п»ї

  Обон почта

ОП-154-01. Б…. Эмне үчүн сенсиз жашай албайм? Эмне үчүн сени менен өмүр бою бирге болгум келет? Эмне үчүн сени гана сагына берем? Эмне үчүн сени менен таарынышкым келбейт? Эмнеге сен үчүн баарына даярмын? Эмне үчүн сага ишенем? Эмне үчүн сен жөнүндө көп кыялданам? Эмне үчүн сен жөнүндө көп ойлоном? Эмне үчүн мен бактылуумун? Эмне үчүн? Эмне үчүн мен сени мынчалык жакшы көрөм? Анткени, мен сени сүйөм. Сүйгөнүң
ОП-154-02. Cейил, 1986.Сени издейм, эгер Бишкекте болсоң, жооп күтөм. +79258676310
ОП-154-03. Мака, Бека, майрамыңар менен, бактылуу болгула. Досуңар Элиза
ОП-154-04. Таш-Көмүр шаарында жашаган досторум: Мака, Мекка, Азиз, силерге каалаарым узун өмүр, чын ден-соолук. Майрамыңар менен. Досуңар Элиза
ОП-154-05. Айлуу түн, сени эстедим, уйкум качты. Жүрөгүм зырп этип алды, сыздап жатты. Жетимсиреп ботодой калган жандай, жанымда сен жок, бүт жан дүйнөм ыйлап атты. Сагынычта өттү менин көп күндөрүм, күндөрүм болду өз жанымдан түңүлгөн. Ошол кезди эстеп алып буркураган, күндөр болду сыздап көп кыйналган. Себеп эмне бул сүйүүбүз эскиргенге? Өкүнөрбүз мүмкүн кийин эс киргенде. Жаштык кезде баркыбыз билбей ажыраштык, убалдан коркпой алгач сүйүүбүздү баалабадык. Болбос адам жаңылбаган жазбаган, адам болбос сүйүү балын татпаган. Адам болбос кыялдарда асманда, учуп жүргөн булуттарда каалгыган. Кош болгун, эми атың атабаймын, сени эстеп өзүмдү өзүм кыйнабаймын! Эрке кыз.
ОП-154-06. Дүйнөдөгү эң асыл адамым, жөлөгүм, кымбатым,мээрими күндөй жылуу, сөздөрү балдай таттуу болгон асыл апакем Сонунбүгө чоң салам! Дүйнөдөгү эң ыйыгымсың, апаке! Сиз бар- биз бар.Үйүбүздүн куту болгон апакем, сизди аябай жакшы көрөбүз. Биздин багыбызга бар болуңуз. Ардактуу атакем Рустам менен бизден сый-урмат көрүп, бактылуу өмүр сүргүлө! Силерди аябай сыйлайбыз. Эрке кызыңар
ОП-154-07. Жалгыздыктан жадап бүттүм көрүнөт, жаздыгым суу, жашым анда төгүлөт.Күтөм күндө бүгүн келип калар деп, кызганычтан оюм онго бөлүнөт. Балким, сага башка кызык көрүнүп, унутууга белиң байлап турасың, деген ойлор жүрөктү эзип киргенде, кантип эле урасын деп өзүмчө, калам кээде ой жооруп.Сени эстесем тура берем ойлонуп, ошончолук кыйнаганың не себеп? Ачык сырыңды айтып койбодуң. Эрке кыз
ОП-154-08. Өмүр өктөм өтүп жатат токтобой, жаштык күндөр калып кыйла алыста. Өтөт күндөр бири-бирине окшобой, түшүп алып турмуш деген жарышка. Убакыт деген учкан куш, сапарың улап алдыга. Келечекке карай канатын күүлөп, эч токтоосуз жолун улайт. Аттиң, кечээ эле бөбөк, секелек, эрке кыз болсом, жашыма уламдан-улам жаш кошулат экен, сүйүктүү ата-энемдин колунан бир күн канат күүлөп, келечекке сапар аларымды эске алсам, аябай ойго батам. Көп ойлонгонум кыялкечтигимден болсо керек. Анткени, 17 жаштагы секелек кыз, келечек турмушту ойломокпу? Күн өткөн сайын баары өзгөрүп бараткансыйт. Убакытты, жаштыкты туура пайдаланалы, достор. Эрке кыз
ОП-154-09. Уулубуз Нурэлди 1 жашка толушу менен куттуктайбыз. Келечеги кең болсун. Өмүрү узун, ыймандуу, акылдуу, күйүмдүү балдардан бол. Апаң Жазгүл, атаң Замир, агаң Толкун.
