"Боз торгойдун" сыйкыр авазы
Түрк элинин залкар жазуучусу Решат Нури Гюнтекиндин "Боз торгой"(Чалыкушу) романынын негизинде тартылган "Боз торгой" сериалын бир гана Түркия эмес, Орто Азия да сүйүп көргөн. Улуу жазуучунун бул чыгармасын түрк элинде кадимки Англиянын жазуучусу Уильям Шекспирдин "Ромео менен Жульеттасына" салыштырышат экен. Решат Нури Гюнтекиндин бардык чыгармаларын алтын тамгалар менен жазылган сыяктуу эсептешет. Көпчүлүккө белгилүү "Күзгү жалбырактар" сериалы дагы анын чыгармасынын негизинде тартылган.


Жеке жашоосунда бакыттын даамын тата албады
Бир гана мекенине эмес, дүйнө элине Айдан Шенерди тааныткан Фериденин образы болду. 1986-жылы режиссёр Осман Седен тарткан "Боз торгой" тасмасындагы Феридени кимдер билбейт? Ошол тасмада кайталангыс образ жараткандыктан, актрисанын Айдан аты өчүп, азыркыга чейин Фериде деп атап келишет. Айдан Шенер Түркиянын жана мурунку СССРдин өтө жаркырап жанган жылдызы болду. 1981-жылы кара көз сулуулардын ичинен суурулуп чыгып, "Мисс Түркия" наамын багындырган.
Айдандын ата-бабалары Украинанын Крым шаарын мекендегенин жалпы эл биле бербесе керек. Анын бирден-бир кыялы урпактар жашаган жеринин топурагын жыттап, элин кучагына кысып, алар менен жолугушуу экен. Айдан Шенер 1961-жылдын 1-мартында Түркиянын Килис шаарчасында туулган. Кызынан көптү үмүттөнгөн ата-энеси ири шаарлардын бири Бурсага көчүп келишет. Башка түрк үй-бүлөсүнө окшоп, Айдандын ата-энеси эч нерсеге тыюу салган эмес, анткени, алар Айданды өтө эрке кылып чоңойтушкан. "Мисс Түркия" сулуулар конкурсуна катышып, Гран-приге ээ болгонуна ата-энеси абдан сыймыктанган. Мындан аркы карьерасынын өсүп-өнүгүшүнө жана бүткүл дүйнөгө таанылышына алардын салымы чоң. Түрк элинин биринчи сулууларынан болгон соң, модельдик карьерага бел байлаган. Ал учурда түрк кыздарынан моделдик жолду тандагандар чанда кезикчү. Моделдик бизнес менен катар 1986-жылы "Боз торгой" сериалындагы баш каарман Феридени аткарып калды. Тасмада паранжы жамынган эпизоддор болгону менен, Айдан айым өзүн мусулман кызымын деп эсептесе да, жараткан тартуулаган сулуулукту жаап-жашырыштын кажети жок деп ойлойт.
Миллиондогон күйөрмандарын чогулта алган "Боз торгой" сериалынан башка "Бир сүйүүнүн бүткөн жери", "Бетме-бет","Коштошкум келбейт" жана башка түрк сериалдарында баш каармандарды жараткан. Бүгүнкү күндө сериалдарга аз тартылып калды, бирок ар кандай белгилүү шоу-программаларга катышып жүрөт.
Карьерасында ийгиликти багындыргандай, жеке жашоосунда бакыттын даамын тата албады. Түркиянын футбол боюнча курама командасында ойногон Айхан Акбинге турмушка чыгат. Бир топ жылдан соң, жубайлар биргеликте ынтымакта жашай албасын түшүнүшүп, уруш-талашсыз мыйзам чегинде ажырашат. Экөөнүн ай чырайлуу Эджем аттуу кызы бар. Кудум апасы Айданды жазбай тарткан Эджемдин азыр мектепти аякташына аз калды. Келечекте өзү эңсеген архитектура факультетине тапшырууну көздөп атат.




