п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Сүйүүнүн көзү сокур

Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу
Жүрөккө жалын ыргыткан жылдыздуулук, тулку бойду өрттөгөн оттуу көз караш. Оюңду уурдаган сырдуу жылмаюу. Денени дүрт эттирген жапайы кумарга толгон сыр бардыр, бул мырзаларда. Арийне, табият тартуулаган өзүн сүйдүрө билүүчү касиет баарына бериле бербейт. Балким, "түрү суук" болгону менен, жогоруда айтылган жигиттик касиеттер буларда бар чыгар. Андыктан, суйкайган сулуу асылзаттар ушундай мырзалардын жомоктогудай сырдуу дүйнөсүнө арбалгандыр.


Коркутуу менен өзүнө багындырып алган
Ал эми сулуулуктун символу аталган Таттыбүбүнүн кызы Асель Эшимбекова "Махабат дастанына" тартылып, эл оозунда азыркыга чейин Бегимай аталып келет. Анын тубаса талантына баа берип: "Апасынын жолун жолдоп сахнанын жүзү аталып, кайталангыс актриса болгондо не, чиркин, бири кем дүйнө",-деп арман кылгандар азыр деле бар. Сулуулугуна сугун арткан бир да мырза калбаган чыгар. Айдай чырайлуу кызыбыз белгилүү жеке ишкер Урмат Барктабасовдун жубайы экени жалпыбызга маалым. Мына ошол бойдон биротоло чыгармачылыктан алыстап кетти. "Атың чыкпаса жер өрттө" дегендей, бул мырзабыз эки жолку төңкөрүштө контрреволюция жаратам деп калайык-калктын эсинде калды. Урмат мырза "Сүйүү закымы" киносунда аткарган Асел сулууну бир көргөндө ашык болуп, коркутуу менен өзүнө багындырган деп да айтып жүрүшөт. "Колго түшкөн коёнду, коё берсе оңобу"-дегендей Урмат мырза макулдугун бербеген Асел айымды мажбурлап үйлөнгөн экен. Канчалык деңгээлде чындыкка жакындыгы өздөрүнө гана маалым.


Түн уйкусунан кечип, жаш сулууну кайтарып жүргөн
Бычакка сап, төбөсү элге көрүнгөн кыргызымдын чыныгы мырзасы "Замандаш" партиясынын лидери Мухтар Өмүракуновду ким билбесин? Эл үчүн эмгектенип, айрыкча, чет жакта иштеп жүргөн жарандарыбыздын камын ойлогон мырзабыз ак маралдай созулган, ажары жанган актриса Айжан Акылбековага ашык болуп калса керек. Ак куудай керилген кызды башкага алдырып жибербейин деп түн уйкусунан кечип, жаш сулууну кайтарып жүргөндүр. Чырайлуу кыз багынбаганга айла барбы дедиби же жүрөгү чындап жылыды бекен, айтор, макулдугун берсе керек. Айжан айым басса-турса "жигитинин" көзөмөлүндө канча жүрдү экен дейсиң. Биринчи жубайы ооруп төшөктө жаткан кезде таштап кетип, жаш сулууга үйлөнүп алган деген аңыз кептер чагылгандай тарап кеткен. "Бирөөнүн көз жашы менен бакыт курулбайт"-дегенди кулактан чыгарып, ынтымакта жашап келишкенине шек жок. Азыр үч уулдуу болуп, аларга таалим-тарбия берип келет.


Асемага "красавчик" көрүнөт
"Боз салкын" киносунда Асема майын чыгара аткаргандыгында талаш жок. Бул тасмада ыймандуу, ийкемдүү келген Асема табияттан татына экенин ким тана алат? Элдин баары кулак түрө, чыныгы жашоодо Асема кимге турмушка чыгат деп да кызыгып жүрүшкөн. Көп өтпөй Баткен жергесинин кулуну Акжол Нышановго баш кошту. Бул мырза бир көз караш менен ажары жанган айымды азгырып алган күчтүн эгедериби деп да ойлойт экенсиң. Продюсерин чындап жактырып калганын мындан билсек болот, үйлөнгөндөн кийин жыл жаңыртпай ак кочкордой уул төрөп берди. "Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө" болуп ,балким, Акжол мырза ак жоолукчан жубайы Асемага "красавчик" көрүнөт чыгар.


"Сулуу менен азезил" деп лакап ат ыйгарып жүрүшкөн
Голливуд жылдызы, эң кымбат аталган актриса-Моника Белуччи. Италия эли кара тору периштеси Моника менен сыймыктанышары айдан ачык. Жөнөкөй күйөрмандары гана эмес, белгилүүлөр да Мониканы көргөндө шилекейлерин чуурутуп сулуулугуна сугун артышкан экен. Бирок көрүнүктүү режиссёр жана актёр Венсан Кассель бул сулуунун жүрөгүнүн ачкычын тапты. Бир кезде Моника менен Венсанга кудум эле жомоктогу "Сулуу менен азезил" деп лакап ат ыйгарып жүрүшкөн. Көп жылдан бери ар кандай ушак кептерге карабай, махабат отунда бирге жанып, өмүр сүрүп келишет.


