п»ї

Кезегинде залкар инсан Рыспай Абдыкадыров менен анын сүйүүлөшү, акын, журналист Болдукан Мамбеталиева тууралуу Жаныбек Жанызактын китепчеси да чыккан эле. Андан бери канча жыл өтсө да улуу муундун сонуркаганы басылбай, кичүү муундун "окусам экен" деген эңсөөсү жай бербей, суранычтар көп болгондуктан кайталап берүүнү туура таптык. Эмесе, булактай мөлтүр сүйүүнүн таржымалын өзүңүздөр окуп баа бериңиздер.
Жаныбек Жанызак
СОҢКУ ДҮРМӨТ...
(Рыспайдын соңку
периштеси менен сукбат)

(Башы өткөн санда)
- Сен ушунун баарын алдагы татынакай блокнотуңа жазып жүрөсүңбү?
- Жазып коём, ийи. Бирок баарын эле жаза бербейм да менчи, өзүм үчүн кымбатка турган күндөрүмдү гана жазам.
- Аның ырас...
- Анан сүйлөштүм. Баса, 12-январь анын туулган күнү болчу да, ошого карата ал Бишкекке келмек, шеринегечи. Анан мен телефонду алып сүйлөшсөм: "Кандай?! - деп аябай сүйүнүп кетти да, алсам эле: - ананайыным, садагаң кетейиним... Мен сени аябай сагындым, аябай көргүм келет, Бишкекке барайын дейм - канатым жок, учуп жете албайм!".. А мен болсо: "Байке, жакында шерине болот экен, ошого келесизби?" - деп сурасам: "Мен 90% аракет кылып көрөйүн", - деди. Эми, чындаса барып-келиш деле бир топ кыйындап калбадыбы азырчы. Анан бу кишинин деле каражаты ченемдүү болсо керек...
- Дал ушул жерден айтыла турган бир сөз: жакындан бери үналгы-сыналгысы тынымсыз кайталай баштабадыбы: "Рыспайдын фонду түзүлдү, антебиз-минтебиз, музей, балан-түкүн, акчабайлар акчаңардан кайрылышкыла", - дегендей ураан-чакырыктар, айтор. Угушума караганда, демилгечиси Давлет эже болсо керек. Жардамчысы Рыспай акенин кайниси, Жалал-Абад шаарынын акими дешет: бакандай облборбордун килтейген акими Рыспайдын көзү тирүүсүндө таап бере албаган акчалар эми маркумдун атынан табылганда кимисинин керегине тийип, кимисинин чөнтөгүнө түшөр экен? Ушуларга кандай карайсың?
- Көзү тирүүсүндө колго алышса жакшы болмок да, байкенин чыгармачылыгына демөөр болмок. Анткени, байке деген өзүнүн ардык интервьюларында айтып жатпайбы: "Кудай деген мендей кишиге баркын кетирет деп акчаны да бербей коюптур, эгер акчам болсо маданият үчүн чачар элем", - депчи. Эгердечи... Бу Рыспай агайга оркестр керек болчу учурунда, чыгармаларын бүтүндөй касссетага жаздырыш үчүн, тасмага түшүрүш үчүн. Ага оркестр түзүш үчүн да акча керек болчу. Ырларын пластинкаларга жаздырайын деген тилеги да аткарылбай кетти. Эгер учурунда колдогон киши болсо, же жанагы фонду дегени ошондо түзүлүп, берчүлөрү ошондо бергенде толуп жаткан ойлорун ишке ашырар беле.. Жанагы сиз айткан кайниси да бар эле да, берер жардамын бергиси келсе бермек...
- Азыр фонд түзүп жаткандар өздөрүнүн чөнтөк кызыкчылыгын ойлоп жатат дебейсиңби?
- Билбейм, анысын айталбайм...
- Болуптур анда... Анан "келбейсизби...", - дедиң...
- Ооба, деп ошентсем: "Барганга аракет кылам, 90% аракет кылып көрөм", - деди. Мен айттым да: "100% эле аракет кылып көрбөйсүзбү? - деп. - Айрым нерселерди бет маңдай отуруп сүйлөшөлү", депчи. "Жеңилдим, 0-1! - деди да, - Барам!" - деп айтты. Кийин анан 27-январда келди да. Мен ал күнү Үриниса эжеге звонит эттим.. Рыспай агай келем деген да эки-үч күндүн ичинде... Эрте менен эрте туруп, тогуздарда чалсам: "Келди, - деди да: - уктап жатат", - деди. Анан мен барсам жаңы эле көчөгө чыгып кетиптир.. Көрсө, мага шоколад апкелейин деп чыккан экен, мен келгенде шоколад берейин дептир да Рыспай агай!.. Күтүп отурдук көпкө чейин. Ошондо Үриниса эжей Рыспай агайдын мага арнап жазып келген ырын берди ошондочу. Жанагы, мен сизге көрсөткөн ырын берди, Надырбек Алымбековдун сөзүнө жазылган "Бейкүнөө жүрөгүмдө орун бирөө" деген ырынын нотасын кооздоп жазып, сыртына "Болдуканга" деп...
