п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Эки кочкордун башы
бир казанда кайнабайт",
же
Аваз Акимов Нурлан Насиптин
айынан продюсеринен кеттиби?..
Шоу-бизнестеги кээ бир ырчылар продюсери менен кичине эле келишпестик боло калса эле таарынып, иштешпей койгон адат таап алышпадыбы. Аваз Акимов менен Канат Кадыржандын да иштешкенине аз эле убакыт болсо да кандайдыр бир себептерден улам экөөнүн иштешпей калганынан кабардар болсоңуздар керек.


Нурлан Насип, ырчы:
"Экөөбүздүн ортобузда чоң чыр болгон эмес"
- Аваз Акимовдун Канат Кадыржандан кетип калуусуна өзүңдү себепчимин деп ойлобойсуңбу?
- Аваз экөөбүз жакшы сүйлөшөбүз, ага болгон көз карашым түз. Башынан өзү менен өзү болуп жүргөнгө көнүп калгандыктанбы, Канаттан кетип калды. Ар кимдин өзүнүн жолу бар. Башында Канат менен өзүм иштешип жүрүп, анан Аваз:"Мени да Канатка тааныштырбайсыңбы?"- дегенинен, Канатка өзүм алып барып тааныштырган болчумун. Ошентип кийин иштешип калды. Мен концерт коёрдун алдында сиздерге барып: "Аваз деген досум бар. Мен андан кийин сахнага ырдап чыккам. Кийин менин да күйөрмандарым көбөйө баштаганда, Аваздын мага болгон мамилеси өзгөрдү. Экөөбүз урушканга чейин барганбыз. Чыгармачыл чөйрөдө андай түшүнбөстүктөр боло берет экен", - деген интервьюман кийин Аваз мага кичине таарынып жүргөн болчу. Бирок экөөбүздүн ортобузда өтө чоң чыр чатак же болбосо келишпестиктер болгон эмес.





Аваз Акимов:
"Нурлан менен урушуп кетпейин деп Канат Кадыржан менен иштешпей калдым"
- Сыймык байке менен чыгып келе жатып, продюсер алмаштырганыңа эмне себеп болду?
- Атамды продюсер катары эсептебейм. Экинчи атам катары мага кылган эмгектерин баалайм. 10 жылдан бери атамдын үйүндө жашап, окутуп, эки жакты көргөздү. "Атың барда эл тааны, атаң барда жер тааны",-деген макал бекеринен айтылбаса керек да. Атамдын аркасы менен көптөгөн жерлерди кыдырып, улуу инсандар менен тааныштым. Ал эми продюсер менен иштешкенимдин себеби, чыгармачылыгымды кичине болсо да алдыга жылдырып, жаңы жаңылыктарды пайда кылайын деген максат болчу.
- Канат Кадыржан экөөңөрдүн ортоңорду кайсы кара мышык аралап кетти? Эмне себептен иштешпей калдыңар?
- Канат экөөбүз 3 ай иштештик. Экөөбүздүн ортобузда кагаз жүзүндөгү келишим жок болчу. Мага жардам берип жүрдү. Дайыр кеткенден кийин Канаттын продюсерлигинин алдында Нурлан Насип экөөбүз калдык. Канат менин үстүмөн иштеп, радио, гезиттерге жиберип жаткан учурда Нурландын ич күйдүлүгүн байкап калдым. Нурлан экөөбүздүн ортобуздагы мамиле начарлабасын, урушуп кетпейин, сый боюнча калайын деп Канат менен иштешкенимди токтоттум. Азыр Канат менен жакшы мамиледемин, тойлор боло калганда байланышып, чакырып турат.




Канат Кадыржан:
"Аваз экөөбүздүн ортобузда атайын келишим болгон эмес"
- Аваз экөөңөрдүн ортоңордо келишпестиктер болгондуктан, иштешпей калышты деген кептердин канчасы чын?
- Сыймык байке менен сүйлөшүлгөндө, анын айтуусу боюнча Авазга администратордук жардамчысы, азыркы тил менен айтканда пиар менеджери болуп иштемекмин. Аваздын айтуусу боюнча, Сыймык байке жеке жумуштары мененби же концерти мененби ,айтор, жумуштары менен бир жакта болчу. Ал жактан келгенден кийин, такташып сүйлөшөбүз деген. Ал жактан келгенден кийин Аваз мага жолуккан жок. Алышып, беришип, жардамдашып коюп жүрөбүз. Бирок продюсери болуп иштешкен жокпуз. Элге ошондой маалымат кетип калган да. Аваз менен максималдуу түрдө иштешкен жокпуз да. Ошондой болсо да пиар жагынан жардам берип, колдоо көрсөтүп жатам. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай чыр болгон эмес.
- Аваздын: "Нурлан Насип экөөбүздүн мамилебиз сый бойдон калсын деген мааниде Канаттан кеттим", - деген сөзүнө кандай баа бересиң?
- Анысын билбейт экенмин. Мен ырчыдан ырдап беришин, менин айткандарымды аткарышын гана талап кыла алам. Калган алардын жеке мамилелерине, ички дүйнөсүнө кийлигишпейм.