ОП-154-10. Салам, "Обон", мен кореецмин. Бирок кыргыз жигиттерин жактырам. Эмне кылсам болот? 0773379ххх
ОП-154-11. Cалам, Нурлан. Сүйүү күнүн Ош шаарынан тозосуңбу? Өзгөндөн Гүлшайыр
ОП-154-12. Ат-Башы районунун Бирлик айылында жашап жаткан атам Мамытбекке, апам Жылдызга, байкем Камчыбекке, эжем Нуржанга анын үй-бүлөсүнө, сиңдилериме, досум Динарага, анын үй-бүлөсүнө чоң салам. Акылдуу кыз
ОП-154-13. Сагынганда сага жазам СМС, садагасы, сага эч ким тең эмес. Көргүм келип турат өзүңдү, уксам деймин жан эргиткен сөзүңдү. Акылбек, мен сени түбөлүк сүйөм. Дина
ОП-154-14. Билсең эгер сүйгөн эң кымбат, кадырына жете билсең эң сымбат. Сүйүү деген бул дүйнөнүн шооласы, сүйүү үчүн мен баарына даярмын. Сүйөм сени жаным, жан ардагым арманым, менин түбөлүк сүйгөнүм Саку. Акылдуу кыз
ОП-154-15 . Анекдот: Тышкы иштер министрлиги эскертет: Америкалыктардын орточо айлыгын уккандан кийинки жашоо, өмүргө зыян! Сары-Тологой KG
ОП-154-16. Заки, майрамың менен досум! Кушуну күтө бербе, хоп.0778247ххх
ОП-154-17. Салам, "Обондун" коногу, жакынкы аралыкта кандай пландарыңыз бар? Гулихандро
ОП-154-18. Кочкордогу Каракоо мектебине салам! Мика
ОП-154-19. Мен Таш-Көмүрдө жашап жаткан туугандарыма жана ата-энеме салам айтам. Кушу, жаным, колуң түзүк болуп кетсин. 14-февраль- туулган күнүң менен! Динара
ОП-154-20. Сөзүнө алданыпмын, көзүңө арбалыпмын. Түштөн кийин кереги эмне, жалынып жалбарыштын.+7705439ххх
ОП-154-21. Салам, "Обон". Аваз Акимовдун табышмагынын жообу "аппак кар" деп Тариэл.
