п»ї

Сураптырсыз, жооп беребиз
Редакциябызга окурмандар ар кандай суроолор менен кайрылып, адистердин кеңешине муктаж болгондор көбөйүүдө. Акыркы күндөрү ар кайсыл тармактагы маселелерге дагы суроолор келүүдө. Мына ошол окурмандардын суроолоруна биз жооп издедик.

Гинеколог Бурулкан Самидиновна:
Үй-бүлө курарда, эки жаш тең текшерилиши керек
- Бишкек шаарында каттоого турган эмесмин, үч айлык боюмда бар, кайсыл ооруканага көрүнсөм болот? Бека
- Республикалык ооруканага кайрылсын. Паспорту менен мага келсе, жашаган жерин аныктап туруп, ал маселесин чечип берем.
- Мен 6 жашымда эки бөйрөгүмдөн таш алган эле, эми сол бөйрөгүм ооруганынан барсам, сол бөйрөгүң жок дейт, келечекте балалуу боломбу? Айка, 21 жашта
- Бөйрөктүн оорусу төрөткө таасирин тийгизбейт, бирок боюнда бар учурда организмди шишитип, бөйрөккө залалын тийгизет. Биринчиден, урологго кайрылсын. Андан кийин гинеколог балалуу боло алганын айтат.
- Менин бир балам бар, шартка байланыштуу эки жолу аборт кылгам, бир жолкусунда дары менен бойдон түшүргөм. Эми трубаларым ооруп, ак суюктук көп келет, үй шартында кантип дарылансам болот? Ыхбал, 26 жашта.
- Аборт-өзү организмге зыян. Себеби, жаңы өсүп келе жаткан баланы дароо алып салсак, ден соолукка терс таасирин тийгизет. Гормондор өзгөрөт. Аборт жасаганда, ар кандай оорулар козголорун айтып түшүндүрөбүз. Аборт кылбаганда деле, ар кайсы ооруларга чалдыгып жатпайбы, ошондуктан, врачтар аборттон кийин балалуу болот же боло албайт деп, 100 пайыз кепилдик бере албайт.
- Курсактагы бала канча айдан баштап кыймылдайт? Үмүт, 25 жашта.
- Негизи ,бала 2 айдан баштап кыймылдайт. Эгерде, биринчи баласы болсо, анда жыйырманчы жумада эле бала билине баштайт. Ал эми төрөп жүргөн айымдардыкы 8 жумада эле кыймылдай баштайт.
- Мен Бишкекте турам. Бир жылдан бери эч боюмда болбой жатат. Ошон үчүн күйөөм экөөбүз көп урушабыз. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңизчи? Асель, 27 жашта.
- Эмне себептен боюнда болбой жаткандыгын бизге келсе көрүп, айтканга аракет кылабыз. Бирок үй-бүлө курарда, эки жаш тең текшерилиши керек. Ошондуктан, мен көрмөйүнчө айта албайм, анын себептери көп. Гинекологго кайрылыш керек.




КРнын муфтийи Чубак ажы Жалилов:
шарият боёнууга тыюу салбайт
- Көзү ачыктар келечекти айтып берет десе ишенчү эмесмин, ал эми бирөөнүн жолун бууп, башын айлантып салат дегенди угуп коркуп жатам, анын канчалык чындыгы бар? Мээрим, 20 жашта.
- Негизи, мусулмандарда, шариятта көзү ачыктарга баруу күнөө жана ширк деп айтылат. Азыркы күндө көзү ачыктар абдан көп, алар эч убакта келечекти көрүп- билип, алдын-ала айта алышпайт. Бирок кандайдыр бир дубалар менен кимдир бирөөнүн жолун бууп, туура эмес жолго салып, башын айлантып алат дегендин чындыгы бар. Ошондуктан, исламдын беш парзын аткарып, ыйман жолунда болууну дин өкүлдөрү айтып келишет.
- Исламда кыздар кашын терсе күнөөбү? Таптакыр боёнууга болбойбу?
- Кашын терүү күнөө. Бирок каш бетке, көзгө чейин түшүп кетсе, каштын ордуна чейин терсе болот. Каштын өз орду, пайдасы бар. Каш көзгө агып түшкөн терден жана башка нерселерден сактап турат. Шарият боёнууга тыюу салбайт. Бирок эки шартта гана тыюу салат: биринчиден, косметика ден соолукка зыян болсо, экинчиден, боёнуп көчөгө чыгып, адамдардын көңүлүн бурса.
- Мен турмушка чыккам. Бирок сүйүп эмес, бир көрүп эле ала качып кеткен. Бирок мен 1 жылдан бери жигитим менен жолугушуп турам. Күнөөбү? Бишкек шаары
- Никеде турганда башкасы менен сүйлөшүү шариятка туура келбейт. Кудай астында чоң күнөөлөрдүн катарына кошулат. "Жакшы аял жаман эркекти мыкты кылат, мыкты эркекти эл башчысы кылат". Башка жигитке убакыт короткондун ордуна, күйөөңүздү жакшы жолго салып алыш сиздин колуңузда.

