п»ї

Жеңишбек Жумакадыр:
"Аялыңа айтпай деле токол алып койсоң болот"
Коён жылынын алгачкы күндөрүндө төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр менен өзүнүн үй-бүлөсү жана балдары тууралуу маек курдук.

- Сөздү алгач жеңе экөөңүздөр таанышып, баш кошконуңуздан баштасак?
- 1994-жылы Нарында иштечүмүн. Нарын театрынан Кубан Алимов деген куудул экөөбүздү "алдын-ала концерт уюштурасыңар" - деп Жумгал, Суусамыр , Токтогул, Ошко жиберген. Экөөбүз театрдан автобуска түшүп келе жатып таанышып калдык. Кийин Оштон гастролдон келип жолугуп, үч күн сүйлөшкөндөн кийин эле баш кошуп алдык. Учурда үч кыз, бир уулду тарбиялап жатабыз. Колуктум өзү Жумгалдын кызы, аты-Нургүл.
- Анда сүйүүнүн отуна он жети жашыңызда күйгөн экенсиз да?
- Ошондой го (күлүп).
- Бир көрүп сүйүп калууга ишенесизби?
- Жакшы адам болсо бир көрүп сүйүп калууга эмнеге болбосун?
- Бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт эмеспи. Сиздердин аяштар арасында бул нерсеге кандай карайсыздар?
- Менин досторумдун баары тең мага карап, мен кандай жолдо жүргөндүгүмө байланыштуу мамиле кылышат. Алар да ал жолго жакын. Эгер шайтан пикириңди аралап, жан дүйнөңдү бузса бирөөнүн аялы гана эмес, бардык эле келиндер көзүңө кыз көрүнө бериши мүмкүн. Бул бир жагынан туура айтылган сөз. Себеби, адам жетпеген нерсе, ар дайым кызык көрүнөт. А жеткенден кийин анын башкадан эч бир айырмасы жок болуп калышы мүмкүн. Бул жеке эле аялзаты эмес, балким, машина, байлык, мансап болуп калышы мүмкүн деп ойлойм.
- Эмне себептен келинчегиңизди көп көргөзбөйсүз? Кызганчаак окшойсуз да?
- Нургүл чыгармачыл адам болбогондон кийин силерге көрүнбөшү мүмкүн. Үйдөгү мага кам көрүү жагынан биринчи тыл десем болот.
- Үйдө казан-аяк кагышып кеткенде, кимиңиздер биринчи кечиресиздер?
- Биз жаңы үйлөнгөн кездерде болор-болбос нерсеге таарынышып, кайра табышып жүрчү экенбиз. Азыр талашып-тартышпайбыз. Үй-бүлөбүз менен жашоого болгон көз карашыбыз өзгөргөн. Анча-мынча кагышуулар болушу мүмкүн, бирок ал нерсенин үй-бүлөлүк сыр боюнча калышын каалайт элем. Кимибизден күнөө кеткен болсо, моюнга алып калмайыбыз бар. Бирок мен таарынчаакмын, жеке эле аялыма эмес, досторумдун туура эмес иштерин көрүп калсам да таарынып калам. Бирок бат эле жазылып кетем.
- Мусулманчылыкта аялдар конок келгенде ашканадан гана тамак жасап берип, келген коноктордун үстүнө киришпейт эмеспи. Сиздердин үйдө да ушундай болсо керек?
- Биз мусулманбыз да. Болгондо да Нарындык мусулманбыз. Нарында кандай болсо, биздин үйдө деле ошондой. Менин досторум, туугандарым келсе, колуктум чай куюп берет. Сен берип жаткан суроонун да туура жагы бардыр. Бирок биздин элге андай нерсени колдонууга азырынча эртерээк деп ойлойм. Акырындык менен көп нерсе сиңиши керек. Бизде мусулман менен молдонун айырмасын көбү биле бербейт. Көбү ислам дининдеги адамдар, бирок молдо деген мугалим сыяктуу атайын даярдалган инсан. А бизде коомчулугубуз андайга даяр эмес. Ичпей жүрсөң, "молдо да" деп кээ бир жерге конокко чакырбай койгондору да бар. Кеп молдочулукта эмес да. Динди албаганда деле тазаланыш керек деп ойлойм.