ОП-154-22. Жаштар жол тайгалак, "Аудини" эл көп жерден жай айдагыла.Сүйүү СМСин азыраак жазгыла, ал мактаныч эмес. Таластан Жайчыбек
ОП-154-23. Нукуш эжеша, майрамыңыз менен! 0778247ххх
ОП-154-24. Сүйүшөлү сүйөлү, сенек иштер жеңилдейт. Эч бир жанга бул дүйнө энчиленип берилбейт демекчи, сен Жаратканга ишенесиңби жана намаз окуйсуңбу? 03.03.94 Гүлнура
ОП-154-25. Сени көрсөм күч кошулат күчүмө, тамылжыган нур төгүлүп жүзүңө.Сен бар үчүн жашагансыйм күнүгө, ошондуктан, миң ырахмат сүйүүгө. 0778247ххх
ОП-154-26. Салам, Нурлан! Жашоодо сага ийгиликтерди каалайм. Эң негизгиси ден соолук каалайм. Анан да жалгыздыктан алыс бол. 1.Сен үчүн жашоонун кызыгы эмнеде? 2. Өзүңдү кандай адаммын деп эсептейсиң? Алдын ала рахмат! 03.03.94 Гүлнура
ОП-154- 27. Тажадым, тажап кеттим бардыгынан, тажадым адамдардын заардыгынан. Жакшыдан жарым кашык аш аяган, тажадым бул дүйнөнүн тардыгынан. Жаклин
ОП-154-28. Аваз Акимов каткан табышмактын жообу: "пахта".0556902ххх
ОП-154-29. Салам "Обон". Менин досума эч эле кыздар жакпайт. Өзүнө ишенген досумду ийдире алган кыздар болсо, чалгыла. Бирок гезиттен алдым дебегиле, мени урушат. Өзү иштейт , жазда үйлөнөт. 0777264854 Бакыт
ОП-154-30. Талас, толкундуу деңизсиңби? А мен жээкте күтөм, келесиңби. Аруулукка, арзууга чайып туруп, өзүңдү мага белекке бересиңби? Гүлбарчын
ОП-154-31. Салам, Нурлан Насип. Сен суперсиң. Сенин ырларың мага абдан жагат …. 0772207ххх
ОП-154-32. Сүйүүсүнө жооп алалбай, "Жоопсуз сүйүү" ырдаган. Унутушка жол койбоду, "Унута албайм" деп кыйналган, сүйүүсүнөн көңүл калып, "Алданба" деп сыздаган Нурлан Насип, сен азаматсың, суперсиң, кыргыздын эң алдыңкы ырчы жигитисиң, талантыңа талант кошулсун, алга! Темирлан
ОП-154-33. Салам, "Обон", кандайсыңар достор? "Обонго" рахмат, мага аябай жакшы досторду таап берди. Пери 95
ОП-154-34. "Беш-Сары" базарында иштеген Асанова Сайрагүл,Асанова Райкүл, Нургүл, Нурай эжелерге сагынычтуу, ысык салам жолдойм! Силердин иштериңерге албан-албан ийгиликтерди жана жашоодогу бардык жакшылыктарды каалайм. Үй-бүлөлүк бакыт жана ден соолук каалайм. Бар болгула, бай болгула, аман болгула,- деп Аскарбекова Перизат.
ОП-154-35. Менин жаман көргөнүм: ыры, обону келишпесе деле ойсоңдоп ырдагандар, көчөдө мактанып машинаны катуу айдагандар, анан мас болуп ар кимге тийишип сөгүнгөндөр . Таластан Жайчыбек.
ОП-154-36. Түп районунун "Кош-Дөбө" айылына салам. Эртең айылга барам. Топуков Эрмек
ОП-154-37. Акындардын жылдызы Алыкул Осмонов, жазуучудан Чыңгыз Айтматов, ал эми бийликтегилерден качан жылдыз чыгат болду экен? Таластан Жайчыбек
ОП-154-38. Аваз Акимовдун табышмагынын жообу: "жышынгыч". Тариэл
ОП-154-39. Мен Баткенден болом. Бир таанышым аркылуу гезитти окуп калдым. Нурлан Насип, мен ыр жазам, обонун дагы чыгарам. Эгер сага берсем ырдап чыгат белең? Жакында Бишкекке барам, макул болсоң жолугалы. Айдай
