п»ї

Назирага жолдошу темир тулпар белек кылды
Экранга чыкса тили буудай кууруган, жылдыздуу айым Назира Айтбекова учурда сүйүктүү жар, мээримдүү эне экендигин жакшы билебиз. Жолдошу Искен жубайына болгон чексиз, тунук сүйүүсүн дагы бир жолу даңазалап, "14-февраль- Сүйүшкөндөр күнүндө" башкалардан айырмаланып өзгөчө куттуктады, тактап айтканда, "HONDA CRV" үлгүсүндөгү жип авто унаа белек кылып, сүйүктүү жарын сүйүнттү. Эми Назира айымды кайрадан экрандан көрүүгө болот. Дегеним, ишембиден тартып, эртең мененки "Замана" программасын алып барат. Алдындагы темир тулпары менен Назира айым иштерин баттан бүтүрүп, зуулдап каларына күмөн жок.


Добрдун клиби күйүп кетти
Кыргыздын нукура баласы Добр "Кыргыз кызы" деген ырына клип тарттырып жатканда, камерага вирус кирип, клип аягына чейин тартылбай күйүп кеткен. "Жаңы төрөлүп келе жаткан баланы сактап кала албаган учур сымал, мен дагы көптөн бери тарттырайын деп даярданып, Кыргызстандагы эң сапаттуу деген камераны алып баштадым эле, тилекке каршы, анын ичиндеги материалдарым толук күйүп, клибим тартылбай калды", -дейт ырчы оор үшкүрүп. Бирок мындай учурларга кайгырбастан, ырчы жигит өзүнүн жеке концертин Каракол шаарында 14-15-февралда "Сүйүү күнүнө" карата сахналаш достору менен биргеликте тартуулап жаткан учуру.


Замир менен Эллада кыздуу болушту
"Жар-жар" аттуу ыры менен үйлөнүү үлпөт тойлордун көркүн ачышкан кош жылдыздар Эллада менен Замир кыздуу болуп, кубанычтары койнуна батпай турган учуру. Таңкы саат алтыда, экинчи төрөт үйүндө Эллада көз жарды, ымыркайдын салмагы 3кг 300гр. Эми баланын жытына мас болгон жубайлар ымыркайга мусулман ысымынан ыйгарабыз деп турган чактары. Наристенин келечеги кең болсун деп, эки жашты кызуу куттуктайбыз.


Жылдыздар гастролдо
Жаш ырчылар Айнура Салахидинова, Клара Алибекова, Мая, Лутфилла жана башка ырчылар биргеликте Нарын шаарынын Ат-Башы жана бир нече жерлерине концерт коюшмакчы. Концерттин алып баруучусу Лутфилла жаңы сценарийлерди түзүп, өзгөчө стил менен концертти кызыктуу, шаңдуу алып барышка аракет кылган. Концерт "сүйүү" темасына арналып, бардык Нарындын тургундарына унутулгус концерт тартуулайбыз деп камданып жүргөн кездери.


Бекчоро концертке кызуу даярданууда
Жакында болчу "Мистер-шоу-бизнес" аттуу концертке алдыга озуп чыккан он ырчы эми финалдан ат салышмакчы. Алардын арасында өзгөчө стилдүү Бекчоро да бар. Ырчы атаандаштарынан айырмаланып сынакка кызуу кам көрүп жаткан кези. "Бизге "аскердик милдет", "акыйнек", "жаңылмач" жана "бий" -деген төрт тапшырманы беришти. Азыр бир гана ошол концертке даярданып, өзүмдүн күчүмдү сынап көрөйүн деп жатам"-дейт ырчы.


Лира Урманбетова англисче ырдайт
Жаш ырчы Лира Урманбетова өзүнүн "Эркетайым" аттуу ырынын англисче вариантын ырдап чыгат. Ал ырын эл абдан жакшы кабыл алгандыктан, Америкалык курбу кызы текстин которуп берген. "Менин бул ырымды англисче ырдап чыгуу идеясы Америкалык курбу кызым экөөбүзгө таандык, ал мага ырдын текстин жазып берди". "Эркетайым" аттуу ырым "Rab tams" деген ыр жараттык, андан тышкары, жаңы костюмдарды тиктирип жатам", -деген ырчы чыгармачылыгына күйүп-бышып жүргөн убагы.


Нурлан Насиптин концерти аншлаг менен өттү
Жаш ырчы Нурлан Насиптин Ош шаарына берген концерти ийгиликтүү аяктап, аншлаг менен өттү. Филармонияда болгон бир күндүк концертине элдер толо болгондуктан, билет баасы эки эсе көтөрүлгөн. Ырчынын чыгармачылыгына күбө болгон эл Нурландын аккордеон менен ырдаганын жакшы кабыл алышып, көңүл ачып кетишти. Нурлан Насип ырдап гана тим болбостон, күйөрмандарынын арасынан мыкты ырдаган таланттуу жаш улан-кыздарга чакан кастинг уюштурду. Ырларды мыкты ырдаган күйөрман Нурлан Насип менен дуэт ырдап, клипке чогуу тартылмакчы.


Кулактандыруу!
Клип тартуу үчүн финансылык колдоо издесеңиз, "Обон" гезитинин редакциясына аты-жөнүңүздү, телефон номериңизди калтырыңыз!

Куттуктоо!
Мырзабаева Чынара Төрөкуловнаны жана Муртаза кызы Аруукени февраль айындагы туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Кааларыбыз: чын ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат. Уулдарыңыздын урматын, кыздарыңыздын кызматын көрүп, балпайган бактылуу байбиче болуңуз. Арууке, кыргыздын керегине жараган акылдуу, ыймандуу кыздардан болуп чоңоюшуңду каалайбыз! Достору жана кесиптештери.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??