурайым концерт тартуулайт
Кыргыздын дагы бир таланттуу ырчы кызы Нурайым Азыкбаева "Эне-Сай" тобу менен биргеликте март айында концерт берүүгө камданууда. Жаңы ырларды жаздырып, костюмдарды тиктирүү менен алектенүүдө, андан тышкары, топтогу кыздарды ар кандай кечелерге катыштырып, эл алдына чыгаруу менен алек. Ушул эле топ менен Нурайым 24-декабрда "Америкалык базага" барып жаңы жылга карата ырларын аткарып келишсе, 31-декабрда жергиликтүү ресторандардын биринде эртең мененки алтыга чейин элге жагымдуу маанай тартуулашмакчы. "Жаңы жылга карата үйгө балаты кооздоп койгом, ал күнү эртең мененки алтыга чейин иштегениме байланыштуу, жаңы жылды топ менен бирге жумуштан эле тосом", - дейт ырчы. Учурда Нурайымдын бир буту жумушта болсо, бир буту университетте. Анткени, түнкүсүн уктабай сессияга даярданып, экзамендерин тапшырса, калган убактысында топ менен бирге жаңы жылдык кечелерге даярдык көрүп жүгүрүп жүргөн кези.





  Шыр маек

KG Эльмурат:
"Жубайымдын ырчы болуусун каалабайм"
Учурда "Сүйүү деңизи" аттуу ыры хит болгон, дегеле репертуарындагы ырларынын көпчүлүгү сүйүү темасына арнаган ырлары менен эл алдына чанда гана чыккан, өзгөчө патриот ырчы KG Эльмурат бүгүн бизде конокто.

- Учурда эмне менен алек болуп жатасың, чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар?
- Чыгармачылыктын үстүндө эле иштөөдөмүн. Жаңы жылга карата "Жүрөк сыры" деген ыр жаздырдым, ага Ислам Сатаров деген досум жардам берди. Ырдын обону өзүмө таандык. Эми ага клип тарттырсам деп турам. Күйөрмандарым бул ырды радиолордон уга алышат.
- Репертуарыңда канча ыр бар?
- Репертуарымда 17 ырым бар. Алардын көбүнчөсү сүйүү темасына арналган.
- Жаны жылды ким менен тосоюн деп жатасың?
- Ким менен тосорум белгисиз, бирок жыл сайын үй -бүлөм менен тосом, быйыл дагы жакын адамдарым менен тосконго аракет кылам.
- "Сүйүү деңизи" деген клибиңдин идеясы кимге таандык?
- Клиптин идеясы мага таандык. Ал Россиянын Томск шаарында тартылган. "Жамгыр" деген клибимди тартканга жардам берген досум, Сьездбек Жолдошбаев бул клипти тартууга да жардам берди. Ага кеткен акча каражаттарын өзүмдүн чөнтөгүмөн чыгардым. Клиптеги башкы каарман Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алымкул Исаковдун кызы, өзү актриса, бийчи дагы. Камерадан сүрдөбөй, тажрыйбасы болгондуктан чакырганбыз. Биз каалагандай кылып аткарып берди.
- Жеке концертиңди качан берейин деп турасың?
- Жеке концертимди жазда берсемби деген пландарым бар. Ага чейин чыгармачылыгымды жаңыртып, жаңы ырларды, жаңы клиптерди тарттыруунун аракетин кылуудамын.
- Чыгармачылыкта кимге карап түздөнөсүң?
- Жанымдагы адамдардан, чоң кишилерден үлгү алам, ал эми жаңы чыгармачылыкка аралаша баштаганда, устатым десем да болот, Замир Мырза, Мухтар Атаналиевдер мага чоң таасир калтырышты. Мухтар байке азыр дин жолунда болгондуктан, анын да кеп - кеңешин алып турам.
- Сени көзөмөлдөп, кеңешин берип, туура жолго салган адам ким?
- Мага жөлөк-таяк болуп, кеп-кеңешин айткан, чыгармачылыкта дайыма колдоп келген адам бул апам, ал менин чыгарган ырларыма, клиптериме биринчилерден болуп сын айтат. Кайда болбосун мага колдоосун көрсөтүп келет. Андан тышкары, досторум, жоро-жолдошторум да жардам берип турушат.
- Болочокто үй-бүлөңдү кандай элестетесиң?
- Менин жубайымдын ырчы болуусун каалабайм. Чыгармачыл чөйрөдөн алыс болсо деп ойлойм. Эми өзүмдү эки жылдан кийин үй -бүлөлүү адам катары элестетем. Балдарымдын мыкты атасы болсом дейм, аларга татыктуу билим, тарбия берип, буттарына тургузуп, кыргыздын мыкты инсандарынан кылып чоңойтсом деген тилектерим бар.
- Сахналаштарыңдын арасында көрө албагандар бар деп ойлойсуңбу?
- Көрө албастар жок деп жүз пайыз кепилдик бере албайм. Мага, өзүмө билинбегени менен жакын досторум, тааныштарым көрө албаган адамдарды айтып калышат.
- Спорттун кайсы түрү менен машыгасың?
- Атамдын агасы спорт чебери болгондуктан, кыргыз күрөшү менен машыгып калдым. Азыр убактым аз болгонуна байланыштуу, күрөшкө бара элекмин.
- Кайсы окуу жайын бүтүрдүң эле?
- ОШМУну бүтүргөм, үч жыл чыгыш япон тилин окугам, андан кийин мамлекеттик кызматкерлер факультетин бүтүрүп, азыр финансы-менеджер тармагында окуудамын.
- Музыкалык билимиңчи?
- Музыкалык билимим жок, болгону табигаттан берилген тубаса талант менен ырдап жүрөм.
- Продюсериң барбы?
- Менин досум Ислам Сатаров экөөбүз иштешип келебиз. Ал мага продюсер катары кеп-кеңешин берип, жардамын аябай келет.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??