ОП-154-40. Каалаймын тунук сүйүү асылдарын, адамга керек болгон бак-таалайды. Алдыда эмне ойлоп максат кылсаң, ар дайым аткарылсын анын баары! 0778247ххх
ОП-154-41. Жымыңдаган жылдыздуу түн, жагымдуу түш, жагымдуу таң, жакшы күн каалайм. Жакшы жатып жай тур. Түнүң бейпил, уйкуң таттуу болсун ! Жооп 0779091ххх
ОП-154-42. Айды көрдүм түшүмдө, демек, менин арзып күткөн адамым келер дедим. Азаптарды арт жакка таштап эми, алдын тосуп чуркагым келет менин. 0778247ххх
ОП-154-43. Мен сени сагынып самап, самап, көзүмдөн мончоктоп жашым тамат. Боз туман өңдөнүп боздогондой, жаш жүрөк ансайын күйүп-жанат. 0778247ххх
ОП-154-44. Сездиңби сагынганым асыл эркем, ак сүйүүмдү сактап келем сага деген. Сагынып жүрөгүмө бук толгондо,толгонуп ыр жазамын, кармап калем. 0778247ххх
ОП-154-45. Элизкам, айта албаган сырларымды билесиңби? Эртели-кеч эстей берем элесиңди. Капыстан жолугушуп калган кезде, сүйүүмдү көз отумдан сезесиңби? 0778247ххх
ОП-154-46 .Салам "Обон". Ош мед. колледжинин 4 -"Л" группасына салам! Мам. экзаменди ийгиликтүү тапшырып алгыла. Гуди
ОП-154-47. Саламатсызбы, Нурлан байке ! Мен сизди абдан урматтайм, ырларыңызды сүйүп угам. Сизге, биринчиден, тунук сүйүү, жагымдуу ырларды чыгарып жүрө бериңиз. Сиздин кичинекей күйөрманыңыз Айка
ОП-154-48. Салам, мен Алтынай! 0779747ххх
ОП-154-49. Ардагым эмес, арманым болдуң. Жалгызым эмес, жалганым болдуң. Жүрөгүм эмес, жүргөнүм болдуң. Түбөлүккө менин жүрөгүмдө калдың. Толман Сагынай
ОП-154-50. Менин саламым досторум Эрке кыз, Аська, Айдай, Алина, Пери, Ырысбек 91 ге жолдонот. Ар дайым бар болгула. "Обондун" бетин жагымдуу СМСтер менен кооздоп жүрө бергиле. Урматым менен Аlina_asi
ОП-154-51. "Обонтай", салам. Мен силерге узун өмүр каалаймын. Аlina_asi
ОП-154-52. "Обон". СМС талкуу: Достуктун кадыры эмнеде? Аlina_asi
ОП-154-53. Аваз Акимов каткан табышмактын жообу: "Эненин сүтү". 0778210ххх
ОП-154-54. Алай районунун Мурдаш айылына салам жолдойм! Ули
ОП-154-55. Салам "Обон". Келинчегим Гүлбарчынга, кызым Аруукеге салам жолдойм! Ули
ОП-154-56. Оштук курбуларыма салам! Пери, Лейлектен. 0779715049 чалгыла
ОП-154-57. Сүйүү ит, мышыкка карабайт. Жаклин
ОП-154-58. Салам "Обон". Эрмек, мен сени сүйөм. Мени жалгыз таштабачы. Мен сенсиз кантип жашайм? Сырдуу кыз
ОП-154-59. Ассалом алейкум, жалпы кыргыз элиме. Алга, Таш-Көмүрдөн Эрнис
ОП-154-60. Нурик, мага чалчы суранам. 0554114ххх
ОП-154-61. Бакай, жаным, мен сени сүйөм,- деп Гүл. Казармандан
ОП-154-62. Мирбек Атабеков, сиздин чыгармачылыгыңызга ийгиликтерди каалайм. Элнура
ОП-154-63. Амир, мен сени жакшы көрөм! Аlina_asi
ОП-154-64. Салам, "Обон". Мен силерди аябай сагындым, жаңы досторумду да сагындым. Эми мен дайыма силер мененмин. Аlina_asi