- Наристеге азан чакырбай ат койсо күнөөбү? Азема, 25 жашта.
- Күнөө эмес. Бирок азан чакырганы жакшы. Себеби, адам дүйнөгө келгенде, биринчи уккан сөзү Алланын аты болсун деген ниет менен. Азан угулбаса, мечитке көтөрүп келип угузса да болот.
- Өзүң ичпей, ичкен адамдар менен отурсаң деле күнөө болобу? Жазира, 18 жашта.
- Ооба, күнөө. Аракты ичкендерге, аны кармагандарга, ал деп кыйнагандарга да күнөө болот. Этияттык менен мамиле кылуу керек.
- Хиджап кийген кыз гана бейишке киреби? Ага шартыбыз жок да. Бирок намаз окуйбуз.
- Хиджап кийбегендер бейишке кирбейт деген сөз жок. Аллага ыйман келтирип, ширк келтирбеген адамдар бейишке кирбей койбойт. Бирок күнөөлөрүнө жараша азапка алынышы мүмкүн. Чындыгында, "намаз - бейиштин ачкычы". Хиджап кийүүгө шартыбыз жок деген жөн гана шылтоо. Чоң кызматта хиджап кийген айымдар деле иштеп жүрүшөт. Мисалы, Түркиянын Президентинин аялы жоолук салынып жүрөт.
- Менин билишимче, Кыргызстандан Египетке окуганы жаш балдар көп кетишчү. Азыр ал жакта абал оор. Египеттеги кыргыздардын саны канча жана каза тапкандардын арасында кыргыздар катталган эмеспи? Улан, 23жашта, Бишкек шаары
- Азыр Египетте кыргыздардын саны 300гө жакын, бирок Египеттеги массалык- маалымат каражаттарында 250 деп айтышууда, каза болгондордун арасында кыргыздар катталган эмес.





"Алета" сулуулук салонунун косметологу Айдай Тынчерова:
февраль айы пилингге ылайыктуу
- Бетимде жарадан кийин кара тактар калып калды, атайын так кетире турган дары барбы? Аталышын жазып коюңуздарчы же кандай жолдору бар?
- Азыр февраль айында пилинг кылдырып койсо, тактарга абдан пайдалуу болот. Агартуучу кремдерди колдонуш керек. Эгерде мурунку эски тактар болсо, анда терең пилинг кылдырыш керек. Тактарга атайын дарылар жок, болгону пилинг кылдырса эффективдүү болот.
- Беттеги тырмактын тагын кантип кетирсе болот? Эки ай болду, так карарып калды, үй шартында кантип кетирсем болот? Гуля.
- Эгерде так кичине болсо, бетти дайыма гелдер менен жууп, тазалап, жакшы кам көрүш керек, анткени, жууган сайын тери түшө берет. Ошондуктан, крем жана ар түрдүү маскаларды колдонуу керек. Эгерде тери жаш болсо, жуунган сайын акырындык менен өзү кетип калат.
- Үй шартында сепкилдерди кантип кетирсе болот? Назик, Ош шаары
- Сепкилдерди пилингдин жардамы менен кетириш керек. Февраль айы пилингге эң ыңгайлуу. Мартта күн дароо жылып кеткенде, сепкилдер көп чыга баштайт. Ошондо SPF коргоочу бет майларды колдонуш керек. Июнь, июль айларында, SPFти акырындык менен азайтыш керек.
- Мага безетки чыкканынан сыгып салсам, майда -майда бүдүрчөлөр пайда боло баштады, кандай чара колдонсо болот? Айнакан, 16 жаш.
- Тазалатыш керек. Мага келсе, тазалаткандан кийин кантип кам көрүүнү дагы айтып берем. Ал эми үй шартында "солициловая кислота" менен кечкисин сүртүп туруш керек. Безеткилерди ромашканын суусуна буулап, жумшаргандан кийин тырмак менен эмес, манжалар менен чыгарыш керек. Андан кийин нымдандыруучу бет майлар менен сүртүп, кам көрүү керек.
- Менин көзүмдүн айланасы карарып баратат, анан териси дагы жумшарып калды, кайсы адиске кайрылышым керек? Жазгүл, 31 жашта.
- Бөйрөктөрдү жана боорду текшертиш керек. Ал эми көздүн айланасына атайын кремдерди колдонуу керек. Бирок 30 жаштан өткөндөн кийин, күндөн сактоочу бет майларды көп колдонуш керек.
- Бетимде беш-алты жылдан бери так бар, косметологго барсам күйгүзүп берген, андан бетер так болуп калды, үй шартында кетире аламбы? Айжан, 25 жашта.
- Косметологго барып, бетке пилинг кылдыргандан кийин, күндөн, чаңдан жакшы сактабагандыктан, так болуп, күчөп кеткен. Анткени, пилинг кылдырганда беттин териси жукарат. Ошондуктан, терини сакташ үчүн, крем SPF-50 алып, жарым жыл колдонуш керек. Күнгө бет май сүйкөмөйүн чыкпаш керек. Пилингден кийин бетке абдан кам көрүш керек.


Эгерде косметолог, гинеколог, дермотологго же башка тармактын адистерине суроолоруңуздар болсо же алардын кеңешине муктаж болсоңуз, редакциянын 0312 44-98-21 номерине чалып, кызыктырган суроолоруңузду берсеңиз болот же 0779 23-27-76 номерине СМС жөнөтүңүз. Биз сиздерге мыкты адистерден жооп алып берүүгө аракет кылабыз.


Нургүл Ибраева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??