- Бул жөнүндө сүйлөшсөк керек эле... Ошол эми сенин саптарыңбы?
- Жо-ок, ал деген Надырбек Алымбековдуку да. Ошол сөздөргө Рыспай агай обон жазып жатпайбы мага арнап. Анан мага апкелип берип жатпайбы. Мен анан жанагы, Рыспай агайга арнаган ырларымды ошондой ат менен атап чыгарганы жатпайымбы...
- Түшүндүм, түшүндүм...
- Ошентип күтүп отурсак, анан Рыспай агай келди да бир убакта. Биринчи, мен берки конок залында отургам, Рыспай агай болсо наркы спальныйга кирип кетти чечингени. Мени аябай күтүп жатса керек, бир он беш мүнөттөй өткөндөн кийин чыгып келатпайбы... Үриниса эжей мени өзү чыгып көрсүн деп отура бер деп койду да...
- Сен Үринисанын үйү бир комнаталуу дебедиң беле? А сен "спальный", "зал" деп жатпайсыңбы...
- Бир эле комната да, чоң залы, калганы майда-чүйдө кухня, кичинекей кылып бөлүп койгон бөлмөнү.. Чыгып келатып мени дагы эле байкаган жок: "Ал Марияны көрүп, анан келет ко" - деп... Анан мени көргөндө туруп калды. Бирок Рыспай агайды көргөндө жер тиктеп эле отуруп калдым, жанагы мага арнаган ырын бетиме жаап алгам да. Анан кеминде бир он беш мүнөттөй сүйлөшө алган жокпуз. Анан шоколадды берди магачы. Мен "анан жейинчи", деп салып алдым. "Жүрү, көчөгө чыгып келебиз, биз эмне үчүн жашырынышыбыз керек, биз деле элчилеп көчөгө чыгып келели", деп айтты да. Мен мейли деп анан экөөбүз көчөгө чыгып келип, "Тюльпанга" барып сүрөткө түштүк. Рыспай агай ушунчалык аябай, сүйлөп эле кетип баратты да.. Анан кайра Үриниса эженикине бардык. Аерде көпкө сүйлөшүп отурдук... Анан мен аерде калып калганга болбойт эле да, уят да Үриниса эженин көзүнчөчү...
(Уландысы кийинки санда)





Сезимай Алиева
Сен жана мен
Баласы сасык тумоолоп катуу ооруп, түнү бою чырылдап колдон түшпөй ыйлап, Сүйгөн аябай кыйналды. "Өзү оорукчан болсо, кошул-ташыл болуп биз да тынчтык бербей жатабыз го.Кайнатаңдын жөтөлгөнү күчөп калды" деп Асылдын кайнатасынан да тартынып, бирдеме болуп кетпегей эле деп сары-санаага батып жүрүп, арыктап, сүлдөрү эле калды. Басса-турса эртеңин ойлоп, бар күчүн бышактап ыйдан чыгарат. Уулу бир аз жакшы уктап, күлүп калса кайра чыйралып, өзүн-өзү жемелеп калат. Курбулары кезектешип алып кетишип, бир айдай ар кайсы үйдө жашады. Кыйналганда эле Дуулаты эсине түшөт, түшүнө кирет. Бир күнү да түштө уулун уктатып жатып көзү илинип кеткен экен, түшүнө күйөөсү кирди. "Алтыш, жакында баары жакшы болот. Сен күчтүү жансың да!"деп алыста туруп айтты да көздөн кайым болду. Сүйгөн чоочуп ойгонуп алып, кайра-кайра Дуулаттын түшүндөгү элесин көз алдына тартып, сөздөрүн кайталап олтуруп калды. Ырымдап жооруп, бул түшүн жан адамга ооз ачкан жок. Ошол күндөн кийин өзүнүн кадимкидей көңүлү жайланып, башына келе берчү жаман ойлордон арыла түшкөнүн байкады.