Бакыт Букаев: "Сүйүшкөндөр күнүндө "Достордун сайранын" өткөрөбүз"
Шоумен Бакыт Букаевдин акыркы убактагы кылган иштери жана жакынкы аралыктагы пландары менен тааныштык.

- Бакыт байке, жаңы жарык көргөн китебиңиз тууралуу айтып кетсеңиз?
- 2010-жылдын декабрь айында эки жылдан бери жазып жүргөн "Толкундуу көлдө Темирим" деген китебимдин бет ачар аземин жасадым. Бул китеп өткөн жылдын март айында эле басмага тапшырылып, даяр болуп калган болчу. Бирок, өлкөбүздөгү саясий окуяларга байланыштуу, бет ачар аземинин туз насиби декабрь айына туш келип калды. Кичи мекеним Ысык-Көл районундагы Темировка айылынан чыккан 150 инсандын портретине штрих боёк сүрттүм, эссе, этюд формасында жазып чыктым. Китеп он бөлүктөн турат. Биздин айылдан совет доорунда чыккан чыгаан инсандар, эл жазуучусу: Олжобай Орозбаев, Чалагыз Исабаев, жеңебиз Самара Токтакунова, Жамал Сейдакматова,дагы ар кайсы тармакта өз бактысын тапкан коомдук ишмер, бизнесмен, аскер адамдары, жөнөкөй айыл адамдары, көркөм чыгармачылыктын өкүлдөрү жана биздин айылдын баатыр энелери, жетим балдар үйүн ачкан энелер тууралуу жаздым. Андан сырткары, Азамат Болгонбаев, Назира Айтбекова, Аскат Сулайманов, Нурдөөлөт Копоевдин апалары Темировкалык болгондуктан, алардын апалары уул кыздары жөнүндө сүйлөп беришти. Жасаган ишиме Ысык-Көл облусунун Ардак грамотасы менен сыйлашты.
- Өзүңүздүн жердештериңизди жана туулуп өскөн айылыңызды даңазалаган китепти жазуу боюнча идея качан пайда болду эле жана демөөрчүлүктү ким мойнуна алды?
- Китептин киришүү бөлүмүндө өзүмдүн балалыгым тууралуу сөз козгоп, мектепте окуп жүргөндө эле бүткүл Союздук "Пионерская правда" гезитинде айылыбыздын тарыхы, мугалимдер тууралуу көптөгөн макалаларым жарык көрүп турганы тууралуу жаздым. Негизи, эч кимден эч нерсе сураган жокмун. Көпчүлүк чыгашаны өзүм көтөрдүм десем болот. Анан эмгегимди баалап эки агам көмөктөштү. Алардын бири Темировка айылынын тургуну Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Аскерович жана өзүмдүн агам Букаев Өскөнбек болду. Китеп 450 бет болуп, сапаттуу кагаз менен чыкты.
- Байкөл торолуп калыптыр, апасына жардамдашып атасыз да?
- Мен балама керектүү болгон нерселерди гана алып берем, калганын апасы карайт.
- Байкөл деген ат чанда гана кезигет эмеспи. Атын ким койгон?
- "Мой мир" (интернет) долбоорунда талкуу болду. Мага кайдыгер карабаган тааныштарым ар кайсы аттарды сунуш кылды. Алардын ичинен иним Элмирбек Иманалиев: "Бакыт байке, кыргыз жети көлү бар чоң эл болгон. Чоң көлдөрдүн бири-Байкал, кааласаңыз Байкал, кааласаңыз Байкөл коюңуз", -деп сунуш кылды. Анан Актилек деген атка да токтолуп жатканбыз. Байкөл жана Актилек деген эки атты Букаевдердин он эки кишиден турган үй-бүлөлүк кеңешиндеги ат коюу аземинде демократиялык негизде бир добуштан, он киши Байкөл, эки киши Актилек деген добуш берип, Байкөл жеңүүчү болуп кеткен.
- Жаңы жылды кандай пландар менен баштадыңыз?
- Чыгармачылыгымда өзүмдүн вирустарым болгон конкурстар. Былтыр Ысык-Көлгө областтык сулуулук конкурсун өткөрүп бергенбиз. Ошондо Ысык-Көлдүн жетекчилери аябай жактырышып, "8-мартка карата айымдардын сынагын уюштуруп көрбөйсүңөрбү?"- деп калышканынан макул болгом. 8-мартка карата Ысык-Көлдө айымдардын сулуулук конкурсун өткөрөбүз. Ага чейин Нурдөөлөт Копоев, Назми, Роза Шакирова болуп, сүйүшкөндөр күнүнө арналган "Достордун сайраны" деген аталышта шаардын бир ресторанында шоу-кече өткөрөлү деген пландар бар. Келген коноктор менен жандуу байланыш болот.
Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??