п»ї
 Таанышуу жарыясы


Косметологдун кеңешине муктаж болгон кыз-келиндер редакциябызга суроолору менен кайрылууда. "Алета" сулуулук салонунун косметолог-визажисти Айдай Тынчерова келген суроолорго жооп берди.

Косметологдун кеңеши
Төрөттөн кийин бетимдеги майда капиллярлар жарылып кетип кызыл болуп калган, кандай бет майларды колдонуп, кантип кам көрсөм болот? Мунара, 26 жашта.
- Төрөт оор болгондуктан, абдан кыйналып, чыңалганда бетке күч келген. Бул да боордун оорушуна байланыштуу. Боор ооруганда беттин тамырлары көп жарылат. Атайын беттин тамырларын кетире турган бет майлар бар. Когулятор менен да кетирсе болот. "Антикупирозный" деген бет майларды салондордон сатып алып сүйкөңүз да, "оскарутин" дарысын дарыгер менен кеңешип туруп ичиңиз.

Бетиме жумурткадан маска койсом эч нерсе болбойбу? Назик, 22 жашта.
- Эгерде жумурткага аллергияңыз жок болсо, коркпой эле маска колдоно бериңиз. Бирок аны экиге бөлүп алыңыз. Сарысы кургак беттерге ылайыктуу болсо, актары майда бырыштарга жана тактарга пайдалуу. Жумуртканын маскасы бетке убактылуу жакшы эффект берип турат.

Мен жаңыдан боёно баштадым, кечкисин макияжды кантип алуу керек? Жибек, 16 жашта.
- Терини жаш бойдон сактап калуу үчүн атайын "эстерия для молодой кожи" деген молочко бар, ошону алып колдонуңуз. Кээ бир жаш кыздар кечкисин беттерин самын менен жуушат, ал бетти кургатып салат да, теринин эрте карышына алып келет. Ошондуктан, бир гана "молочко" менен сүртүү керек. Биздин климат абдан кургак болгондуктан, айымдар эрте карышат, ошон үчүн нымдандырып туруу керек.

Колумдагы бырыштарды кантип кетирсем болот? Альбина, 28 жашта.
- Бырыштарды кетирүү үчүн үй шартында ар кандай маскаларды колдонсо болот. Мисалы: жумуртканын сарысын алып, ага бир чай кашык оливка майын, бир чай кашык каймакты кошуп чогуу аралаштырып, колго сүйкөп, андан кийин баштыкча менен ороп же болбосо колкап кийип эки саатка коюп коюңуз. Мындай масканы бир жумада бир жасап турсаңыз, бырыштардан арыласыз.

Скраб, лосьон, маска колдонсом дагы бетим түлөй берет, эч нерсе жардам бербей койду. Эмне кылышым керек? Назира, 24 жашта.
- Ал "гипаркатес" -деп аталат. Тери өтө эле кургап, анан түлөй баштайт. Скраб жардам бербей жатса, анда косметологго кайрылып, кеңеш алыңыз. маскаларды, кремдерди жаздырып алыңыз.

Бетиме безетки көп чыга баштады, кантип кетирсем болот. Сыгып салсам көбөйүп кетпейби? Альбина, 16 жашта.
- 16 жаштагы кыздарга безеткинин чыгышы гормондордун өзгөрүшүнөн. Алгач теринин кандай экендигин аныктап, убагында кам көрүш керек. Себеби, кээ биринин колдоруна, далысына, денесине да чыгып кетиши мүмкүн. Бирок эч убакытта чыкпаш керек, ал күчөп, кийин ордунда кара тактар, тырыктар калып калат. Аны антибиотиктер менен да дарылоого туура келет. Кээ бир ата-энелер "ал убактылуу гана, күйөөгө тийгенде жоголуп кетет" - деп көп маани беришпейт, бирок ага көңүл буруп, косметологго кайрылыңыз.

Мезопилинг деген эмне? Ал кандай жасалат? Мээрим, 32 жашта.
- Мезопилинг- терең пилинг деп айтсак болот, тактап айтканда, беттеги ар кандай жараларды чукуп тазалоо. Аны көбүнчө 50 жаштан жогорку айымдар жасатышат. Жашы өтүп калгандарга ылайыктуу.

