Ийгилик формуласы

Алтынбек Сулайманов, ЖКнын депутаты:
"Кылган иштеримди ийгилик деп эсептебейм"
"Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши"- дегендей, депутаттардын атын алыстан угуп, алар тууралуу жакшы маалымат ала албай жүргөндөр арабызда бар болсо керек. ЖКнын депутаты Алтынбек Сулайманов азыркы деңгээлге кандайча жеткендиги тууралуу ийгилик сырынан бөлүшө кетти.


- Алтынбек мырза, маегибизди алгач сиздин балалыгыңыздан баштасак?
- Балалык кезим айылда өткөн. Мектепти бүткүчө айылда окудум, андан кийин аскерге барып кызмат өтөп келдим. Төрт бир туугандын эң улуусумун. Тагдырдын маңдайга жазганы болсо керек, атамдан жети жашымда айрылгандыктан, өзүм теңдүүлөрдөн кичине кечирээк, отуз жашымда үйлөндүм.
- "Жогорку Кеңешке келген азыркы депутаттардын көбү бизнесмен болгондуктан, акча санаган жагынан мыкты болгону менен, мыйзам жаза келгенде болбурап отуруп беришет",-деген пикирлер айтылып эле жүрөт. Мындай сындарга терикпейсизби?
- Жогорку Кеңештин депутаттарынын баары бизнесмендер дегенден алысмын. Болсо, аз гана пайызда болсо керек. Негизинен, искусствонун адамдары, мугалимдер, врачтар, жалпысынан айтканда, бардык тармактан келген депутаттар иштеп жатышат. Бардык тараптан келгени жакшы жөрөлгө. Ар бир мыйзамды талкуулаганда, мисалы, медицина тармагынын депутаттары, юристтер, прокуратурада, милицияда иштегендер өз көз караштарын айтышат. Себеби, көп мыйзамдар иштебей жатпайбы. Менин оюмча, депутаттар калың журт эмнеге муктаж экенинен кабардар болушу шарт. Эл арасында жүргөн, айыл өкмөт болуп иштегендер да депутат болуп отурушат. Андай сындарга терикпейм. Депутаттар мыйзамды жакшы билгени үчүн акча тапса керек деп ойлойм. Негизи эле бизнести түшүнгөн кишилер мыйзамдарды жакшы билет. Бир тыйынды эки тыйын кылганды билген кишини мен акылдуу деп ойлойм.
- Ат чапкан жагынан алдыга ат салдырбайсыз. Канча жашыңыздан бери ат үстүндө жүрөсүз?
- Айылда өскөндүктөн, кичинемден бери эле ат үстүндө жүрөм. Эс тарткандан баштап, мал чарбачылык менен алектенип, ат багып чоңойгом. Атты да жакшы таптайм. Азыр да аттарым бар, тез-тез каттап, абалын байкап турам.
- Көк бөрүдө жүрүп бутуңузду сындырдыңыз эле, жакшы бүтүп калдыбы? Сурайын дегеним, көк бөрүгө жарайбы?
- Буюрса, ал жарат жакшы бүттү. Азыр да көк бөрүгө түшүп жатам. Негизи эле көк бөрүдөн кадимкидей эс алып, мээм сергип калат.
- Кыргыздын жоон билек балбандарынын арасында мелдештерди өткөрүп жүрөсүз. Өзүңүз да бир кезде балбан болсоңуз керек?
- Ооба, мурун күрөшкө катышчумун. Чоң мелдештерге чыккан эмесмин, жөн гана спорт сүйүүчүсү катары өзүм үчүн машыккам.
- Өкмөт адамдары башка өлкөлөргө байма-бай каттап турушат эмеспи. Чет жактарга барып калганда, тил жагынан оорчулук болбойбу?
- Англисче жакшы билбегендигиме байланыштуу, ал жагынан бир топ эле кыйынчылыктар болот. Аны моюнга алыш керек. Андай учурда көбүнчө котормочулардын кызматын пайдаланам. А бирок, күнүмдүк суроолорду сураганга котормочу колдонбойм.
- "Челюст" деген ылакап атыңыз эмнеден улам айтылып калды эле?
- Мына сиздин маңдайыңызда отурам ээ? Ээгим башкачабы? (күлүп) "Челюст" деген ылакап атты мектептен эле досторум коюп коюшкан боюнча, бүгүнкү күнгө чейин артыман келе жатат.
- Сизди бир тойдо Бегалы Наргозуевге тийишип жаткан Азамат Арапбаевди учура муштаган дешет. Азыр тойлордо ал киши менен кезигип калганда колуңуз кычышпайбы?
- Жок, негизи андай нерсе эч качан болгон эмес. Бул имиш иретинде эле жазылган нерсе. Аны Наргозуевден сурасаңыз деле айтып берет. Азамат экөөбүз мурдатан эле теңтуш болуп жүрөбүз. Азыр болсо бирге иштеп жатабыз.
- Мушташуу жагынан өзүңүзгө кандай баа бересиз?
- Эми эр жигиттин башына эмнелер гана келбейт. Жаш кезде урушуп, мушташып, таяк жеп эле жүргөнбүз. Азыр өзүм тийишпейм. Бирок мага тийишкендердин катыгын берем. Эр чекишпей, бекишпейт- дегендей, эркектер азыр урушса, эртең эле кайра табышып кете берет.
