п»ї

  Саясат

Минтранс айылдарга автобус жөнөтүүнү пландап жатат
Транспорт жана коммуникация министрлиги ар бир айылга автобус жиберүү боюнча долбоордун үстүнөн иштеп жатышат. Бул боюнча аталган министрликтин директору Ызатбек Тойтомамбетов маалымдады. Анын айтымында, азыркы учурда элүүгө чукул айылга жүргүнчүлөр автобус менен каттай алышпайт. Андан тышкары, 2010-жылдагы Бишкек жана Ош аэропортторундагы иштерге байланыштуу, аба жолундагы коопсуздукту бекемдөө боюнча программаны иштеп жатышкандыгын белгилеп өттү. Андан сырткары, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында жайгашкан аэропортко эл аралык статус берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Президент Р.Отунбаева жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоонун күнүн дайындады
КРнын Президенти Роза Отунбаева "ОШ, Баткен жана Талас облусундагы жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча токтом" кабыл алды. 14-февралдагы Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо 2011-жылдын 17-апрелинде өтмөкчү. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга КРнын мыйзамдарынын негизинде өткөрүү боюнча камсыз кылуу тапшырылды. А өкмөткө болсо, БШКнын сметасы боюнча керектүү финансылык каражаттарды бөлүп берүү тапшырылды.

ЖоКедеги "Бакиевдин куйругу", же Т.Акундун кезектеги чыры
14-февралдагы Турсунбек Акун катышкан ЖоКенин комитетинин адам укуктары боюнча кезектеги отурумунда, Омбудсмен жана комитеттин өкүлдөрүнүн ортосунда чыр чыкты. ЖКнын депутаты Д.Бекешов Омбудсмен институту парламентке баш ийбей, ЖоКеге арызданган кызматкерлерди иштен чыгарбоо боюнча комитеттин чечимин аткарбагандыгын маалымдаган. А Турсунбек Акун Д.Бекешовдун өз иши менен алек болуусун өтүнүп, депутаттардын тобу жана комитет анын ишиндеги чыр-чатактарга кийлигишкенине акысы жок экенин баса белгилеп кетти. Омбудсмен менен Д.Бекешовдун иштеги чыр-чатагы ич ара чыр-чатакка айланып, биринин былыгын бири чукуганга чейин жетти. Ошол учурда залдан экс-омбудсмен азыркы депутат Турсунбай Бакир уулу тура калып:Турсунбек Акун Бакиевдин куйругу, чырдаганды токтотуш керек!- дегенде, Бекешов: "Бакиев азыр жок, сиз да сүйлөбөңүз", - деп Турсунбайдын оозуна талкан сугунтту. Отурумда Д.Бекешов Турсунбек Акунду кызматынан алышын сунуштады. - Депутаттарды да алар ким болуп кетиптир деп киргизбейт, - деди. Омбудсмендин институтунан кызматтан четтетилген Эллина Искендерова, Турсунбек Акун аны чакыртып, эмне үчүн парламентке кайрылгандыгын сурап: "Эгер эртең "Ар-Намыс партиясынан чыкпасаң, кызматтан кетесиң" - деп, жума күнү кызматтан кетирди", - дейт Эллина. Аппараттын кызматкерлери эч кандай себеби жок кызматтан кетиргенин айтышууда.

Э.Шайдинов "Манас" аэропортунун президенттигине дайындалды
ААК "Эл аралык Манас аэропортунун" кеңешмесинде 2011-жылдын 10-февралынан тартып, ААК "Эл аралык Манас аэропортунун" президенттик кызматына Шайдинов Эрик Төрөбаевич дайындалды. 14-февралда Мамлекеттик мүлк министринин орун басары А.Абышов аталган аэропорттун кызматкерлерин жаңы башкаруучу менен тааныштырды. Э.Шайдинов кызматка кирип жатып, кадрлык алмашуулар болбосун айтып, коллективди ынандырып өттү. Бул боюнча "Эл аралык Манас аэропортунун" басма сөз кызматы маалымдады.




Бир бүркүм маалымат
БШК ЖКга эки жаңы депутатты каттады. Депутаттык күбөлүк жана төш белги "Ата Журт" партиясынын мүчөсү Бахадыр Сулайманов жана "Республика" партиясынын мүчөсү Курманбек Дыйканбаевге тапшырылды.
Жалал-Абадда өлгөн адамдардын тизмеси жоктугуна байланыштуу, алардын паспортун сатып алып, виза ачтырып жатышат. Бул боюнча облусттук паспорт боюнча жергиликтүү органдын башчысы Махабат Пратова билдирди.
Ормон Шаршенов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Мындай жайгарымга Премьер-министр Алмазбек Атамбаев кол койду.
Кыргызстанда Алай ханышасы Курманжан Датканын музейи ачылат. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенствосунун айтымында, музейге 45,2 млн сом кетет. Музей Ысык-Көлдө ачылат.
Ажибай Калмаматов Кыргызстандык интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик кызматынын директору болуп дайындалды.
Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рыскул Жапаркулов Алай районунун милиция башчысы болуп дайындалды жана мындай чечим аталган министрликтин жамааттык жыйынында кабыл алынган.
Аскер билетин берүүдө акча алды делген шектенүү менен Чүй облусунун Кемин районунун Аскер комиссариатынын бөлүмүнүн начальниги кармалды. Бул боюнча, финансылык полициянын басма-сөз кызматы билдирди.