Баңги затын ташып баратканда колго түшкөн
Келишимдүү чыкыйган жигит Кямран кимдердин гана арзуусу болбой койгон жок дейсиз. "Боз торгойдон" мурун тасмага тартылып жүрсө да, Кямрандын образы болуп көрбөгөндөй актёр Кенан Калавга эбегейсиз ийгиликтерди жаратты. Сериалдын режиссёру Осман Седен башка актёрлордун ичинен Кенан гана Кямрандын ролуна ылайык деп тапты. Бой-келбеттүү, жылдыздуу, айымдарды тамшанткан мырза, бардык талапка жооп берет деген чечимге келди. Кыргызстанга "Боз торгой" сериалы 1990-жылдары көрсөтүлө баштайт. Ал кезде Кямран Индия тасмаларындагы мырзалардан озуп, биздин айымдарыбыздын эңсеген мырзасы катары эсте калды. Мындан башка "Күнөө түнү", "Бир аялдын туткуну", "Кемсинген жаштык", "Лаззат" тасмаларына тартылган.
1990-жылдары Барселонага баңги затын ташып бараткан жерден колго түшөт да, Испанияда 10 жылга эркинен ажыратылат. Абактагы узак мөөнөтү кыскартылып, 6 жыл 28 күндү түрмөдө өткөргөн соң, 1996-жылы Испаниянын королу Карлостун демилгеси менен эркиндикке чыгат. Азыр Испанияда жашайт, бирок Түркияга келип тасмаларга тартылып турат. Үй-бүлөлүү, келинчеги Несра жана 10 жаштагы Юсуф аттуу баласы бар. Көбүнчө бизнес менен алектенет, Испанияда эки ресторандын эгедери.




Кинодогу "келесоолор"
"Бөрү зындан" "Ак илбирстин тукуму" тасмалары элдин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган, азыркы кезде да элдин суроо-талабын канааттандырган мыкты тасмалар экендиги көрүнүп турат. Биз көрүп чоңойгон "кыргыз керемети" тасмалардай бүгүнкү күндөгү тасмалардын көпчүлүгү анчейин купулга толо бербейт. Арадан канча жыл өтсө да таланттуу актёрлор жараткан Кампос, Саяктын "апенди чалыш" образдарын киносүйүүчүлөрүбүз жата калып көрүшөт. Бизге белгилүү болгондой дагы да болсо, Марат менен Мурат өзүнүн көрүүчүлөрүн жоготпой келет.