ОП-154-65. Таластык Канат, ар кимге сын тага бербечи, сураныч. "Обондон" Шоколадга тийишесиң,"Супер-Инфодон" Караш Насерге тийишесиң. Өзүң тим эле абдан жагымдуу СМСтерди жазып жаткансып. Жаман көрбө чын-чынына келгенде ошондой. Айпери, Бакай-Атадан
ОП-154-66. " Обонушка", кандайсыңар, силердин жалпы жамаатыңарга чоң салам, силерге көптөгөн бери СМС жазбай аябай сагындым. Айпери, Бакай-Атадан
ОП-154-67. Нурайым, сага чоң рахмат. Сага дагы ийгилик, ар дайым бар бол. Айпери, Бакай-Атадан
ОП-154-68. Мен даракмын сенсиз жаным куурап калчу, сен булаксың тамырымды сугаруучу. Сен деп гана жалбырагым жашылданат, сени менен жаш жүрөгүм кубанычтуу. Тынчтык, биз, кудай буйруса, бактылуу болобуз. Babu 96
ОП-154-69. Табышмактуу тагдырымдын түз жолунда, адаштырып мени жаным койгон элең. Айтчы сен да келет деп мени бир күн, сагынып куса болуп күткөн белең? Жарашыктуу кара каштуу көздөрүң бар,сүйөм деген сөзүңө жүрөгүм зар. Бир өмүргө бактылуу болор элем,түбөлүккө мага болсоң өмүрлүк жар. Алимбек
ОП-154-70. Сени менен кол кармашып алыска жетким келет. Сүйүү деген бакытка, узун-кыска баш кошуптур деген сөз, калса деймин бүт дүйнөлүк тарыхта. Куса болуп күндө сени сагынам, бул азаптан эми качан арылам? Теңдеши жок сага окшогон сулууга, айтчы жаным, дагы качан кабылам? Алимбек
ОП-154-71. Элестетем сенин аппак жүзүңдү, арнай албай келем сага сүйүүмдү. Махабаттын бакчасында мас болуп, чече албай чиеленген түйүндү. Эрке мүнөз кыялыңды эстесем, күттүрүп жаныма сен келбесең, кызыгы калбайт мага дүйнөнүн, эгерде сага мен жаным жетпесем. Суэркул уулу Алимбек
ОП-154-72. Саламатсыздарбы, кыргыз калкым. Мен Казармандагы Макмал орто мектебинде окуган Жамал досумду олимпиадада алгебра сабагынан биринчи орунду алганы менен куттуктайм! Сайко
ОП-154-73. Достор, 14-февраль майрамыңар менен ! Babu 96 0779065296
ОП-154-74. Падыша-Атада жашаган 1986-жылкы классташтарым: Жыргал, Айдай, Бердаалы, Сүймөнкул, Мунарбек, Бектурсун, Бекболсун, Азиз, Муса ж.б классташтарыма чоң салам! Аксыдан Асылгүл
ОП-154-75. Классташым Жыргал, куш бооң бек болсун! Аяш экөөңөр бактылуу жана көп балалуу болгула! Падыша-Атадан Асылгүл
ОП-154-76. Кыздар, кыргыздын жигиттерин сүйбөйсүңөрбү? Ойлонгула. Сүйгөн жүрөк
ОП-154-77. Оо, тагдыр, мен өзүңө кайрыламын, кыйнабай бул азаптан кайрып алгын. Жалгыздык жан дүйнөмдү эзип бүттү, кайда сенин тунук махабатың? "Д" коёнек 92 .
ОП-154-78. Сүйүктүү жеңем Гүлшан, туулган күнүңүз менен! Мурат агам экөөңөр ар дайым ынтымакта, барчылыкта жашагыла. Кызыңар Айназик жана апчеси Элиза
ОП-154-79. "Кайып булак" фильминде тартылган ырчылар: Сьездбек, Замир, Урмат, Неля, Бактыгүл, Ильяз- силер суперсиңер! Ильяз, жакшы ойноп тартылгансың. Күлкүлүү болуптур. Силер мыкты актёр болсоңор болот экен. 0779682ххх