  Коом

Кыргызстандын дубандарын бириктирген темир жол долбоору
"Бириккен кыргыз атуулдары" уюмунун долбоорлор бөлүмүнүн жетекчиси Медербек Адылбек уулу, өлкөдөгү бөлүнүү боюнча маселени кабыргасынан коюп, мамлекетти бөлбөш үчүн өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө карай темир жол салууну сунуштап жатат. "Темир жол Бишкектен башталып, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустары аркылуу өткөн маршрут Бишкек-Ош темир жолу деп аталат.Темир жол тоо системаларын айланып, деңиз деңгээлинен 500-2000 метр бийик болуп курулат. Мындай масштабдуу долбоорду ишке ашыруу оор бирок, мүмкүн!" - деп белгилеп кетти М.Адылбек уулу.




  Криминал

Кара Айбектин бир тууганынын уюшма кылмыш тобундагы Б.Арапов кармалды
Жалал-Абад шаарында уюшма кылмыш тобунун мүчөсү жасалма 8 миң сом менен кармалды. Бул боюнча Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы маалымдады. Милициялардын тактоосу боюнча, 13-февралда саат 14:00дө шаардагы ЦУМдун жанында келишим түзүп жаткан жеринен, мурда соттолгон, 1985-жылкы Буниед Арапов аттуу жигит колго түштү. Укук коргооо органдарынын айтуусу боюнча, Б.Арапов Аваз Мирсидиковдун уюшма кылмыш тобунун активдүү катышуучусу (Кара Айбектин бир тууганы). Кармалган Араповдун чөнтөгүнөн 8 миң сом жасалма акчалар табылган. Фотосалонун текшергенде кылмышкер жасаган жасалма акчаларды чыгаруучу түстүү принтер, сканер жана флеш-карта табылды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жатат.


  Спорт

Кыргызстандык М.Нурматова эл аралык күрөштө күмүш медалдын ээси болду
Кыргызстандык Мехринисо Нурматова 11-13-февралда Стамбулда өткөн Golden Grand Prix күрөш боюнча эл аралык мелдеште күмүш медалга ээ болду. Эл аралык күрөш федерациясынын билдирүүсү боюнча, 48 кг. салмактагы атаандашы Мария Стадниктен жеңилип калып, экинчи орунга ээ болду. Аталган мелдешке дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 300 спортчу катышкан.

Каныбек Сагынбаев дүйнөнүн 7 мыктысы менен ат салышат
КРна эмгек сиңирген спорт чебери К.Сагынбаев бильярд боюнча 18-февралда Санкт-Петербург (Орусия) шаарында өтө турган "Мыкты сегиз оюнчу" ("Великолепная восьмёрка") мелдешине ат салышканы турат. Бул боюнча бильярд спорту боюнча СДЮСШОРдун директорунун орун басары Наргиза Рыскулова билдирди. Анын айтымына караганда, мелдешти 2011-жылдын эң мыкты бильярдчысы К.Сагынбаев менен Я. Тарновецкий ачышат. Эске сала кетчү нерсе, "Мыкты сегиз оюнчуга" дүйнөнүн кыйын делген сегиз бильярдчысы кирет. (Каныбек Сагынбаев, Алесандр Паламарь, Пащинский Юрий, Владимир Петушков, Виджай Дрангой, Андрей Фрейзе, Никита Ливада, Тарновецкий Ярослав)




  Дүйнө

Араб өлкөлөрүндөгү вирустар же ыңкылап тумоосу
Египет менен Тунис бүтүп, эми Алжирликтер өзүнүн Президенти "Абдел Азиз Бутефлика, кетсин!" ураанын көтөрүп митингге чыгууда. Алжирдин Президенти Абдел Азиз Бутефликанын бийликте отурганына быйыл 21 жыл болду. Алжир шаарында миңдеген адамдар, бийликтин тыюусуна да болбой, өздөрүнүн талабын коюшууда.

"Али Абдаллах Салех кетсин!"
Ишембиде болсо, Йемендин борбору Сана шаарында да миңдеген адамдар чогулуп, отуз жылдай өлкөнү башкарган Президент Али Абдаллах Салехти бийликтен кетирүүнү талап кылышууда. Митингчилер борбордук аянтта жүрүш жасаганда, майда куралчан калың топ, аларга бетме-бет чыкты. Тунис менен Египеттен башталган элдик көтөрүлүш эми Сирия менен Мароккого да жетти. Йемен - араб чөлкөмүндөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири, Президент Салех Египет менен Тунистеги толкундоолор күчөп турган маалда 2013-жылы мөөнөтү бүткүчө гана бийликте турарын билдирген эле. Массалык митингдер эртең эле бүт Йеменди каптап кетиши мүмкүн.

Бахрейн, Иран ыңкылап толкуну
15-февралда Бахрейн мамлекетинде падыша Хамад ал-Халифке каршы митингдер өтөрү күтүлүп жатат. Калың элдин көтөрүлүүсүнүн эң негизги себеби, падышанын ар бир Бахрейиндик үй-бүлөгө бир миң динар (2 жарым миң АКШ доллары) акча берем дегени болгон. Египеттеги ыңкылаптын толкуну Иранда дагы байкалгандай. Ирандан келген кабарларга караганда, бийликтер дүйшөмбүгө пландалган митингди болтурбоонун ар кыл аракетин көрүүдө.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??