Жаңыл Бекбоева:

"Артисттердин арасында аферисттер пайда болду"
Орусияга гастролдогону ээрчишип кетишкен Гүлжигит Сатыбеков жана продюсери Дилянын ортосунан чыр-чатак чыгып, бири бул жакка келе берсе, бири Орусияда гастролдоп жүргөн эле. Алардын чогуу иштешпей калганына жана "Мен сени өлтүртүп кетем", -деген сөздөр эмне себептен айтылгандыгы туурасында чогуу барган Жаңыл Бекбоева: "Мен, Гүлжигит менен Динаранын ортосундагы мамилелерин абдан жакшы билем, мен калыс сөзүмдү айта алам", -деп редакциябызга келип, бардыгын башынан айтып берди.


"Диля - Гүлжигиттин продюсери эмес, аялы экен"
- Мен Гүлжигит менен Дилянын мамилелерин абдан жакшы билем. Анткени, биз Орусияга гастролдогону бара турган болуп, Гүлжигит менен байланышсак, мурда башка артисттер менен барып келгенин айтып калды, анан Диля мага чалып: "Мен Гүлжигиттин продюсеримин, биз мурда барып жүргөнбүз, бардык жол-жобосун билем, бардыгын мен уюштурам, ал жактагыларды жакшы тааныйм",- дегенинен биз макул болуп, бешөөбүз Орусияга чогуу аттандык. Анан ал жакка баргандан кийин, мен Дилянын чыныгы жүзүн көрдүм. Биринчи Красноярскиден концертибизди баштадык. Ошондо эле Гүлжигит менен Дилянын чыр-чатактары башталды."Тигил орусту эмнеге карап койдуң, ким менен сүйлөшүп келдиң, эшикке эмнеге чыктың?" - деп кызганып, такыр башкача мамиле кылып, Гүлжигитке асылып, бетин тытып коё жаздады. Ошондо менин жиним келип, Диляга : "Сенин мындай мамилең жарабайт, өзүңдүн ордуңду бил", -деп бетине айттым. Ал: "Ой, эже, силер билбейсиңер да, Гүлжигит колу туткак, ууру бала", -деп кайра мага жамандап жатпайбы. "Сен анын продюсери болсоң, жаманын жашырып, жакшы жактарын чыгарбайсыңбы?" -деп айтып, экөөбүз да жаман-жакшы көрүнүшүп кеттик. Анан Братский шаарына барганда, ошол жерден Диля : "Эже, мени жаман көрбөгүлө, мен Гүлжигиттин продюсери эмесмин, мен анын аялымын, экөөбүз төрт жылдан бери жашап келе жатабыз",-деп айтып жатпайбы.
"Акчабызды, документтерибизди алып качып кетти"
Экөөңөр мамилеңерди өз жериңерге барганда чечишип алгыла, эгер такыр болбой калды десең, гастролдорду токтотуп кете бер, Гүлжигит биз менен иштеше берет - десем, "Жок, Гүлжигитти мен иштетпейм, кетсек чогуу кетебиз", -деп такыр болбой койду. Ал продюсер катары костюм тиктирип, акча салып, клибин тарттырып бермек турсун, кайра Гүлжигитти пайдаланып, бардык акчасын жеп, аны артка тартат экен. Муну мен өзүнө да айткам. Новосибирскиге келгенде, Диля бизге такыр тынчтык бербей калды. Бөтөн жерге чыгармачылыгыбызды тартуулайлы деп барсак, Диля кылган иштери менен бизди уят кылып, бетибизди кызартты. Олтурганда этиканы билбейт, улуу адамдарды көзүнө илбейт, ичкиликке жакын аял экен. Диляны ээрчитип алгандан көрө, Ош базардан бир "ит" ээрчитип алганың жакшы экен. Мындай адамга Гүлжигиттин кантип чыдап жүргөнүн билбейм. Кайсыл жерге барбайлы, Гүлжигит экөөнүн "разборкасы" башталат. Мен чыдабай Диляга : "Сен сыйың менен кетип кал, кете албайм десең, мен сени милицияга берем" -деп айтсам, биздин буклеттерибизди тытып ыргытып, концерттен түшкөн 20 миң рублду, документтерибизди, Гүлжигиттин 4000 долларын алып, Новосибирскиден качып жөнөдү.
"Биздин концерт бергенибизге тоскоол болду"
Биз концертибизди улантып жатсак, диаспораларга чалып: "Булар, калпычылар, аренда төлөбөй качып жүрүшөт", -деп бизге абдан тоскоол болду. Анын териштирүүсү менен үч күндүк убактыбызды өткөрүп жибердик. Булардын бардыгын Гүлжигитке айтсак, "Мен башында Дилядан карызга акча алгам, бирок бардыгын кайра кайтарып бергем, андан кийин өзү мен сени сүйөм, сенсиз жашай албайм, экөөбүз баш кошобуз деп, жаныман чыкпай койгон" ,-дейт Гүлжигит. Артисттер менен жолугуп, концертке катышып калганда уруш-талаштарды чыгарчу, ошолордун баарына деле унчукпай жүрчүмүн, мен азыр, чындыгында, бул аялдан кутула албай жүрөм",-дейт Гүлжигит. Диля мурун "Беш тапан", "Кеңеш" тобу менен дагы барган экен, Орусиядагы бардык кыргыз туугандар бул аялдан тажап бүтүшүптүр. Айланы алты кетирген аял экен деп жаман көрүп, муну эмнеге ээрчитип алгансыңар деп жатышты.