Бетти бир тазалаткандан кийин, улам тазалатып, процедурадан өтүп туруш керекпи? Айзада, 28 жашта.
- Кимдин териси майлуу болсо, ал бир жылда эки жолу тазалатып туруш керек. Кимдики кургак болсо, бир жолу жасатса жетиштүү болот. Тазалаткандан кийин бетке дайыма кам көрүп туруш керек. Дайыма нымдандыруучу, күндөн, сууктан сактоочу бет майларды колдонушу керек.





Төрөттөн кийин кантип арыктоо керек?
Мындай суроо ар бир жаш энени тынчсыздандырат. Кош бойлуу учурунда ашыкча салмакка ээ болуп, төрөттөн кийин аны өз убагына келтирүү кыйынга турат. Кайра кантип келишимдүү болуш керек?

1. Эмизүү учурунда эч убакта катуу диетага олтурбаңыз
Организм жабыр тартып, ден соолугуңузга таасирин тийгизет. Бардык тамактарды рахаттануу менен жегениңиз оң. Анткени наристе да толук тамактанууга муктаж. Белоктуу тамактарды жана мөмө-жемиштерди, жашылчаларды көп пайдаланыңыз.
2. Чөп чайларды ичиңиз
Төрөттөн кийин чалкан менен ромашканы кайнатып, чай катары колдонуңуз. Ал организмдеги толуп калган суюктукту чыгарып, арыктоого түрткү берет. Тамактанууга 20-30 мүнөт калганда бир стакан ичип, аны 2-3 жума улантыңыз. Чөп чайлардан кийин белоктуу тамактарды кеңири колдонсоңуз болот. Мындай жол аркылуу балага таасирин тийгизбей, сиз арыктоонун жыйынтыгын көрө аласыз.
3. Дайыма кыймылда болуңуз
Кыймыл ашыкча калорияларды жок кылат. Бирок, бул төрөттөн кийин эле гимнастикага же фитнеске жазылуу дегенди түшүндүрбөйт. Дотурлар төрөттөн кийин чуркап, же оор жумуш жасап, пресс кылууга тыюу салышат. Мүмкүнчүлүк болсо бассейндерге барыңыз. Суу алдындагы массаж абдан эффективдүү болот. Дал ошол көнүгүүлөр булчуңдардын жана сан эттердин тартылышына жардам берет. Жөнөкөй көнүгүүлөрдү үй ичинде да аткарууга аракет кылыңыз. Бул сиздин жана балаңыздын ден соолугуна таасирин тийгизбей туура арыктай аласыз.






Макияждын түрлөрү жана эрежелери
Аялзаты үчүн макияж чоң мааниге ээ болуп, анын сулуулугуна сулуулук кошот. Ошол эле убакта, тескерисинче, айымдын табигый сулуулугун бузуп коюшу мүмкүн. Ушундай маселеге кабылбоо үчүн туура боёнууну өздөштүрүү зарыл.


Кийимдин, чач жасалганын жана башка нерселердин модасы болушу мүмкүн, бирок, макияждын модасы жок. Болгону ар бир аялдын өзүнүн макияжы бар. Көздүн формасына жана жайгашышына карата макияж негизинен төрт түргө бөлүнөт: европа, банан, алма жана эстет болуп.
Европа макияжы - тосток көздөргө жасалат. Башкача айтканда, көздөрү тегерек, астыңкы бөлүгүнүн ичиндеги кызылы бир аз көрүнүп турган көздөрдүн кемчилигин жабуу үчүн макияждын ушул түрү ылайыктуу.
Банан - ичке, бүтүк көздүү айымдардын макияжы. Бул макияждын максаты - жасалма жол менен сурма жасап, көздү чоңураак, сурмалуу кылып көрсөтүү.
Алма макияжы - мурундан алыс жайгашкан көздөргө ылайыктуу. Макияждын атайын техникасын колдонуу менен көздөрдү мурунга жакындатуу - алма макияжынын негизги максаты.
Эстет - тескерисинче, мурунга жакын жайгашкан көздөр үчүн. Бул макияждан соң көздөрдүн аралыгы алыстагандай сезилип калат. Мурундун эки көз аралыгындагы бөлүгү канчалык кырдуу болсо, көздөр бири-бирине ошончолук жакын көрүнөт, ал эми жалпак болсо, көздөрдүн аралыгы алыс көрүнөт.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??