п»ї
 Таанышуу жарыясы


Равшан аке жазында революция болот деп...
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Равшан Жээнбековдун маалыматына таянсак, Кыргызстанда мамлекеттик кызматчылардын саны 350 миңди, башкача айтканда, жумушчу күчтүн 15 пайызын түзөт. Бул дүйнөлүк көрсөткүч үчүн да өтө көптүк кылат. "Мамлекетти башкаруунун эффективдүүлүгү үчүн мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу керек",- деген Равшан Бабырбекович "мамкызматкерлер беш кишинин жумушун сапаттуу аткарышы керек, болбосо, бюджеттин тартыштыгынан дагы эки айда элдик көтөрүлүш чыгышы мүмкүн",- деген оюн билдирди.

Коррупциялык схеманын жолу тозулса, 300 млн долларлуу болобуз…
"Ар-Намыс" фракциясынын лидери "Ф.Кулов жана анын командасы" коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү менен Кыргызстандагы бир нече мекемелерди экономикалык жана хронологиялык иликтөөгө алышкан. Мындагы комиссия өз ыктыярдуу, каражат талап кылбаган калыстар экен. Алардын маалыматына таянсак, коррупциялык схеманын кенен жайылышы көбүнчө мамлекеттик структураларда байкалган. Калган иш-аракет өкмөттүн колуна түшөрүн айткан Феликс мырза: "Азыркы Президентибиздин жакыны бийлик бутагына келди",- дегендей сөздү кыпчый кетти. Куловдун сөзү боюнча, коррупциялык схемалардын жолун тозсо, өлкө казынасына 300 млн доллардан ашык акча түшөрү да айтылды.


Шырп-шырп, шыпыргы…
Ош базарынын тегерегиндеги соода түйүндөрүнөн тазалоо боюнча Бишкек мэриясынын бүтүмү базардагы соода менен жан сактаган жүздөгөн ишкерлерге жага берген жок. Албетте, аларды сүрүп чыгаруу үчүн биринчи ал ишкерлерди орун менен камсыз кылуу жагын карап чыгуу жакшы жыйынтыктарды бермек беле, айтор, ишкерлер нааразычылык акциясын өткөрүштү. Жогорку Кеңештин депутаттары Ош базарынын жанындагы соода түйүндөрүн алуу боюнча маселени иликтөөгө атайын депутаттык комиссия курамын түзүштү. Эскерте кетчү нерсе, комиссиянын иликтөөсү бүтмөйүнчө, ишкерлер өз иштерин уланта бермекчи.


И.Исаков "соттошом" дейби?
Ош коогалаңы иликтенип, Улуттук комиссия жыйынтыгын 11-январда угузду. Алардын билдирүүсүнө таянсак, Убактылуу өкмөттүн күч түзүмдөрү жеткиликтүү чара көрбөгөндүктөн, түштүк коогалаңы өөрчүгөн жана айрым өзбек лидерлеринде да күнөө бар. Мындай жыйынтыкка Исмаил Исаков теригип: "Ал учурда оор абалды турукташтыруу боюнча болгон чаралар көрүлгөн, өлкө согуштук абалда болгон. Комиссия мындай тыянагы менен Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн каралоону көздөйт",- деп билдирди. Исмаил мырза учурда Улуттук комиссияны сотко берем деп чамынып турган кези.


Үч маараке
Кыргыз элинин кадырлуу адамдары, кыргыз маданиятына зор эмгек сиңирген Төлөгөн Касымбеков 80 жашка, Бексултан Жакиев 75 жашка, Болот Шамшиев 70 жашка толушу менен жаңы эле кирип келген коён жылын кооздоп турган сыяктуу. Бар болсун, кадырман карыларыбыз! "Обон" гезитинин жамааты мындай салтанаттуу мааракеңиздер менен куттуктап, кыргыз эли сиздердей таланттарга таазим кылып, дагы да көп-көп эмгектериңиздерге күбө болсун дейли.


К.Сагынбаев Спортко эмгек сиңирген чебер
Өткөн жылы "Эркин пирамида" боюнча дүйнөлүк чемпионаттыкты багындырган Каныбек Сагынбаев Кыргыз Республикасынын спорт федерациясынын билдирүүсүндө, "Кыргызстандын спортуна эмгек сиңирген чебер" деген наам алды. Каныбекке ийгилик каалап, кыргыздын желегин желбирете бер демекчибиз!