- Эгерде күйөөсү намаз окуп, аялы окубаса, чочко менен жатканга барабар дешет. Сиздин аялыңыз намаз окуйбу же сиз да "чочко менен жатканга барабар" болуп жүрөсүзбү?
- Бул-акылсыз адамдын чыгарганы. Үй-бүлөбүз менен намаз окуйбуз. Колуктум да, кызым да окушат. Мусулман болуп туруп мындан да жаман пикирлерди айткандар бар. Бирок бул- эң чоң катачылык жана караңгылык деп айтар элем.
- "Аялды ашынан, баланы башынан тааны",-деп коёт эмеспи. Жеңе кайсы тамактын майын чыгара жасайт?
- Нарындын беш бармагын жакшы жасайт. Кээ бирлер:"Бул тамакты жакшы жасайт, тигини мыкты жасайт", - деп калп эле мактана беришет эмеспи. Менин аялым Нарында басымдуулук кылган тамактарды жакшы жасайт. Оштук бир иним бар. Бир жолу келип,Өзгөн күрүчүн чачырата басып берди дейсиң, тамшанып жедик. Ал кеткенден кийин жеңең басса, аныкына окшошпой калды.
- "Аял биринчи коюнга кирет, анан моюнга минет",- деген макал бар эмеспи. Сиздин аялыңыз да сиз менен турмуш кургандан кийин сизге жакпаган кыял жоруктарын көргөзүп, моюнуңузга минген жокпу?
- Биринчи коюнга кирет, анан моюнга минет деп атпайсыңбы. Ал ар бир адамдын дээринен болсо керек деп ойлойм. Баарыбыз жипке тизген шурудай эмеспиз да. Мен Нургүлдүн бул сапаты жаман деп баса белгилегенден алысмын. Эркекке тиешелүү нерселердин баарын өзүм башкарам. Аялдын ишине кийлигишкен жан эмесмин. Идиш-аякка кийлигишпейм. Ошондуктан, ал менин, мен анын моюнуна минбейбиз.
- Мусулманчылыкта 4 аялга чейин уруксат эмеспи. Эгер колуктуңуз уруксат берсе, күйөөсү өлгөн келинди токолдукка алат белеңиз?
- Шарыятта төрткө чейин уруксат берилген. Кимде-ким алам десе каршы эмесмин. Биздин Кыргызстанда кыргыз жигиттеринин материалдык жагы жетиши мүмкүн. А жан дүйнө жагынан эки аялга эч кимибиз даяр эмеспиз. Аялыңа айтып деле, айтпай деле токол алып койсо болот. Шарыятта аялдын уруксатынын кереги жок. Бизде жогорку даражадагы адамдардын алып койгон сүйүктүүлөрү бар. Нике кыйылганбы, кыйылган эмеспи башка маселе. Эгер алар соопчулукту кылгысы келсе, жесир калып, балдарын бага албай жаткан келиндерди эмне үчүн албайт? Алар соопчулугун ойлогон жок, өздөрүнүн убактылуу кызыкчылыгын, күнүмдүк кумарын ойлоп жатышат. Ал убактылуу өтүп кете турган нерсе. Дунган, өзбектер көбөйүп жатат. Туурабы, туура эмеспи билбейм, бирок токолдук боюнча эмес, кыргыздын көбөйүшүн көп ойлоном.
- Анда өзүңүздүн тукумуңузду көбөйтөйүн деп жатыптырсыз да?