Бир күнү эмнегедир эле Танянын үйүнө баргысы келип туруп алды. Үйү сатылып кетсе бечара кемпир кантти экен деп ойлоп жүргөнү менен баласынан чыга албай жүргөн. Эми болсо уулу ,буюрса, жакшы. Аба деле жутуп, бир барып байкап келейинчи деп ойлой, Аманатын көтөрүп алып жөнөп калды.Чоң көчөдөн бурулуп, алыстан эле Танянын үйүнүн алдында турган машинаны көрүп, барар барбасын билбей, арсар ойдо туруп калды. Ошол маалда дарбазадан эки эркек, анан Таня чыкты.Күлүмсүрөй түштү Сүйгөн тааныш караанды көрөрү менен. Кадамын тездетип, шашыла басты. Үйүнөн кеткени Таняны көргөнү ушул. Күзгүсүн алганы келгенде да кезиге албай кеткен. Таня да жанындагыларга баш ийкегилеп туруп, Сүйгөндү байкай коюп эле бакырып алып, утурлай чуркап калды.
- Каякка жоголуп кеттиң, кабарыңды бир билдирип койсоң боло! Баласы менен куурады го деп ойлоп, же кайдан издээримди билбей башым катты,-деп балбалактап жан-алы калбай, Сүйгөндүн колунан баланы ала койду. Ыйлап да алган.-Мен куруюн, мага убал жок. Атайылап уюштурушканын билбей эле ичип жүрүп алып, үч күндөн кийин үйгө келсем силер жок…Көрсө, жанагы келин мени аракка уулантып өлтүрөйүн дегенби, аркы көчөдөгү төкөр Костикке эки жашик арак алып берип, мени үйүңдөн чыгарба дептир да. Уулум бир айдама болуп калган, катыны эмне десе ошол болот. Кайсы бирин айтайын, тирүүмдө тим коюшса, өлсөм үй ансыз деле ошолордуку болмок. Балаңдан мен көргөндү көрүп кал деп, бетин тытып алдым шерменденин. Тилеги таш капкырга каргышым өтүп кетсе керек, мени карылар үйүнө берип, үйдү сатып, акчага туйтунам деп жүрүп, машинанын астында калбадыбы. Мээси чайкалып жатат дешти ооруканада.
Кемпир дагы канчага сүйлөйт эле ким билсин, сөзүн чоочун эркектин бойлуусу бөлүп, учурашкандай келинге колун сунуп:
- Кандайсыз, биз издеген киши сиз окшойсуз? Бул жерде жашабай калганыңызды угуп кыжаалат болуп турдук эле. Жакшы болбодубу, жолугуп калганыбыз. Мен Жеңиш, бул жак,-жанындагы кишини жаңсай көргөзүп, кандай айтсам дегендей саамга ойлоно түшүп:-Адыл Албаевич болот. Макул көрсөңүз сыртта турбай үйгө кирип сүйлөшсөк жакшы болот эле,-деп жооп күтпөстөн эле үй тарапка баштап калды.
"Булары ким болуп кетти? Мени эмнеге издешет?"деген ойлор менен алпурушкан Сүйгөн, "силер кимсиңер?"деп айтууга да жарабады. Унчукпай эле, кемпирдин колунан баласын ала коюп, алдыга түштү.
- Кайсы шамал айдап келсе да келгениң жакшы болду. Бул кишилер сени эки күндөн бери издеп атышкан. Сага там сатып бермек элек дешеби ай, же жардам берели дегенбиз, күйөөсүн жакшы тааныйт элек дешеби, эмнеси болсо да жакшы ой менен келишиптир,-Таня дагы деле тыйыла албай божурап, дарбазасынын кичине каалгасын ачып, Сүйгөндү өткөрүп, эки кишинин аркасынан көчө тарапты бир карап алып анан кирип кетти.
ХХХ
Кыңыр иш кырк жылда билинет деп кыргыз бекер айтпайт да. Бир жума мурун Адыл катуу ичип алып, түн ортосунда Жеңишке телефон чалып, үйүнө чакырган.
- Деги тынччылыкпы, бала-бакыра аман-эсенби?! Эмне болуп кетти, кишинин жүрөгүн түшүрбөй айтчы?! Эртең сүйлөшсөк болбойбу?-деди Жеңиш саатты бир карап алып.
- Ошол тынч эмес үчүн чалып жатам, келесиңби, жокпу?-деди Адыл да тилинин булдуруктап калганына карабай, кекете сүйлөп.
