Канат Деркембаев:
Коён жылында быжыраган
ырларды, клиптерди жаратам…
Берметтей болгон Ысык-Көлүбүздүн кулуну, ата-энеси таянып ишенген, үйдүн тун баласы жаш ырчы Канат Деркембаев бизде конокто. Жаңыдан талпынып, талантын, чыгармаларын элге тартуулап келе жаткан, келечекте кыргыз элиме таанымал ырчы болсом деп кыялданган ырчыга тилегине жетишин каалайбыз.

Блиц-анкета:
Аты-жөнү: Канат Деркембаев
Туулган жылы: 1989-жыл, 21- июнь.
Жылдыз белгиси: эгиздер
Туулган жери: Ысык-Көл областы, Жети-Өгүз району, Ак-Терек айылы
Окуган жери: Караколдо ИГУ ИЭМдин экономика бөлүмүндө 3-курс жана Бишкек шаарындагы Улуттук консерваторияда 1- курс.
Салмагы: 71 кг
Бою: 180 см
Жактырган спорт оюну: футбол, коньки тебүү жана сууда сүзүү
Жактырган түсү: жашыл, ак
Жактырган машинасы: "Мерседес", "Nissan"
Жактырган актёру: Бред Пит, Леонардо Ди Каприо
Кийинген стили: классика

- Алгач чыгармачылыкка кантип аралашып калдыңыз?
- Мен негизи, кичинемден бери ырды жакшы көрүп, кыялымда ырга болгон сезим жашап келген. Анан былтыр НБТ каналында "Муз жылдыз" деген сынак жарыяланып, ошого катышып өтүп кеттим. Чыгармачылыгымдын башталышына НБТ каналы түрткү болду десем жаңылышпайм.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Кудай буйруса, келечекте жаңы жакшы ырларды чыгарып, өзүмдүн ичимде жаткан талантымды көрсөтүп, кыргыз маданиятына кичине болсо дагы салым кошсом деген кыялым, пландарым бар. Коён жылында бат-баттан ырларды, клиптерди жаратсам деп аракет кылып жатам. Анткени, коёндор бат-бат эле коёнектерди жарата берет эмеспи. Андан тышкары, мен өзүм окуган Улуттук консерваторияда "Санжыра" деген топто жандуу үн менен 6 адам ырдайбыз. Жетекчибиз Темирлан агай, Асылбек , Алтынай, Улан, Рахима жана мен. Келечекте мүмкүн топ болуп чыгып калабыз.
- Репертуарыңызда канча ыр жана канча клипиңиз бар?
- Төрт клип, беш ырым бар. Бул дагы мен үчүн чек эмес. Буюрса, жаңы чыгармалар даярдалып жатат.
- Менин билишимче, продюсериңиз ким жана ортоңордо келишим барбы?
- Менин продюсерим НБТ каналынын жетекчиси-Нурдин Урманбетов. Продюсерим менен тайкем аркылуу таанышып калып, келишим боюнча иштешип жатабыз. Нурдин байке мага ар дайым "Өйдөдө-өбөк, ылдыйда-жөлөк" болуп, бардык жагынан жардам берет.
- Ырчылык сиз үчүн эмне?
- Ырчылык мен үчүн, кичинемден бери кыялданып жүргөн кыялым жана жан дүйнөм менен бирге жашап келет.
- Шоу-бизнестеги ырчылар менен мамилеңиз кандай?
- Бардык ырчылар менен көргөн жерден саламым түз. Бирок жакындын дагы жакыны болот дегендей, Алекс, Замир Арыкбаев, Дайыр Исмадияровдор менен аябай жакшымын.
- Араңызда жүрүп бут тосуп, көрө албаган ырчылар барбы?
- Бар болсо дагы көңүл бурбайм. Анткени, менин оюмча, ар бир ырчынын өз орду жана күйөрманы болот. Талыкпай эл үчүн кызмат кыла берсең, эл өзү тандап, таразалап алат. Ошондуктан, бирөөгө жамандык каалабай, өз жолум менен кете берем.
- Алтындай болгон бала чагыңыздагы эсте калган кызыктуу күндөр?
- Менин бала чагым Каракол шаарында өткөн. 5 жашыбыздан баштап, ушул убакка чейин Азамат, Самат, Адилет, Тимур, Искен, Улан деген жети бала кан достордон болуп жүрөбүз. Башыбыздан кызыктуу, эсте кала турган күндөрдү көп эле өткөзөбүз. Азыр бир окуя эсиме түштү. Бир жолу Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, машина менен ызы-чуу түшүп кетип бара жатсак эле астыбызда бир бак кулап жатыптыр. Аны көрбөй караңгыда сүзүп алдык. Анан эле баарыбыз түшүп, ары-бери жагын карай баштадык. Карасак эле номерибиз жок. Эптеп таап, жолубузду улантканбыз.
- Өзүңүз келбей, сулуу бийкечти кошо ээрчите келиптирсиз. Тааныштыра кетпейсизби?
- Бул-менин сүйлөшкөн кызым. Аты-Жылдыз. Экөөбүз тең Ысык-Көлдүк жана кошуна жашайбыз. Кичинемден бери байкап, жактырып жүрүп, бир жылдан бери бирге жүрөбүз. Мага Жылдыздын бардык сапаттары жагат. Эң негизгиси, ырчылык кесибимди түшүнүп, баалап, колдоп турат. Эми жакында бир ыр жаздырып, клипке Жылдызды тартайын деген оюм бар. Ушул убакка чейин макул болбой келген, эми жакшы, ылайыктуу ыр тапсам эле тартабыз.





