Урматтуу окурман, кыргыздын таанымал инсан-дарынын интеллек-туалдык деңгээлине көз чапты-рыңыз


"Кырк чоро"
Куудул Борончу Кудайбергенов:
- 1. Б.з.ч. 9-кылымда Каспий боюн жана Арал аймагын мекендеген массагет уруулар бирикмесинин ханышасы Томирис, Персия падышасы Кир IIни туктунга алып, колу-бутун кескилеп кыйнап өлтүрөт. Томирис Кир II нин каны толтурулган жыгач чакага башын кесип "канга малынып жат"-дейт экен. Ким үчүн ушундай мыкаачылык менен өч алган? (Туура жооп: Кир II Томиристин жалгыз баласын өлтүргөндүгү үчүн өч алат).
- Менимче, жакындарынан өч алат. Тактап айтканда, баласы үчүн өч алса керек. Себеби, эненин балага болгон сүйүүсү эч нерсеге алмаштыргыс болот.
- 2. Таямум деген эмне? (Туура жооп: Суу жок жерде же суу болуп туруп даарат алууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда топурактан колуна тийгизип коюу).
- Таямум эмне экенин билбей калсам болбойт го, суу жок жерде эки алаканын топурак менен аарчып койсо, даарат алганга барабар болот.
- 3. "Көкөтөйдүн ашы" бөлүмүндөгү Бокмурундун минген аты? (Туура жооп: Мааникер).
- Бокмурундун минген атын билбейт экемин.
- 4. Кайсы кыргыздын чыгаан куудулу туулуп-өскөн жеринин өзгөчө тоолорун даңазалап, ыр чыгарган? (Туура жооп: Куудул Асанкул Шаршенов, ырынын аты "Бөлтөгүм").
- 4. Куудул болуп ушуну билбей калсам уят го, Асанкул Шаршенов "Бөлтөгүм" аттуу ыр чыгарган.
- 5. "Бакайдын жайыты" тасмасында Бакайдын байбичесин ким аткарган? (Туура жооп: актриса Алиман Жангорозова).
- 5. "Кожожаш" киносунда аткарган актриса Жангорозова, атын унутуп атам.
Жыйынтыгы: Куудул Борончу Кудайбергенов 4 суроого жооп берип,"4" баллга татыктуу болду.




"Үр кызы"
"Кыргызстан Обондорунун" ди-джейи Назира Кадыева:
- 1. Загара деген эмне? (Туура жооп: Жүгөрүнүн уну же жүгөрү менен ундун аралашмасы).
- Жүгөрүнүн унун загара дешет.
- 2. "Курманбек" эпосундагы Курманбектин жакын досу жана тескери бата берген атасынын аты ким? (Туура жооп: Аккан досу жана атасы Тейитбек).
- Бул эпосту өзүм жакшы көрөм, досу Аккан жана атасынын аты - Тейитбек.
- 3. Сүйүү эмне, сүттөй таза колукту,
Ансыз анан алтын өмүр толукпу,-деген ыр саптары кайсы акындын калемине таандык? (Туура жооп: Алыкул Осмонов).
- Албетте, алп акыныбыз Алыкул Осмоновдуку.
- 4. "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасында обон созуп ырдаган келиндин ролун ким аткарган? (Туура жооп: Ырчы Гүлсүн Мамашева).
- Мен бала кезде кинолорду абдан кызыгып көргөм. "Таарынчым таркамайын жөн койбосом",-деп биздин ырчы эжекебиз Гүлсүн Мамашева ырдаган.
5. Караханиддер доорунда негизделген кыргыз шаарчасы(X-XIIк.) кайсы? Азыр ал шаардын аты өзгөргөн эмес, түштүк аймакта жайгашкан. (Туура жооп: Өзгөн шаары).
- Өзгөн шаарында байыркы тарыхый эстеликтер көп . Өзгөн шаарчасы деп ойлоймун.
Жыйынгыгы: 5 суроого жооп берип, "5" балл алды.