п»ї

Пулуң болсо кулуңмун же белгилүүлөр
менен баарлашуу канча турат?
Сыналгынын тиктеп отуруп, чет элдиктердин жылдыздарга тиешелүү көрсөтүүлөрүн көрүп, "Эмне үчн кээ бир таанымал инсандар камерага атайын "позада" даярданып түшүп берсе, кээ бири берилген суроолорго жооп да бербей кетип калышат?" - деген суроого жооп алгым келди. Алгач, аларга журналист жакпай калып, берген суроосуна жооп бербейт го деп да ойлоп кеттим. Көрсө, мен жаңылышыптырмын. Шоу бизнесте бардык нерсе майда-чүйдөсүнө чейин так жана толук дыкаттык менен ойлонулуп, канткенде алардын капчыгына "жашыл" акчалар көп түшөөрүн, анан тапкан акчасына кетип жаткан тепкичтен атак-даңкка ээ болоорунан бери ойлонулган нерсе экен.
Эгерде сиз көптөн бери бир таанымал инсанды телевизордон же болбосо, гезит беттеринен көрбөй калсаңыз, таанымал инсандын убактысынын жоктугунан кабар бербейт. Болгону, кээ бирде "жылдыздар" интервью бериш үчүн ойго келбеген сумманы айтып коюшат. Андай сумма ар бир редакция, телевидение же радионун колунан келе бербейт. Интернетти тиктеп отуруп, кээ бир таанымал ырчы актрисалардан интервью алыш үчүн алардын капчыгына канча акча салыш керек экенин сизждер менен тең бөлүшкүм келди.
Татьяна Навка 3000 долларга интервью берет
Белгилүү телеалыпбаруучу жана актриса Мария Шукшина менен баарлашып, бир нече сүрөткө тартып алыш үчүн бери дегенде эле 5000 Америка долларын беоришиңиз керек болот. Ушундай эле сумманы орустардын фигуристкасы Татьяна Навка сурайт. Анастасия Заворотнюк болсо кыска интервью жана бир сүрөткө 3000 доллар алат. Ал эми бир сааттык интервьюга сүрөтү жок эле 1000 доллар алат экен.

Анастасия Волочкованын ажырашканы тууралуу интервью 3500 доллар
Белгилүүлөрдүн дүкөнгө барганы да кызык болот эмеспи. Анастасия Волочкова журналисттерге ажырашкандыгы тууралуу сүйлөй турган болсо 3500 долларды чөнтөгүнө салмайынча ыраазы болбойт экен.
Орустардын эң таланттуу актрисасы Ирина Муравьевага мүнөтүнө 850 рубль төлөп, анан сизди журналистти кызыктырган бардык суроону бере берсе болот экен.

Батышта кандай?
Анжелина Жоллинин баласынын сүрөтү эле 14 миллионду чапчыйт
Кудайга тобоо, батышта өздөрү гана эмес, төрөгөн балдарын да сүрөткө тартып алыш үчүн ири суммадагы акчаны төлөп коюп памперсин чечип, кайра кийгизип каалагандай тартып алса болот экен. Голливуддун белгилүү актрисасы Жениффер Лопез жана Энтонинин эгиз балдарын сүрөткө тартып алыш үчүн журналисттер 7 миллион доллар төлөшүптүр. Манастан Чубак кем бекен, Анжелина Жолли менен Бред Питт дагы эгиз балдарын элге көрсөтүүгө журналисттерден Лопездикинен эки эсе көп алышыптыр. Тактап айтканда Бреддин балдарынын сүрөтү эле 14 миллион доллар экен. Жолли эмнеге эле балдарды багып алып, быжыратып төрөп жатат десе, мунун да өзүнүн саясаты бар экен да. Эл оозуна алынып, атак-даңкка ээ болгондон кийин, ишти токтотуп эле журналисттерге интервью берип жашаса да болчудай…

Пэрис Хилтонду телешоуго чакырыш үчүн 300 000 долларды камдай берсеңиз болот
Батыштын кээ бир жылдыздары сүйлөмөк турсун оозун ачымыш болгонуна эле түшкө кирбеген сумманы сурашат экен. Николь Кидман эң кымбат жылдыздардын катарына кирет. Анын оозун ачырыш үчүн журналист 500 евро төлөш керек имиш. Бекер оозун ачмак турсун, бир тамга да айтпайт дейт. Ал эми Пэрис Хилтонду телешоуго чакырыш үчүн 300 000 долларды камдай берсеңиз болот, урматтуу журналист.

P.S. Алыбай алына жараша дегендей, биздин кыргыздын атактуулары да алдарына жараша иш кылышат. Ушул жерден бир кыстырма кылып кетпесем болбочудай болуп турат. Биздин саясатчылар бирин кетирип, экинчисин алып калышпадыбы. Ошондой бирин кетирген "саясатчы мырза" жаш ырчы кыздардын бирине үйлөнгөндө, "саясатчы мырзага" өзүм телефон чалып, "сиздерден үй-бүлөлүк интервью алалы дедим эле", - десем, оозу-мурду кыйшайбай, "100 миң сом берип, сурооңорду бере бергиле, же болбосо бербейбиз" деп жооп берген. Ушундан улам ал мырза чет өлкөдө көп болот окшойт деп калдым. Өлкөбүз карызга белчесинен батып, ар кайсы мамлекеттен жардам сурап жүргөндө, журналисттердин колунда кайдагы миллиондогон долларлар болсун? Миллион долларды төлөш үчүн атактуулар да миллионго тете болуш керек деп ойлойм. Көрө көрө көсөн болот дегендей, биздин шоу бизнес, башка бизнес өнүгүп кетсе, биздикилер да доллар менен ооз ачып калышаар. Жакшылыктан эле үмүт кылып туралычы, баарын убакыт көрсөтөөр.w





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??