п»ї

Сайра Момунбаева менен Ильяз
Андаштан эксклюзивдүү клип
Жаңы жылда "быссымылда" дегенде эле жаш ырчы Ильяз жана Сайра Момунбаева "Сүйүү бийин бийлейли" -аттуу жаңы ырды дуэт ырдап чыгышты, Ырдын сөзү, обону Сайра Момунбаеванын жолдошу Азат Дөөткуловго таандык. Чогуу ырдап чыгууну алгач ырчы айым Ильязга сунуштаган. Ал эми эксклюзивдүү клипти "Айдар продакшн" студиясында чогуу тартышкан. "Жай айынан бери тартылып келе жаткан клип эми бышып-жетилип, элге тартууланды, буюрса эл сүймөнчүлүгүнө ээ болот деген ойдомун" -дейт Ильяз. Учурда ырчы жигит Каракол шаарында ардактуу эс алууда, тактап айтканда тууган жерине барып, жоро-жолдоштору менен биргеликте "тоо лыжа базасында" эс алып жаткан кези.


Кумар Асанов комузун колго алды
Бир убакта "Кыргызстан" деген ыры менен чыгып, эл оозуна алынган жаш ырчы Кумар Асанов учурда бир нече жаңы ырларды, клиптерди жаратып, чыгармачылыгын өркүндөтүү аракетинде. Дегеним, "Асыл жарым", "Мекен жер", "Из чистого листа" аттуу ырларынан кийин, ырчы жигит комуз менен дагы ырдап чыгууну пландоодо. Анткени ал кичинекей кезинде эле комузду черткенди жакшы өздөштүрүп, Роза Аманованын ырларынан кээде обон созуп ырдап койчу. Эми ырчынын күйөрмандары Кумар Асановдон комуздун коштоосундагы ырларды күтсө болот.


Лутфилла Кытайдан бир тууганын тапты
Ырчы Лутфилла, куудул Талант Анарбаев жана Топчубай Айтмаматов Кытайдагы кыргыздарга концерт тартуулаганы барып, ырчы жигит өзүнүн 103 жаштагы бир тууган эжесин таап алды. "Биз Кытайдын жети шаарына барып концерт койдук.Афишаларда менин фамилиям кытай тилинде жазылган, Жун Ган Чан деген шаарга барганыбызда, ошол эже атамдын атын окуп, териштирип келип, 75 жаштагы кызын концертке жибериптир, ал мени 103 жаштагы эжеме жолуктурду, "бир карын" деп коёт экен, атамдын бир тууган эжеси болуп чыга келди. Атам болсо, издеп жүрүп, үмүтүн да үзүп коюптур. Мен барып, жөн келбестен бир туугандарымды таап келгениме атам абдан кубанычта болду"-дейт ырчы.


"Кеңеш" тобу кеңейүүдө
Жагымдуу ырлары менен чакан күйөрмандарды топтогонго жетишкен "Кеңеш" тобу эми жаш таланттарга жардам берүү максатында "Бекас" аттуу топ ачышты. Топ "Кеңеш" тобунун копиясы деп айтсак болот. Анткени, Бекем жана Астра аттуу кыз жигиттен турат да, сүйүү жөнүндөгү ырларга басым кылышат. Кыз жигиттин атынан "Бекас" деген топ пайда болгон. "Учурда "Тагдыр тузагы" деген ыр жаздырышып, эми ага клип тарттыруу аракетинде. "Мисалы үчүн Бек Борбиев жана башка көрүнүктүү ырчылар жаш таланттарга колдоо көрсөтүп, аларды тарбиялап келишет, мен дагы булардын талантына күбө болуп, чакан топ түзүүнү туура көрдүм. Буюрса, элдин бүйүрүн кызыткан топ болот деген ойдобуз," -дейт "Кеңеш" тобу.