- Кесибиңиз юрист эмеспи, юристтерди мыйзамдан башка нерсе кызыктырбайт дешет. Айтайын дегеним, чыгармачылыкка оюңуз кандай?
- Меники таптакыр башкача. Мен чыгармачылыкка өтө жакын адаммын. Жакшы ырларды угуп, китептерди окуйм. Айрыкча кыргыз искусствосуна жакынмын.
- Атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул деген сөз бар. Сиз үчөөнүн кайсынысына киресиз?
- Ата деген улук. Атага өзүңдү теңештин өзү туура эмес. Атага теңелбей эле койсок болот.
- Сиз жеткен ийгиликтин сыры эмнеде деп ойлойсуз?
- Аракетте.
- Ийгиликке жетүү үчүн кандай кыйынчылыктарды жеңип, канча сыноодон өттүңүз?
- Баштан өтүп аткан тоскоолдуктар ар бир саатта болуп турат. Тоскоолдуктар, кыйынчылыктар менен достошо билиш керек. Аны жеңиш керек. Мен өз ишимдин алдыга жылышы үчүн өмүр бою аракеттин гана үстүндө келе жатам. Менин негизги максатым, кандайдыр бир пикке жетиш эмес. А ушул жашоодо жакшы жашап, элге кызмат кылып, тарыхта кичинекей болсо да өзүңдүн изиңди калтыруу деп ойлойм.
- Кыргызстандын тарыхында из калтырдым деп ойлойсузбу?
- Ушуга чейинки кылган ишимди ийгилик деп эсептебейм. Кудай буюрса, менин жасай турган ийгиликтерим, кыргыздын тарыхына калтыра турган издерим али алдыда.
- Байлар зыкым болот дегенге оюңуз кандай?
- Беш кол тең эмес да. Ар ким ар кандай болот. Бирок байдын баары эле зыкым болот дегенге кошулбайм. Эң негизгиси, ички дүйнө бай болушу керек.
- Ак көңүлдүн аты арыбайт деп коёт го, ак көңүлдүгүңүздүн айынан карызга акча берип коюп, бизнесиңиз жылбай калган учурлар болду беле?
- Жок, андай болгон эмес. Өзүмдү ак көңүлмүн деп эсептейм, бирок канчалык экенин айта албайм. Аны жанымда жүргөндөр билет. Канчалык колуң ачык болсо, кудай ошончолук берет- дегенге толук ынандым. Акча сурагандын баарына эле бере бербейм. Муктаж болуп, чындыгында кыйналып аткан болсо, ага сөзсүз жардам берем.
- Акчаны карызга көп бересизби же көп аласызбы?
- Карызга көп бердим. Карызым кайтпай калган мезгилдер да болду.
- "Соодада достук жок"-дегендей, досторуңуздун арасында бири-бириңиздерден карызга акча алышып, беришесиздерби?
- Ооба, андай учурлар көп эле болот.
- Сиздин оюңузча, ийгиликке жетүү үчүн өжөрлүктөн башка дагы эмне керек?
- Аракеттен башка, жакындарыңдын кеңеши керек. Көпкө кеңеш, өзүң бил, - дейт. Көп адамдардын кеңешин угуп, өзүң чечишиң керек. Бирөөлөрдүн айткандарынын оң жактарын кабыл алып, терс жактарын кулактын сыртынан кетириш керек.
- Ишти баштаарда кеңешчиңиз ким?
- Бардык иште өзүм ойлонуп, чечимди да өзүм чыгарам. Мезгили келгенде гана кеңеш сурайм.
- Өкүнүп эскере турган ишиңиз барбы?
- Анчалык, башымды мыкчып өкүнө турган нерсе жок. Турмушта ката кетирген учурлар, албетте, болот. Өткөнгө өкүнбөй, мындан ары андай иштерди кайталабаганга аракет кылыш керек. Чоң ката кетире элекмин. Мындан ары да кудай сактасын.
- Бизнес чөйрөсүндө атаандаштар катуу ат салышат. Сиздин бизнестеги атаандаштарыңыздын арасында кара пиарды пайдалангандар барбы?
- Байкалбай кара пиар жүргүзүшү мүмкүн. Бирок ал мага өтө чоң коркунуч эмес. Мындайча айтканда, жаңылык деле болбой калган. Андайларга көңүл бурбаш керек.
- Сизди, "кримдүйнө менен тыгыз байланышы бар",- деген кептин чындыгы барбы?
- Ошондой сөздөр бар. Мен аны өзүм деле эшитип жүрөм. Бирок бул эч кандай чындыка туура келбейт. Эгер, чындыгында эле крим чөйрөдө жүргөн болсом, эки жолу депутат болуп отурбайт элем. Ушул күнгө чейин бир да милицияга түшүп, бир жерде сурак берген жигит эмесмин. Кримчөйрөдө жүргөн эмесмин. Болгону менин айланамда жүргөн балдар- спортчулар. Мен аларды түз жолго багыттап, аларга жумуш берип жүрөм. Ошонун негизинен, ушундай "атка" ээ болуп жүрөбүз го.
- Белек берген жагынан кандайсыз?
- Белекти өзүм тандайм. Алгач белек бере турган адамды эмне жакшы көрөт, эмнени жаман көрөт, толук изилдеп чыгам. Кичинекей сувенир берсең дагы, анын артында чоң мааниси болуш керек.

Төлөбүбү Касымалиева