Көпүрө-Базардын Шаляпини
Аманбек Жапаров
Таластык коңур үндүү 74 жаштагы ардагер Койчубай Сагындыковду жакындан билгендер айылдык "Шаляпин" деп атап коюшкан.
Ардагер ырчы былтыр декабрдын соңунда Бишкекте өткөн республикалык сынакта мыкты аткаруучу деп табылып, сыйлыкка татыктуу болду.
Ал Көпүрө-Базар айылынын тургуну, коңур үнү менен опера ырчыларындай эле ырдайт.
Сагындыков да табийгат тартуулаган сейрек кездешүүчү тембр үнгө ээ. Музыка адистеринин баамында, эгерде Сагындыков музыкалык билим алганда баритон үндүү атактуу артист болушу толук ыктымал эле.
Ал отуз жылдан ашуун чабан болуп, кой багып, тоо арасында жүргөндө, кийин механизаторлук жумушка өтүп трактор айдап, талаада соко салып, чаалыкканда үнүн созуп ырдап алганда жеңилдеп каларын айтты.
- Талаада жүргөндө үнүмдү катуу чыгарып ырдап алам. Бугум чыгып эс ала түшөм. Кээ бирде бир нерсеге кыжаалат болгондо да талаа-түзгө барып ырдап алганда, көңүлүм жайланып, канат байлап калам.
Тоо-ташта жаңырган үн
Койчубай Сагындыков бала кезинде, мектепте окуп жүргөндө майрамдарда, салтанаттарда ырдап, "ырчы бала" атыгат.
Ата Мекен, Коммунисттик партия тууралуу ырларды айылдын жыйындарында ырдап, тели-теңтуштарынын арасында элдик "секетпайларды" ийине жеткире аткарат.
"Эл ичи-өнөр кенчи" демекчи, эл ичинен чыккан ырчы Койчубай Сагындыков "мал багып жүргөндө тоо-таштын арасында, жаратылышта ырдаганда ыр алда кайда угулуп, айлана мемиреп эле калат", -дейт.
- Жаратылышта ырдасаң, тал-терек авазга ыргалып, добушуң кокту-колотту аралап, тоо-таштын баары сенин ырыңа кулагын төшөп калгандай сезилет. Азыр оозумдагы отуз эки тишим түшүп калган. Ага болбой минтип жаштар менен теңтайлашып ырдап жүрбөймүнбү. Кудайдан "мени ырымдан алба" деп эртели-кеч суранып калам.
Койчубай Сагындыков 1956-жылы Опера жана балет театрынын алдында жаңыдан ачылган студияга кабыл алынып, эки ай окугандан кийин ооруп айылына кетип, ошол бойдон окуусун улантпай калат.
Талантты жашыра албайсың
Табийгат берген талантын толук пайдалана албай, чарбачылык менен алпурушуп жүргөндө да ырдаганын токтотпой, райондук сынактарга катышып, өздүк репертуарын байытат.
- Ырды мен радиодон артисттердин ырдаганын угуп, биринчи обонун, анан сөзүн үйрөнүп алам. Кайсы ыр болсо деле үйрөнгөнгө аракет кылам. Ырдын жаманы болбойт. Анан тоо арасында ырдаганда жаңырган үнүмдү угуп, кандай чыгып жатканына көңүл бурам. Кайсы ыр болсо дагы жүрөгүң менен ырдасаң өзүң дагы ыракат аласың, уккандар да ыракат алат. Жөн эле үнүм бар деп кыйкыра берсе ал ыр болбойт.
Коңур үндүү ардагер Койчубай Сагындыков декабрь айында Бишкекте өткөн "Айыл таланттары" республикалык сынагында мыкты аткаруучу деп табылып, Маданият жана маалымат министрлигинин атайын сыйлыгын алды.
Ал атактуу композитор Калый Молдобасановдун "Селкиге" деген ырын ырдаганда, залдагы көрүүчүлөр шатыра-шатман кол чабышып, сахнадан кетиргиси келбей турушту.

P.S. Ф.И.Шаляпин-дүйнөлүк атактагы бас үндүү опера ырчысы. 1873-жылы Казань шаарында туулуп, Уфа, Тбилисиде ырчылык жөндөмүн арттырып, Москвадагы Чоң театрда, Санкт-Петербургдун императордук театрында опера жанры боюнча дүйнөлүк жана орус классикаларынын чыгармаларын аткарууга жетишет. Кийин Мариинск театрынын көркөм жетекчиси, 1918-жылы Орусиянын биринчи эл артисти наамын алат. 1921-жылы чет өлкөгө эмиграцияга кетип, 1938-жылы 12-апрелде Парижде каза болуп, сөөгү Францияда коюлат. 1984-жылы анын сөөгү Москвага алынып келинип Новодевичево көрүстөнүнө коюлуп, эстелиги орнотулган.
WWW. Azattyk.kg





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??