ОП-152-80. Салам "Обон". Кара-Кулжа районундагы Тоготой айылына салам! Салтанат 94
ОП-154-81. Бегимай-сулуулардын сулуусу. 0779682ххх
ОП-154-82. Мирбек Иманбеков, кайда жүрөсүз? Көрүнбөй кеттиңиз. 0779682ххх
ОП-154-83. Салам, Нурлан. Бүгүн менин туулган күнүм. Мени куттуктап койчу, 17ге чыгам. Барчын
ОП-154-84. Урмат байке, Неля, мен силерди сыйлайм. Нурэл жакшы бала болуп чоңойсун. Неля, аман-эсен көз жарып ал. Урмат байке, Неля эже, бактылуу жашагыла! 0779682ххх
ОП-154-85. Эх, чиркин, Кыргызстандын абалы качан оңолот? 0779682ххх
ОП-154-86. Жалал-Абад областындагы Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын жашоочулары: алтын апам Рахат, сиңдилерим Салтанат жана Сайкал, иним Юрусланга чоң салам. Мен силерди аябай сагындым. Жакында барам. Алтын апа, эч качан оорубаңыз. 0779682ххх
ОП-154-87. Саламым атама жана байкемдин 16-февраль- туулган күнү менен куттуктайм! 0773126ххх
ОП-154-88. Салам, менин жаным ырчы Мирбек Атабековго жана Омарга. 0779610ххх
ОП-154-89. "Обон"! Ура, ура, ура! Нурлан Насип келет экен, суроого жооп алат экен! Ильгиз
ОП-154-90. Салам, досум Тайчабар. Чоңоюп болдуң ат чабар. Туулган күнүң келиптир. Туулганың дагы кош майрам. Туулган күнүң кут болсун. Дүйнөгө жарык туш болдуң. Отуз тогуз жашыңды, бул дүйнө сага кут кылсын. Назарбек
ОП-154-91. Cаламатсызбы, Нурлан байке? Ишиңизге ийгилик каалайм. Мен сизге суроо берейин дедим эле. Канчанчы жылкы болосуз жана үйлөндүңүз беле? 0779945ххх
ОП-154-92. Бул жашоодо эң биринчи махабат. Ал болбосо адам кантип жашамак. Берген антка убадага бек турган, ошол адам сүйгөнүнө жете алат. 0779370ххх
ОП-154-93. Винсовхоздо жашаган жездем Бакыт, эжем Назгүль, анын кызы кичинекей Айназикке салам. Айназик акылдуу кыз болсун. Үйгө качан келесиңер? Биз силерди күтүп жатабыз. 0779682ххх
ОП-154-94. Жалал-Абад областындагы Сузак районунун Винсовхоз айылына чоң салам. Гагарин атындагы 27-мектебине салам. Өзгөчө 11-класска. Бизди окуткан эже-агайларга, директорубуз Абдуллина Альфия , завуч Абибова Лола Сабыровна мыкты эжейлерге. 0779682ххх
ОП-154-95. Апа сыйлаган айылына барктуу, ата сыйлаган ааламга даңктуу. 0779682ххх
ОП-154-96. Ден соолук-бир өмүрдүн булагы. Сүйүү-бул сезимиңдин чырагы. СМСти окуп жаткан бир адам, өмүр бою мени бактылуу кылабы? Кыздар, балдар, айткылачы? 0779693ххх
ОП-154-97. Салам деп СМС башын жазгым келди, сагынып бир өзүңө баргым келди. Жолдорубуз алыс болуп жете албай, сүйүүмдү "Обон" аркылуу жазгым келди. Жаным, мен сени сүйөм. Гүлбарчын 95
ОП-154-98. Салам, Эрке кыз. Менимче, сүйгөн адамыңдан айрылган окшойсуң? Сүйгөн жүрөк
ОП-154-99. Саламатсызбы? Менин ысымым Айназик. Кумирим Нурлан Насип менен баарлашсам болобу?