Көпчүлүк элге Бопуш деп таанылган актёр Марат Жанталиев:
"Айылдык кемпир мени оорулуу экен деп боору ооруп…"
- Саяктын образын кандайча аткарып калдыңыз?
- "Ак илбирстин тукуму" тасмасына тартылгандагы Саяктын ролу менин алгачкы образым болуп калды. Мен Саяктын ролуна сынак жүрүп жатканда катышпай калгам. Ысмайыл деген баланын ролун беришти, бирок Саяктын ролу мага абдан жаккан эле. Илбирсти кармап алган эпизод бар эмеспи, ошондо Ысмайыл тартылып аткан, ошол жердеги сценарийди өзгөртүүгө туура келди. Саякты аткарган бала (Азамат) белгилүү себептер менен аткарбай калып, күтүүсүздөн ордуна мен аткарып калгам. Кыялым ишке ашып, жаш баладай сүйүнгөнүмдү айтпа. Кийин Азамат курсташым: "Менин ролумду тартып алдың",- деп жаман көрүп, көпкө чейин таарынып жүрдү. "Төлөмүш Океев мени Саяктын ролуна өзү тандады",- деп түшүндүрүп да жүрдүм. Ошентип кинорежиссёр Т.Океевдин тандоосу боюнча, Манасчы кемпир Сайкал эненин Саяк деген оорулуу баласын аткарып калдым.
- Бала кезде бул тасманы көрсөм да, "Касендин өөлайи ачкадан илатат",- дегениңиз азыркыга чейин көз алдымда. Кыйынчылык жараткан дубляждар болдубу?
- Бул тасманы Токмоктун Кегети деген айылынан тарткан эле. Ысык шорпо көтөрүп баратып, сур эчкини көрүп төгүп алган жеримди аткара албай кайра- кайра тартылгам. Кеч күздө тартылгандыктан, ызгаар суукту чагылдырып, жаз келгенде кыздар жылаңач сууга түшкөн жерин да ошол суукта тартышкан. Байкуштар буту- колуна спирт сүйкөп алышып, анан сууга киринишкен.
- Тасмага тартылуу учурунда кызыктуу окуяларга кабылбай койбосоңуз керек?
- Ошондо кейипкерим Саяктын образына жараша кийинип жүрсөм, айылдык бир кемпир: "Байкушум ай, ата- энең барбы?"- деп боору ооруп үйүнө киргизип, айранын, жармасын бере берчү. Мага артист катары берип атат го деп, бергенин ичип жүрдүм. Көрсө, ал кемпир мени чындап эле жинди деп ойлоп жүрүптүр. Жанымдагы артисттер аны байкай калышып:"Тигил апа, сени чындап эле жинди деп ойлоп жатат",- дешет. Арданып кетип, ал апага барып:"Мен артистмин, роль аткарып атам"- десем, андан бешбетер боору ооруп: "Артистмин деп коёт, айыгып кетесиң, балам"- деп, бир топко ишенбей жүрдү. Себеби, кебетем, кийимим ошондой болчу.
КРнын Эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов:
"Кампос" деген ат жабышты да калды…"
Орустун белгилүү актёру Демьяненко Гайдайдын комедияларын аткарып жүрүп, өмүр бою Шурик деп атап келишкенине нааразы болчу экен.. Сизди да эл "Кампос" деп атап жүрүшкөнүнө нааразы эмессизби?
- 1982- жылы биздин көрүнүктүү кинорежиссёрубуз Болот Шамшиев "Бөрү зындан" кинотасмасына актёрлерду тандай баштаган. Ал убакта киного тартылуу үчүн ийне- жибине чейин карап, сынактан өткөрүшчү. Болот агабыз өтө кылдат карап, биздин мүнөзүбүзгө, турган- турпатыбызга жараша роль бөлүштүрчү. "Кампостун" ролун мага сунуштаганда, оюмда ушул образды майын чыгара аткарайын деген милдетти мойнума алдым. Ушул убакка чейин "Кампос" деп таанышкандын себеби, канааттандырарлык образ бойдон элдин эсинде калсам керек. Мына чейрек кылым өтсө да, "Кампос" деген ат жабышты да калды. Менин өз атым Мурат экенин билбегендерди азыр деле учуратып жүрөм. Көчөдө басып баратсам, ары- бери өтүп аткан элдер: "Карачы, Кампос баратат",- деп кеп кылышкандарына кулагым көнүп бүттү.
- "Кампос" деген каарман, сценарийди окугандан соң, купулга толду беле?
- Образдын өзүн алып караганда, Кампос бирөөгө кымындай зыяны жок, өзүн атайы апенди көрсөткөн шайыр бала болот. Мага ушул ролду сунуштаганда эле жаккан. Кампос милицияга түшүп калганда, атайын өзүн "кем акыл" кылып көрсөткөн эпизоду да бар.
- Ушул тасмада кайсы актёр менен аткарыш оңойго турду?
- Бул тасмада Саматтын образын жараткан актёр, Советтик кинонун жаркын жылдызы, улуу талант Талгат Нигматуллин жөнүндө да айтпай койсом болбойт. Талгат менен алгачкы эпизоддорду ойной баштаганда эле экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, бат эле тил табышып кеттик. Ал менден он жаш улуу болгондугуна карабастан, экөөбүз кадимки эски тааныштардай болуп калганбыз. Режиссёрдон тышкары мага акыл- кеңештерин айтып үйрөтүп жатты. Өмүрү кыска экен, бул тубаса таланттын эгедери Талгат Нигматуллинден көп нерселерди үйрөнбөй калганыма өкүнөм.
- Тасмада көрсөтүлгөндөй Самат "кылмышкер" болуп таанылса да, анын ачуу чындыгын Кампос гана билет. Келинчеги Ажар билгенде да тирүү калмак беле?
- "Бөрү зындан" тасмасынын кульминациясы так ушу жерде болуп жатпайбы. Башка оң каармандар билбей калып, Саматтын чыныгы адамдык сапатын айтайын десе, апенди мүнөз Кампоско эч ким ишенбей койду да. Анан кейипкердин чыныгы жүзү билинбей, Самат акыры Бабахандын мурунтан даярдап койгон зынданына түшүп, дүйнө менен кош айтышты.Тасмада Саматты кылмышкер деп канчалары аңдып издеп жүрсө да, Кампос гана анын ичинде кири жок таза адам экенин байкайт. Бир эпизодунда Самат тагдырынын тайкылыгына көңүлү чөгүп отурса, кантип унуткарыштын жолун издеп, ар кандай суроолорду берип аны алаксыткам, ошондо да бардык суроолорума эринбей жооп бергени бар. Самат кандай адам болсо, чыныгы жашоосундагы Талгат ар дайым колунан келген жардамын аябаган, адамгерчилиги өтө бийик адам эле.


Динара Асылбекова