Артисттердин арасында аферисттер пайда болду
Продюсер деген атка жамынып алып, артисттердин арасында аферисттер пайда болду. Мындан кийин, продюсерлердин документин көргөндөн кийин ишти башташ керек экен. Азыр элдин бардыгы эле кимдир бирөөгө продюсер болуп алып, эптеп эле акча табыштын амалын ойлоп, же жеке кызыкчылыгы үчүн иштешет экен. Биз 18 шаарга барып келдик, Диля биз менен 6 шаарда болду, барган жерден абдан уят кылды. Мындай адамдар артисттердин аркасынан тамак жеп, акча таап, кайра биздин беделибизге шек келтирип, тынчтыгыбызды бузуп, баш-аламан кылып, документтерибизди алып кеткени аз келгенсип, "мени сабатып кетем деди", - деп элге жарыялаганы күйбөгөн жериңди күл кылат. Бул жерге келгенден кийин сотко берейин десем, Сахалинге качып кетиптир, эми келгенде мен аны издөөгө берип, сөзсүз түрдө сотко берем. Мындай аялдар дагы бирөөнө жабышат да, продюсер болом деп аны тоноп жок кылат. Мындайлардан артисттер сак болуш керек. Бул аферист, жалганчы, моралдык жактан бузулган, чектен чыккан адам экен.


Гүлжигит Сатыбеков:
"Продюсеримен кутулганыма ыраазымын"
- Продюсериңиз менен келишим түзүп, иштешип жатканыңызга канча убакыт болду?
- Ортобузда эч кандай келишим түзүлгөн эмес, бирок чогуу иштешкенибизге үч жылдын жүзү болуп калган.
- Ушул күнгө чейин Диля эже продюсер катары эмне иш аткара алды?
- Башында, мен кафеде иштеп жүргөндө, материалдык жактан жардам көрсөткөн. Кийин эле өзүн продюсер деп атап алды. Продюсер деген ырчыны жетелеп, нөлдөн башташ керек да. Бардык иштерди аткарып, ырчыны эл алдына чыгарганга аракет кылыш керек. Диля эже болсо, менин үй-бүлөмөн бери киришип алчу. Бирок клип тарттырып, ыр жаздырганга жардам бергенине ыраазымын.
- Диля Гүлжигиттин продюсери эмес эле аялы деген чынбы?
- Кудай сактасын, ал менин аялым эмес. Балким, мага турмушка чыгам деп аракет жасаганы чындыр.
- Сиз карызга алган акчаңыздан улам чыр-чатактар чыгып жатса керек?
- Чындыгында, мен башында карызга акча алгам. Бирок бардыгын кайра кайтарып бергем. Карызымды берсем дагы, "Мен сенин продюсериң болом, сага жардам берем",- деп жаныман кетпей койду.
- Диля эже: "Гүлжигит мени сабатып кетем деп айтты",- деп жүрдү эле?
- Чындыгында, Орусияга чогуу барган артисттердин айласын алты кетирди, бул жерге келгенден кийин: "Мени Гүлжигит сабатып кетем"- деп айттырыптыр, мен аны сабамак турсун, катуу сөз айтчу эмесмин.
- Орусияга болгон иш сапарыңызда, силердин акчаңарды, документтериңерди алып качып кеткен турбайбы? Сиз менен байланышып жатабы?
- Жок, мен эми ал аял менен эч качан байланышпайм, сүйлөшпөйм деп чечтим. Азыр кайсыл жерде экенин билбейм.
- Сотко бересизби?
- Жеке мен сотко бербейм, андан кутулганыма ыраазымын.


Нургүл Ибраева