ОП-154-100. Жүрөгүм сен деп ыйлайт, кусалык мени кыйнайт. Элестеп бир өзүңдү сагынуу кыйнайт, кыйнайт. Мен сени сүйөм, Эсен. 0779261ххх
ОП-154-101. Байкелерим Рыся, Ади, Нарынбек, Майкл, Микиге салам. Иштерине ийгилик. Карындашыңар Гүкүш
ОП-154-102. Менин курбум Асылайга салам. Бар бол, бактылуу бол! Гүкүш
ОП-154-103. Жеңем Гүлжамалдын жаңы жумушу менен куттуктайм. Сизге ийгилик жана Гүлбара, Гүлжан эжелерге салам. Кеңеш айыл өкмөтүнөн Роза (снегурочка)
ОП-154-104. Бүгүн кандай күн экен? Мышыкты өпкөн ит экен. Таң калыштуу көрүнөт быйыл канчанчы жыл экен? Балким, бул мышык менен ит ынтымактын, достуктун символу. Альфия
ОП-154-105. Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылынын тургуну Амановдордун үй-бүлөсүнө чоң салам. 10-11-а класс, супер! 0779773ххх
ОП-154-106. Өзгөн районунун Мырзаке шаарчасынын Адыр айылына чоң сагынычтуу салам! Алтынай
ОП-154-107 . Салам "Обон". Талант ака, Акдана эже ,14-февраль-Сүйүшкөндөр күнү менен. Силерге суудай тунук сүйүү каалайм. Ар дайым сүйгөнүңүздөр менен өмүр бою бирге болуңуздар. Алтынай 94
ОП-154-108. Токтогул районунун Комсомол айылындагы 95-жылкыларга салам. 9-б класс Мунара
ОП-154-109. Ат-Башы районундагы Саматка жана үй-бүлөсүнө сагынычтуу салам. Айдагы кыз
ОП-154-110. Салам! Батма-Зуура, Бурул, Макс, Гүлзар, Нургүл, Самат-силерге салам. Н
ОП-154-111. Жигиттер, 23-февраль майрамыңар менен куттуктайбыз. Жылдыз
ОП-154-112. Талды-Суу айылындагы А. Осмоналиев атындагы 11-классына жана мугалимдерге салам! Нази
ОП-154-113. Саламатсыздарбы? Биз Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынан болобуз. Нурлан Насиптин ырларын жакшы угабыз жана өзүн жакшы көрөбүз. Биз кантип дискин жана сүрөтүн ала алабыз? Наргиза жана менин кызым Айжан, балам Даниель.
ОП-154-114. Салам! Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылына жана атам Жолдошаалы, апам Сүйөркүл, эжем Назгүл, байкем Эржанга жана байке-жеңелериме салам! Нази
ОП-154-115. "Обон". Кыздарым Аймырза менен Санирабиганын өмүрлөрү узун ,ыймандуу,акылдуу кыздардан болуп чоңоюшун тилеп апасы Мирзат
ОП-154-116. Салам, Гүлсана 91. Атым Шайыр, мен Кызыл-Кыядан болом. 0779480704 номерине чал
ОП-154-117. " Обонушка", мен бардык Кыргызстандыктарды сүйүү күнү менен куттуктайм! Түгөйүн табышсын. Алтуха
ОП-154-118. Самат, мен сизди абдан сүйөм жана сүйө берем. Билип жүр. Айдагы кыз
ОП-154-119. Шоу-бизнестин шок балдарына салам! Алардын арасында мен сүйүп уккан ырлардын автору, продюсеринин эркетайы, супер бойдок гитарист, пианист,калпакты бастыра кийип алса, мотурайган бала болуп чыга келген, патриот ырчы жигитке. Ал ким? Албетте, Нурлан Насип. Иштерине ийгилик,талантына таазим. Сени менен сыймыктанабыз. Эч качан ооруба. Кыргызстандын желегин желбиретип, атагын алыска чыгарып, күйөрмандарыңды кайталангыс үнүң менен эргитип, дем берип жүрө бер, жылдызың жансын! Сен суперсиң! Нурлан, эгер билсең ошондойсуң, аяйым.Оштон Гүлзина, Айгиза, Айтилек жана Аяй
ОП-154-120. Менин сүйүүм деңиздей таптаза, роза гүлүндөй жыттуу, тоодой бийик, Ысык-Көлдөй терең, компьютердей акылдуу. Мен сени өмүр бою сүйүп келем. Кани
ОП-154-121. Нурлан байке, айтсаңыз, байпагыңыз айрылып калса тигип киесизби? Жалал-Абаддан Саяна
ОП-154-122. Бардык Кыргызстандыктарга салам жолдойм! Мен кыргыз элим менен сыймыктанам! Бизде тынччылык, токчулук, ден-соолук болсун. Элибиз ыймандуу, акыл эстүү жана күчтүү болушсун. Кыздарыбыз ыймандуу, сулуу жана ажарлуу болсун. Балдарыбыз кайраттуу, эрктүү жана сабырдуу, токтоо болсун. Сезимай
ОП-154-123. Базар-Коргондук Гүлнура, мен сени сүйөм. Иси
ОП-154-124. Мен корей кыздарына окшошмун жана сулуумун. Клипке тартылгым келет, жардам бересиңерби? 0770332ххх
ОП-154-125. Анекдот: Бир жигит түрмөгө түшүп калат. Жанындагылары:- Эмне болуп бул жакка түшүп калдың?- деп сурашат. - Төрт така уурдагам.- Төрт така үчүн 7 жылга кесиштиби?! -Жок, үстүндө ат бар болчу...
