п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Жаныбек Жанызак
СОҢКУ ДҮРМӨТ...
(Рыспайдын соңку
периштеси менен сукбат)

Кезегинде залкар инсан Рыспай Абдыкадыров менен анын сүйүүлөшү, акын, журналист Болдукан Мамбеталиева тууралуу Жаныбек Жанызактын китепчеси да чыккан эле. Андан бери канча жыл өтсө да, улуу муундун сонуркаганы басылбай, кичүү муундун "окусам экен" деген эңсөөсү жай бербей, суранычтар көп болгондуктан кайталап берүүнү туура таптык. Эмесе, булактай мөлтүр сүйүүнүн таржымалын өзүңүздөр окуп баа бериңиздер.


- Эми калып калдык да, ал түнү. Ошонун баарын айтып бериш керекпи?
- Сөзсүз да: кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Муногу шаарда жүргөн ушактардын учугу дал ошерде болуп жатпайбы. Аны өзүң деле угуп, бир топ өзүңө жаман кабыл алып жатпайсыңбы. Ошол түнүңөрдүн өзү сага кандай таасир калтырды?
- Биз ал күнү... өткөндө сиз айттыңыз го: ушуну менен жатыпсың - дегендей эле айттыңыз да...
- Жаттың - деген сөз жок аерде...
- Рахатын бир ай берипсиң - дегендей айтылды го...
- Мен аны жакын тагаларынын биринен уктум да..
- Менин арманым ошол жатпаганымда болуп атпайбы!...
- Анан мине кылдыңар түнү бою?
- Сүйлөшүп отурдук да болгонучу..
- Таң атканча сүйлөшүп отурдуңарбы?
- Ооба. А бирок менин мунума ким ишенет да экөөбүз сүйлөшүп отурдук - десемчи? Эртеси келгенде да Үриниса эжеге Рыспай агай минтип актана баштады да: "Мен Болдуканды эч нерсе кылган жокмун! - депчи. - Тийген жокмун! Эгер мен Болдуканды бузуп койсом, ырларым бүтүндөй күйүп кетпейби? Ушул убакка чейинки жазган ырларым түгөл күйүп кетпейби?!" - деди да. Мени актап атпайбы...
- Коё турсаң, ушерде бир талаш сөз бар: сен экөөң эгер кошулган болсоң, баягы, сезимди бекемдейт деп эсептелген ырлар күйүп кетет беле?
- Жок эми: эч кандай никесиз эле талаадан баш кошуп алмак белек. Мен анын ойношу эмес, ак никелүү өмүрлүк жары, аялы болгум келген... Бу Рыспай агай айтты деп жатпайымбы: "Мен сени анча-мынча жеңил-желпи кыздардан деп ойлобойм. Мен сени менен никесиз эле талаадан, ар кайсы жерден баш кошпойм, нике кыйдыртып анан гана мен сени менен жатам", - деди да магачы...
- Кечирип кой - Рыспай аке турмушунда.. айтышып атпайбы көп эле болду деп. Эми ошонун баары менен сөзсүз эле нике кыйып болду бекен дейм да?..
- Аларын билбейм баарынчы. Бирок мени менен ошондой кылам деп айтты да. "Мен сага молдо чакыртып нике кыйдырып, анан неме кылам", -деди да...
- Эми...
- ... Мен болсо "закондошом, ЗАГСга турам" деп атпайымбы! (күлкүсүн кармана албады).
- Эми өзүңө бир суроо да: ошондой кошулуу сөзсүз эле никеге тургандан кийин болсо деп ойлойсуңбу азыр да?
- Ооба, менин принцибим мындай да...
- Сезим бийиктигине, сезимге алдыра албайсыңбы?
- Мобу жерден бир нерсени айткым келет да: мен азыр таарынып жатам апамачы, мени ушунчалык намыскөй тарбиялаганына. Мен ошол учурда мынчалык намыскөй болбосом, мен жатып койсом деле болмок да...
- Сенин оюңча, сүйгөн адамың менен жатуу - бул намыс дегенден айрылуу деп эсептейсиңби?
- Ооба. Кыз деген барган жерине өзүнүн намысы менен барыш керек деп айтат да...
- Шашпасаң: жанагыдай бир сезим деген.. өзүң чыгармачыл адаммын деп жатасың да - сезим бийиктиги деген.. Мисалы, өбүшүүнүн өзү деле чындап келсе, кандайдыр ыйык нерсени тартуулоо же бирөөгө бейчеки алдыруу менен барабар. Анын жанында жатып коюу деле бирдей деңгээлде турса керек... Мына силер өбүштүңөр дейли. Эми жатканга келгенде намыс козголобу?
- А бирок мен жата албай койдум да...
- Эми тарбия ошондой болду да...
- Билбейм. Рыспай агай деле батына алган жок да... же мени аядыбы... "Сен менден коркпойсуңбу?" - деп сурады.. Биз ошол үйдө калып калдык эле да. "Мен эч кимден коркпойм, мен сизге ишенем да",- десем...
- Болуптур анда: ошол күнкү экөөңөрдүн мамилеңерден айтсак - кайсы чекке чейин бардыңар? Мейли: чачынан сылаптырсың, өбүштүңөр дейли, балким, кучакташкандырсыңар. Ал киши сени канчалык деңгээлде сылап-сыйпагылады?

(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??