п»ї

Музыкатерапия же жан дүйнөнү дарылоо
Ар түрдүү музыка адамдын психикасына, ден соолугуна кандай таасирин тийгизерин бардыгыбыз эле биле бербейбиз. Азыркы заманбап музыкалык технология, анын ичинде музыкатерапия, дегеле музыкалык искусство адамдын аң-сезимин, жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө, эмоционалдык жактан жардам берет да, ошондой эле кээ бир музыкалар адамдын психикасын бузуп, ден соолугуна зыян келтирерин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Анда музыкатерапия жөнүндө бир ооз сөз.


Музыканын
дарылык касиети
Музыка - сооротуу, тынчтандыруу, басылтуу менен дарылануу үчүн, ошондой эле чарчаган кезде аны менен күрөшүүгө, жумуш кылардын алдында сергектик багыт берүүгө, кандайдыр бир тыныгуу убагында жакшы эс алууга жардам берет. Инсандын иммунитетин көтөрүүгө, денедеги заттардын алмашуусун жакшыртууга жана оорунун алгачкы пайда болуу процессин төмөндөтүүгө музыканын жардам берери илимий жактан далилденген. Адамды дарылоодо музыканын эффективдүү күчү бар экендигин да байыркы заманда эле айтып, жада калса өз турмуштарында да колдонуп келишкен. Адамдын организмине музыканын тийгизген таасири жана дарылык касиети жөнүндөгү алгачкы илимий божомолдорду Пифагор айткан.


Музыканын пайдасы
Музыкада жазылган мелодияларда адамды дүүлүктүрүүгө түртүп туруучу касиети бар экендигин аныкташкан. Мындай акыбалда согушууга же урушууга психологиялык жактан даяр болуп, тайманбастык акыбалга келерин да айтышкан. 1917- жылга чейин орус илимпоздору музыканын адамга пайдалуу жана жакшы таасир калтыруучу касиеттерин колдоп келишкен. Музыканын жардамы менен адамдын дем алуу органдарынын иш-аракеттерин жана нерв системасынын тең салмактуулугун орнотсо болот дешкен. Ошондой эле чарчоону жоюуга же шамдагайлыкты, сергектикти жогорулатууга, туура эмес жана ашыкча кыймылдарды жөнгө салууга жана өтө эле толкунданган темпераментти басаңдатууга музыканын жардамы аябагандай зор экендигин белгилүү психолог, физиолог жана таланттуу дарыгер В.М Бехтерев тастыктаган. Кийинчерээк мугалимдердин музыкатерапияга болгон кызыгуусу өсүп жаткандыгы да байкалган.


Ырдоо- организм
үчүн жакшы массаж
Ырдоо процесси организмге керектүү болгон күчтү стимулдаштырат. Ырдап жатканда үндүн термелүүчү кыймылы (вибрато) организм үчүн абдан жакшы вибромассаж болуп эсептелинет. Ошондуктан, ырчылар үн аппараттары туура коюлгандыктан, бир канча саат чарчабай ырдашат. Ырдап жатканда чарчап калбашы үчүн эки ийинди бош кармап, башты жогору көтөрүп, өзүңдү жеңүүчү катары сезүү менен бир аз добуш менен ырдоо пайдалуу. Мында адамдын баш мээси, организмдин баардык системасы өсүп -өнүгүп, ийгиликтүү иштөөсү үчүн жардамын бере баштайт.


Классикалык
музыканын таасири
Америкалык изилдөөчүлөр классикалык музыканын адамга тийгизген таасирин аныкташ үчүн чакан топтогу адамдарга жана жаш окуучу балдарга профилактика жүргүзүп көрүшкөн. Мисалы: классикалык, жай, назик, тынчтантуучу музыкаларды укканда адамдар денесин бош, эркин кармашып, өздөрүн жеңил сезишкени байкалган. Албетте, адам олтуруп музыканы угууга даяр болгондо гана ал обон же музыка анын организмине таасирин тийгизе баштайт. Ошондуктан психологдор классикалык музыканын адамдын ден соолугуна пайдасы бар экендигин аныктап, стресстен чыгууга, чарчоону жоюуга, жеңилдөө процессине акырын жай темптеги музыкалык чыгармаларды угууну сунуш кылышат. Анткени, ал сезимдерди нормалдаштырып, эмоцияны жана сезимдерди оңдойт деп эсептешкен. Классикалык музыка кайгы-капаны четке кагып, стресс менен депрессиядан чыгарат. Тилекке каршы, классикалык музыканы көпчүлүк адамдар оор кабыл алышып, жактыргандар чанда гана кездешет.


Музыкадан айыккан Жерар Депардье
Француз актёру Жерар Депардье жаш кезинде Парижди багындыруу үчүн жөнөгөн. Бирок анын жолунда катуу кыйынчылык турган - ал абдан кекечтенип турчу. Жерар доктурга кайрылганда, күнүнө эки сааттан Моцартты угууну сунуш кылган. Эки айдан кийин кекечтенүүнүн изи да көрүнбөй калган. Доктурдун музыка менен дарылоосуна өзүнүн интуициясы жардам берген.