ОП-154-126. Коёндор негизи бат көбөйөт го, свет өчпөсө деле, биздин кыргыз элинин да свети өчпөй эле бат-баттан көбөйсүн ээ, достор! Аська
ОП-154-127. Оо, адамдар! Сүйүүсү бар адамдар, кандай болуп жатат иштеги кадамдар? Келатат дейт, келечекте жакындап,сүйүү менен куралуучу замандар? Ушул чынбы? Мухит_2х..
ОП-154-128 . "Обонтайга" кайнак ысык салам! Окурмандарга жалындуу жылуу салам! Ал эми "Обонго" ширин-ширин СМСтерди жөнөткөн СМСчилерге супер саламдар болсун. Силерди урматтап Нурия 93
ОП-154-129. Урматтуу менин кыргыз элим, биз үчүн жолборс жылы жакшы мүнөзүн көргөзгөндөй эле болду.Ушул жетишет го, эми коён жылы ийгиликтин,тынчтыктын жылы болсун! Бар болгула, бай болгула. Аська
ОП-154-130. Курбуларым:Наргиза, Роза, Сайкал, Мунара, Айнура, Айка жаңы жылыңар менен! Менин алтындарым, бул жылы бардыгыңар татыктуу жигит тапкыла, жүрө бербей. Наргиза жана менден башкаңар. Анткени, биздики бар да. Аська
ОП-154-131. " Обонтайдын" сүйүшкөндөрүнө, деги эле сүйүүнүн даамын таткан окурмандарга 3 суроо. Сүйүшкөндөр үчүн дүйнөдөгү эң кооз үй кайсыл жерде? Сүйүүнүн символу эмнеде?. Сүйүүнүн мектеби эмне эсептелет? Албетте, жооп күтүп калам. СМС жазгыла, силерди урматтоо менен Нурия 93 0778932699
ОП-154-132. Жараткандан мекенибизге тынчтык, иштерибизге ийгилик, байларыбызга нысап, кедейлерибизге сабырдуулук, заманыбызга тынчтык тилейм жана бул дүйнөгө эмне максат менен жаралган болсок, ошол максат үстүндө аруу жашап өтөлү деп тилейм! Сары-Тологой KG
ОП-154-133. Бурул, Дөөлөт, бактылуу, таалайлуу болгула. Бирге өмүр сүргүлө. Айдагы кыз
ОП-154-134. Жаркыраган жылдыз сындуу, сүйүүмдү сизге арнайын. Колуңузга бек кармап, жүрөгүңүзгө сактап салыңыз. "Самат, сиз үчүн". Айдагы кыз
ОП-154-135. Кемел, 23-февраль майрамың менен куттуктайм. Сага бактылуу жашоо, узун өмүр, ден соолук, ишиңе ийгилик каалайм. Ж.
ОП-154-136. Бейгам адам аны да, муну сүйүп, көп нерсени кур бекер ыйык кылат.Башка түшсө түйшүктүү тиричилик, сүйүү эмес үмүттү унуттурат,-деп белгилүү акын Салижан Жигитов жазгандай, сүйүү дагы жашооң жакшы болбогон учурда унутулат экен.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??