Түнкү үчтө жетип келген досуна ичинен ыраазы болуп калган Адыл жанындагы бош стаканга арактан баса куюп, Жеңишке сунуп жатып:
- Ич, алып ий аягына чейин,-деди үнү бир башкача чыгып, өтүнгөндөй.-Ич да, менин сөзүмдү бөлбөй угуп тур. Анан адам эмес экенимди айтып карабай басып кетсең да өзүң бил, карайлап турганда кол сунуп, мени бул абалдан чыгарып кетем десең да өзүң бил. Менин сага эч таарынычым жок. Сөзүмдү эки кылбай келип бергениңе эле териме батпай кубанып турам.
- Ой, табышмактантпай, айтчу сөзүңдү тезирээк айтчы?!-ичи бышып кеткен Жеңиш канчалык өзүн сабырдуу кармайын дегенине болбой, кол силкий туруп, кайра олтурду. "Кызылдай эле мас болуп калган тура, келбей эле койбой" деп да ойлоп алды, тамекисин кере-кере соруп, кызарган көзүн өзүнөн албай тиктеп олтурган Адылга ызырына.
- Жеңиш, мени эзели албарсты басчу эмес. "Атамдын албарстысы бар, тонун жамынып уктап калсам мени басты, атамдын төшөгүнө чырм эте калайын деп жата калсам албарстысы басып уктатпай койду"деп бир туугандарым айтып калышчу. Бирок мени бир да жолу баскан эмес. Эми болсо, көзүм илинди дегиче болду, албарсты басып, муунтуп чыгат. Алышып жатып, эртең менен чала өлүк жыландай болуп, шайым кетип баса албай, сойлоп калам. Эмне гана кылган жокмун, башыма бычак коюп да уктадым, улук дешет деп нан да койдум, болбойт. Башка бөлмөгө да жатып көрдүм. Кечээ, атайын карындашымдын үйүнө барып жаткам, сынамакка, ал жактан да уктаткан жок шайтан! Эмне кыларымды билбей калдым.
Жеңиш күлкүсүн тыя албай, санын чаап каткырып күлүп алды:
- Анан ал албарстыңды мага оодарайын деп чакырдыңбы, жети түндө? Ой, ичип коюп, колу-бутумду басып туура эмес жатып калган күндөрү мен деле кыйналып чыгам. Бирок ал албарсты эмес да. Койсоңчу болбогон кепти. Мен андайга эзели ишенбейм, албарсты басат деген болбогон сөз да!
- Чычканга өлүм, мышыкка күлкү болуп турганыңды түшүнүп турам. Сөзүмдү бөлбөй турчу?!-деп Адыл чебелене түштү.
- Койдум, койдум…-Жеңиш дагы деле ыкшып күлүп, оңдонуп олтурду, олуттуу көрүнүмүш эткендей түр жасап.
- Сен эч нерсени билбейсиң…Досум дегениң менен досуңдун ичинде эмне ит өлүп жатканы менен ишиң жок! Жеңиш, менин жан кишиге ооз ачпай , өлсөм өзүм менен ала кетем деген жашыруун сырым азыр ачыкка чыкканы турат. Айла жоктон…-оор үшкүрүнүп алды Адыл.
Башынан түшүп, тээ студенттик курагында бир сулууну сүйүп, бирок ошол учурда жеңил жашоого азгырылып, баарынан баш тартып, башка кызга-азыркы аялына үйлөнүп алганын, кийин-кийин баары унутулуп, аккан суудай агып кетти деп эч нерседен бейкапар турмуш кечирип жүргөнүндө , "кызыңыздын жолдошу болом"деп бир жаш жигит издеп келип, жай жашоомо бүлүк салып ийбесин деп аны кантип Баткенге жөнөтүп ийгенин, жигиттин кайтпай калганынан өйдө айтты. Сүйлөгөн сайын башы жерге ийилип, акырында жер тиктеп олтуруп калды.
- Мени басып жаткан албарстынын көрүнүшү ошол жигиттин элесин берет. Же, билбейм, өзүмчө эле ошол го деп ойлой берем. Биздегилердин көбү барат, укмуш деген бир көзү ачыкка деле бардым. Акчаны деле аянбай бердим эле, жардам бере алган жок. Аяшыңа калп айтып, чоң атама куран окутуп коёлучу, түшүмө кирип жатат деп кой союп, ичимден ошол балага багыштап куран деле окуттум. Тыйылмак тургай күчөдү. Мына, эми уктагандан коркуп, түн күзөтүп олтурам.
(Уландысы кийинки санда)










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??