Темирбек Сайдинов:
"Ырчылыктан башка эч нерсе жакпайт"
Өзү 10 жашта болсо дагы талпынып, сахналаш эже-агалары менен теңтайлашып , комузда кол ойнотуп ,скрипканы жаңыдан үйрөнүп, келечекте кыргыз элиме таанымал ырчы болсом деп кыялданган, көптөгөн конкурстарда жеңип, патриоттук ырларды катыра аткарган, таланттуу жаш ырчы Темирбек Сайдинов жакында тушоо кесүү концертин берип, биз менен бөлүшкөнү апасы экөө конокко келди.

- Темирбек, тушоо кесүү концертиң кандай өттү?
- Аябай жакшы, эл көп болуп, аншлаг менен өттү. Биз күткөндөн дагы мыкты, мен үчүн кызыктуу эле болду. Дагы концерт койгум келип жатат.
- Сахнага чыкканда толкунданбайсыңбы жана концертиңде корккон жоксуңбу?
- Жок, мен ырдаганды жакшы көрөм да. Кызыгып ырдайм, анан толкунданбайм деле. Эч коркпой элдердин баарын карап, байкап, эч бийлебей ырдай берем. Биринчи жолу Филатовдун концертинде чыккам, башында коркунучтуу экен деп ойлогом, бирок билинбей эле өтүп кеткен. Бирок эл аз жерлерге ырдагым келбейт.
- Кайсыл ырчыларды жакшы көрөсүң?
- Нурак Абдрахманов ата жагат. Жаш ырчылардан Малик Аликеев, Гүлнур Сатылганова, Дайыр Исмадияров, Мирбек Атабековдун ырлары, өзүлөрү жагат .
- Кандай темадагы ырларды ырдаган жагат?
- Мага мекен жөнүндө, ата-эне жөнүндө ырлар жагат. Сүйүү жөнүндө ырдагым келбейт. Анткени, мага азырынча эрте да. Ырда деп апамдар айтып, ыр жаздырып беришсе, ойлонуп көрмөкмүн.
- Концерттен түшкөн каражатты кайсыл жакка жумшадың?
- Аппак өңдөгү Honda Torneo деген машина алдык. Азыр ал машинаны эң чоң байкем айдап, мени мектепке, концерттерге алып барып жүрөт.
- Концертиңде жеке канча ыр аткардың?
- 9 ыр аткардым. Анан Нурак Абдрахманов атам менен комуз да черттим. Ал атам мага концертте өз комузун белекке берди. Андан тышкары, Курманбек Абакиров байкем белекке аккордион берди. Азыркы убакта кызыгуу менен үйрөнүп, бул белектерге мен аябай сүйүнүп жаткан учурум. Мага колдоо көрсөткөн аяш аталарым, аяш апаларыма, Малик Аликеев, Бакыт Мамаев деген байкелериме дагы терең ыраазычылык билдирем.
- Мектепте кайсыл сабактар жагат жана үйдө кимди көбүрөөк жакшы көрөсүң?
- Мага математика менен кыргыз тили жагат. Анан ырга байланыштуу бардык эле сабактарды кызыгып окуйм. Үйдө атамды жакшы көрөм. Бирок апам жанымда көбүрөөк чогуу жүрөт. Машина керек болгондо эле, атам менен көп жерлерге барам.
- Кино жакшы көрөсүңбү? Кайсыл кинону көп жолу кайталап көргүң келет?
- Мен кино көп деле жакшы көрбөйм. Бирок "Үйдө жалгыз" деген кинону аябай жакшы көрүп, кайра- кайра эле кайталап көргүм келе берет. Кээ бир күндөрү киного бош деле убакыт болбойт. Анткени, скрипкадан сабак алып, комузда ойноп, ырларды жаздырып, мектепке барып анан убакыт жок калат. Бош болгондо компьютер ойнойм.


Чырпык өсүп чынар болот

(Бул ырды 4-класстын окуучусу, иним Темирбек Сайдиновдун Бишкек шаарында өткөн, тушоо кесүү концертин теледен көргөндөн кийин ага арнап жаздым)
Теледен көрүп мен сени,
Теңирим колдо деп айттым.
Кубаныч батпай коюнга,
Кубанып көзгө жаш алдым.
Кур эмес сенин тегиңде,
Курманбек сындуу агаң бар.
Рыспайдын ырларын,
Ырдаса кумар жазылар.
Нурак аваң үйрөткөн,
Комузуң колдо бар тура.
Аваңдын жолун жолдоп жүр,
Тандаган жолуң эң туура.
Баласың азыр эселек,
Шоктук кез сенден кете элек.
Кыргыздын бардык аспабын,
Үйрөнө бергин эртелеп.
Кыргызда чыгаан ырчы бол,
Бак берсин сага ушул жол.
Колуңдан комуз түшпөсүн,
Ата-энең менен аман бол.
Талантың ташкындасын Темирбегим,
Ыр жазып сага сунат Рысбегиң.
Ырдасаң гүл сунушуп күйөрмандар,
Ата-энең, элиң болот сенин демиң.
Талантка сүрөө керек бул заманда,
Тартынба чыга бергин улам алга.
Таанылгын кыргызыма Темирбек деп,
Таежең Рысбүүдөй ишкер барда.
Сен дагы таза абанын кулунусуң,
Эр жүрөк баатырлардын тукумусуң.
Эртерээк мактап койдум иничегим,
Элиңдин Рыспайдай булбулусуң.
Турмуш сыноо өйдө-ылдый секирик,
Өткөн күндөр сага турар сезилип.
Өнөрүңдү алга карай камчыла,
Чырпык өсүп чынар болот жетилип.

Рысбек Өмүралиев, Ош областы, Кара-Кулжа району,Чалма айылы, 10-январь , 2011-жыл.

Келсин Мурадил кызы