Музыкатерапиялык ооруканада бир
миллиондон ашуун бейтап дарыланат
Заманбап компьютердик технология менен биргеликте музыкатерапия чындыгында жаңы жана эффективдүү дарылоонун бирден-бир методу болуп эсептелинет. Буга АКШнын Иллинойс штатындагы музыкатерапиялык оорукана мисал боло алат. Анда бир миллиондон ашуун бейтап дарыланат. Алардын көбүнчөсүн өзүнүн ички дүйнөсүн жогорулатуу максатында келгендер жана психикалык жактан жабыр тарткандар түзгөн. Музыкатерапия гипертонияны, бронхит, астманы жана аллергия, жара ооруларын айыктыруучу дары болуп эсептелинет. Музыканы - ооруну басаңдатуучу (обезболивающий) каражат катары стамотологдор колдонуп келишет. Бейтаптарды алгач түстүү тесттерден өткөрүшөт. Тактап айтканда, жакшы көргөн, өзүнө жакын өңдү тандап алгандан кийин дарылоого өтүшөт. Ар бир сеанс 30-45 мүнөт созулат да, ооруканада компьютер, музыкалык аппараттар, музыкалардын түрлөрү жана кулакка салып уккучтар көп кездешет. Бөлмөлөр да ар түрдүү түстөргө боёлуп, өзгөчө жасалгаланган. Анткени, ал адамга позитивдүү маанай тартуулайт.


Дарылоочу компакт-дисктер:
1. Гастритти- Бетховендин "Жетинчи сонатасы"
2. Ашказан жарасын- Чайковскийдин "Гүлдөрдүн вальсы"
3. Аракечтикти - Шубертанын "Аве Мариясы"
4. Жогорку кан басымды- Мендельсондун "Үлпөт маршы"
5. Уйкусуздукту- Гранын "Пер Гюнту"
6. Импотенцияны - Вагнердин "Венисберсг сахнасы" дарылайт.

Музыкалык аспаптардын дарылык касиети:
"Биз тамак ичип, же газета окуп олтурганда дагы музыка уксак ал биздин аң сезимибизге тасирин тийгизет" - деген оюн медицина илимдеринин доктору Сергей Ваганович Шушарджан билдирген. Музыкалык аспаптардын дагы дарылык касиети бар экендигин аныктаган.
Бөйрөктөрдүн иштешинин жакшырышына пианино жана синтезатор жакшыртат.
Ашказандын уйку безин жана боордун функциясынын жакшырышына кселофон, барабан, флейта, гобой жардам берет.
Кусалыкты, жоон ичегинин жеңил ооруларын саксафон жана металлолофон айыктырат.
Жүрөктүн жана жоон ичегинин иштешине скрипка, гитара кантрабас жардам берет.

Рок музыкасы - ден соолукту начарлатат
Рок музыкасы адамдын психикасына терс таасирин тийгизерин, ден соолуктун начарлашын жана мээнин кандайдыр бир пайызы жабыр тартарын далилдешкен. Мисалы: рок музыкалары коштолгон концертте, колонканын жанына чийки жумуртканы коюп коюшкан, концерттин аягына чейин чийки жумуртка жарылып калганына күбө болушкан. Бул мисалды психологдор адамдын организмине түздөн-түз байланыштырышат. Рок музыкасын уккан адам оюн бир жерге топтой албай кыйналып, чаржайыт, баш аламан учурларда өтө тынчсызданып калары аныкталган. Рокту гипноз менен да окшоштурушат. Ал жаш балдардын ден соолугуна өзгөчө терс таасирин тийгизерин айтышкан, анткени, рок-музыкасынын фанаттары өздөрүн суицидке түртүшөрү да анык болгон.


Джаз -эс алдырат
Джаз- адамдын психикалык абалына эч таасирин тийгизбейт, ал жөн гана эс алдырат. Бирок эс алуу буулануу сыяктуу эле музыка менен кайра бат кетип калат. Эгер ал джаз-музыкасы сизге жакын болсо, аны көпкө чейин сактап калууга болот.


Музыка-терапиялык коом
Швецияда музыкалык-терапиялык коом түзүлүп, көп жылдан бери өз ишин натыйжалуу жүргүзүп, көптөгөн өлкөлөргө таанымал болуп келе жатат. Мисалы: коңгуроонун добушу саналуу гана секундада "сарык" (желтуха) жана сасык тумоо ооруларынын вирустарынын таякчаларын жок кылгандыгын бул коомдун мүчөлөрү далилдеген.


Грузин консерваторияда
экзамен берип жатат:
Ага олтурган комиссиянын өкүлү: - "Биз азыр сенин үнүңдү текшеребиз, сен артты карайсың, биз роялдан бир баскычты басабыз, сен ал кайсы нота экенин табасың", - дейт.
Грузин артты карайт. Комиссия бир нотаны баскандан кийин, грузин кайра бурулуп, комиссиянын өкүлдөрүн акырын бирден карап чыгып, анан колу менен бирөөнү көрсөтүп, "Сен бастың",
- деген экен.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??