- Тун перзентибиз уул болчу, 2 жашында чарчап калды. Азыр болсо кудайга шүгүр, төрт балабыз бар. Кудай буюрса, дагы 3-4 балалуу болсом деген пландарым бар. Кээде бирди төрөгөн жеңелерибиз:"Эмнеге антип жатасың, анын баарын ким бакмак эле?" - деп калышат. Бирок Аллах бул дүйнөгө келген ар бир перзентти өзүнүн ырыскысы менен кошо жаратат.Кыргыздын санын көбөйтсөк жакшы болот эле. Москвада 100дөн ашык кыргыз кызы төрөп, алар төрөөрү менен эле, орустар башка өлкөгө сатат экен. А бул жакта ата-энелер кызыбыз акча таап атат деп жүрүшөт. Ошондуктан, патриоттук сезимди өтө бекемдешибиз керек. Ошондо гана кыргыздын саны көбөйүп, биримдиктүү болот элек.
- Сөзүңүзгө аралжы, Бакиевдерге шарыят жагынан каршы болсоңуз, кыргыздын тукумун көбөйтүү жагынан кошулат турбайсызбы?
- Бакиев өзүн ойлогон болуш керек. Эгерде кыргызга күйө турган болсо, кандайдыр бир жолдорун айтмак да. Ал тазалыкка күйсө, орус аялын мусулман кылмак.
- Канчанчы күйөө баласыз?
- Күйөө балдардын эң улуусумун, бажалардын башчысымын. (күлүп)
- Кайын-журтка барганда, кой союп, самоор кайнатып, оокат кыласызбы?
- Жок, мен жаңы күйөө бала болгондо эле эт бышырып, самоор жаккан эмесмин. Отко кирип барганда, Ысмайыл деген жезде: "Мына эми саяктарга күйөө бала болдуң, кайнатаң мына бул киши болот", - десе, мен: "Билем, накта саяк деген бар, бакма саяк деген бар, котур саяк деген бар, чотур саяк деген бар, качма саяк деген бар, булардын кайсынысынан болот?"- десем, ошол жерде отургандардын баары:"Жаңы келип алып ушундай сүйлөйбү?" -деп "шок" болуп калышкан. Күйөө бала болгонум менен баласындай элемин.
- "Кайненең катуу сөз айтса, качырып барып чачтан ал", - деген ырыңыздагыдай нерсени кызыңыз кайненесине жасаса, эмне кылат элеңиз?
- Менин кыздарым мен тамашалап ырдап жүргөн ырдагыдай болбойт деп ойлойм. Анткени, биз берген тарбия абдан жакшы. Бул жерден мактанып койсом болот. Биздин үй-бүлөгө туугандар, достор суктанышат. Баары тең тарбиядан болот. Бул дүйнөдө бир жакшы нерсе бар. Жолунан адашкан адамды туура жолго салып койсо, ошол чоң сооп болот. Анткени, бир адам-бир аалам деп коёт. А сен бир ааламды оңдогон болосуң.
- Элдер сизди Жеңишбек Токтобеков деп таанышат. Акыркы учурда Жумакадыр болуп калганыңыздын себеби эмнеде?
- Токтобек чоң атама өмүр бою карызмын. Болгону, атамдын атын чыгарайын деп Жумакадыр болдум.
- Төкмө акындардын арасында бут тосуулар же болбосо көрө албастык барбы?
- Төкмө акындардын арасында андай нерселер 100 пайыз жок деп айта алам. Себеби, биз аз жана сазбыз. Айтыштан да баш байгени кезек менен алып калбадыкпы. Бул жаңы өсүп келе жаткан таланттардын чыгармачылыгына стимул болсун деген максат. Чыгармачыл адамдар кылдын учунда турат эмеспизби. Көңүлдөрү назик болот. Айтыштарда жол бошотуп, жаштар чыксын деп жаштарды алып чыгып жатабыз. Аларга айтышта деле катуу айтпайбыз. Бирок ,тилекке каршы, жалын болуп чыккан акындар аз.
- Элмирбек Иманалиевди сиздерге кошулбайт, төкмө акындар эки жаат болуп бөлүнүп жүрүшөт деген кептердин канчасы чын?
- Эми Элмирбек экөөбүз айтышта көп айтышып, тартыштык. Элдин жүрөгүндө экөөнүн мамилеси жаман деген пикир калыптыр. Бирок экөөбүздүн ортобузда эч кандай нерсе жок. Болгону бир айырма болушу мүмкүн. Менин ислам жолуна түшкөндүгүм.
Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??