"Максатым элге таанылыш эмес"
Кыскача:
Туулган жылы: 1989-ж
Салмагы: 63 кг
Бою:167 см
Мүнөзү: ак көңүл, ишенчээк, айтканынан кайтпайт.
Кыздардын баалаган сапаты: жөнөкөйлүк, назиктик, акылдуулук.
Жакшы көргөн тамагы: талкан (күлүп).
Жашоодогу урааны: дайыма алга.


- Алгач өзүңдү тааныштырып өтсөң?
- Атым Автан, Токтогул районунун кулуну болом.11 бир туугандын онунчусумун. Азыркы убакта чыгармачылык менен алектенип жатам. 2010-жылдын аягынан баштап, шоу- бизнес тармагына аралашып, өзүмдүн талантымды элге көргөзөйүн деп чечтим.
- Ырларың элдерге тааныла баштаптыр, шоу- бизнес тармагына кандай максат менен аттандың?
- Менин максатым элге таанылыш эмес, мен чыгарган ырлар көмүскөдө калбашы үчүн, талантымды өркүндөтүп, ырларымды элге тартуулоо максатында жаңыдан кадам таштап, иштеп жатам.
- Сенин шоу-бизнеске аттанышыңа ким түрткү болду?
- Ди-джей Марат Мырзабеков түрткү болду, анын үнүн радиодон угуп жактырчумун. Андан кийин "Адашкан сүйүү" деген ыр жаздырып барып, Марат байкеге сунуш киргиздим. Ырымды уккандан кийин макул болду. Азыр ортодогу келишимге кол коюп, жакшы иштеп жаткан убагыбыз.
- Репертуарыңда канча ыр бар? Алар кайсы темага арналган?
- Репертуарымда жети ырым бар, алардын экөөсүн эл алдына чыгаргам. Ырларым сүйүү темасына арналган, анан жашоо, турмуштагы жаңылыштыктар жөнүндө да камтылып кетет.
- Кайсы композитор, акындар менен иштешип жатасың?
- Азыр жалаң өзүм чыгарган ырларды ырдап жүрөм. Эми профессионал композитор, акындарга кайрылып, чогуу иштешейин деген пландарым бар.
- Музыкалык билимиң барбы?
- Жок.Талантыма таянып эле ырдайм. Бирок комуз, гитара черткенди билем. Күрөңкеевде окуп жүргөн досторум бар болчу, ошол жерден контрабасска кызыгып, өзүм үчүн эле үйрөнүп алгам.Тойлордон комуз чертип жүрүп, көнүп калдым.
- Бир нече аспаптарда ойногонду билет экенсиң, аларды дагы өркүндөтөйүн деген пландарыңда барбы?
- Албетте, музыкалык окуу жайына тапшырып, комузду тереңирээк үйрөнүп, ноталарды окусам деген ойлорум бар. Кудай буюрса, ушул жылы окуу жайга тапшырам.
- Канча клибиң бар?
- Буга чейин мага бирөөлөр келип клип тарттырып берем десе эле, макул болуп, тарттырып койчумун. 2009-жылы кризис болгондо, элдердин баары "айла жок жашайбыз да" - деп калышты эле го, ошондо "Айла жок жашап келем" деген ыр чыгарып, клип тарттырып койгом. Бирок аны элге сунуштаган жокмун, болгону "кандай болот экен?"- деген ой менен, өзүмдүн күчүмдү сынап көрдүм. Учурда сөзү, обону өзүмө таандык болгон "Кайдасың" аттуу ырыма сапаттуу клип тарттырайын деп жатам жана жакында эле "Ишенем" деген жаңы ырым жарык көрдү.
- Спорттун кайсы түрү менен машыгасың?
- Күрөшкө барам, мурда волейбол, футбол ойночумун. Азыр болсо бир эле бильярд менен чектелип калдым, бильярд менин жүрөгүмдү оорутуп койду, бош убактым боло калса бильярдды көздөй жөнөйм.
- Алдыда дагы кандай пландарың бар?
- Пландарым абдан көп, жаңы ырларды жаздырып, чыгармачылыгымды өркүндөтөйүн деген жакшы ойлорум бар. Буюрса, талыкпаган эмгек менен бардыгы ишке ашат деген ойдомун.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??