Анжелина Жолиге окшоштук жактары бар
Кичинесинен Айчүрөк апчесинен чыгармачылык жактан таалим-тарбия алган арген үндүү Анжеликага азыркыга чейин мырзалар гана эмес, кыздар да суктануу менен сулуулугуна баа беришет. Чындыгында, Анжеликага кудай сулуулукту аянбай бериптир го, чиркин. Көз талыгычакты чырайлуу жүзүн карап эле тургуң келет. Азыр эки кыздын энеси, жеке ишкер Урмат мырзанын сүйүктүү жары. Голливуд жылдызы Анжелина Жолиге да окшоштук жактары бар . "Александр" киносунда Анжелина жыланды жакын көргөндүктөн, көздөрү да "муздак көз" сыяктанат. . Мындай көз карашты Анжелика айымдан да байкасак болот. Бирок түгөйү Урмат мырзага "кумар көз" Анжелика экени талашсыз.


Түрүнө карап секс-символ деп ойлобойсуң
Өзүнүн стилин таап, "Кутурган иттер", "Түндөн таңга карай", "Биллди өлтүрүү" тасмаларын дүйнө жүзүнө тараткан, башкалардан генийлиги менен өзгөчөлөнгөн режиссёр -Квентин Тарантино. Таланттуу актёр түрү суук болсо да, жалаң гана сулуу айымдар менен мамиле курчу экен. Белгилүү киноактрисалар, бой-мүчөсү келишкен топ-модель кыздар дайыма Квентинди жандап жүрүшкөн. Жапан кыздарынын басыгын өзгөчө жактырган Квентинди, түрүнө карап "секс-символ" деп эч ойлобойсуң. Балким, ар кимдин табитине жарашадыр. "Биллди өлтүрүү" киносунун сценарийин атайын актриса Ума Турманга арнап жазган экен. Квентин Тарантино бул айымдын эң жакын досу гана болбостон, Ума Турманды алмашкыс сүйүктүүсү катары да баалайт.


Гүланда соңку түгөйүбү, аны мезгил көрсөтөр
Кыргыз жыттанган ырлардын эгедери Айбек Карымов да жогорку мырзалардан кем калышпайт. Жанынан карыш жылдырбаган жылаажындай үнү бар Гүланданы өзүнө "менчик"кылып тынды. Аргасыздан эр болбосоң коё кал дегиң келет. Бул эки жаш жумурай журттун шекшигенинен жададыбы, айтор, мына эмесе деп акыры баш кошуп, көңүлдөрү жай алышты көрүнөт. Айбек мырза арзып жеткен Гүланда айым менен "Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге" деген ырын эми ырдаса болчудай. "Кыргыз байыса катын алат" дегенди туу тутат го, сыягы, назик жандуу Гүланда соңку түгөйүбү, айтор, аны мезгил көрсөтөр.


Икая
Ал да кудайдын жараткан пендеси
Күндөрдүн бир күнүндө падыша үч кызын турмушка узатмакчы болот. Биринчи кызы ушунчалык жалкоо,сүйлөштөн да эринет экен. Кайсы бир өлкөдөн бир хандын иштерман баласына тун кызын узатат. Экинчи кызы соргок болот экен. Соргоктугунун айынан басып баратып ылдый караса, буту көрүнбөйт экен. Коңшулаш өлкөнүн ханы баласын ошол соргок кызга үйлөндүрөт. Анткени, ал зоодой көрүнгөн мунарада жашайт экен. Ал эми кенже кызы акылы зирек , ай десе айдай, күн десе күндөй, жерде кездешпеген өзгөчө сулуу жан экен. Ал турмушка чыгардан мурун атасына: "Ата, мен кол алдыңызда иштеген, түрү суук саяпкер кулга турмушка чыгамын",-десе атасы айраң-таң калып: "Кызым, сен эмне үчүн бул томаяк жетимди, ал аз келгенсип түрү суук кулду тандадың",-деп каарданды.
Ата, бул да кудайдын буюрганы. Чоң кызыңыз жалкоо болсо, анын бактысына иштерман жигит туш болду. Ортончу кызыңыз тамакты көп жегендиктен, өтө семирип кеткен. Бул эжекемдин зоодой болгон мунарада жашашы бул да бакыт. Себеби, тепкичке чыгып түшө берип арыктайт. Ал эми хандын баласы эмес, болгондо да түрү суук кулду тандаганымдын себебин айтайын. Эгер жашоодо бардыгы жакшыга жакшы туш боло берсе, менин болочок жолдошумдай мырзаларды эч ким карабай койбойбу. Түрү суук болгону менен жан дүйнөсү таза адам, ал да кудайдын жаратып койгон пендеси да,-деген экен хандын кызы.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??